Үйбүлө зомбулугунан аялдар жабыр тартууда
Гезиттин өткөн санында Түп районундагы Кең-Суу айылынын тургуну, 27 жаштагы С.Раимбеков 30-июндан 1-июлга караган түнү өзүнүн өмүрлүк жарын өрттөп, өлтүрүүгө аракет жасаганы маалымдалган. Бул үрөй учурган кылмышы боюнча азыр зөөкүр С.Раимбековдун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 28, 97-беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Казан-аяк кагышкан үйбүлөдөгү майда-барат уруш-талаштын жана мыкаачылык коштогон муштум кордуктун айырмасы асман менен жердей экендигин айрымдар түшүнө бербеген сыяктуу. Эгер официалдуу маалыматтарга таяна турган болсок, Кыргызстанда акыркы 4 жылдын аралыгында эле үйбүлө зомбулугу боюнча 5000 факт катталып, жабыр тарткандардын 90%ын аялдар түзгөн. Ошол эле учурда мындай кордукка 100 аялдын бири туш болот экен. Дагы канчасы "жабылган аяк жабылуу бойдон калсын" деген принципте эң жакын деп эсептеген адамдарынын мыкаачылыгына тиштенип чыдап, шор турмушун улантып жатат?
Мындай фактыларга маани берилбегени менен, үйбүлөдөгү майда-барат чыр-чатактар тутанып отуруп, акыры адамдардын өмүрү кыйылган учурга жеткени көп кездеше баштады. Буга турмушубузда күн сайын катталган фактылар, козголгон кылмыш иштер, өмүрлүк жарын өлтүрүп, түрмөнүн тозогун тартып жүргөн жүздөгөн тагдырлар толук далил боло алат. Алардын бири, жогоруда биз сөз кылган Түп районундагы кылмыштын катталышы десек болот.
Баш кошкондоруна кыйла жыл болуп, үч баланын ата-энеси болгонуна карабай, С.Р. акылына келбеди. Анын соо келген күнү болбой, өмүрлүк жарына көрсөткөн кордугу өтүшүп баратканын айылдаштары айтышат. Балдарынын тагдырын ойлоп, бармагын тиштеп чыдаган жары канчалык кыйналганы менен, зөөкүр эрин кыйып кете албады.
Бул жолу да адатынча аракка тоюп, алагүү болгон күйөөсү досу менен арактын "азабын" берип жүргөн. Түн жарымынан ооп, таң агара баштаган мезгилге чейин арак ичкен неменин оюна ар кыл нерсе келе баштайт. Аялына зөөкүрлүк жасап, балдарына мээримин төгүп койбогон ата сөрөй ар дайым өмүрлүк жарынан шектене берчү. Бул ирет да ошол "жин оорусу" кармай түшүп, оолжуп араң турган досуна, "Сен азыр менин үйүмө барып, аялым менен сүйлөш, ал сени кандай кабыл алаар экен" деп көкүтөт. Мастын сөзүн мас түшүндүбү, ал да илгиртпей макул болуп, досунун эшигин каккылайт. Кайсыл маалда келип үй ичин чаңтололоң чыгараар экен деп таң агарганча кирпик какпай отурган аялы эшикти ачат. Эринин ордуна оолжуп турган досун көрүп, андан күйөөсүн сурап, сүйлөшүп туруп калат. Мас неме маалкатып, ыржалаңдап, ар нерсени чаргытып тура берет. Ошол маалда арыда аңдып турган эри келип, "ким менен сүйлөшүп турасың?" деп, шылтоолоп тополоң баштайт. Бечара келинди эч себепсиз тепкилеп-уруп, ызырынып турат. Ал бензинди буга чейин эле даярдап койгонбу, ай-буйга келбей эле аны алып чыгып, таяктан корголоп отурган аялынын үстүнө жаба куюп, кагазды күйгүзүп келип келиндин үстүнө ыргытат.
Денеси жалындап күйө баштаганда бөлмөдөн сыртка чуркап чыгып, үйдүн алдынан агып жаткан арыктагы сууга боюн таштап, өрттү өчүрөт. Бирок, бул аралыкта анын денесинин 70%ы күйүп, оор жаракат алган. Ызы-чуудан ойгонгон коңшулары "тез жардам" чакырышып, келинди райондук ооруканага жеткиришкен. Зөөкүр күйөө бул учурда куйругун түйүп качып жоголгон. Бул тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө түшөөр замат, канкорду кармоо боюнча иш жүргүзүлүп, тез эле укук коргоочулардын укуругуна илинди. Ушул тапта да 26 жаштагы М.Султанованын абалы оор бойдон. Мыкаачы С.Раимбеков камакка алынып, тергөөдө. Бирок, милиция кызматкерлеринин бул кылмышты жасоого түздөн-түз тиешеси бар С.Раимбековдун досуна эч кандай чара көрбөй жаткандары, жабырлануучунун жакындарынын нааразычылыгын жаратууда.





Ош окуясындагы кылмышкерлер кармалды
Өткөн жылкы Ош окуясындагы орду толгус жоготуулар али күнчө такталып бүтө элек. Бир эмес, үч комиссия бул боюнча иликтөө жүргүзүп, иш алып барса да, алардын биринин да чыгарган жыйынтыгы жабыр тарткандардын жарасын жеңилдете албады.
Үй мүлкүнөн эч нерсе калбай, ийне-жибине чейин айрылган жарандар жоготкон мүлкүнүн эсебин тактай алышпай убара болушса да, бир жылдан бери тиричилигин улантышууда. Баарынан тозогу - каргашалуу окуяда курман болгондор, али күнчө өлүү-тирүүсү билинбей дайынсыз жоголгондор болууда. Алардын жакындарынын орду толгус кайгысында чек жок. Укук коргоочулар учурда да июнь окуясынын күнөөкөрлөрүн иликтешип, дайынсыз жок болуп жаткандарды издөө менен алек. Жакында, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, өткөн жылдагы окуяда жоголгон адамдын өлүмүнө шектүү дегендерди колго түшүрүштү. Тилекке каршы, "анын денеси ушул" деп көрсөтүшкөнү менен, таанылгыс абалда болуп калгандыктан, жабырлануучунун туугандарынын канынын үлгүлөрүн алышып, Москвага генетикалык экспертизага жөнөтүштү.
Чоң-Алай районунун Жер-Башы айылынын тургуну, 26 жаштагы уулу Данияров Кайнардын дайынсыз жок болуп жатканын айтышып, анын жакындары өткөн жылдын 15-июнунда эле облустук прокуратурага арыз беришкен. Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылган болчу. Дайынсыз жоголгон Данияров Кайнарды табуу аракети менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондоруна анын сүрөттөрү менен кошо ориентировкалар жөнөтүлүп, мамлекеттик коопсуздук кызматына да билдирилген. Бирок, иликтөө иштеринен жыйынтык чыкпай келди.
К.Данияровду издөө боюнча жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө иштеринин жүрүшүндө бир катар маалыматтар да чогултулган. Анда белгилүү болгондой, 2010-жылдын 10-июнь күнү Кайнар Данияров өзүнүн курбулары Тойкулов Алтынбек, Тойкулов Равшан, Исраилов Дүйнөбай менен Ош шаарындагы өзбек улутундагы жарандар жыш жайгашкан Демократ көчөсүндөгү А.Тойкуловдун үйүндө болушкан. Аңгыча каргашалуу окуя жүз берип, алар ал жерден чыга албай калышкан. 12-июнь күнү түнкү саат 03 чамасында алар ал райондон кетүү максатында Ош шаарынын борборун көздөй жашырынып бет алышат. Бирок, 50-60тай өзбек улутундагылар кармап алып, төртөөнү ур-тепкиге алышып, ошол жердеги шаардык ветеринардык башкармалыгынын имаратынын жер төлөсүнө камап салышкан. Ал жерде бир нече саат камалып жатышып, түнкүсүн эшигин талкалап качып чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Заречная көчөсү менен качып бара жатышканда артынан 20-30дай өзбек жаштары кууп жете келишкен. Төрт жигит алар менен мушташа баштаган. Курбулары Данияров Кайнардын каналдын боюнан дубалдан ашып түшүп кутулуп кеткенин көрүшкөн. Өздөрү колго түшүп, токмок жешкен. А.Тойкулов, Р.Тойкулов жана Д.Исраиловду өзбектер кармап барып камашып, 14-июнь күнү Он-Адыр кичирайону тараптан бошотушкандыгын өздөрү айтып беришкен.
Ошол боюнча алар К.Данияровду көрүшкөн эмес. Аны издөө учурунда күбө катары 27 адам суралган. Тилекке каршы, жыйынтык болбоду. Оперативдүү кызматкерлер Кайнардын досторунан алар колго түшкөн учурда өзбектер Кайнар менен Алтынбек Тойкуловдун уюлдук телефонун тартып алышкандыгын угушат. Эми ушул өңүттөн ишти улантышат. Оперлер жаңылган эмес экен. Узак убакыттан кийин үн катпай келген телефондор жаңырат. Себеби, аталган телефондордогу сүйлөшүүлөрдү аныктоо үчүн, укук коргоочулар атайын санкция менен тыңшоого алышкан болчу. Оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүнөн кийин, жоголгон телефондор Ош шаарынын Ленинград көчөсүнүн тургуну, 19 жаштагы Мирзаканатов Марифжандан табылып, ал камакка алынган. Бир катар күбөлөр суралып, беттештирүү процесстеринен кийин, анын 13-июль күнү киши өлтүрүүгө катыштыгы болгондугу аныкталды. Анын көрсөтмөсү менен көп өтпөй эле кылмышка шектүү катары Х.Абдуллаев менен Алияров Музафар дегендер колго түшүрүлдү. Булардан тышкары, жогорудагы кылмышка катыштыгы бар делип, Мамадалиев Улугбекке
айыбы сыртынан угузулуп, учурда издөөгө алынды. К.Данияровдун кайгылуу өлүмүнө себепкер делинип шектелген адамдардын үстүнөн Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168, 123-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Ал эми табылган белгисиз адамдын денеси изделип жаткан К.Данияровдукубу же жокпу - мунун жыйынтыгы Москвадан келген экспертизанын корутундусунан кийин дайын болмокчу.