Тарыхка тактоо

Белек "катын бугу" болгон эмес

"Учур" гезитинин 2011-жылдын 9-июнундагы санында "бугу уруусун негизсиз кордогон Каптагаев" деген аталыштагы макала жарык көргөн. Бул макалада "Кайран эл" аттуу китептин көмүскөдөгү автору Э.Каптагаев болуп, бирок, Осмонов Ишенбай аттуу адамдын наамынан чыгарылган.

Бул шойкомдуу китепте маркум жазуучу Асанбек Стамовдун "Хан Тейиш" аттуу китебинен бугу уруусун кемсинткен мисалдар берилген деп айтылган. Макаладагы ошол "Кайран эл" китебинен алынган үзүндүлөрдө мындай сүйлөмдөр кездешет: "Асанбек Стамов агабыз "Хан Тейиш" деген китебин чыгарып, миң сомдон сатып жүрөт. Мындан 3 кылым илгерки калмактар басып келген мезгилге кайрылыптыр. Мына ушул китепте Көлдүн бугулары Кеминге калмактарды жашыруун кыя жолдор менен баштап келишип, Тейиш хан башында турган кыргыз колу кырылган. Бугунун бийи Белек чыккынчылык, саткынчылык, көшөкөрдүк кылып, калмак жайсаңына кызмат кылган, аларга жол көрсөтүп берип, Теңир-Тоо ичиндеги кыргыздарды кырдырганы, калмактар болсо Белекти качпай калган кыргыздарга хан кылып дайындап, өз кызыкчылыгына иштетишкени, бир топ мезгилден кийин эр Кошой башында турган кыргыздар келип, Белекти колго түшүрүп, башына жоолук салып, аял кийимин кийгизип, келинге жүгүнтүп, сарыбагыштардын бийи Маматкулдун бутун өптүрүшкөнүн жазып жатпайбы. "Мына ошондон кийин "катын бугу" деген атка калган" дейт жазуучу".
Ушул саптарды окуп, күмөн санап, тарыхты бир жума аңтарсам, жогорудагы жазылган окуя карандай калп экен. Кыргыздын туңгуч жазма тарыхчысы Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китебинин 1-томунун (1993-ж. "Учкун" концерни) 143-бетинде калмак доорундагы бугунун мыктысы Белек менен сарыбагыштын мыктысы Маматкул жөнүндө мындай деп жазыптыр: "Белек кайтадан келгенде, бүткүл арка кыргызындай калмакка Белектен өткөн кадырлуусу болбогон. Белекти ээрчиген бугулар болсун, башкалар болсун, негизинен байып кетишкен. Муну угуп Алайдан, Анжияндан, Кетмен-Төбөдөн жана башка жердеги тентип жүргөн, качып жүргөн кыргыздар Белектин үстүнө келип, жанын багып турушкан. Ошонун бири болуп, төрт ата тууганы Маматкул Үчүкө уулу Белекке көчүп келген" деп айтылат. Белек Солтоноев жогоруда төрт ата тууганы деп Маматкулду айтып жатканы - бугу, сарыбагыштын аталары бир Кылжыр болгон.
Белек бий калмактардан кордук көрүп жүргөн Маматкулду башпаанек кылдырып жатса, анан анын бутун кантип өбөт? Белек Солтоноевдин калмак доору жөнүндөгү бир баянында мындай окуя айтылат: "Белек бийдин үстүнө киргенде, Талканды (Солто уруусу) жигиттер Белектин бутуна жыгыл деди. Белек Талканды таанып, "антпегин" деп колу менен ишаарат кылды дейт" деп жазылат. Бул тарыхты Б.Солтоноев бери эле дегенде 90 жыл илгери жазган. Бурмалаган эмес. Кимдин жазганы чын, кимисиники жалган - өзүңөр талдап көргүлө, окурмандар.

Жолдошбек ТОКОЕВ - Ибн Саяк Аль Жумгали





  Эсиңер барда...

Этегиңерди жапкыла, достор!

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнундагы "Учур" гезитинин санына менин атымды сатып, Каптагаев Эмилбек Саламатовичке карата жазылган карандай жалаа, кара өзгөй ушакты окуп алып, төбө чачым тик турду. "Калпты чындай айтса, чын чычалай качат" деген ушул тура. Кантип бетиңер чыдап, жазып жатасыңар, деги бет деген барбы? Айрыкча, эски досторум Таалайбек Абдылдаев менен Садырбек Намазбековго таң калам, силерди "кайсы кара теке сүздү"? Таарынычтын да чеги болор, кечээ эле чогуу жүрбөдүк беле, ошол эле Эмилбек Каптагаевдин кеңсесинде колунан даам сызып, азын-оолак болсо да акчасын алып, жана башка жардамын көрүп дегендей. Силерге караганда, мен эч деле жардамын алган жокмун, таарынбай эле жүрөм. "Кеп чынынан бузулбайт" дейт, мен коомчулукка иштин ак жагын айтып койгонум дурус болчудай. Досторумдун ниет-пейли тескери жакка кетип баратат.


Таалай досум, Каптагаев кызматка келгенден бери, сен: "Бир училищага директор кыл же акимиаттардын бирине жумушка орноштур" деп, Эмилбекти кыйнап жүрдүң, бирок ылайыгы келбеди окшойт, дайындалган жоксуң. Ошого өпкөлөп таарындың, дароо эле сөгүп, "киши эмес экен" деп шыбап кирдиң. Ага чейин алган жардамыңды, көргөн жакшылыгыңды эстесең эмне?! Орто жолдо баарыбызды саттың, "Ак Жол" партиясына жар салып, Нарын облусунун губернатору, бейиши болгур Т.Чекиевдин (Бакиевдин кайнагасы) оң колу болуп кеткениңди эмнеге айтпайсың элге, ал кылыгың үчүн элден кечирим сурашың керек эле, сен деле бакиевчил болуп калбадың беле? Ошондо да (былтыркы революциядан кийин) Эмилбек Саламатович унчукпай эле сени кайра кабыл алды, анын айкөлдүгүн неге айтпайсың?
Садырбекке эмне деп айтаарымды билбейм. Ишсиз кала турган Намазбеков деген агаңды КРнын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратына ким алып келди эле? Жумушсуз жүргөн эки уулуңду жумушка ким орноштурган? Бирөөнү президенттик администрацияга, бирин "Кыргызалтынга". Болуптур, кийин штат кыскарып бир балаң бошоп калыптыр, кичүү уулуң иштеп эле жүрөт го бүгүнкүгө чейин... Сенин чоң таарынычың - өзүңдү "Кыргызалкого", аялыңды дагы бир (аны өзүң жакшы билесиң) кызматка Каптагаев жайгаштыра албай калганында. Ушундай жеке таарынычтар менен Ысык-Көл элинин ынтымагын ыдырата турган жалганчылыкты жазуу керек беле дейм да!
Ал эми Бөрүбашев Бекбосундун деле таарынычы кызматта, мен аны жакшы түшүнүп турам. БГУга ректор болом деп, өтпөй калган. Ошону дагы Каптагаевден көрүп жүрөт ал. Эки сөзүнүн биринде "мен сени чаптыртып коём" дегени, КРСУнун деканынын аброюна туура келеби? Же аталган окуу жайында юридика илимдеринин доктору катары "болочоктогу кылмышкерлерди даярдап" жүрөбү? Кыргыз урууларынын башын коштурган "Эл биримдиги" коомунун жана уруулардын Улуу курултайынын теңтөрагасынын айта турган сөзүбү? Эгер чын эле тарыхчы болсо, Бишкек шаарындагы "Кыргызстан" басмасынан 1993-жылы жарыкка чыккан "Кыргыздар" деген китептин 2-томундагы (түзгөн К. Жусупов) 86, 90, 93-беттердеги маалыматтарды окуп койсун. Аларды да Каптагаев бастырган дейбизби? Мындай маалыматтарды башка булактардан да кеңири тапса болот.
Кыдыров Дүйшөнбектин мага жолуккандагы биринчи сөзү - "сени өлтүртүп кетем" дегени катуу тийди. Баягы Бакиевдин заманында жашап аткандай айтты, анткени, убагында "Ак Жол" партиясынан Жогорку Кеңешке бакандай депутат болгон. Элдин ырыскысына кыянаттык кылгандардын катарындагы киши. Ал Каптагаевдин түздөн-түз революцияга катышканын кечире албайт, мурдагы кожоюндары Бакиевдер үчүн өч алгандагысы ушул болсо керек. Анын үстүнө, автор катары: "ким жазды десең, ошол жазды деп ойлой бер" деп, орой айтканым жакпай калгандай. Чоң атаң Кыдырдын арбагын сыйлайлы, Дүйшөнбек, калп айткан киши жарыбайт дейт, артыман акт жаздырганың туура эмес иш. Бүтүндөй бугу элинин намысын коргомуш болуп, Каптагаевге мен аркылуу асылган төртөөнүн кебете-кешпири, ой-пикири ушундай. Ыплас, жалган ушактарды таратып, көпчүлүктүн башын айлантышууда. Китептеги бугу элине карата маалымат толугу менен жазуучу Асанбек Стамовдун "Хан Тейиш" деген романынын (Бишкек, 2009. "Бийиктик" басмасы) 658-бетине шилтеме жасалган, ошол эле мезгилде аксакал жазуучунун бир жактуу, калпыс көз карашы сынга алынган. Мындайга мындан ары жол берилбесин деген тилек камтылган. Эгерде А. Стамовдун китебиндеги тарыхый деп далилденген окуялар Абдылдаевдин, Намазбековдун, Бөрүбашевдин, Кыдыровдун намысына тийсе, ал автор тирүү кезинде такташып алышпайт беле? Илимий архивдерди казып чыгышып, азыркы тарыхый фактылар менен тээ илгерки окуялар башкача болорун далилдешпейби? Же Стамов сыяктуу лөк жазуучуга убагында тийише алышпай, азыр күчтөрүн Каптагаевден чыгарып жатышабы?
Урматтуу калайык калк, кадырман Ысык-Көл эли, анын ичинен бугулар! Мен, Осмонов Ишенбек Тыналиевич, коомчулукту козутуп, сөз болуп жаткан "Кайран эл" китебинин автору катары, Сиздерге кайрылып жатам: Каптагаев Эмилбек Саламатович жөнүндө жамакталып айтылып жаткандар - карандай калп, бул инсандын китептин жазылышына эч кандай тиешеси жок. Чыгармада ошол кездеги турмуш чындыгы, ошол кездеги оппозицияда жана алардын жанында жүргөн жарандардын ой жүгүртүүсү жаңы автордук ыкмада чагылдырылган. Ар түркүн көз караштагы адамдардын маеги катары жазгам, коомдогу ар кандай карманаарларды көркөм түстө көрсөтүүгө аракеттенгем. Китеп ошон үчүн китеп, чыгарма ошон үчүн чыгарма. Жеке пикирди, өздүк дүйнө таанымды, сүрөттөлүп жаткан мезгилди камтыгам. Чындыгында, чыгарма кай бирине жагат, кай бирине жакпайт. Ошондуктан М.Мамакеев, Т.Чынгышев, Ж.Сооданбеков, А. Абдылдаев, Ж.Каниметов өңдүү Ысык-Көлдүн аттуу-баштууларынын алдында да жоопчот бергенге үлгүргөм. Пенде катары ачууга алдырып, ашыкча айтылып, одоно кетип калса, кечиргиле деп, башымды ийгем. Алар туура түшүнүшкөн. Эми жок жерден аталган китепти саясатка айландырып, жөн жерден бирөөгө жалаа жаап, элди бири-бирине кайраштырып, ортого от таштап, чагым салганды токтотолу. "Эл бузган эзели жарыбайт" дейт кыргыз, эсиңер барда этегиңерди жапкыла, достор!

Саламым менен Ишенбек Осмонов, "Теңир-Тоо ынтымагы" коомунун катчысы. 15-июнь, 2011-жыл. Тел.: 0771160961.





  Как төбөгө!

"Арзыматым"

2010- жылдын 4-ноябрында биз, Бөрүбашев Бекбосун, Абдылдаев Таалайбек, Кыдыров Дуйшөнбек, Намазбеков Садырбек "Кайран эл" китебинин автору Ишенбек Осмоновдон "бул китепти ким жаздырды?" деп сураган эмеспиз. Китептин жазылышынын себептерин билиш үчүн, "эмне үчүн биздин элди мазактаган, ар-намыска доо келтирген китеп жаздыңыз?" деп сураганбыз, ошондо ал "бул китепти мен Эмил Каптагаевдин өтүнүчү менен, анын кол жазмаларын иретке келтирип ишке ашыргам" деп көрсөтмө берген.


Ишенбек Осмоновдун биз жөнүндө "булар Эмил Каптагаевден кызмат алалбай таарынгандан кылган иши" деп айтканы акылга сыйбай турган нерсе.

1) Ишенбек Осмонов биздин Эмил Каптагаев менен болгон мамилебизди, кызмат сураганыбызды кайдан билет? Күбөлөрү, далилдей турган документтери болсо, көрсөтсүн, "арзымат" болуштун дагы чеги бар.

2) Эгерде Эмил Каптагаев "булар менден кызмат алалбай, мага таарынгандан кылган иши" деп айтса, ал анын саясый бийликти өз менчигиндей көрүп, мамлекеттик кызматты каалагандай оңду-солду тараткандыгын дагы бир жолу далилдейт.

3) Эмил Каптагаевдин саясый бедели калк арасында төмөн бааланары баарыбызга маалим, кошоматчылары ар кайсы жерге эл чогултуп, аны "колдоп койгула" дегенин бүт республика билет, ошого карабастан, Э. Каптагаев массалык маалымат каражаттардагы тескери образдагы берилген чуулгандуу мамлекеттик чиновник болуп калды.

4) И.Осмонов Убактылуу өкмөттун аппаратында иштеп, Э.Каптагаевдин эмне кылгандарын кагазга түшүрүп жүргөн катчысындай эле тизмектептир, бирок, оппозициянын программасын Каптагаев кимге жаздыртканын, Ысык-Көлдө уурдап алганы мойнуна түшүп, сурак бергенде ким куткарганды, ажынын акчасы кайда кеткенин ж.б.у.с. кылыктарын тизмектеп, ачыгын айтып берсе жакшы болот эле.

5) Ишенбек Осмонов, сен экинчи жолу Э.Каптагаевдин кол жазмасын колдонуп жатасың, буга аны актап-мактаган макалаң, ичинде келтирилген "фактыларың" далил, Э.Каптагаевдин жазгандарына эле кол кое бербей, өз оюңду ээн-эркин айтсаң боло, "арзыматым".

Профессор Бекбосун БӨРҮБАШЕВ