Дайырда дайым жаңылык...

Жаштардын сүймөнчүктүү ырчысы Дайыр Исмадияров кечээ жакында эле Россияда жашаган мекендештерге жеке концертин тартуулап келди. "16-июлда 25 жашка толом" деген ырчыны кепке тартып, акыркы жаңылыктары, жайкы эс алуусу тууралуу маек курдук.

- Дайыр, Россияга барган сапарың кандай болду?
- Быйылкы жыл мен үчүн гастролго бай жылдардан болуп атат. Акыркы сапарыбыз Россиянын бир нече аймактарында болду. Алгач Москва шаарында башталган концерттик программа Санкт-Петербург, Сургут, Екатеринбург, Челябинск, Новосибирск, Улан-Уде, Иркутск ж.б. шаарларда уланды. Бир жагынан мекендештердин көңүлүн көтөрүп, чыгармачылыгымды тааныштырып келсем, экинчи жагынан эл-жер көрүп, табигаттын кооздугуна суктанып келдим. Ал жактагы үн режиссерлор орус улутунда болгондуктан, концерт маалында сахнадан орус тилинде сүйлөгөнгө туура келип атты. Бирок, залда отурган элдер, күйөрмандарым мага өзгөчө дем-күч берип атышты.
- Ал эми көчөдө жүргөндө МАИ кызматкерлерине кармалган жоксуңбу?
- Бир жолу кармалдым. "Каттоодон өткөн эмессиң, бөлүмгө алып кетебиз" дешти. Анан ырчы экенимди түшүндүрүп, "ар бир шаарга үч күндөн концерт берип атсак, кайсы шаарга каттоодон өтөйүн?" деп ишенимдүү сүйлөсөм кое беришти. Негизи, чет жерде жүргөндө өзүңдүн укуктарыңды, анан тил билсең эле кыйынчылыктар болбойт экен.
- "Жакында 25 жашка толом" деп калдың. Сен үчүн туулган күндүн мааниси кандай?
- 21-22 жашка чейин туулган күнүмдү шаан-шөкөт, 50-60 кишилик той кылып өткөрчүмүн. Ата-энемди, биртуугандарымды, досторумду чакырып, конок тосчумун. Туулган күн мен үчүн бакыт алып келчү күндөй сезилет эле. Бара-бара, анын дагы кызыгы бүтөт окшойт. Быйыл 25 жашымды тар чөйрөдө эле, санаалаш досторум менен тынч өткөрөйүн деп атам. Ысык-Көлдүн маалы болгондуктан, эки-үч күнгө Көлгө барабыз.
- Ал эми чыгармачылыкта кандай өзгөрүүлөр, жаңылыктар болуп атат?
- Репертуарымды жаңылап, жаңы клиптерди тартканга жетиштим. Акыркы жолу сөзү Кудурет Тайчабаровго, обону Эдил Маматовго таандык "Адашкан жакын жолдор" аттуу ырды жаздырдым. Буюрса, клибине сценарий жазылуу алдында турат. Август айына чейин ден соолукту чыңдап алайын деп, медициналык текшерүүдөн өтүп атам. Себеби, эл адамы болгондуктан, биз дагы күздө болуучу президенттик шайлоодо кызмат кылабыз. Кайсы саясатчы менен көңүлүм төп келишсе, ошону менен чогуу иштешейин деп атам.
- Ырчылар арасында атаандаштык, көралбастык күч экенин билебиз. Кээси "Дайырда үн жок, сырткы келбети гана бар" дешет.
- Ар кимдин ырга болгон табити ар кандай эмеспи. Элдин баарына жагына албайсың да. Эгер мени сөз кылып атышса, анда мен белгилүү ырчыга айланып калыптырмын да (күлүп). "Мени ушинтти" деп капа болуп, башыңды жерге салып жүрсөң, чыгармачылыгың артка гана жылат. Ошондуктан, аттаандаштык менен эмгектенсең, көп ийгиликтерге, бийик даражага жетесиң. Ал эми бирөөнүн ийгилигине көрө албастык кылып, бут тоскондорго такыр түшүнбөйм.
- "Жүрөгүмдүн ээсин таптым, ал ырчы кыз" деп айтып калдың эле. Мамилеңер кандай уланып атат?
- Чындыгында ырчы кыз менен мамиле түзгөнүм чын. Эми ал сыр бойдон калсын. Башынан эле мага көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу, сырдуу, сырткы келбети менен ички дүйнөсү төп келген кыздар жагат. Балким, мен кыялымдагы сулууга жолуга элекмин. Аны убакыт көргөзөт да.
- Жеке концертиң тууралуу ойлонуп баштасаң керек?
- "Кыбыраган кыр ашат" деген ураан менен жашайм. Акырындык менен ырларды жаздырып, чыгармачылыкта иштей берсем, концерттин да программасы толот. Анан, күз айларында борборго жеке концертимди берейин деп пландап атам. Буюрса, даярдыктар жакшы, трио, дуэттерди жаздырып баштадык.




Аман Нургазиев, хирург:
"Орусияда Мамакеевдин ыкмасы менен операция жасайм"

Кыргызстандан алыстап, бөтөн элди, бөтөн жерди мекендеп жүргөн мекендештердин саны учурда арбын. Айрымдары профессионал адис катары өз ишин сүйүп, эч кимге кор болбой, жогорку деңгээлдеги эмгек акы алып, кызмат кылышат. Алардын бири - Россиянын Мурманск облусунун Апатиты шаарындагы Шаардык-борбордук ооруканасында бир жарым жылдан бери Хирургия бөлүмүндө эмгектенип келаткан врач-хирург Аман Нургазиев. Аман мырза ал жактын жашоо-шарты, ооруканалардын абалы, деги эле өзүнүн кесиби тууралуу кеп козгоп берди.

- Өзүбүздө мыкты дарыгерлер жетишсиз болуп атса, сиздин Орусияга кетишиңизге эмне себеп болду?
- Турмуш-шартка байланыштуу кетип калдык. Өзүңүздөргө белгилүү буга чейин Кыргызстанда медицина тармагына көңүл бурулбай, медиктердин айлык-акысы төмөн болчу. Мени менен чогуу окуган курсташтарымдын көбү Россиянын ар кайсы шаарларындагы ооруканаларга иштегени кетишкен. Алардан медиктердин эмгек маянасы жакшы экенин угуп, мен да үйбүлөм менен кошо көчүп келгем. Жакында эле Кыргызстандагы медиктердин айлыгы көбөйгөнүн угуп, абдан кубандым.
- Чын эле ал жакта айлык акы көп төлөнөт бекен?
- Ооба. Атайын кагаз түрүндө келишим түзүп келгем. Кыргызстанга салыштырмалуу айлык-маяна бир топ жогору, иш-тажрыйбаңа карата да кошумча премия берип турат. Андан сырткары, көчүп келген жол кирени өздөрү төлөшүп, жакшы шарты менен бекер үй беришкен. Бала-бакчага да балдарды акысыз алып барабыз. Бирок, кантсе да өз өлкөңө, өз жериңе жетпейт. Бул жакта убактылуу гана иштеп атабыз да. Кудай буюрса, бутубузга туруп алсак, кайра эле өз мекениме барып, элим үчүн кызмат кылам.
- Ооруканалардын абалы, колдонуучу аппараттар да сапаттуу болсо керек?
- Керебет, бөлмөлөр биздикине эле окшош. Бирок, медициналык аппараттар азыркы замандын талабына жооп берген, иштегенге ыңгайлуу десем болот. Мисалы, өттөгү ташты, аппендицитти жана башка ооруларды кесип жасабай, лапараскоп аппаратын колдонобуз. Мында, лапараскоптун жардамы менен курсакты кичинекей үч тешик кылып тешип, опперация жасайбыз. Бул учурда оорулуу эки күндүн ичинде гана үйүнө чыгып кетет.
- Көбүнчө кайсы оору менен көп кайрылышат?
- Учурда рак оорусу, өттөгү таш, грыжа, бычак, ок жегендер көп болууда. Андан сырткары, бул жакта спирт ичимдиктерин көп жана ашыкча колдонгондун кесепетинен уйку безинин сезгениши - панкреатит, панкреонекроз оорулары көп болуп, оорулар өтүшүп кетүүдө. Уйку безинин сезгенишин аныктоочу көп теориялардын бири - спирт ичимдиктерин, майлуу тамактарды ашыкча колдонуу. Бул ооруну "болезнь обжор" же болбосо, "заболевание сытой жизни" деп коюшат. Ооруну алдын алуу үчүн жылына бир жолу медициналык текшерүүдөн жана УЗИ аппаратынан өтүп туруу керек. Негизи эле көпчүлүк бейтаптар убагында келген оору менен өтүшүп кеткендеги оорунун айырмасы асман менен жердей экенин билбегенде болуп атат. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүгү өтүшүп кеткенде кайрылышат. Ага кошумча, өттөгү таштын пайда болгонун билбей жүргөндөр да көп. Өттөгү таш өт баштыкчасындагы зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Таштын бар экенин УЗИ аппараты аркылуу билип албай, приступ бермейинче жүрө беришет. Буга чейин көбүнчө 40-50 жаштан өткөн адамдар ооруса, бүгүнкү күндө жаш кыз-келиндерде да кездешип атат. Айрыкча, бул оору менен аялдар көп ооруйт. Себеби, аялдардын эндокриндик системасынын өзгөчөлүгү менен байланыштуу.
- Врачтар операцияга кирип баратканда чоң жоопкерчилик моюнга жүктөлөт эмеспи. Коркуу сезими болобу?
- Ар бир операцияга кирээрде "колум жеңил болсун, операция ийгиликтүү өтсүн" деп жакшы тилек менен киресиң. Кандай методика менен жасоону, андан башка да варианттарды ойлонуп, жүрөгүң менен берилип, иш кыласың. Ошол операцияны жасап бүткөндөн кийин дагы, ал бейтап толугу менен айыгып кеткенче көзөмөлдөйсүң. Анан албетте, сарсанаа болосуң. Бизде "Хирургия кесип эмес, искусство" деген сөз бар. Анын сыңарындай, жасаган операция ийгиликтүү болуп, оорулуу сага ырахмат айтып, сакайып чыгып кетсе, сага андан өткөн дем-күч жок.
- Бардык кесипте устат-шакирт деген мамиле бар эмеспи. Сиздин мыкты хирург болуп чыгышыңызга ким түрткү болгон?
- Мен ординатураны Улуттук хирургия борборунда академик Мамакеев Мамбет Мамакеевичтин кол алдында бүттүм. Окууну бүтөөрүм менен мени Мамбет Мамакеевич өзүнүн бөлүмүндө алып калды. Биринчи устатым менен төрт жыл чогуу иштеп, көп нерсени үйрөндүм жана үйрөнгөнүмдү иш-тажрыйбамда өздөштүрө алдым. Өзгөчө лапараскоп аппараты менен операция жасаганды өздөштүрүп, Орусияда да устатым үйрөткөн ыкма менен операцияларды жасап атам. Ал кишинин иш-тажрыйбасын көрүп, өзү менен бирге иштеп, ырыскылаш болгонума ыраазымын жана сыймыктанам. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мамбет агайыма бекем ден соолук каалагым келет. Канча адамдардын өмүрүн сактап, бизге окшогон жаш хирургдарды тарбиялап, тажрыйбасы, ыкмасы менен бөлүшкөн агайдын өмүрү узун болсун.

Бетти даярдаган
Айнура Касымова