Шамшыбек Медетбеков:
"Боз үй - мамлекет, түндүк - ажо, уук - бийлик бутактары"

Биздин маектешибиз Шамшыбек Медетбеков - атамзамандан бери келаткан оң канат, сол канат, ичкилик делген кырк уруунун башын бириктирген "Кыргыз эл биримдиги" коомунун жана ошол коомдун ичиндеги оң канатынын ордо кеңешинин төрагасы. Ал эми бул оң канатка кыргыздын 22 уруусу кирет. Дымактары биринен-бири өткөн урууларды ынтымакка чакырып, кыргыз эли үчүн эмгек кылып жүрөт.

- Шамшыбек мырза, Кыргызстанда азыр саясый абал кайсы багытта кетип жатат деп ойлойсуз?
- Азыркы күндө Кыргызстандагы саясый абал абдан курч. Буга себеп, алдыдагы президенттик шайлоо болуп турат. Биздин социалдык, экономикалык ж.б. абалыбыз көмүскөдө калып, көпчүлүгүз азыр жалаң гана саясат менен алпурушуп жаткан кезибиз. Ар ким эле өзүн ойлоп, "канткенде президент боло калсам, кантип жеңишке жетсем?" деген эле кыска ой. Азыр президенттик шайлоого аттанабыз деп 2-3 эле талапкер съездин өткөрүп, ачыгын айтып чыгышты. А калган талапкерлер да тымызын команда топтоп аткан кези. Мен да айрым талапкерлердин чакыруусу менен барып, пикир алмашып көрдүм. Мени Кыргызстандын жараны катары өкүндүргөнү, ошол "эртең прездент болом" деген адамдар "мени кыргыз элим колдойт, мен кыргыздын жеңилин жерден, оорун колдон алууга даярмын" деп айткандын ордуна, "мени Казакстан колдоп атат. Россия менен бир болмой болдум. Америка айтканыбызды кылат" өңдүү мактаныч сөздөрү болду. Өзүбүз эгемендүү мамлекет болсок, анан эмитен ушинтип бирөөгө көз каранды болуп бергенге даяр турсак, Кыргызстандын эртеңки келечеги эмне болот? Мен "бул улуу державалар менен байланышпагыла" дегенден алысмын. Алар менен стратегиялык жактан өнөктөшпүз, аныбыз ырас. Бирок, таптакыр эле оозубузду ачып, алардын айтканынан чыкпай калганыбыз да туура эмес. Анысы аз келгенсип, саясатчыларыбыз элди бириктиргендин ордуна, кайра эле Түндүк-Түштүк деп бөлгөндөрүн токтотподу. Эгерде ушул эле темп менен кете берсек, анда биз да Корея, Абхазия, Осетия сыяктуу Түндүк-Түштүккө бөлүнүп калабыз. Бул нерсе бизге жаман жагын гана тартууларын этибар албай жатабыз. А башка өлкөлөр биздин жерибизге сук артышып карап турушат. Ошондуктан, кеч болуп кете электе эсибизге келип, кыска ойлуулуктан алыс болуп, биримдикте иш алпарбасак болбой калды көрүнөт.
- Сиздин оюңузча президенттик шайлоо кандай өтөт?
- Чынын айтыш керек, мурунку парламенттик шайлоо таза өткөн. Анда деле акча роль ойноп, добуштарды сатып алгандар болду дечи, бирок, административдик ресурс колдонулган эмес. Президенттик шайлоонун тынч өтүшүн гана тилейбиз. Бирок, мунун башталышы эле мыйзам бузуулар менен башталды. Жогорку Кеңеш шайлоо боюнча мыйзам кабыл алды. Ошол мыйзам туура эмес кабыл алынып калды. Анда, Кыргызстандын жараны каалаган жеринде добуш бере алат деп туруп, катталган жерин алып салышты. Демек, бир адам 4-5 аймакка барып добуш бере бергенге шарт түзүп берип коюшту. Бул - шайлоону ого бетер ыпластыкка түрткөн мыйзам болуп калды. А жанагы маркировка деген нерсе, эч нерсеге арзыбаган неме. Аны да өчүрүп коюунун оңой жолдору бар экен. Негизи эле, биз биринчиден, мыйзамды жакшыраак кабыл алып туруп, анан шайлоону өткөрүшүбүз керек эле. Чынында, азыр бизде системалык кризис болуп жатат. Себеби, биз коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, парламенттик республикага өтүп алып, жаңы конституция менен жарым жылдан ашык иштеп атканыбыз менен, бир нукка түшө албай жатабыз. Мына ушунун өзү эле парламенттик башкарууга эртелик кылаарын, биздин буга менталитетибиз туура келбээрин айгинелейт. Кыргызча түшүндүргөндө, бизде бир эле түндүк болушу керек, а калганбыз уук болуп, түндүк түз турганга жардам беришибиз керек. Ошондо гана боз үй бир калыпта, туруктуу абалында турат. Мен муну менен боз үй мамлекет, түндүк - президент, уук - Мыйзам чыгаруу бийлиги, Аткаруу бийлиги ж.б. деп айткым келип турат.
- Бизде системалык кризис болуп турат деп айтып өттүңүз. Конкреттүү мисалдардан келтире кетесизби?
- Саясатчыларыбыз депутат болоордо ооз көптүргөн убадаларды беришти. Бирок, бийликке барганы өкмөт менен бирдикте, өз алдынча дагы иш алып бара албай жатышат. Коалицияга кирген партиялар бийлик креслолорун бөлүштүрүп алышып, азыркы күндө бири-бирин аңдымай менен убара. Бүгүнкү күндө бир райондун акими бир партиядан болсо, кол алдында иштеген башка тармактын жетекчилери берки партиядан. Анан аларга акими жумуштагы кемчилигин көрсөтүп, жазалай албайт экен. Антсе, беркилер "бизди да бийликте турган партия шайлаган, керек болсо өзүңдү жумуштан кетиребиз" деген тирешмейлер. Дагы бир мисал, Ош окуясы боюнча түзүлгөн комиссияны алалы. Т.Мамытовдун, Ж.Жолдошеванын, И.Исаковдун үч башка комиссиялык жыйынтыгы чыкты. Эки тараптын чатагын баса турган ошолор болчу. А булар кайра ырбатып, үчөө үч башка справканы жазышты. Бир комиссияда иштеп жаткандан кийин, кеңешип-кесип, өздөрүнчө талкуулап, анан эл алдына бирдиктүү бир жыйынтыкты алып чыгышы керек эле. Аз жерден мамлекеттин үчүнчү бутагы болгон сот бийлигин саясый кризиске алып келе турган болуп калып, анан кезексиз сессия өткөрүшүп, сотторду тандоо комиссиясын тандашты. Эми сотторду шайлоо таза өтсө деп тилейли. Болбосо, коалициядагы партиялар сот тармагын да башка тармакты бөлүп алгандай бөлүштүрүп киришсе, анда кыргыздын шору дей берелик. Анда, мурункудан да жүз эсе коррупцияга малынган сотторго ээ болобуз. Бирок, мындан Кудай сактасын.
- Экономист катары өлкөбүздүн экономикалык абалына да токтолуп кетсеңиз?
- Башта айткандай, экономикабыз көмүскөдө калды. Айрым партиялар шайлоо учурунда "7% менен кредит беребиз" деп убада беришти эле, а азыр инфляция 9-12% болуп атат. Анан каяктагы 7% кредит? Мамлекет медициналык кызматкерлер менен мугалимдердин айлыгын көбөйткөнү жакшы дечи. Бирок, биз алардын айлыгын ушул көтөргөн боюнча төлөй алаар бекенбиз? Себеби, биздин бюджет 21 миллион дефицит менен кабыл алынган. "Эми аны кантип толуктайбыз?" деп мен бери жакта асанкайгы болуп жүрөм. Былтыр эл аралык финансы уюмдар жана бир топ мамлекет катышкан донорлордун чогулушу болгон. Анда "Кыргызстанга кантип жардам беребиз?" деген темада кеп козголуп, жыйынтыгында жакшы бир чечим кабыл алышкан. Анда Казакстандын инициативасы жана жетекчилиги алдында алар 2011-жылы кайрадан чогулуп, "Кыргызстанга жардам берүү боюнча саммит өткөрөлү" дешкен. Ал саммит быйыл ушул айларда өтүшү керек эле. Бирок, биздин жетекчилердин саясаттан колдору бошобой, буга көңүл бура турган түрлөрү жок. Эки тарап буга чейин эле саммитти өткөрүү планын түзүшү керек эле. Биз жактан эч кандай кыймыл-аракеттер болбогондуктан, Казакстан тарап кат түрүндө кайрылуу жөнөтүшүптүр. Ага да жооп берише электигин уктум. Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Кыргызстан бир нече долбоорлорун сунушташса, үлкөн мамлекеттерден инвестиция, акча түшүп, абройлуу жардам болмок. Себеби, бул саммитке Россия, Франция, Кытай, Америка өңдүү бай мамлекеттер катышмак. Мисалы, "Камбар- Ата 1" ГЭСин бүтүрүү долбоорун иштеп чыгып алып барышканда, ГЭС курулуп калса, биздин суулар Өзбекстан тарапка текке кетпей, көзөмөлдөгөнгө жетишмекпиз. Биз суу менен эле өзүнчө саясат жүргүзсөк болот. Суу чыгарган бизнесмендерге чет жерге сатууга мүмкүнчүлүк түзүп, мамлекет муну көзөмөлдөп бергенде, эчак байып кетмекпиз. Көрүп атпайсыңарбы, кээ бир чет мамлекеттерде бир бөтөлкө мөңгү суусу эле 100 доллардын башын чапчыйт.
- Айыл-чарба адиси катары да айтсаңыз, бул тармакка азыр эмне жетишпейт?
- Айыл- чарбасы өтө кейиштүү акыбалда. Биздин өлкө агрардык өлкө болгондон кийин, бул тармакка дыкат көңүл бөлгөнүбүз оң. Биз айыл-чарбасын көтөрмөйүнчө, өлкөбүздүн экономикасын көтөрө албайбыз. Азыр биздин 70%га жакын эл айыл жергесинде жашайт. Демек, берекенин баары айылда. Тилекке каршы, Айыл-чарба министрилигинен "баланча миң гектар жерге былтыркыдан көп айдап койдук" деген менен, анын жыйынтыгы начар болуп жатканын угуп, көрүп эле жүрөбүз. Ошондуктан, эң биринчи кезекте канча гектар айдаганыбызды айтпай, ага болгон алдын-ала даярдыкты мыктап алышыбыз керек. Азыр жерлер минералдык жер семирткичтер менен азыктандырылбай калды. Шор баскан эле жерлер. Агротехникалык эрежелерди колдонгон бир да чарба жок. Алмаштырып айдоо деген да жок. Мисалы, бир жерге 20 жыл бою жалаң эле картошка айдай беребиз. Жер алмаштырбаганда айдоо деген түшүмдүүлүктү азайтат да. Анүчүн, мен ойлойм, мамлекет тарабынан болобу, иши кылып, дыйкандарга үрөндү кантип себет, кантип чаап алат, кантип сугарат ж.б. окутуу курсун өтүш керек. Азыркы дыйкандардын көбү мурунку мугалим, врач болуп эмгектенген адамдар. Алар жердин сырын кайдан билишсин? Трактир-комбайндардын эскиргенин айтпай эле коёлу.
- Шамшыбек мырза, эми өзүңүздүн коомдук иштериңизге токтололу. Сиз теңтөрага болгон "Кыргыз эл биримдиги" коомдук уюмунда эмне жаңылыктар болуп жатат?
-Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде "Кыргыз эл биримдиги" коому курултай өткөргөнбүз. Ал жерден негизги мыйзамга курултай институтун киргизүү чечимин кабыл алдык. Аны ишке ашыруу максатында демилгечи топ түзүлүп, Боршайкомго документтерди даярдап өткөрүп бергени турабыз. Муну биз референдум жолу менен даярдалып берилиши керек деп жаткандыктан, үч жүз миң кол топтошубуз керек. Ошол демилгечи топтун жетекчиси менмин. Ошондой эле "Кыргыз эл биримдиги" коому аймактарда өткөрүлүп жаткан курултайдын баасын кетирбейли деп биригип атабыз. Аймактык курултайда өткөрүп жаткандардын арасында да белгилүү инсандар бар. Дагы бир жышаналуу жаңылыктардын бирин айтсам, 9-июлда казактардын "Кенесары Хан" фондусу менен "Инсанат" фондусу "Дасмия" кыргыз үйүндө конференция өткөрүштү. Мен ал жакка Ормон хандын урпагы болгондуктан катыштым. 18-кылымдагы Кенесары хан менен Ормон хандын урушу - казак-кыргыз элинин чоң трагедиясы. Бирок, биз, алардын урпактары "ата-бабаларбыздын арбагы тынч жатсын" деп ынтымакта, "биртуугандай болуп биримдикте бололу" деген ниетте уюштурулган бул конференция өзүнүн
мүдөөсүнө жетти. Бизде оң канат, сол канат, ичкилик деген сыяктуу эле, казактарда улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз деп айтылат. Биз алар менен алакабызды бекемдеп, маданият, илим, бизнес ж.б. жактан жакындашып, дипломатиялык мамилени өнүктүрөлү деп сүйлөштүк. Бул тарыхый иш-чарага казак тараптан "Кенесары Хан" фондусунун жетекчиси Талгат Айдаров, казак теңгесинин автору Хайрулла Габжалилов аксакал ж.б. 14 адамдан турган топ келсе, кыргыздардан Ишенбай Абдуразаков, Чолпон Баекова, Кулубек Бөкөнбаев ж.б. 20 чакты кыргыздын белгилүү тарыхчы, окумуштуу, докторлору катышышты. Эми, казак туугандар бизди чакырып жатат.

Эльмира Мадиева