Министрдин
махабаты
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)

Премьер-министр жаш кызды үйүнө жеткирди. Коштошоордо Аиданын колунан коомай кармап, шоопурун сыртка чыгарып, "Абдан суранам, Аида, мага капа болбочу. Туура түшүнсөң. Сөз экөөбүздүн ортобузда эле калсын. Бирок менин айткандарымдын бардыгы күчүндө болот. Үмүтүмдү үзбөшүмдү унутпа. Во-от... Наркы жуманын аягында Токиого расмий визитим бар. Эгер кааласаң бир жолун таап, сени ала барам. Анүчүн эки күндүн ичинде жообун беришиң керек, документтериңди ырастаганга үлгүрүп калышсын. По-моему Японияны көрүп келсең арманда калбайсың... Менден чочубачы, Аида, бардыгы жайында болот... Секрет сактаганды түшүнөсүң да, экөөбүздүн жолукканыбызды Нурлан Кадырбекович билбей эле койгону дурус, макулбу?.. А мореки белек менден от души, Аида" деп пакетке оролгон бирдеңке сунду. Жанатан бери нес болуп угуп отурган Аида буйдала түштү да, акырын чыккан үнү менен "Агай, мен ачык эле айтпадымбы, этого не следует делать. Белегиңизди жөн эле коюңуз, чоң рахмат" деди. "Сунган колду сумсайтпайт, Аида, мени ыңгайсыз абалга калтырбай эле койчу, чын дилимен берип жатам го, это же тебя ни к чему не обязывает, суранам Аида", - Асанкул Батырбекович өтө эле жалооруп, атүгүл үнү каргылдангандай туюлуп кетти. Аида ичинен "Неужели этот человек занимает номер второй пост в стране?" деп демейкиден башкача сумсайа калды. Эртерээк кутулууну ойлоду. Пакетти алып сыртка чыгууга камынды. "Жакшы калыңыз". Күтүүсүздөн эрдемсий түшкөн премьер-министр Аиданы белден элпек имерип, "Звоногуңду күтөм, түнүң бейпил болсун" деди да, көз ачып-жумганча бетинен өөп ийгенге үлгүрдү.
Лифт менен көтөрүлүп баратып Аиданын жүзү албырып чыкты. Адатынча сүйлөндү. "Боже мой, как он вначале прибеднялся, тимеле сууга түшкөн чычкандай отурду эле, а в конце наконец снял маску. Старый нахал десе, звоногумду күтөт имиш. Мунун баарын Нурлан укса, не представляю что будет, ужас, сплошной ужас, мени эми асып койсо да аздык кылат. Чо-орт, кайдан бардым эле?.."
Төшөккө жатаарда пакетти ачып, ого бетер эси ооду. Жашыл долларлар. Өтө көп. Ачуусу мээсине чыгып кетти Аиданын. Дароо эле баягы кыздык намысынан ажыраткан ректор чалды эстеди. Акчаны уучтай кармап, ушундай бир ичтен сыздырган өксүк менен оор үшкүрдү. Жийиркенгени, жинденгени, алсыраганы аралаш, өзү айтмакчы, идиотский абалдын кучагында калды. "Эшек десе, паразит десе, адамча мамиле жасап койсом, көңүлүн калтырбайын деп, символический бир белектир деп алып койсом, что он сделал, кляча старая, и он решил купить меня, причем потрохами купить, для них все покупается, все продается, как я их ненавижу!!!"... - көзүнө жаш тегеренгенин байкабай калды. Бирок жарым саат өтпөй өзүн колуна алды дагы, бул акчаны эртең жардамчысына кантип берерин пландады. Эмнегедир жакында эле көргөн орустардын "Ворошиловский стрелок" деген киносун эстеди. Ульянов аткарган башкаарман пенсионердин секелек небере кызын УВД начальнигинин уулу баш болгон үч подонок ырайымсыздык менен зордуктап салышат. Күнөөлөрү моюнуна коюлган менен, турмушта боло жүргөндөй, шишка атасынын арты менен кылмышкерлер камалмак турсун, күндө шапар тебишип, жабыр тарткандарды каалаганча шылдыңдашат. Айласы куруган пенсионер абышка Ворошиловдук көзгө атаар мерген экенин далилдеп, курал таап, тиги үч чечекти четинен бирден чымчыктай ата баштайт. Өлтүрбөйт, бирок жанагы айбандай кобоноок жанжерлерине мээлеп, шоркелдейлердин шорун катырып, өмүр бою импотентке айлантат. Ошол окуя болор алдында УВД начальниги процессти ырбатпаш үчүн оозбасырык катары акырын үйүнө келип, зордукталган кыздын колуна билгизбей кагазга оролгон пакет карматып кетет. Ачса кызылдай акча. Аны кийин көргөн пенсионер жаалданып-сөгүнүп, уучтаган бойдон тигинин квартирасына барып, милийса ачандигинин бетине акча менен бир чабат. "Для тебя все продается и покупается, гад? На, засунь их в одно место!" деп кыйкырып кетип калат.
Ошол кинону эстегенче Аида эртең долларларды премьер-министрдин жардамчысына кантип берип жатканынан, эмне деп айтаарынан бери кыялданып ийди. "А какая разница, пусть там хотели замять зверское изнасилование, а тут хотят подкупить тебя за те же деньги, суть то одна. Долбаный секс, дурацкая похоть, чын да, эмне айырмасы бар? Бардыгы сатылат, денең да, сүйүүң да, окууң да, чокуң да... Эмне айырмасы бар?.. Кстати, Нурлан Кадырбекович экөөбүздүкү тазабы, чыныгы махабатпы, насколько они искренни? Он же тоже балует меня материально, эчтекесин аябайт, Лондон, бриллианттар, кымбат белектер, ресторандар, үзүлбөгөн акча... Мен болсо унчукпай эле алып келатам. Как будто так должно быть. Ким айырмалап берет, что бул жерде продается менен покупается деген неме жок экенин? Культурно, цивильно жасалып жаткандай көрүнгөнү менен, конечный мазмуну окшош эмеспи! Айланып келип эле төшөк кумарына байланып жаткан жокпу? Өзүбүздү алдап жаткандырбыз? Бийик сезим, таза ойлор, духовный көпүрө, булактай сүйүү деп... А сүйүү деген эмне? Бакыт дегенчи? Кришнамурти сыяктуулардын ачылышы балким философияда гана кооздур, кызыктуудур, турмуш болсо ага баш ийбей, совсем башкача болуп атпайбы? Эки жүздүүлүкпү? И вообще, зачем мы живем? Владимир Высоцкийдин каарманындай, "Место встречи изменить нельзядагы" капитан Жегловчу, ошол айткандай, сурашат го, "Вот в чем смысл твоей жизни, для чего ты появился в ней?" деп, ошондо "Да я так, пришел погулять, минут на пятнадцать" деп жооп берет го... Фу-у-у, кыялдантып эле койсо мени, аж сама офигела от своих заумных мыслей!.. Блиндики десе, бардыгын өзү баштап алып, анан когда чуть навалились проблемы, коркок немедей, депрессия, бул-тигил деп тоого качып кетпей, жанымда эле жүрбөйбү, тоже мне идеальный кавалер, этот господин Нурлан Кадырбекович! Кичине ойлонбойбу? Тем более мен аны предупреждала, премьер-министриңиз достает деп. Же "ак" деп, же "көк" деп жооп бербейт. "Ошондой болдубу" деп коет камырабай. А бүгүнкүнү укса, интересно эмне кылат? Урушабы, таарынабы, же дагы эле "ии, ошондой болдубу" деп коебу? А вдруг он испугается этого Асанкула Батырбековича? Прямой шефи да. Судьбасы да анын колунда. Чындап эле Нурланым менин, вдруг решиться просто подвинуться? Ой, ужас!.."
Аида бети албырып, нары-бери кайсактап атып, жарыкты өчүрүп, кайра күйгүзүп, дудук оюнга түштү. Папасы менен мамасы жаткан бөлмө тымтырс. Ойгонушпады. Люстра күйөт-өчөт, өчөт-күйөт... Телефондун трубкасын алып, "ту-у-ут" эткен узун гудокту үнсүз тыңшап, ары жагынан арзыган-күткөн министринин сүйлөгөнү, "кандайсың, айперим?" деп жумшак эркелеткени угулчудай демин ичине катып турду дагы, кайрадан трубканы койду. Эмне кылаарын билбей төшөктүн үстүнө отурду. Жанындагы пакетти ачып акчаны санап кирди. "Вот дура-ак!" деп алды. Аз эмес, көп эмес, беш миң (!) доллар экен. "Ушунчалык бай экенин көрсөткөнүбү? Биздин акчага которгондо канча, так, азыркы курс менен 215 миң сом болобу? Мамамдардын түшүнө кирбеген байлык. Карапайым адам мынча акчаны табыш үчүн, башын көтөрбөй канча жыл иштеш керек, чорт знает! А премьер мырза болсо мендей бир балакай, салага кыз үчүн, Кадырбековичтин аялы кличка койгондой "вшивая пацанка" үчүн беш миң долларды берип коюш - раз плюнуть. И причем жөн эле менин көңүлүмдү бурдуруш үчүн, өзүнө тартыш үчүн гана. Представляю, эгер макулдугумду берсем, ну, көздү жумуп турупчу, макул десем, интересно насколько денег он раскошелиться? Блин десе... Кудай ай, жашоо эмне үчүн ушундай? Мүмкүн бул акчаны өгөй атам көрсө, элестетем көздөрү кантип күйөрүн. Да и мамамды ким билет. Боже, боже, боже мой... Ушинтип мени азапка салбай, Кадырбекович келбейби эми... А его сын, такой лапочка, умница, канча намек берсем да эч нерсе түшүнбөдү. Апасы деле айтып койбойбу? Баягы таякем күлдүргөндөй, "атам экөөбүзгө бир катын" деген эми мен боломбу, кошма-ар-машма-ар?! Хоть убейте, тимеле атайылап бирөө менин судьбама особый сценарий жазып, мистикасын, юморун, трагедия-комедиясын аралаштырып винегрет жасап салгандай, издеваться эткендей күндөр өтүп жаткансыйт... Кадырбековичтин любимчик уулуна эртең эмне дейм? "Отстань молодой, сенин папаңды тандагам" деппи? Ужас..."
Акыры Аида жаздыкка баш койду.
Макулдашылгандай Аида бүгүн Нурлан Кадырбековичтин уулуна жолукту. Кайта-кайта баш тарткан сайын өзүн ыңгайсыз сезип, улам бир шылтоо издегенден уялып атып макулдугун берген. Дискотека, кино, кафе, дача сыяктуулардын бирөөсүнө да көнбөй, акырында Алмаздын бир бизнесмен досунун офисине барышты. Экөө жалгыз отурушту. Кофе ичип. Ортолорун кандайдыр-бир түшүнүксүз тосмо бөлүп.
- Сабакка барасыңбы, Аида?
- Уже нет.
- А что?
- Половину пропустила, какой толк.
- Бизде болсо свободное посещение.
- Бизде деле.
- Но дурковатых преподей хватает.
- Везде же так.
- Ты говорят, звезда кадров XXI века?
- Пусть говорят.
- Не правда что-ли?
- Правда.
- Мен көргөн жокмун. Пацаны рассказывали.
- Эмнени?
- По телеку показывали дейт. Ак үйдөн государственный стипендия, башка сыйлык, Австрияга путевка алганыңды. Круглая отличница окшойсуң?
- Укмуш.
- Сама что не довольна?
- Почему, очень даже.
- Такое ощущение, что самоиронией, сарказмом отвечаешь.
- У тебя наверное особое, обостренное ощущение, Алмаз?
- Да нет, ошондой сезилип кетти.
- А-а.
- Аида?
- Слушаю.
- Почему избегаешь меня?
- Не избегаю.
- Чыныңды айтсаң?
- Бүгүн келбедимби.
- А мен канча жолу сурандым?
- ...
- Күттүм.
- Ооба.
- Жооп берчи.
- О чем ты, Алмаз?
- О том же.
- О чем?
- Билип турупле сурай бересиңби?
- Билип туруп-ле сурай берем.
- Не дразни, пожалуйста.
- Неужели эч нерсени түшүнө элексиң?
- Догадываюсь.
- О чем?
- Ну, мени менен достошкуң келбей атканын.
- Жок, Алмаз, не совсем так.
- Анан кандай?
- Мага сенчелик эч ким мынча көп гүл тартуулаган эмес, эч ким мага телефондон сендей болуп укмуш жылуу ырларын окуган эмес...
- Ырлардын автору бөлөк.
- Какая разница? Сен мага арнабадыңбы?
- Ооба.
- Алмаз, суранам сенден, абдан суранам. Ты очень хороший парень, умный, красивый, воспитанный... Сен мага жагасың, но мне очень неудобно...
- Что неудобно?
- Обводить вокруг пальцев.
- Не понял.
- Мен сени менен достошо албайм.
- ...
- Туура кабыл алчы.
- У тебя есть любимый?
- Да.
- Давно?
- Да.
- Ким экенин билсем болобу?
- Мамаң айткан жок беле?
- А при чем тут моя мама?
- Досторуңчу?
- Жок.
- Алмаз... кыйналып кеттим!
- Эч нерсе түшүнбөй атам.
- Мындай кылалычы, Алмаз. Сен түшүндүң...
- Эмнени?
- Что у меня есть возлюбленный.
- Ооба.
- Ким экенин сурабай эле койчу?
- Макул кыйнабайм.
- Рахмат.
- Бирок мамамды эстегениң не понятно.
- У-уф!
- Аида, что с тобой?
- Баары бир бир күнү угасың да.
- Эмнени?
- Только ради Бога, шок болбой, жинденбей уксаң...
- Жинденип?
- Дай мне слово.
- Эмне деп?
- Капа болбойм, урушпайм деп...
- Ничего не могу понять.
- Сөз берсең эми.
- Даю слово... Эмнеге урушмак элем?

- Алмаз, дорогой, хороший ты мой, мы же не знали, что будет такая встреча у нас... Мен... мен деген, только не злись пожалуйста. Я дружу с твоим... папой...