Сайкал "аварияга" кабылып, Нэнадан акча сураганда
Сайкал: - Ало, Нэна эжоу...
Нэна: - Оу Сайкал, кандайсың? Жети түндө чалып калыпсың, бир нерсе болдубу?
С.: - Тилекке каршы, кичине проблемалар болуп калды.
Н.: - Эмне болгон проблема? Сен Бишкектесиңби?
С.: - Эже, мен гастролдоп Көлдө жүрөм.
Н.: - Айта бер, эмне болду? Сайкал, сага жардам бербегенде кимге бермек элем?
С.: - Бир саат мурун, саат он бир жарымда концерттен чыгып келатып, бир "крутойдун" машинасын сүзүп алдым. Жанымда Аида ("Кыз Бурактын" солисткасы - ред.) эле бар болчу. Күнөө менден кетти. Тиги керсейип "милиция чакырам" деп, кыйын болуп атат. Эмне кылаарымды билбей атам.
Н.: - Гүлшайыр эжеге айттыңбы? Сен эч нерсе болгон жоксуңбу? Эч кандай жараат албадыңбы?
С.: - Ой, мен коркуп кетип, эмне болгонумду да билбей калдым. Катуу деле жаракат алган жокмун. Апам азыр Ошто, анын үстүнө анын давлениеси бар го. Муну укса, ооруп калат. Апама айтпай өзүм бүтүрүшүм керек. Тигинин машинасынын фаралары жарабай калыптыр, аны төлөшүм керек. Эртең колума 3 миң долларды карматсаң, ишти милицияга жеткирбей бүтүрөбүз дейт. Акыркы үмүтүм сизде, эже, таап берип туруңузчу? Мен сизге он күндүн ичинде кайтарып берем.
Н.: - Анча акча менин жанымда жок, бирок, азыр башкалардан сураштырып көрөм. Сенин машинаң эмне болду?
С.: - Меникин азыр ойлогонго убакыт жок, тигиден эртерээк милицияга жеткирбей кутулуш керек болуп атат. Мен айдоочунун күбөлүгү жок айдап жүрөм да. Менттер келсе, чоң айып төлөп калам.
Н.: - Айдоочунун күбөлүгү жок кантип айдап жүрөсүң? Азыр коммерсант тааныш-туугандарымдан сурайынчы, анан сага чалам.
(Жарым сааттан кийин Нэна чалды)
Н.: - Ало, Сайкал, сурап койдум, акчаны эртең менен берет. Качан алып кетесиң?
С.: - И-ий, Нэна эже, мен сүзүлгөн машинам менен бара албайм да, сиз Чолпон-Атага алып келип бере албайсызбы?
Н.: - А, ал жагы дагы бар да. Кайсы пансионаттасың, эртең менен акчаны алып, жолго чыгам.
С.: - Нэна эже, бир нерсе айтсам таарынбайсызбы?
Н.: - Дагы эмне болуп кетти?
С.: - Сиз "Учур" гезитинин тамашасына кабылдыңыз.
Н.: - Ай-и-ий, ушинтип да тамашалайсыңарбы? Мен чындап эле ишенип, сарсанаа болуп алыптырмын. Тамаша болуп калганы бир чети жакшы болбодубу. Сайкал, аябай образга кирип, мыкты аткардың. Сенден мыкты актриса чыкчудай экен.





Элизаны ала качса, Жанар "Азаттыкты" көтөрөбү?..

Элиза: (капалуу үн менен) - Ало, Жана-ар...
Жанар: - Эмне болду Элиза, тынччылыкпы?
Э.: - Жанар, мени ала качып кетишти, мени алып кетчи?
Ж.: - (Күлүп) Ала качып кетсе, соткаңды алып чыгып видеого тартып, кыз ала качуу тууралуу материал даярдай бер, эртең "Азаттыктан" көрсөтөбүз. (Ред.: Жанар ишенбей атты)
Э: - Жанар, жиндисиң го, мен сага тамашасы жок айтып атам, же серьёзный нерсе менен тамашалашмак белем?
Ж.: - Ким ала качып кетти, каякка, качан? Жана эле экөөбүз сүйлөшпөдүк беле? Сен ал жигитти тааныйсыңбы?
Э.: - Жана сени менен сүйлөшкөндөн кийин, көптөн бери жолуга элек классташ кызым чалып, кафеге чакырган. Кафеде отурсак, үч-төрт классташ балабыз келип калды. Самат деген классташым экөөбүз мектепте окуп жүргөндө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Кийин урушуп кеткем. Ал дагы деле мени сүйүп жүрчү экен. Баягыда бир жолу мени алам дегенде, "мен сага тийбейм" деп койгом. Анан ала качып кетүүнү чечиптир.
Ж.: - Элиза, сен мени текшерип, тамашалап атасыңбы, сагынып кетсең "сагынып кеттим, тезирээк келе калчы" деп эле айтпайсыңбы, жетип бара калайын.
Э.: - Жанар, кайдагы тамаша, сагынып кетсем, көрүшкүм келсе, жөн эле айтат элем го...
Ж.: - Сен жакта тыптынч го, ызы-чуу угулбайт?
Э.: - Жоолук салганга аракет кылганда жоолукту ыргытып, такыр салдырбай, аялдардын баарынын айласын кетирдим, соткамды алып өчүрүп коюшкан. Мени бир бөлмөгө бекитип коюп, өздөрү сүйлөшүүгө чыгып кетишти. Жанымда 5-класста окуган бир кичинекей кыз эле бар. Ошонун соткасынан чалып атам. Жанар, мени алып кетесиңби, жокпу? Же менин калып калышымды каалап атасыңбы?
Ж.: (Жинденип алган) Айтып кой, алдыгы малдарга, азыркы 21-кылымда эшектер, чмолор, эч кайсы кыз карабаган алсыз жигиттер ала качат. Эртең сотко берип, энесин окутабыз. Кыз ала качкан - кылмыш. Сени ала качкан мал, мыйзам түрүндө жооп берет! Дарегин айт бол, азыр Айбек, Касымдар ("Азаттыкта" иштегендер - ред.) менен барып алып кетебиз.
Э.: - Мен билбейм, иши кылса Сокулук жактагы бир айылга баратканбыз.
Ж.: - Элиза, үйдөгүлөргө чалдыңбы?
Э.: - Мен сенин эле номериңди жатка билем, биринчи сага чалып атам. Ата-энемсиз бүтүрүшүм керек, Жанар. Бул жакта апалар "аттап өтүп кетсең, бактысыз болуп каласың" деп жолго нан, бешик коюп салышты. Ата-энем келсе, "мектепте сүйлөшүп жүрсөң жакшы эле көрөсүң. Бир үйдүн босогосун аттап кетип калсаң болбойт" деп мени калтырып коюшу мүмкүн. Жанар, мен сени жакшы көрөм, сен мени алып кетишиң керек. (Ушул жерден ыйлап жиберди - ред.)
Ж.: - Элиза, мен сени сөзсүз алып кетем, азыр балдар менен барып калабыз. Ал жакта жигиттер көп бекен?
Э.: - Ооба, шагырашып толтура жүрүшөт.
Ж.: - Элиза, адрести айтчы?
Э.: - Азыр бул жактагы кыздан сурап берем.

Он мүнөттөн кийин Жанар чалып:

Ж.: - Кандай экен?
Э.: - Сокулуктагы Асыл-Баш айылы, Ленин көчөсү 54 экен.
Ж.: - Коркпо, Элиза, мен сени баары бир алып кетем. Мына чыгып атам уже, жарым саатта барып калам.
Э.: - (Каткырып) Жанар, сен "Учур" гезити менен биргелешип уюштурган менин тамашамдын торуна илинип калдың.
Ж.: - Тут-тут-тут-тут...

(Редакция: Тамаша экенин уккан Жанар жини келип, трубканы коюп салды. Катуу таарынып калдыбы, айтор, кайра чалсак телефонун өчүрүп салыптыр.)

Адинай МАРИПОВА