Аба-ырайы да Атамбаевге, Отунбаевага окшоп, тез-тез айнып атат. "Кудай сактасын" дейли.
6970. Базардагы ушак сөздөрдү таштап, фактыларды жазсаңар. Демократия деген ушу экен деп урдура бергендин кажети барбы?
1273 абоненти

6971. А.Келдибеков Жогорку соттун 3 судьясына кысым жасап, бери дегенде 400 миллион доллар турган "Мегакомду" Максим Бакиевдин компаниясына бердирткен чечим чыгартыптыр. Эл алдында башканы сүйлөгөн, а кылган иши ошого төп келбеген адамды кумир тутканыма аябай өкүнүп турам.
Баргы

6972. Салам, "Учур" гезити! Президенттик шайлоо алдында да акыйкатты коргоп берет деп терең ишенебиз. Маалыматтык фактыны элге түз жеткирип жаткан жамаатыңыздарга Нарын элинин атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Нарын kg

6973. Камчыбек Ташиев кыргыз элибиздин мыкты уулдарынан. Камчыкеден колуңарды тарткыла! Кыргызга жакшылыгы жок бир айбан үчүн асыла бербей. "Ак ийилет, бирок сынбайт". Камчыке Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн былтыркы июнь айындагы коогалаңдуу күндөрдө башын канжыгага байлап алып, жанын жанга, жамбашын жерге уруп жүргөндө, азыркы аткаминерлер, сот бийлиги кайда жүрдүңөр эле?
Мукаш Ырсалиев

6974. 0095 абоненти, сиз "Ө.Бабанов таза адам, президент кылып шайлаш керек. Ал 90% таза иштейт" депсиз. Мен сиздин бул оюңузга түздөн-түз каршымын. Бабановду таза деп Байболовду козгогон арызынан сүттөн ак чыкканына ишенүүгө болот. Бирок, ал арызды кимдер иликтеп чыкты? Арызды коалициялык көпчүлүктүн басымдуулугу менен түзүлгөн комиссия иликтеп, Бабановдун пайдасына чечип беришти. Бабанов убактылуу жумушунан кетип, Орусияга шашылыш кетишин кандай ойлойсуз? Эгер таза болсо, Орусияга чапкылап убара болбойт эле го? Дагы бир жери, элдин кызыкчылыгынан өзүнүн бизнесин көбүрөөк коргойт. Парламенттик шайлоо алдында түз эфирден Бабанов, Текебаев менен болгон маекте, Текебаев "устатыңдан сабак ал" десе, Бабанов кызаңдап койгон эле. Тажрыйба керек жана кекиртекти тыйыш керек. Кийинки президенттик шайлоодо М.Эшимкановдой өзүн-өзүн тазаласа татыктуу талапкер болоор. Бирок, бүгүнкү татаал кырдаалда Кыргызстандын кең келечегине карай татыктуу президент боло албайт.
Улан, Нарын

6975. "Эр жигит эл четинде жоо бетинде" дегендей, кыргыз эли Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирет!
Улутман

6976. Баргы деген сенсиңби? Чоң колбаса жейсиңби? Закиржаның жоголуп, жугунду жетпейт дейсиңби? "Акжолуңду" сагынып, СМС жазам дейсиңби?
Баргы-2

6977. Кыргызстандан кетким келет. Анткени төрөлгөн күндөн баштап, коррупция мени чырмап алып, ал илдеттен арылбай калдым. Акыр түбү менин башымды жутуп ала электе көз көрбөгөн, кулак укпаган жакка кетип калууну самап отурам. Жардам бергиле.
1273 абоненти

6978. Гүлзинат Суранчиева деген ырчы кызыбыз "күйөөмдү талашып жүрүп тийгем" дейт. Мунусу эмнеси, аял алгансып, же кыргыздын кыздарында намыс калбай калганбы? Күйөөсү дагы түрк экен, кыргыз калбай калгансып! Теледен сүйлөбөй эле койбойбу, тили буруу күйөөсүн мактап...
2007 абоненти

6979. Гүланда, сен Айбекке эмнеге турмушка чыгып алдың? Алмончоктой балдары менен аялынын баркына жетпеген, кызың экөөңөрдүн баркыңарга жетеби? Ушуларды ойлонуп туруп тийдиңби же сени бал сөзү менен алдадыбы? Айбектин кандай адам экени, анын көп аял алганынан эле көрүнүп турбайбы.
Ат-Башы району, Б.....

6980. Каныкей деген кыргыздын ырчы кызы бар. Сен эмнеге түшкө кирчүдөй болуп татынакай өңүңдү бурасың? Тата Уланды туурап атасыңбы? Биздин менталитетке мындай нерсе туура келбейт.
7619 абоненти

6981. 1579 абоненти, сенин крышаң тайып кеткенби? Жылдыз ким, Курманжан датка ким? Эгер тарыхты окуган жан болсоң, минтип дөөдүрөбөйт элең! Азыр да кеч эместир, эгер сага тарыхтан бир шиңгил таштасам. Кулагыңды түрүп, көзүңдү чоң ач. Курманжан апабыз кыргыз эли үчүн күйгөн, элдин бакубат тынчтыгы үчүн өзүнүн баласын садага чапкан айымдардын асылзаты болгон. Мындай адамды Жылдызга теңегениңе жол болсун. Эми Жылдыз айымга токтололу, элди Түндүк-Түштүккө, кыргыз-өзбекке бөлгөн Бакиевдин заказын аткарып, калп эле Курманжан датканын атын жамынып, популизм менен шугулданган "таланттуу" катын. Курманжан апабызга теңебе, уят! Арбагы нааразы болот. Андан көрө, Аллахтан ыйман тилеңиз. "Элим тынч болсун!" деп.
Асылбаш

6982. Кыргыздар оомалыгыбызды, ээрчимелигибизди качан токтотобуз? Кафелердин баары эле "халал" болуп кетти. Өзүбүздүн тилде "адал" десе болбойбу? Ушу жерден суроо туулат. Буга чейин адамдар адал эмес кафелерде той өткөрүп, тамактанып жүрүштү беле? Жакаңды мууна кармайсың, тоба!
8939 абоненти

6983. "Шуулдаба, шуулдаба теректерим, шуулдасаң ыйлагым келет менин!"
0950 абоненти

6984. Асылбек, Күйдүмчок, силердин колуңардан эч нерсе келбейби? Оозуңарды жаап жүргүлө. Ахматбекке, Камчыга асылганыңарды токтоткула!
2811 абоненти

6985. Биз кыйын элбиз дегенден кыйын болуп кетсе, кыргыздар капкачан эле оңолмок. Ооз ачсак эле Манасты оозанабыз. "Ал мындай болгон, тигиндей болгон" деп. Эмнеге анда өзүбүз ошондой болгонго аракет кылбайбыз?
Шер

6986. Саламатсыңарбы "Учур" гезитинин жамааты. Мен кыздар менен таанышам. Жашым 23тө. Кыздар, кечки 9дан кийин чалгыла.
Тел: 0705-44-98-28

6987. Урматтуу Баратбай аксакал, сиз үйүн коруган күчүктөй болуп, Атамбаевди эле коруйсуз. Анысы аз келгенсип, обу жок мактайсыз. Же ошонуңузга карапайым окурман ишенсечи. Адам ишенгидей кылып мактап, адам ишенгидей кылып жамандап, сындап жазыш керек го? 60ка чыккан адам ушундайларды айттырбай эле койсо...
3625 абоненти

6988. Салам, кыргыз элим! Ташиевди эмне үчүн кордоп жатышат? Убагында Ташиевдей мыкты жигит жок, эми Ташиев жаман болуп калдыбы? Ташиев мыкты жигит бойдон эле калды. Өзгөргөн жок. Биз өзгөрүп атабыз. Эмнеге мынча эки жүздүүбүз? Эсиңер бар болсо, кеч болуп кете электе токтоткула!
3776 абоненти

6989. Азыр турмушта кайненелер эмне үчүн келинине өч боло беришет? Биздей деле кыздары бардыр, түшүнбөйм. Келиндер канча аракет кылып сыйлабайлы, баары бир келиндер жакпайбыз. Чынбы, келиндер? Эгер чын десеңер, макул десеңер, анда кайненелерге "согуш" жарыялайлыбы? Оюңар болсо айткыла. Качанкыга чейин кор болуп жүрө беребиз? Кайнене сөрөйлөр, сиздер эми коргонгула. Болбосо чебиңерди бузуп, бийлигиңерден ажырайсыңар. Биз силердин уулуңарга да тымызын согуш жарыялайбыз. Анын сырын силерге айтпайбыз. В атаку, вперед!
"Келиндер козголоңу" партиясы

6990. Улуу Курултайга мурунку бийликте иштегендер, ач көз жер саткандар делегат болуп бара жатат. Дастан аба, абайла!
Таласбай

6991. Ош базарында көк Жигули айдап жүргөн таксист Кубан байке, мен сизди сагындым. Кай жакта эле жүрөсүз? Сизди көргүм келип жатат. Экөөбүз чогуу өткөргөн "күндөр" эсимен чыкпай, жандүйнөм кыйналып, чачырап кеткени калдым. Жытыңызды, карапайым мүнөзүңүздү, аялзаттын эмне каалап турганын илгиртпей билген сезимталдыгыңызды, деги койчу, сөз менен айтып жеткире албаган көз ирмемдерге куса болуп турам.
Катя

6992. Ким татыктуу президент? Билгиңер келеби? Анда Закиржанды, Жаныш, Максимди кайра чакырып президент кылалы. Бийликтин баарын берели. Ошондо азыркы бийликтин кимиси качып кетет, кимиси алардын коюн-колтугуна кирип алат? Кимдин ким экенин сокурга да даана көрүнөт эмеспи. Өрт жүрөктүү бирөөсү чыгып, Бакиевдерге бетме-бет чыкса, демек ошону президент кылабыз. Ал эми калганын качырбай туруп жазасын беребиз. Болот-Шер менен Текебаев гана өрт жүрөк болуп бербесе, башкасын билсеңер керек. Кандай учурда ким кандай өзгөрүп кетерин?
Пенде

6993. К.Ташиевдин ишмердигине мен абдан ыраазымын. Ал президент болуп калышы толук мүмкүн. Бирок, Д.Үсөнов 7-апрелде Закиржандын буйругу менен 87 адамды о дүйнөгө узатып качып кетсе, анын келинчегин Ташиев өз партиясына кошуп алганы аз келгенсип, ЖКга депутат кылып койгону кыжырды келтирет. Д.Үсөнов өзү күнөөсүн моюнуна алмайын, анын келинчеги ЖКда эмес, түрмөдө отурушу керек эле. Силер бир эле адамды өлтүрүп качып кеткилечи, келинчегиңерди бийлик эмне кылаар экен. Анын жүзүн ары кылсын. Мен аны эч кимге каалабайм. Бирок, биздин бийлик оңолмоюн, эл да, заман да оңолбойт!
Базаркул



6994. 2009-жылы президенттик шайлоодо "ата-мекенчилер" Атамбаевге чуркап жардам беришкен. Бирок, Атамбаев коркоктук кылды. Бул - ачуу чындык.
Асхат

6995. 9779 абоненти, сүйсөм, бир сени сүймөкмүн, жүрсөм, бир сени менен жүрмөкмүн, күйсөм, бир сага күймөкмүн. Сүйүүңдү жүрөгүмө куймакмын. Мына сага, сөз эмес бекен. Менин ким экенимди тапсаң, берки ...05 номериңе чалам да, эң жакшы балмуздак көтөрө барам.
Сырдуу жигит

6996. Аба-ырайы да биздин башчылардын мүнөзүндөй айныма болот окшойт. Карагыла, 7-апрелде "туура эмес кылып жатасыңар" дегендей, күн ыйлагандай жаап турган. Эми айныган Атамбаевге, Отунбаевага окшоп, аба-ырайы да тез-тез айнып атат. Ушул экөө Кыргызстанды жок кылбаса болду? "Кудай сактасын" дейли.
Баргы

6997. Демократия өнүккөн мамлекеттерден жаңылыктарды берүүбүздү баштайбыз. Францияда транспорт кызматкерлери айлык-акыларын көтөрүүнү талап кылышып, Эйфел мунарасынын жанына митингге чыгышты. Ал эми Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш башталганына байланыштуу, коррупционерлер Акүйдүн артына митингге чыгышты.
Kg NEWS

6998. ИИМдин орто мектебинин мурунку башчысы Тойтуков Канатка окшогон кесипкөйлөрдү мыйзамсыз жумуштан алышып, акчалуу тааныштарын шайлап жатышат. Менимче, сабатсыз министрге сабатсыз кызматкерлер керек окшойт. Кесипкөйлөрдү жумушка алуудан коркуп атабы?
Улуутаздар

6999. Ар адамдын жергесин Алла берген,
Ала-Тоону кыргыздар мекендешкен.
Аба салкын жайлоолордо бозүй тигип,
Жакшы жашап өмүрдү кечиришкен.
Азыр заман өзгөрүлдү бир башкача,
Ажолору элди тоноп качты мына.
Алдап элди бийликке келип алып,
Кайталашат өткөндү кайра-кайра.

Оңолобуз деген сайын артка кетип,
Баратабыз саясаттын сазын кечип.
Кыргызыма калкан болуп беремин деп,
Кыргызымды как жүрөккө атып кетип.

Жараткандан жалбарып суранарым,
Арам ойлуу, ачкөз ажодон сакта.
Кыргызды бөлгөн бөрүдөн сакта.
Өз элин аткан канкордон сатка.

Кыргызстаным өнүгүп-өссүн,
Кыргыз деп соккон жүрөктү сакта!
Жыргалбек Тургунбеков

7000. Отунбаева, Текебаев, Бабанов, Кулов, силерге сөз жок. Кудай көрсөтөт, жазалайт. Болбосо, элди ойлогула!
8902 абоненти

7001. Эмне үчүн Отунбаева Ташиевди куугунтуктап жатат? Отунбаева Камчыбектен коркуп атабы?
3776 абоненти

7002. Элмурза Сатыбалдиев кыргыз элинин сүймөнчүктүү, эл сыйлап кадырлаган президенти боло алат. "Эл" деп аты эле айтып тургандай, эли үчүн күйгөн, жанын аябаган, башка ажолор менен теңата сүйлөшө ала турган накта лидер болушуна көзүбүз жетип турат. Бар бол жана сак бол, Элмурза!
Бекен

7003. Сагынам жаным, эмне кылайын? Сени унута албадым. Менден узап кеткен жолду карай берип, жаш балача ыйлайм. Улан, мен сени сүйөм, өмүрүмө бир келген жан экенсиң. Элесиңди унутпайм!
8900 абоненти

7004. Бөрү, сен эгер мага жолуксаң, мен сени кыстырбай эле бычып коет элем. Бул биринчиси. Экинчиден, Атамбаев менин братым эмес. Ал жалпы элдин премьер-министри. Үчүнчүдөн, өз жерим Ошко барган сайын элдин кыйналганын, куйкаланып күйгөн кыргыздын үйлөрүн көрүп зээним кейийт. Сен жан тарткан губернаторлор Бакиевден үйрөнгөн адаттарын унутушпай, биринчи ала допучандардын үйлөрүн бүтүрүп беришти. Кыргызым чыдап, дагы деле болсо чатырда жашап жатат. Мээси жок Бөрү! Эгер мен жасакерленсем, анда жердешим Сооронбайды мактайт элем.
Бекен

7005. Президенттикке талапкер болгон Атамбаев Алмаздын аракети күч. Бирок, эри жок катындай иштей албасын билебиз.
6049 абоненти

7006. Салам, "Учур"! Сиздердин гезит аркылуу "Кыргызстан обондору" радиоканалынын орун басары Жылдыз Белековага сурообуз бар. Эмне себептен жаңы чыгып келаткан кээ бир таланттуулардын ырларын убагында ободо жаңыртпайсыңар? Биз "Кыргызстан обондорун" күн сайын угабыз. Биз күткөн жаш таланттардын ырларын бир айда араң бир жолу гана берип атканыңарга түшүнбөй атабыз. "Ыр-дүкөн" рубрикаңарга да суранып көрдүк. Ди-джей Нурзада Жолдошева ар кайсы шылтоону айтып, биз суранган ырчыны бербей да коет. "3 миллиондон ашык угарман, бу да чек эмес" деген жарнамаңарга тактоо киргизип, мени алып салгыла да, "2 млн. 999 миң 999 угарман, бу да чек эмес, эртең дагы бир угарманга азаят" деп жарнама кылгыла!
Маданият

7007. Барскан, Курчу, силер канкор ким экенин билбеген чурку экенсиңер. Сенин, менин жана бүт кыргыздын намысын ала допучандарга саткан саткындар Текебаев, Отунбаева, Атамбаев, Асанов, Дүйшөбаев, Болот-Шер экенин билип жүргүлө! Алар бийликке жетүү үчүн ала допучандарга таянган.
Баргы

7008. Мен президент болом деп менменсинген Адахан "Акжолду" түзүп жатканда ага эмнесин арнаган? Каркыраны сатканда канча сомго баалаган? Мечитти кыскартам дегенде миллиондор каргаган. Тикендей тилинен башка бир нерсеси барбы анан?
Памир, Чоң-Алай

7009. Бекен, "Кыргызстан оңолбойт" эмес, адам жакшы ниет кылып гана максатына жетет. Сен абдан жаңыласың. Кыргызстан оңолот. Эртең болбосо, анын аркы күнү сөзсүз оңолот!
Аника

7010. 2010-жылы СДПК "ата-мекенчилер" менен чогуу болуп, бийликти кууп чыгышты. Атамбаев досу Текебаевди эки жолу сатты. Бул - ачуу чындык. Ж.Мусабекова Ө.Текебаевди жамандап жазбаса газетасы өтпөйт окшойт.
Асхат

7011. Ө.Текебаевди кимдер гана билбейт? Карапайым кыргыз элинен баштап, дүйнөнүн өнүккөн өлкөсү да бу саясатчыны тааныйт. Биздин элди ушуга окшогон адамдар гана оңой алат.
1926 абоненти

7012. Оу-у кыргыздар! Мадумаров, Эшимканов, Келдибеков, Жолдошева, Түлеев, Кулов, Ташиев, Бабановдорго ишенсеңер, ай-талаада каласыңар. Булар еврейлер менен татарлардан дагы куу, митаамдар. Шоруңар катып, алдана көрбөгүлө!
7630 абоненти

7013. Салам, "Учур"! Ушу саясатчыларда уят деле жок. Шайлоо жакындаганда бири-бирине көө шыбап башташат. Максаттарына жеткен соң, уялбай эле кайра достошуп алышат. Эптеп эле элди алдамай. Элге кам көргөн киши боло калышат. Элдин эсебинен байып жаткандары менен иштери жок.
Нур

7014. Гезиттин №25 санындагы СМС жазган жалал-абаддык Психолог, сенин медиктерге нааразы болгонуң туура. Бирок, жашооңо кол шилтемиш болуп, кыяматты тилегениң туура эмес. Кудай тилегиңди таш каптырсын! Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө! Андан көрө, Кудайдан бактыңды тиле!
Нур

7015. Мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия "желекти өзгөртүүгө 3 миллион сом эле чыгымдалат" дейт. Анда ар бир мамлекеттик мекеме, мектеп, ЖОЖдордогу дубалга илинген көрсөтмөлөр, окуу китептерине кеткен акчаны депутаттардын чөнтөгүнөн төлөтүш керек.
Шер

7016. Президент болууга Атамбаевдин бардык шарты бар. Моралдык укугу да жетиштүү. Анткени, ал үйбүлөлүк бийликти кулатууда башында турду. Кыйын кезде ар кимден акча сурап, эл үчүн иштеди. Бирок, бу кишинин оомо мүнөзү бар экен, ар кимдин тилине бат кирип кетмей. Мындай алып караганда, Акаевге окшоштугу бар окшойт. Ал эми оңду-солду байкабай сүйлөп алмайы, убадаларды берип коюп, унутуп калмайы, ким жегич экенин билсе да, билмексен, көрмөксөн болуп калмайы - Бакиевге түспөлдөшүп кетет. Менимче, президент калыс, алысты көрө билген, билими боюнча дасыккан юрист, мылжыңдабаган, калжаңдабаган, ашыкча сүйлөбөгөн, мүнөзү катуу, таза кандуу кыргыз уулу болуш керек!
7357 абоненти

7017. Нуркыз, сен көп Текебаевге асыла бербе. Дегеле, кыз кишинин эркек кишиге сын айтканы кыргыздын салтына туура келбеген иш!
Гүнеш

7018. Алайлык (мурдаштык) Бообекова Назгүл Эсенбай кызы! Кудайды тааныйсыңбы деги? Качан акылыңа келесиң? Бирөөнү сыздатып коюп, 13 жыл тайраңдадың. Жетет эми. Куса турган убак келди. Пенде сотунан коркпосоң да, Кудай сотунан корк!
3365 абоненти

7019. Мен Асанкалый кызы Фаризатты издейм. Эгер ушу СМСти окуп калсаң, мага чал. Сага бир түнгө сюрприз даярдап койдум.
Тел: 0705-25-08-75

7020. 7102 абоненти, Кайыргүлдү "Учур" гезитинен сурапсың. Аны өтө эле жакшы көрсөң, ал кызга болгон сүйүүң ташкындап баратса, "Дордойдун" тапичке саткан катарын кара. "Учурдун" СМС бетин булгабай, мындай тантырак сөздөрдү жазбачы. Өзүңдү да сыйлай бил да.
Шер

7021. 5654 абоненти, түшүнбөсөң туалетке түшүп кет. Жакшы адамды мактабай, кимди мактап атасың? Мактаган адамың Текебаевби? Тапкан экенсиң!
9779 абоненти

7022. Улуу Курултайга кыргыз эли даяр. Кумтөр жана башка элибизге таандык, элибиздин ырыскысы болгон кен-байлыктуу жерлер улутташтырылат!
Улутман

7023. Кыздар менен таанышам. Көлдүн жана Сары-Өзөн Чүйдүн татына келген, абийирдүү, ыймандуу, ийкемдүү кыздары болсо дейм. Тамашаны артка таштап, турмушту алдыга максат кылдым. Сүйүктүү жар болчу кыздар, чалгыла. Бактыбыз бир жерден болуп калса ажеп эмес. Досторум мени тамашалап "Мистер Жек" дешет.
Тел: 0778-19-28-31

7024. Кыргызстанды коррупция чырмады. Төрөт үйүнө, бала бакчага, мектепке, паспортко, ЖОЖго, жумушка, бизнес ачканга, ж.б. пара бермейин эч нерсе жок. Айтор, кыймылдасаң эле акча сурашат. Жада калса өлгөндөрдүн сөөгү коюлуучу жерди пара берип аласың.
Шер

7025. Элвира, сен акылдуу, сулуу, жомоктогудай өзгөчө бийкечсиң. Сени ар дайым күтөм. Жашоомдо сени жолуктурбасам, эмне болмок, билбейм?..
Жими

7026. Баргы, сен даана эшек экенсиң. Бакиев сендей эшекти Минскиде чыдамсыздык менен күтүп жатат. "Минип жыргасам" деп.
Курчу

7027. Ажолордон багыбыз ачылбады,
Акүйдөгү митингдер басылбады.
Сот, прокурор, милийса биргеликте,
Соруп бүтмөй болду жакырларды.
0100 абоненти

7028. Эркектер этекке жашынса, эл башчысы аял болот!
0100 абоненти


7029. Мен президенттикке Ө.Текебаевди баалайм. Ал чынчыл, калыс, ак киши. Калганы бүт сасыктар.
0661 абоненти

7030. Ат-Башы районуна караштуу Дыйкан айылындагы классташтарыма салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Барсыңарбы, 94төр?!
Рахат

7031. Нурзат, мен сени сүйөм!
0661 абоненти

7032. Текебаев Ысык-Көлгө келип кетти. Көлдүктөр Текебаевге гана ишенет.
7698 абоненти

7033. СМСчилерге таң калам. Бир адамдын тыйынын алып, ошол адамдын заказын аткарып, анан өзүн "патриот" дешет. Анысы аз келгенсип, гезит аркылуу ар ким менен урушуп аткандарын сырттан карап туруп, кыргыздар "патриот" сөрөйлөргө жыргаган экенбиз дегим келет.
6334 абоненти

7034. Жылдыз азыркынын Курманжаны. Аялзаттын акылманы.
Рая

7035. Биздин Кыргызстан байыркы жана улуу эл. Бирок, ошол улуу элдин баркын билбей жаткан саясатчыларга эмне дешти билбей турам. Кыргыз элим эч качан жок болбойт. Саясатчылар, эртерээк башыңарды иштеткиле.
3414 абоненти

7036. Мен досум Акылбекти издейм. Ал Лейлектен болот. Атасы Мурат, апасы Махбрет, иниси Санжарбек, карындашы Миргүл. Досум 19991-жылы туулган. Тааныгандар болсо, кабарлап койгула.
Тел: 0772-16-97-12

7037. Камчы Ташиевди алдыда боло турган президенттик такка катышуу демилгесин колдоо керек. Мен кандай жол менен сиздерге байланышсам болот?
Жоке

7038. Кайгырба, кайгырбачы сезимдерим,
Карылык доорун сүрөр кезим менин.
Кааласын, каалабасын кээ бирөөлөр,
Кадырым билгендердин эсиндемин!
0950 абоненти

7039. Пенде, сен эми жаман катындарча дөөрүй бербе. Акыл айтканың менен, сени эч ким укпайт. Себеби, өзүңдүн акылың жетер-жетпес көрүнгөнсүйт...
Агент 007

7040. Роза апчебиз, Атамбаев байкебиз Ош окуясында эмне кылды? Эми келип Ташиевге асылып жатышат. Ташиевдин жасаган эрдигин 10 Атамбаев, 20 "роза гүлүбүз" кошулса да жасай албайт. Себеби, булар жандарын баккан коркоктор! Камчыбек аке, сизди колдогон карапайым калкыңыз бар. Сизди коргойбуз жана колдойбуз!
Агент 007

7041. Адахан Кимсанбаевич алга, алга жана да алга! Биз сизди президент катары көргүбүз келет. Кайдагы Розаны же Атамбаевди эмес. Эгер президенттикке талапкерлигиңизди койсоңуз, анда сизден башка эч кимди шайлабайбыз. Бизге ишенип коюңуз.
3832 абоненти
7042. Мадумаров, Келдибеков, Ташиев - кыргыз элинин эр жигиттери! Биз сиздерди ар дайым колдойбуз! Жакшы күндө да, жаман күндө да. Азыркы өкмөткө кайрылат элем. Ташиевди каралаганды токтоткула, чыдамыбыз кетип баратат!
0383 абоненти

7043. "Баракелде", Ахматбек Келдибеков! Отчетуңузду орусча-кыргызча урдурдуңуз. Кыргызча эле урдурса болбойт беле? Эне тилде сүйлөгөндү качан үйрөнөбүз жана башка улуттагы элдерге качан үйрөтөбүз? Өмүр бою Келдибекеовго окшоп чулдуруктап жүрө беребизби, айткылачы?
Алимбек, Алай

7044. 1983-84-жылдары Сочи шаарында иштеген балдар-кыздарды издейм. Нургүл, Бакыт, Шайыр, Майрам, Ракыя, Гуля, Куляш, Датка, Тоня, Алтынбек, Фариха, Эмил, силерге салам жолдойм. Байланышкыла!
Дүйшөн

7045. Аалы, Жеңишбек! Өмүрүңөр узун болсун, бар болгула! Тил кесмей жок. Акын деген силердей болуш керек. Талантыңар ташкындай берсин. Табияттан берген талантты аздектеп, өнөрүңөр өркүндөп, орошондоп жүрө бергиле!
Баатыр

7046. Каарлуу заман келээрде, карга-кузгунга айланып, Камчы катындын колуна өтөт.
Күйдүмчок

7047. Курманбек Бакиевдин убагында баары жакшы болчу. Муну моюнга алыш керек.
1727 абоненти

7048. Салам, Сүйүнбай акын! Ырың абдан жакты. Башка да ырларың барбы? Мага чал. Атым Алтынай.
Тел: 0779-46-24-12

7049. Сырыңды сыйпалатып жашырбачы,
Сыйкырдуу сезимиңди качырбачы.
Сагынтып, мынча мени зарыктырып,
Санаанын саздыгын батырбачы.
2412 абоненти

7050. Аткаминерлер! Көкүрөктөгү көк-таштай болгон көйгөйдү качан чечесиздер? Же кетпейсиздер. Олтура берип жамбаш талыган жокпу? Бириң кытайга, бириң оруска чуркайсың. Же андан тыянак жок. Элди болсо келесоо кылып койдуңар. Баары көрүнүп турса да, калпты-чынды койгулап, "менин машинам мынча миллион турат" деп мактанасыңар. Ал акча кайдан келди? Мен айына 30 миң сом табам. Чындап келсе, ушу да жетпей калат. Ал эми силердин 1 балаңар АКШда, 1 балаңар Германияда окуйт. Менимче, силер Акүйдө иштебей эле, акча тууп жатат окшойсуңар? Эгер ошондой болсо, мага да кайрылышкылачы, сураныч.
6286 абоненти

7051. Сагындым сени, сагындым абдан,
Сагынчым болду толгондой арман.
Жүдөп да бүттүм өзүңсүз жүрүп,
Жетимдей болуп, томолой калган.
6241 абоненти

7052. Мен тамчы, сен бир чалкар деңиз белең?
Болбосо мени менен эгиз белең?
Алдымда жаркыраган бакыт белең?
Көңүлүм тыным албай сени издеген.
2412 абоненти

7053. Салам, "Учур"! Менин СМСимди Алмаз Атамбаев окуйбу? Шайлоого чейинки айткан сөзүнүн бирин да аткарган жок. Алдамчы экен. Өзүн күзгүдөн көрүп турабы? Ал элге эмес, өзүнүн кызыкчылыгына иштеген адам. "Каркыраны казактардан алып берем" деп убада кылган. Аны аткарган жок. Колунан келбесе, колумдан келбейт деп эле айтыш керек болчу. Келгиле, ушундай алдамчыларды ата-бабабыздын арбактары уктатпасын деп бата кылалы!
Кыргыз

7054. Кыз зордуктагандарды атып сала турган өкүм чыгарыш керек. Өзгөчө, кичинекей наристелерди өлтүрүп, анан айбанчылык кылгандардын жазасы катуу болсо.
6854 абоненти

7055. Элдер өздөрү кызык болушат. Акаев маалында анын сөзүн сүйлөштү. Бакиев маалында анын дагы сөзүн сүйлөштү. Кетип калышты эле, аларды жамандай башташты. Бийликти Отунбаева ээлеп турганда, баары мактап атышат. Эртең кетип калса, "өрттөнүп өл, жерге кир, өлүп эле калбайсыңбы, элдин тамак-ашын жегиче какап өлбөйт белең" деп каргап башташат. Деги ушундай жагдайды качан токтотобуз?
8830 абоненти
7056. Жашым 34тө. Үйбүлө куруу максатында жашы 34 төн 42 ге чейинки ыймандуу, ичимдикке берилбеген мырзалар менен таанышам. Телефон номурумду редакцияга калтырдым.
6576 абоненти 0552- 17-05-77

7057. Салам, "Учур"! 16-21 жашка чейинки кыздар менен таанышам.
Тел: 0778-77-81-74

7058. Вице-мэрибиз оозу-мурду кыйшайбай туруп, "жол боюндагы гүл салынган карапаларды 4500 сомго сатып алдык" деди. Ушундан улам мага бир ой келди. Биздин өлкөдө коррупция азаймак тургай, гүлдөп өсүп атканбы деген.
Таке

7059. Баш ийемин тагдырга
Күндөрдүн бир күндөрүндө,
Жылдардын бир жылдарында.
Жандүйнөмдү баары бир,
Басып кетти кайгы-капа.

Кайталанчу ырым сага кайырма,
Суранамын канатымды кайырба.
Билем сени, эстебейсиң деги мени,
Бирок менин сырымдасың дайыма.

Жаш жүрөгүм азыр жүрөт адырда,
Айла жоктон баш ийемин тагдырга.
Каралжын булуттарым менен кошо,
Калды мына күнүм дагы, айым да.

Жамалымсың мен эңсечү кыялымда,
Буулуксам обонумсуң кайрыгымда.
Сени мага, мени сага буюрбады,
Толкун салып деңиздеги кайыгыма...
Сүйүнбай

7060. Бизде эмне көп? Өңгүл-дөңгүл жолдор көп. Бизде эмне көп? Мээни чакма чоңдор көп. Бизде эмне көп? Жайлап тынма "киллер" көп. Бизде эмне көп? Качып кетме бийлер көп!
Күйдүмчок

7061. Кыргызым! Эми баары бүтүп паспорттогу "улуту" графасын алдырсак, анда биз кимбиз? Кыргыздын жарымы баптист, жарымы араб, жарымы хизб-ут тахрир болушту. Уулдары алкеш, кыздары сойку болуп баратат. Айланайын элим, эсибизди жыйып, кыргыз улутун сактаганга салымыңарды кошкула, сураныч!
5146 абоненти

7062. Урматтуу Акылбек Жапаров! Сиз эл артисти Каныкей Эралиеванын ыр топтомдору камтыган дискти бир кечеден алып, мен саттырып берем деп убада кылган экенсиз. Андан бери жарым жылча убакыт өттү. Же акчадан, же дисктен дайын жок. Эл депутаты да сиздей болобу? Негизи бул ишти жардамчыларыңыз эле бүтүрүп коюш керек эле. Ушуну бир контролго алып койбойсузбу?
8987 абоненти

7063. Балдар менен таанышам. 17 жаштан өйдө болсун.
Тел: 0701-58-92-01

7064. Дархан айылындагы Сатылганов атындагы мектептин 10-классына чоң салам! Силерге ийгилик, алга классташтарым! Тилекова Рая эжейиме да чоң салам жолдойм!
Эсентурова Элнура

7065. Кубанычбекова Кундуз (97), мен сени издейм. Жакын досуң Маржан.
Тел: 0778-99-04-83

7066. Болор белең меники
Ушул түндө жалгызмын,
Неге жашты агыздың?
Эми мен унута албайм,
Өткөн ушул жаштыгым.

Эмнеден болду жазганым,
Неге азапка таштадың?
Эч убакта эстен кетпейт,
Таштаган ушул кадамым.

Таңдардын ошол атканы,
Күндүн ошол батканы.
Жөн эле жүрө берип мен,
Көңүлдүн ошол калганы.

А мүмкүн аракет кылсам,
Болор белең меники.
А балким мээнет кылсам,
Болор белем сеники...
Сүйүнбай