Бабанов элди кубантты го...
"Кыргызстандын өкмөтү ипотекалык насыя берүү долбоорун ишке ашырат" деп 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 5-июлда Бишкектеги Жал кичи районунда жаңы үйдү пайдаланууга берүү аземинде кеп кылды. Азыркы кезде өкмөт жарандарга ипотекалык насыяларды берүү боюнча программаны иштеп жатат. Аталган программаны ишке ашырууга жакында ачыла турган казак-кыргыз биргелешкен инвестициялык фонду катышат. "Бүгүнкү окуя өлкөдө өзгөрүүлөр башталгандыгына далил боло алат. Биздин өлкөдөгү ар бир жаран жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак-жай менен камсыз болушу керек" деп Бабанов элди кубантты...

Сүйүнчү, кант арзандайт
"Кыргызстанда август айынан баштап канттын баасы төмөндөйт" деп билдирет Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы. Мындай көрүнүш Орусия, Белорус жана башка өлкөлөрдө кант заводдору жаңы түшүмгө орун бошотуу максатында эски канттын калдыктарын төмөн баада сатууга байланыштуу
болду. Мындан тышкары, кантты ташуучулардын айтымында, учурда өлкөдө канттын запасы жеткиликтүү көлөмдө ташылып келинди.

6-июлдагы жер титирөө
Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 6-июль күнү саат 00:52лер чамасында эпицентринде 5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Талды-Суу айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышты карай, Сары-Могол айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай, Сары-Таш айылынан 25 чакырым түштүк-батышты карай, Ош шаарынан 100 чакырым түштүктү карай жайгашты. Талды-Суу айылында 5 баллга, Сары-Могол айылында 4,5 баллга, Сары-Таш айылында 4 баллга жетти. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз дарылары: "акан", "бейкут", "чабал"...
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Инновациялык фитотехнологиялык борборунун адиси, химия илимдеринин кандидаты Анарбек Акималиев өлкөдөгү пайдалуу жана дарылык касиеттерге бай өсүмдүктөрдүн витаминдүү катмарынан алынып жасалган дары-дармектерди жасаганы белгилүү болду. А.Акималиев өзүнүн ассистент, тарбиялануучулары Нуралы Бурканов жана Сабира Боркошева менен биргеликте көп жылдар бою эмгектенип, 14 өсүмдүктүн курамынан турган "Акан", "Бейкут", "Глитимал" жана "Чабал" аттуу дары каражаттарын ойлоп табышкан. Илимий изилдөөнүн натыйжасында иштелип чыккан бул эмгектер А.Акималиевдин окуучусу Н.Буркановдун кандидаттык диссертациясы болуп, быйыл жакталат. Анарбек мырза учурунда өзү да химия илимдеринин академиги, окумуштуу Арстанбек Алтымышевдин окуучусу катары аны менен 20 жылдай эмгектенип, бир катар дары-дармектерди ойлоп табышкан. Бул каражаттар 1980-жылы өткөн улуттук олимпиада оюндарында жана космосто учууда колдонулган экен.

Шайды оодарган шайлоо
Бишкекте жаңы шайланган курамдагы БШКнын экинчи жыйыны 5-июлда болуп өтүп, жыйында "Кыргызстандын президентинин шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы бекитилди" деп БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле, жыйында Кыргыз республикасынын Конституциясы жана шайлоо мыйзамдары тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде китепчелерди чыгаруу тууралуу маалымат айтылды. Комиссия мүчөлөрү анын санын каражаттын бөлүнүшүнө жараша басып чыгуу зарылдыгын белгилешип, маселени кезектеги жыйында дагы бир ирет кароо сунушу көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду. Мындан тышкары, президентке талапкерлердин кол топтоо эрежелери тууралуу маселени да карап чыгышып, аны толуктоолор менен кабыл алышты. Ал эми төртүнчү маселе, топтолгон колдорду текшерүү боюнча жумушчу топ тууралуу маселени кийинкиге калтырышты. Планды талкуулоо учурунда БШКнын мүчөлөрү "аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлерди көрсөтүү 15-июлда аяктайт, ал эми анын курамын түзүү 25-июлда аяктайт" деген чечим чыгарышты. Участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлерди көрсөтүү 25-июлда бүтөт, ал эми анын курамын түзүү 1-августка чейин аяктайт. Ошондой эле, шайлоо участкалары 15-июлда түзүлүп бүтөөрү белгилүү болду.

Орусиядагы кыргыздардын кызуу жыйыны
Жакында Москва шаарында "Рус Партнер" компаниясынын башкы директору Руслан Эшимовдун демилгеси менен Москвадагы кыргыз диаспораларынын башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында Руслан Эшимов: "Биз, Орусиядагы кыргыздар, күн өткөн сайын көбөйүп жатабыз. Азыркы убакта расмий түрдө 362 миң кыргыз жараны Орусия мамлекетинин жарандыгын алыптыр. Биз башыбызды бириктиришибиз керек. Орусиянын жараны болгонубуз үчүн, Кыргызстанга инвестиция алып барсак, кабыл алышпайт. Андан көрө Кыргызстандын саясатына аралашпай, Орусиядагы бардык кыргыз коомдук уюмдардын башын бириктирип, "Орусиядагы кыргыз диаспораларынын жана мекендештердин союзун" түзүп, андан кийин орус элинин саясатына аралашып, Орусиядагы мекендештерге жардам берели", - деген сунушун киргизди. Белгилей кетсек, Руслан Эшимов "Единая Россия" партиясынын мүчөсү.

"Кант заводдору сырткы башкаруудан чыксын"
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" акционердик коомдорунан сырттан башкарууну алып салуу боюнча токтомго кол койгондугу белгилүү. "Кайыңды-Кант" ишканасы 2010-жылы 139,2 миң тонна кант кызылчасын алып, андан 13,9 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн. Мындан республиканын бюджетине 24,7 млн. сом салык төлөнгөн, социалдык төлөмдөр 15,5 млн. сомду түзсө, ишкананын 1200 жумушчусуна 60,2 млн. сом айлык акы төлөнгөн. Ишкананын салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жок. "Андыктан, бул ишкананы сырттан башкаруунун зарылчылыгы жок" деп белгилешти өкмөттөн.


КМШ кылмышкерлерди кайтарып берсин
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан 2011-жылдын 6 айынын ичинде Кыргызстандын аймагында кылмыш жасап КМШ өлкөлөрүндө кармалган 73 адамды өлкөгө алып келүү боюнча талап кылынган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген. Ошондой эле, 6 ай аралыгында чет өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына 47 адамды кайтарып берүү боюнча (Орусия - 34, Казакстан - 10, Өзбекстан - 3) талаптар жиберилген.
Муну менен катар Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Орусия федерациясынын аймагында 2010-жылдын июнь окуяларына тиешеси бар деп шектелген 10 адам кармалган. Аларды учурда Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.


"Кристалл" заводуна немецтер кызыгууда
"Кристалл" заводун "SCHMID" аттуу германиялык компания сатып алууга кызыгууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк министрлигинин банкроттук иштер боюнча департаментинин директору Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, немец компаниясы "Кристалл" АККсы үчүн 250 миң долларды ГЭСти жаңылоо жана 4 миллиард долларды өңдүрүштүк имараттын курулушу үчүн коротууга даяр экендигин билдирген. Муну менен катар компания ишкананы 6 миллион долларга сатып алуу ниетин билдирген. Азыркы учурда бул келишим боюнча өкмөттө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эскерте кетсек, 8-июлда боло турган конкурс "Кристалл" ААКсын сатып алууну каалагандар жок болгондугуна байланыштуу артка жылдырылган.


Талаштагы улутташтырылган мүлктөр
Кыргызстанда улутташтырылган объектилерди кароодо Жогорку Кеңеште кызыккан тараптар, ортомчулар бар экенин, ошондуктан бирдей ыкма жүргүзүлбөй жаткандыгын "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун мүчөсү Осумбек Жамансариев айтып чыкты. "37 объект улутташтырылган, анын 22сине Жогорку Кеңеш сотко кайрылууга мүмкүнчүлүктү берген жок. Ал эми 17 объектиге сотко доо-арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк калтырды. Бул эмненин негизинде, кайсы критерийлерге таянып чечим чыгарылгандыгы түшүнүксүз болууда. Жогорку Кеңештеги кызыккан тараптар өзүлөрүнүн кызыкчылыктарын сүрөп жаткандай сезилет. Себеби, көпчүлүк объектилердин анык ээлери жок. "Ошондуктан, парламент муну кайра карап чыгышы керек" деген О.Жамансариевдин сөзүнө "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун мүчөсү Нурия Айдабосунова "7-апрелге күнөөлүүлөрдүн гана эмес, алардын аялдарынын дагы мүлктөрүн тартып алуу" керектигин айтып, бул боюнча башкы прокурор Аида Саляновага кайрылуу жолдошкондорун айтты.


Куранды куурайдай көрбөгөн сот
Жактоочу, укук коргоочу Акин Токталиев Бишкек шаардык сотунун жетекчисинин орун басары Мадина Давлетбаева анын Куран китебин таштандыга ыргытып, Кудайга болгон ишенимин шылдыңдагандыгы үчүн моралдык зыянды 100 млн сомго баалады. Бул боюнча А.Токталиев өзү билдирди. Токталиев Мадина Давлетбаеванын адилетсиз иштеринен улам, ыйманга келсин деген максатта ага Куран китебин берет. "Китепти окудуңбу?" деп сураган Акин мырзага, сот анын көзүнчө Куранды таштандыга ыргытып жооп кайтарат. Биринчи сот айыпталуучунун кийгилишүүсү менен үзгүлтүккө учурап, шаардык соттун эки жолку чакыруусунда М.Давлетбаева келген жок. Бишкек шаардык сотунун жетекчиси Марс Жакыпов "Куранды ыргытса эмне болмок эле?" деген кайдыгер жооп бергендигин айткан Токталиев "Марс Жакыпов жана Мадина Давлетбаева элдин алдында кечирим сурашы керек" дейт. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибековго, беш фракциянын лидерлерине жана 16 комитетке кайрылуу жасаган, бирок ушул күнгө чейин жооп келе элек.