Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Бири-бирибизди чукугандан көрө, ырдаган жакшы"

КРнын Эмгек сиңирген артисти наамына өзүнүн ак эмгеги менен жетишип, өмүрүн чыгармачылыкка арнап, аны менен бирге куттуу үйбүлөсүнүн очогун өчүрбөй кармап келаткан айым, албетте, ал - Айчүрөк Иманалиева. 4-5 күн мурун, алар Ош, Жалал-Абадда "Бакыт баарыбызга жетишет" аттуу проект менен жергиликтүү тургундарга концерт коюп келишти.

- Айчүрөк айым, КРнын Эл артисти Ибрагим Жунусов саясаттын казанында кайнап жүрөт, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев баш баксамбы деп турат. Сиз алардын жолун жолдогуңуз келбейби?
- Саясатка мен дагы жакшы көңүл бурам. Мен эле эмес, азыр бала бакчадагылар дагы саясатчы болуп кетишпедиби. Мага окшоп кыйынчылык эмне экенин башынан өткөрүп, өзүнүн күчү менен көп нерсеге жетишкен адам саясатка аралашса, саясат бул жагынан аксабайт деп ойлойм. Кудай буюрса, алдыда саясый чөйрөгө аралашам деген пландарым бар.
- Анда парламентке ырчылар барып алып концерт коёсуздарбы?
- (Күлүп) Койсо коёбуз да. "Кетсин, келсин" деп, бири-бирибизди чукуп тургандан көрө, ырдап турганыбыз жакшы эмеспи. Ырдап, бийлеп, жакшылыктын үстүндө көп маселелерди чечип турганга не жетсин?
- Ырчылар арасында дагы Түндүк-Түштүк болуп бөлүнгөндөр бар экени чынбы?
- Эң биринчи жолу Клара Алибекованы тарбиялагам. Ал - Түштүктүн кызы. Андан кийин кызыл-кыялык Сапар Сопубеков менен иштештим. Өзүм Таластанмын. Азыр тарбиялап аткан кызым Айко - нарындык. Бөлүнсөм, жалаң таластыктар менен иштешет элем го. Менде андай нерсе жок. Алакандай эл болуп туруп, бөлүнгөнүбүз уят. Кичинекейимде коёндор тууралуу мультфильм көргөндө, бири-бири менен мушташып атышса, "бул деле коён, тиги деле коён, анан эмнеге урушушат?" деп таң калчумун. Анан биз баарыбыз кыргыз болуп туруп, эмне үчүн бөлүнөбүз? Биз ынтымак, биримдик менен гана көп жакшы нерселерге жетише алабыз. Бөлүнүүдөн ырыс, урушуудан береке качат. Бөлүнүүнү, менимче, билимсиз адамдар чыгарат. Ырчылардын арасында бөлүнгөндөр мүмкүн бардыр. Бирок, мен алардын катарына кошулбайм.
- Атаандашыңыз деп кимди эсептейсиз?
- Менин атаандашым - өзүм анан убакыт. Убакыттын бат өткөнү жана кээ бир учурда өзүмдүн жалкоолугум кармап калып, көп нерсеге жетишпей калган күндөр болгон. Эгер, туура атаандашуу болсо, бул жакшы. Себеби, туура атаандашуудан өнүгүү гана жаралат. Сындан өсүү болот, муну туура кабыл ала билиш керек.
- Үйбүлөдө казан-аяк кагышат эмеспи, андайда кырдаалдан ким биринчи чыгат?
- Менден күнөө кетпеши үчүн мен ар дайым тырышып, алпурушуп келем. Көпчүлүк учурда 99 пайыз менден кетпейт. Сахнада болобу, кесиптештеримдин арасындабы, үйбүлөдөбү, мен дайым туура чечим жасап, түз жүргөнгө аракет кылып, бүт өмүрүмдү жумшап келем. Жездеңерден күнөө кетип калса дагы, балдарым үчүн биринчи кадамга мен барам. Анткени, Таалай көк бетирээк.
- Сизди кумир туткандар аз эмес. Сиз өзүңүз кимдир бирөөнүн күйөрманысызбы?
- Дүйнө жүзүнүн поп-каролу болгон Майкл Жексондун талантын өтө сыйлайм. Ким кандай айтпасын, жалган жалаа жаппасын, мен бул кишинин талантын баалайм. Майкл Кудай жараткан өзгөчө бир талант. Ага окшоп, канча аракет кылышса дагы, эч ким мынчалык кыймыл жасап, ырдай албайт. Мен Майкл Жексонду кумир тутам.
- Эмне үчүн таластыктарды мактанчаак деп айтып калышкан?
- Бул жөн эле бирөөнүн чыгарып койгон тамашасынан улам айтылып калган нерсе болуш керек. Бирок, бирөөнү жамандап, күңгүрөнүп жүргөндөн көрө, таластыктарча жакшы нерселерди мактанып жүргөн жакшы да.
- Чыгармачылыкта чыныгы досторуңуз барбы?
- Чыгармачылыкта досчулук болбойт. Чыгармачылыкта бири-бирибизди бир гана кызыгуу байланыштырат. Менин досторум башка тармактан. Ал эми сахналаштарым менен жолуккан жерден кесиптеш катары жакшы сүйлөшүп коём.
- Эмнеден эс аласыз?
- Өлкөмдө, үйбүлөмдө тынччылык болуп турса, мен ошондон эс алам. Адам баласы тынччылык болсо эле, ар дайым каалагандай эс ала алат. Эгер, тынччылык болбосо, дүйнөдөгү эң кооз жерге барып эс алсаң дагы, эс алуу болбойт. Мен мисалы, бирөөдөн жакшы сөз уксам, бир жакшы гүл көрсөм, ошого кызыгып, эс алам. Же болбосо, өзүмө жаккан, сонун бир ыр чыгарып алсам, ошого ырахаттанып эс алам. Баардык нерседен жакшы жагын көрүүгө аракет кылам.
- Сөздү жакынкы аралыктагы жаңылыктарыңыз менен бүтүрсөк?
- Азыркы учурда окуучум Айконун тушоо кесүү концертине даярдык көрүүдөбүз. Күнүн так белгилеп койдук. Буюрса, 12-августта Улуттук телерадио корпорациясынын концерттик залында өтөт. Ал эми Айкону алгачкы жеке концерти менен куттуктап, кыргыз элине эмгеги сиңген ырчы эже-агалары катышат.

Адинай МАРИПОВА