Министрдин
махабаты
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)

- Па-апой?
- Да. С Нурланом Кадырбековичом.
- ...
- Алмаз...
- Ты шутишь?
- Нет.
- Как так можно?
- ...
- Аида, сен эмне дебатасың, ты соображаешь?!
- Сен кыйкырбайм дегенсиң, Алмаз?
- Кыйкырган жокмун.
- Кыйкырбачы.
- Кыйкырган жокмун, Аида. Если повысил голос, извини.
- Пожалуйста, сен да мени кечирип койчу?
- Мамам менен папамдын разборкасын чала-була уккам, но не знал, что это именно ты.
- Ты сильно расстроился?
- Не то слово.
- Я понимаю твое состояние, Алмаз, бирок...
- Эмне бирок?
- Мени жаман көрбөчү.
- Көргөн жокмун. Но сен да мени түшүн.
- Актангым келбейт, задним числом, Алмаз. Мындай болот деп ким ойлоптур.
- Кандай болот деп?
- Ну, сени менен таанышам деп, сен мени жактырып каласың деп...
- А эмнеге сразу айткан жок элең?
- О чем?
- Папам менен байланышыңды.
- Айталбай койгом.
- И насколько серьезны ваши отношения?
- Очень даже.
- Вы по-настоящему любите друг друга?
- Думаю, да.
- А то, что он семейный?
- Это проблема.
- Бестактный вопрос үчүн кечирим сурайм, Аида.
- Сурай бер.
- Вы уже... это занимались... ну спали вместе?
- Ооба.
- Это...
- Много раз, Алмаз.
- Ясно, дагы бир суроо.
- Ооба.
- А сен бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп атам деп эсептебейсиңби?
- Эсептейм.
- Анда эмне үчүн мындай ишке барып атасың, получается осознанно?
- Сложно все это. Мен бузайын деп сүйгөн эмесмин. Сезим күчтүү болгондо көзгө эч нерсе илинбей калат экен.
- То есть, ты сначала не думала о последствиях?
- Нет.
- Экөөңдүн сүйүшкөнүңөр туурабы ошондо?
- У нас искренние чувства, поверь, Алмаз.
- Ишенейин, ишенейин... Менин мамам, мы, его дети, куда должны деться?
- Никуда.
- Аида, эмне силердики убактылуубу?
- Жок.
- Кечирип кой, Аида, менин суроолорум өтө эле көбөйүп, навязчивый болуп жатканы үчүн...
- Наоборот ошол жакшы.
- Биринчи движениени ким жасаган?
- Нурлан Кадырбекович да.
- А почему по-отчеству называешь его?
- Привычка.
- Үйлөнгөнү жатасыңарбы?
- Он хочет.
- А сенчи.
- Билбейм.
- Эмнени билбейсиң?
- Я люблю его.
- Аны түшүндүм.
- Но күйөөгө чыккандан корком.
- Корком?
- Не его боюсь, элдерден.
- Кайсы?
- Туугандарыман, тааныштарыман, коомчулуктан, силердин семьядан, бардыгынан.
- Морально не готова?
- Наверное.
- Эмнеден коркосуң? Сөздөрүнөнбү, ушагынанбы, осуждениясынанбы?
- Каргап салса эле оңойбу?
- Ким каргайт?
- Например, мамаң, анын жакындары.
- Мама у меня очень мировая, эч качан ал андай кыргызчылыктарга барбайт. За это можешь особо не беспокоиться.
- Балким ошондойдур. Но я имела счастье встретиться с ней и услышать много "ласковых" вещей.
- Мамам да жолуктубу сага?
- Жолукмак тургай өмүрүмдө укпаган сөздөр менен урушкан... И угрожала, причем по-черному.
- Да-а... Мен дүйнөлүк жаңылыктардан таптакыр артта калган экенмин да. Кстати, үч күнгө отшельник болуп кеткен папама кошулбай жүргөнүң не логично эмеспи?
- Ал баарынан качып кетти. В том числе от меня.
- Неужели от любимой тоже?
- Алмаз, сенин ачууң келе баштады. По-тихоньку начинаешь какшыктап. Антпечи...
- Пардон.
- Мен сени менен жакшы отношениемди бузгум келбейт, Алмаз.
- Похвальное желание.
- Какшыктабачы эми.
- Все, Аида. Картина ясный болду. Дай мне остыть, осмыслить.
- Туура айтасың.
- Патовый абал.
- Түшүнбөдүм.
- Шахматтагыдай дейм да. Не знаешь куда ходить, чем ходить.
- Алмаз, папаң-мамаңдар билбей эле койсунчу.
- Эмнени?
- Экөөбүздүн жолукканыбызды, сөзүбүздү.
- Билбей эле коюшсун. Чындап эле турмуш шахматтай. Бир комедия бар го, Крамаров аткарган, "ходи конем, ходи конем, век воли не видать!" деп кыйкырган...
Алмаздын соткасы шыңгырады. Иниси Канат экен. Аптыгып "маме плохо, только что ее увезла "скорая" деди. Ырайы бузула түшкөн Алмаз өзүн жоготуп, Аида менен жарытылуу коштошконго үлгүрбөй, эшикке атып чыкты.
Министрликке тийип коюп эле Нурлан Кадырбекович спецполиклиникага жөнөдү. Ойлору уйгу-туйгу. Алтынайдын абалын элестетип, өзүн күнөөлүү сезип баратты. "Менин фокустарыма эле чыдабай кетти го, байкушум" деп. Ортодон Аида телефон чалды эле, "Мне некогда, я сам позвоню вечером" деп муздак жооп кайтарды. Аялы минтип атса, анүстүнө баканооздор Аиданын премьер-министр менен ресторанда отурганын жеткизгенге үлгүрүп ийишкен. Өзгөчө ушул кабар Нурландын мээсин көзөп, ардантып койду. "Тоже мне возлюбленная, Сиз жок бир мүнөт да жашай албайм дегенин кантейин, и на фиг она туда пошла?" деп итатайы тутулуп, айперисинин жоругу үчүн өзүн жаман сезип, анан кайра "А балким көп ушактын биридир, чындыкты билгенден кийин жинденейинчи" деп сооронумуш этет. Поликлиниканын алдынан уулдары, кайындары, аялынын подружкалары котолоп тосуп алышты. Ооз учунан учурашышты. Өзгөчө кайындары жекире карагандай, күнөөлөгөндөй туюлуп кетти. Алмаз гана папасын кучактап "По-моему кризис уже позади" деп акырын сүйлөдү. Нурлан палатага чукулдаганда башкы врач Жоомарт Кыштообаевич алдынан чыгып, колтуктады да: "Микроинсульт болуптур, коркунучтуу эчнерсе жок, Нурлан Кадырбекович. Биз бардыгын жасадык. Убагында алып келишиптир. Азыр покой гана керек, жүрүңүз учурашып чыгыңыз" деди. Алтынай көзүн жумуп жатыптыр. Министр башкы врачка бурулуп: "Бизди жалгыз калтырасыңарбы?" деп суранды. Тиги медсестрасы менен унчукпай чыгып кетишти. Каарманыбыз Алтынайдын чекесине алаканын койду.
- Келдиңби, Нурлан?
- Ооба.
- Качан уктуң?
- Жанараак эле.
- Ушундай болуп калды.
- Алтынай, ыйлабачы. Көзүң ачсаң.
- Мени кечирип койчу, абышкам.
- Эмнеге?
- Что я такая плохая.
- Перестань, Алтынай.
- Это же правда.
- Главрач "коркунучтуу эч нерсе жок" деди. Сен эми нервничать этпешиң керек.
- Балдар каякта экен, Нурлан?
- Сыртта турушат.
- Кете бергиле дебейсиңби?
- Макул.
- Канатымдын жүрөгү түшүп калды окшойт.
- Жаныңда беле?
- Компьютерде отурган. Ваннадан чыгып келатып жыгылып калбадымбы.
- Бир нерсеге переживать эттиң беле?
- Билип туруп сурайсың да.
- Эмнени?
- Нурлан.
- И.
- Келесоолонбочу.
- Пожалуйста, успокойся.
- Мен жаман аял болгон үчүн башканы сүйүп жүрөсүң да.
- Алтынай, койчу эми.
- Только бир нерсеге жооп берсең.
- Алтынай...
- В чем моя вина?
- Эч кандай винаң жок, алтушам.
- О, Кудай, эркелеткениңи да угат экемин, ээ?
- Сага азыр покой керек, берекем.
- Алтушам, берекем... кандай мээримдүү сөздөр. Буларды угуш үчүн сөзсүз инсульт болуп жыгылыш керек турбайбы?
- Болдучу эми.
- Жооп берип койчу. Эмне күнөөм үчүн менден кетип жатасың, Нурлан?
- Эч кандай күнөөң жок.
- А из-за чего тогда уходишь?
- Кайда кетип атыпмын?
- Аидаңа, чүрөгүңө, өмүр бою издеген махабатыңа...
- Бул теманы сүйлөшпөй эле коелучу, жаным.
- Жаным? Эркектер кандай мерезсиңер. Дежур сөздөр оозуңардан ойноп чыгат. Жаның болбосом да "жаным" деп. Зачем такое двуличие?
- Алтынай дейм.
- Мен кырк жылдан бери Алтынаймын. Же жыргабадым, же өлбөдүм. Кому я нужна?
- Уулдарыңа керексиң.
- А сага керегим жок болуп калдымбы?
- Мага да керексиң.
- Нурлан Кадырбекович, кыйналбай эле чындыкты айтпайсыңбы. Же ооруп калган байкуш деп аяп, бооруң ооруп турабы?
- Абдан суранам, Алтынай, алым-сабакты токтотолучу.
- Алым-сабак эмес. Жок дегенде бүгүн чыдап угуп койбойсуңбу?
- Сен нервничать этпешиң керек. Билип турасың го.
- Может я хочу умереть?
- Алтынай...
- Бардыгынан чарчадым. Түшүнсөң боло, Нурлан, у меня пропадает смысл жизни, понимаешь?!
- Так нельзя.
- Мени дагы, уулдарыңды дагы, өзүңдү дагы кыйнабай бир чечимиңди айтпайсыңбы. "Мен үйлөнүп атам, силер оокатыңарды өзүңөр кылгыла, я ухожу" деп.
- Я еще ничего не решил.
- А эмнеге айтпай-дебей жашыруун тоого качып кеттиң?
- Ошондой болуп калды.
- Сеники дайыма ошондой болуп калат. Жок дегенде балдарыңан уялбайсыңбы?
- ...
- Тигиниң гуляка неме болуп чыкса кантесиң?
- Андай эмес.
- Оозуң бош чыгып атат, Нурлан. Ар кандай сөздөрдү биз деле угуп атабыз. Суперкрасавицаңа супер көз арткандар бар экен. "Жоргонун жону, сулуунун эмнеси кургабайт" дечү эле?..
Палатага медсестра кирип, "Нурлан Кадырбекович, кечириңиз, убактыңыз бүтүп калды, азыр капельница куябыз" деди.
Каарманыбыздын кабагы ого бетер бүркөлдү. Сиркеси суу көтөрбөгөн бойдон министрликтегилерди катуу каарыды. Кайрадан телефон чалган Аидасына "Бошобой атам, өзүм байланышам дебедимби!" деп "бурк" этти. Үйүнө да көпкө кармалбады. Кичүү уулун унчукпай башынан сылап, сабактарын сурамыш этип, бир жакка барам дегенинен чөнтөгүнөн акча санап берди. Кайда качаарын билбей айда кайсактады. Эски альбомун барактап, компьютерди тиктеп, кийимдерин кармалап, кагаздарын чачып, башоорунун дарысын ичип, айтор, Нурлан Кадырбековичтин тоодон айыгымыш эткен эмоционалдык абалы ырбай түштү. Аңгыча Кудай жалгап соткасы шыңгырап, Мурат досу кыйкырды:
- Господин министр, ассалоом алейкум!
- Салам, Муке.
- Бардыгы жайындабы?
- Пойдет.
- Ом-э-эй, а чо опять такой кислый?
- Кислывайле турам, сен кайдан?
- МВФтын переговоруна катышкам, жутко устал.
- А эмне пландар бар, Муке?
- Ой, ошол "Барбарос" планы боюнча чалып атпаймбы!
- И-и.
- Кыскасы, Сайдинди тааныйсың да?
- Ким эле ал?
- Менин москвич досум. Баягы Шота, Муссолинилерди билесиң да.
- Анан?
- Бишкекке келишиптир. Сайдин сыйлап коелу дейт. Шикарный сауна заказ кылып койдук.
- Акылың ордундабы, Мурат? Башкасы бүтүп эми криминальный авторитеттер менен достошконум калыптырбы?
- Азыр алар криминал эмес.