Министрдин
махабаты
Он чакты адам сүйлөдү. Гүлдөр, баалуу сыйлыктар, стипендиялар, Европа окуу жайларына жолдомолор тапшырылды. Ак үйдүн 7-кабатындагы кычыраган овальный залда отургандардын бири да калбай байкаган жагдай, ушул салтанаттын туу чокусу, көңүл бурдурган көрүнүшү - премьер-министр А.Тагаевага оттой алоолонгон роза гүлдөрүн, акыркы муундагы кычыраган компьютерди, конвертке салынган стипендияны, аларга кошумча Австрия жогорку окуу жайына жолдомо тапшырганы болду. Жөн тапшырбай Асанкул Батырбекович калдастап, колунан кагазын түшүрүп, "сендей сулуулар - Кыргызстандын сыймыгы" дегени да жасалма угулду. Өзгөчө жагдай эмей эмине, Тагаевадан башка бир да студент мындай "щедрый" белектерге көмүлбөсө...
Расмий салтанат аяктады. Шыпылдак жардамчы Аидага учуп жетип, эң алдыңкы 10 студентти шеф банкетке чакырганын, азыр бияктан түз эле чыгып кетишерин айтты. Аида убактысы тардыгын, шашылыш иштери бар экенин түшүндүргөнчө, кепке келбеген жардамчы колунан жетелеп, лифтке киришти. "Ты что, красотка, XXI кылымдын номур один кадры болуп атсаң, любой башка ишти жыйыштырышың керек, бүгүн деген сенин турмушуңдагы эң бактылуу күн, больше не о чем не думай, кеттик!" деген сөздөр Аиданын кулагына кирип-кирбей, Нурлан Кадырбековичтин соткасы өчүктүгүнө, жок дегенде бир жолу "кандайсың?" деп сурап койбогонуна ызаланып баратты.
"Консулдук" VIP-залында отурушту. Тост, тамак, бий, кайрадан тост... Саат ондорго чукул Асанкул атайы бильярд бөлмөсүнө чакырып, экөө арзыбаган аны-муну сүйлөшүп, бир аз шар атып, премьер-министр кий кармаганды үйрөтүмүш этип кайра чыгышса, меймандардан дайын жок. Официант гана стол иреттеп жүрөт. Атайын жасалган план экенин Аида айттырбай түшүндү. Жымжырттыкты Асанкул Батырбекович бузду:
- Шашкан жоксуңбу, Аида?
- Саат канча болду?
- Он отуз.
- Бир аз бар экен убакыт.
- Винодон бир аз албайлыбы?
- Келиңиз.
- Настроениең түшүп калдыбы?
- Эмнеге?
- Экөөбүз эле калганыбызга.
- Сиз үчүн түшүрбөгөнгө аракеттенебиз.
- Рахмат. Кел, сенин бүгүнкү ийгиликтериң үчүн алабыз.
- Жана дагы урматтуу премьер-министрдин жакшы жазылган сценарийи үчүн!
- Ты еще у нас красавица с юмором?
- Отличница менен спортсменканы кошпой калдыңыз.
- Айм сори, ал жагы да бар.
- Алып жибериңиз.
- Сен үчүн, Аида!
- Мени кыйнабаңыз.
- Абсолютно.
- Баштабайсызбы?
- Эмнени?
- Айтчу сөзүңүздү.
- А, билесиң да эми...
- Эмнени агай?
- Сөздү... Эми, берип ийген гүлдөрүмдү, открыткамды алсаң керек, бирок все-таки телефон чалбадың, уялып жаткандыр деп ойлодум. Эми, Аида, туура түшүнүүңдү сурайм, ушундай болуп калды...
- Түшүнөм.
- Сени көргөндөн бери уйку жок.
- ...
- Ушу жашка келип чын дилден сүйүп калам деп ойлогон эмесмин.
- Уул-кыздарыңыз чоңоюп калышкандыр?
- Үч неберем бар.
- Чоң ата турбайсызбы?
- Иронияң жөндүү, Аида. Бирок махабат сезими жаш-карыны ылгабайт тура.
- А Сиздин токолуңуз да бар деп жүрүшпөйбү?
- Кимдер?
- Элдин оозун тыя албайсыз.
- Туура, туура, эл оозунда элек жок. Айрыкча ушу премьерликке келгени өзүм жөнүндө эмне деген гана жүрөк түшүргөн ушак укпадым!
- Токол жөнүндө калп экен да?
- Ой, токол түгүл, Асанкулдун целый гареми бар дегенге деле чыдап жүрбөймүнбү.
- Кээде бирок "жел жүрбөсө чөптүн башы кайдан кыймылдасын" дешет го?
- Кызартпачы мени, Аида. Болсо болгондой эле айтпайт белем. Бул темада сени менен тамаша кургандан алысмын.
- Анда айтыңызчы, насколько серьезны Ваши чувства ко мне? Мени жакшы билбесеңиз... Балким жөн эле увлечениедир? Ну мало ли...
- Менин курагымда жалган сүйлөгөн Кудайга жакпайт, Аида. Андай-мындай деп карганыш да уят. Жакшы билбегеним ырас. Сыртыңан жактырганымды айтам. Но это факт. Сүйүү... Сендей сулууну жолуктурган эмесмин. Ишенип кой...
- А-а, сырткы сулуулук жетиштүү деп эсептейсиңерби?
- Нет канешно, бирок сенин сыртың ички дүйнөң менен бирдей сезилет.
- Сезилгени жалган чыксачы?
- Чыкпайт.
- Асанкул агай, мындай да. Аркы-беркини чаргытпай түз сүйлөйүнчү. Жылуу мамилеңизге, сүйүүңүзгө, бардыгына таазим этем. Сиз өлкөдөгү экинчи адамсыз. Менин папамдан кыйла улуусуз. Ачык сөзгө капа болбоңуз. Сизге рахмат, бирок менин да сүйгөнүм бар. Эч кимге алмаштырбаган...
- Билем.
- Кимди?
- Нурлан Кадырбековичти...
- А... ким айтты?
- Бүт бардыгы билишет.
- Вы наверное наводили справку?
- Анте көрбө, Аида, анте көрбө. Жана мен жөнүндө уккан ушактар кандай тарады дейсиң. Экөөңдүн мамилеңди Ак үйдүн уборщицасынан бери кеп кылып жүрүшөт. Раймалы менен Бегимайдын махабатына салыштырып.
- Тамашалабаңызчы.
- Эч тамашасы жок.
- А,балким Сиздин гаремиңиздей жөн эле ушактыр?
- Ушак эмес. Азыр эле өзүң айтып бербедиңби. Эч кимге алмаштырбаган арзыганым бар деп.
- Может мен силерди сынап аткандырмын.
- Эмне деп?
- Ну, насчет любимого.
- Кой, Аида, антпечи. Мен серьезно сүйлөп жатам.
- Кызык экенсиз, Асанкул Батырбекович. Сиздикин сурасам, эл оозунда элек жок болуп калат, а мага ишенгиңиз келбейт.
- Нурлан Кадырбекович менен мамилеңди өзүң тастыктабадыңбы.
- Кечириңиз, тастык дегениңиздин маанисин түшүнбөй калдым.
- Маанисиби, тиги... тастыкта - означает подтверждение.
- Кечирип коюңуз, агай, эски сөздөрдөн ушинтип кээде чаташа берем.
- Эчтеке эмес, жаш муунсуңар да.
- Может быть у меня с Нурланом Кадырбековичом просто легкий флирт, временное увлечение?
- Мен аны толук билбегендиктен кызыгып жатам да.
- Анан кимге ишенесиз, Ак үйдүн уборщицасынабы же магабы?
- Албетте, сага.
- Жүдөтүп ийдимби, агай?
- Жо-ок.
- Сүйөм-сүйбөйм, чын-калп, флирт-слирт деп...
- Слиртиң сонун экен.
- Сонун нерселерим жетишерлик, Асанкул Батырбекович.
- Ха-ха-ха... Юморуң жагып калды, Аидочка! Жарашат экен. И вообще, ачык кыз экенсиң.
- Эми чынын айтайынбы?
- Конечно айт.
- Мен просто Сиздин суроолоруңузга жараша бир аз ойноп айтып койдум. Не обижайтесь.
- Жок, жок...
- Нурлан Кадырбекович алтын киши.
- Не спорю, билем, билем.
- Он мужчина моей мечты.
- ...
- Мен ансыз жашай албайм.
- Түшүнөм.
- Биздин отношениебиз зашли слишком далеко.
- Үй-бүлөсү укту беле?
- Уккан.
- Чатак чыкпадыбы?
- Не без этого... Бирок биз баары бир ажырабайбыз.
- Баш кошкону жатасыңарбы?
- Ага жете элек. Но мы любим друг друга по-настоящему... Сиз чыныгы махабатка ишенесизби?
- Сөзсүз.
- Биздики ошондой... Хотя я боюсь.
- Эмнеден?
- Жомокко айланып, күндөрдүн бир күнүндө сүйүүбүздү бирөөлөр жулуп кетишеби деп.
- Ким жулуп кетет?
- Менден жакшы билесиз да. Көрө албагандар, бут тоскондор толтура. Коомчулук беш манжа сыяктуу, тең эмес... Разница в возрасте. Семьясы. Уулдары да бой тартып калышкан.
- Турмушта баары болот, Аида.
- Ошон үчүн корком.
- Аида.
- И.
- Мага кулак төшөсөң.
- Я вся в внимании.
- Ар кандай да эми адамдар. Турмуш дагы, тагдыр дагы.
- Ооба.
- Нурлан Кадырбекович сендей сулуунун алоолонгон сүйүүсүнө татыктуу адам. Акылдуу, адамгерчиликтүү, кебетеси да красавчик. Перед ним женщинам сложно устоять. Талаша албайм.
- Эмнени талаша албайсыз?
- Жакшы сапаттарын.
- Случайно Вы ему не завидуете?
- Завидую.
- Туура эмес го?
- Эмне үчүн туура эмес?
- Завидовать эткениңер.
- Ну почему туура эмес, мен жакшы маанисинде суктанып жатам да. Сендей кызды жипсиз байлаган эркек бактылуу эмеспи.
- Каршы эмесмин суктанганыңызга. Просто үнүңүздүн тону башкача угулду.
- Кандай?
- Какшыктагандай.
- Жаңыласың, Аида.
- Анда айып көрбөңүз.
- Мен башкасын сурамакчымын.
- Сураңыз.
- Сенин сезимиңе ишенем. Чын пейилден экенине... Ошенткен менен ар кандай ситуация болот да. Көңүлүңдү оорутайын деген жокмун, бирок Аидочка, туура түшүн, Нурлан Кадырбекович экөөңдүн ортоңорго суу чачкандан алысмын... Все-таки, ага жабышкан кыз-келиндер, сенчилеп баш-оту менен сүйүп калгандар аз болбосо керек?
- Көп, Асанкул Батырбекович! Элдер айткандай, сайдын ташындай.
- И, ошону айтам.
- Ну и что?
- Жөн эле сени менен чогуу анализ жасайлы дебатам.
- Логичный анализ. Но, унутпаңыз да башкысын.
- Башкысын?
- Ооба. Ал жалгыз гана мени тандаганын.
- Түбөлүккөбү?
- Агай, еще раз извините, но тональность Вашей речи...
- Мен суроо гана берип жатам.
- Хорошо. Түбөлүккөбү же канча бир убакыткабы, аны Кудайдан башка эч ким билбейт.
- Туура.
- Мен Сиздин эмне каалаганыңызга акылым анча жетпей турат.
- Эми... биз анча-мынчаны көрүп калбадыкпы. Улгайып дегеним... Мисалы, Нурлан Кадырбековитин бир күнү сенден кызыгуусу тараса, өзүң айткандай, временное увлечениеси соңуна чыкса, же башка бир кызга көзү түшсө... Балким мамлекеттик кызматта иштегенден кийин, коомдук резонанстан чочуса, же тараза ташы үй-бүлөсү тарапка ооп кетсе...
- Сиз эмнени эле айтып жатасыз?
- Турмушту, Аида. Ак менен карасы үзөңгүлөш жүрөрүн.
- Мени көндүрүш үчүн ушундай аргументти тандап алдыңызбы?
- Зачем көндүрүш үчүн. Всякое же случается. Экөөбүз ачык сүйлөшүп жаткан соң, таарынганың жарабас.
- Таарынбайм, агай. Мен үйгө кетейинчи.
- Бир азга эле, Аида. Жакшылап ойлонуп көрчү.
- Эмнени?
- Мен сени... каалаганыңды жерге калтырбайм. Сонун үй, машине, если хочешь, заграницада өзүң тандаган престижный ВУЗга окутуп...
- Асанкул Батырбекович!
- Ушу жашка келип сага кантип калп айтайын, Аида. Балким сага өөн, олдоксон угулаар, но ошентсе да сенден эч нерсе аябайм... алаканыма салып жүрүп өтөм... Аида...
- Суранам Сизден. Мени тезинен үйгө кое бериңизчи?..