Өмүрбек Суваналиев:
"Президенттик шайлоого сөзсүз катышам"

Бишкек. 21-июнь. КирТАГ - кабарчы Кайыргүл Урумканова. Кыргыздын "Комиссар Каттаниси" Өмүрбек Суваналиев Президенттикке талапкер болорун биринчилерден болуп ачык айтып чыкты.
Күзгө чукул саясый сахнада президенттикке эч ким күтпөгөн, эл унутуп койгон талапкерлер да пайда болушу толук мүмкүн. Ушинтип президент Роза Отунбаева брифинг учурунда КирТАГдын суроосуна жооп кайтарды. Роза Исаковнанын бир билгени бар окшобойбу.
Шайлоонун өтөр күнү жарыялана элек болсо да, коомчулук "президенттикке ким чыгар болду экен, эскиден кимиси, жаңыдан кимиси?" дегендей дүрбөлөң түшүп турган кербези. Ошентсе да, КирТАГга маек курууга макул болгон Өмүрбек Суваналиевди унутулган саясатчы катары айтууга болбойт. Тескерисинче, аны бүткүл эл тааныйт, "Каттани" деген ысымы кыргыздын кыйырына белгилүү. Өз маегинде Өмүрбек Исакович бул ысым менен сыймыктанарын да жашырган жок.

- Сиз өзүңүздү оппозиционер катары санайсызбы?
- Ооба, мен Убактылуу өкмөткө оппозицияда болуп келдим. 7-апрелден тартып ушул күнгө чейин кайталап айтып келем, бийликте профессионалдар эмес, шартка ылайык гана келип калгандар олтурушат. Булар Кыргызстандын экономикасын, өлкөдөгү тартипти, демократиялык процесстерди тиешелүү деңгээлге алып чыгалышпайт. Бардыгы сөз жүзүндө гана кала берет.
- Премьер-министрдин билдирүүсүнө кандай дейсиз? Ал өкмөттүн структурасы өзгөрөт, ага жараша өкмөт курамы да өзгөрүүгө дуушар болот, Сиз болсо Ички иштер министрине талапкер экениңизди кыйытты.
- Биринчиден, парламенттик шайлоодон кийин бардыгы өз принциптерин өзгөртүштү, "эптеп папке кучактап, бийликте калыш керек" деген жолойго түшүштү. Өкмөт мүчөлөрү өлкөнү 3 партияга бөлүп алышты. Ошондуктан, өкмөттүн структурасын да бүджетке ылайыктабай, ич-ара келишимге ылайык түзүштү. Кыскасы, өлкөнү кыргызча устукандап алышты. Өкмөттүн түзүлүшү азыркы учурга жооп бербейт, мобилдүү эмес. Натыйжада өкмөт социалдык, экономикалык маселелерди чечалбай калды.
Бүгүнкү күнү өкмөт туура эмес жолго түшкөнүн түшүндү, бирок бийликтен кол үзгүлөрү келбейт, ошол үчүн коалицияны кеңейтебиз деп жатышат. Анын эсебинен жеке проблемаларын чечүүгө дилгир, кантсе да президенттик шайлоо келатат. Эл алдында, электорат алдында жооп бере турган күн да келет.
Мен Ички иштер министри болууга бир шарт менен гана макул болот элем, өкмөт башында Феликс Шаршенбаевич Кулов турганда гана. Анткени, ал тажрыйбасы мол киши, ушул киши гана өлкөдө тартипти орнотуп, экономиканы көтөрө алат, уурдаганга жол бербейт. Дагы кайталайм, азыр эң тажрыйбалуу саясатчылардан республикада Кулов эле калды. Анын командасында иштегим келет. Бүгүнкү күнү өкмөттө башаламандык өкүм сүрүп жатат, эч ким премьер-министрге баш ийбейт, биринчи орун басарына, калган орун басарларына эч ким баш ийбей калды, анткени, ар кимдин өз кожоюндары бар - парламентке өткөн партия лидерлери турат.
Мисалы, жер-жерлерде губернаторлор: "Биз алгач партия жетекчилигине баш ийебиз, анан барып өкмөттү угабыз" дейт экен. Ошондуктан, мындай шартта Алмазбек Атамбаев менен Бабанов иштей албайт. Тажрыйбалары да жок. Чындап аткаминерлердин анабашыларынын өмүр таржымалына саресеп салсаңар, "атүгүл ашпозчу деле өлкө башкаралат" деген принцип менен кетишиптир. Анан тактыга олтуруп алып ойлонуп жатышат да: бардык бийлик колумда, эмне кылсам өзүм билем, бардыгын башкаралам деп. Чындыгында андай эмес, мамлекетти башкарыш үчүн, атүгүл ири министрлик же ведомствону башкарыш үчүн башкаруучунун бардык тепкичтерин басып өтүш керек, жер-жерлерде иштеген тажрыйба талап кылынат. Анан "өз кишиңди" кызматка коюп койсоң эле, маселе чечилип калбайт да. Өкмөттүн кадрдык мүмкүнчүлүгү учурда профессионалдуулугу менен өзгөчөлөнбөй турат. Эң башкысы, мамлекеттин бүгүнкү жетекчилери чоң бизнес менен чоң саясатты чаташтырып алышты. Бардыгы камыр-жумур болуп эле аралашып жатып калды. Муну ажыратпаса, жакшылыкка алып келбейт.
- Сизге министрлик кызмат сунуш кылыштыбы?
- Эми сөз болгон, бирок мен Алмазбек Атамбаев менен иштеше албайм, анткени, ал ишбилги адам эмес, жетекчилик кылганды билбейт. Популист десем жарашат го. Балким мыкты оппозиционер чыгар, бирок эч качан мамлекеттик башкаруучу болгон эмес, андай системада иштеген эмес. Бир кезде Биринчи май районунун аткаруу комитетинде төраганын орун басары, ыңкылаптан кийин үч ай экономика министри, андан соң жарым жыл премьер-министр болуп иштеди. Иштегени менен эч нерсе кылган жок, дарыланып эле жатты. Болгону ошол. Анан кайра өкмөт башына келди. Кайдагы тажрыйба? Же экономиканы көтөргүдөй командасы жок, же программасы жок. Өкмөт тилемчи болуп бүттү, анан популизм менен алек. Башка ташбале жок.
- Деги сизге расмий сунуш болду беле?
- Башында сунуш болгон, бирок мен "силер кан менен бийликке келгенсиңер, мындай команда менен иштеше албайм" дегем. Убактылуу өкмөт менен иштешкен эмесмин, азыркы премьер-министр менен иштешким да келбейт.
- 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөт сизди Ош облусунун ИИБсинин ачендиги кылып дайындады, сиз баары бир иштешүүгө макул болбодуңузбу?
- Мен Оштогу согушту токтотуш үчүн гана макул болдум. Улут аралык согуш башталгандан кийин, июнда макул болдум. 7 күн иштедим. Согушту токтоттук да, мен кызматтан кетип калдым.
- Ошто ачендик болгондо кандай иштерди жүргүздүңөр?
- Кыргызстан абдан кичинекей өлкө, маалымат атылган октой эле тез жетет, бардыгынын туугандары, достору бар дегендей. Ош окуясы башталганда, Кыргызстандын түндүгү баарынан кабар болуп, абалга абай салып турду. Окуя болгончо, мен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшкөм, атүгүл Бекназаров менен теледебатка чыккам, анда ал вице-премьер болчу, эл билсин, эл уксун деп "өкмөт Түштүктү жоготуп баратат, анткени ал жакка баргандан коркушат" деп айткам. Ички иштер министри, күч блогу, Атамбаев баш болуп бардыгы Түштүккө баргандан коркуп турушкан. Ошентип, Түштүккө ээ болалбай калышты, улут аралык кагылышуу башталды, биринчи күнү эч ким кыймылдаган жок, жардам да болбоду. Бир нече аткаминерди жөнөтүп коюшту да, калгандары баштарын катып жатып алышты. Мен 12-июнда кечинде дайындалдым, 13-июнда таң эрте Ошто болдум. Күч органдары алдан-күчтөн тайып турган кези экен. 13-июнда эртең менен келсем, Ош от-жалынга чулганып турган экен, блок-посттор коюлбаптыр. Ар кай жерде баррикадалар. Бир улут жыш жердегилер тосунуп алышыптыр. Аэропорттон шаарга чейинки жолду ар кандай топтор аткылап турушту.
Ушундай хаос, башаламандык. Эч ким эч нерсе билбейт. Милиция кызматкерлери коргонуп, курал-жарак кайтарып жатышат. Аскер күчтөрү гарнизондорун кайтарып жатат. Коменданттын жыйынында айтылган экен, Өзбекстан тараптан Худайбердиев башында турган 500 сакалчан келатат деп. Ошондуктан бардыгы коргоонууга өтүшүптүр да, ушундай имишке ишенишиптир. Анан анын күч органдарына болгон таасирин карабайсыңбы?
- Коргонуп дегениңиз кандай?
- Коргой турган объектилерди кайтарышкан да. Болгону, кайтарып жата беришкен. Мындай учурда чабуулга өтүш керек. Мародерлорго бут тосуп, өлтүрөбүз, өрттөйбүз деген топтордун жолун бөгөп, ж.б. терс нерселерди болтурбаш керек эле да. Бирок, бул жасалган эмес.
- Сиз барып эмне кылдыңыз?
- Абалды дароо түшүндүм. Дароо блок-постторду койдук, чабуулга өтөбүз деген топтордун жолун бөгөгөн күчтөрдү түздүк. Эки улутту ок жетпеген аралыкка чейин алыстатыш керек эле. Бул биринчи максат болду. Экинчи максат, үй өрттөмөйлөрдү токтотуш керек. Үйлөрдү, мекемелерди, мектептерди кайтарууга алдык. Биз тез жана катуу кириштик, муну жаатташкан тараптар да тез түшүнүштү. Анан, албетте, өз каналдарыбыз менен топтордун башчыларына чыга баштадык, сүйлөшүүлөр жүрө баштады, колго түшкөндөрдү алмашуу кетти. 3 күн ичинде кан төгүлүүнү, өрттү токтоттук.
- Эмнеге 7 күндөн кийин Ош облусунун ИИБсинин ачендигинен кеттиңиз?
- Согуш токтогондо, укук коргоо органдарынын иши өз жолуна түштү. Иш өз нугуна келди. Элден куралдарды ала баштайлы дегенбиз. Кан көп төгүлүп, зордук-зомбулук күчөп турганда эл согуштан чарчайт, тынчтыкты самай баштайт, куралдарды өткөрүп берүүгө даяр болуп калышат. Дал ушул учурда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү тынчтык орной баштаганын көрүштү да, абалдан пайдаланып, Конституция боюнча, Роза Отунбаеванын президенттигин мыйзамдаштыруу боюнча референдум өткөрүүгө далбас ура башташты. Мен ошондо айткам, мындай шарт түзүлбөйт, кылчайнашкан кырдаалды болтурбаш үчүн курал-жарактарды элден ала баштайлы, объективдүү тергөө иштери жүрсүн, кагылышуунун кайталанбашына бардык аракеттерди кылалы деп.
- Кийин ошонун баары жасалбадыбы, бирине экинчиси тоскоол болгон жок го?
- Референдум өткөрүү чечими кабыл алынганда, укук коргоо органдарынын функциялары да өзгөрбөдүбү. Шайлоо урналарын, шайлоо комиссия мүчөлөрүн кайтарууга, аларды жандап жүрүүгө туура келди. Анан профилактика иштери менен жүрүп калышты. Бирок, ошондой учурда - эл колунда толтура курал-жарак турганда, өлгөндөрдүн сөөгү муздай электе, дайынсыз жоголгондор табылбай жатканда, өрттөлгөн үйлөр менен имараттар калыбына келе электе, элдин паспорттору жок болуп турганда, референдум сыяктуу саясый олуттуу ишти өткөрбөш керек болчу. Бул бизди колу-бутубуздан тушап салды. "Биздин иштешибизге тоскоол болсоңор, анда миссиябыз бүткөн экен да" дедим. Согуш токтоду, мен кеттим.
- Азыркыга чейин эмне менен алек болуп жаттыңыз?
- Азыркы тапта саясый маселелер менен алекпиз, президенттик шайлоого даярданып жатабыз.
- Сиз эмне президенттик шайлоого катышканы жатасызбы?
- Мен президенттик шайлоого катышам деп былтыр эле апрелде айткам. Даярданып жатабыз, команда түзүп жатабыз дегендей.
- Биз деген ким?
- Менин тарапташтарым, пикирлештерим.
- Феликс Кулов менен байланышыңыз кандай? Сиздин акыркы дайындалышыңыз боюнча Кулов менен болгон тандемди айтып жүрүшөт?
- Феликс Шаршенбаевич бизди жакшы билет. Кыргызстанды кризистен алып чыккысы келген, тартип, стабилдүүлүк орноткусу келген киши катары, ал албетте, профессионалдарга басым жасайт. Ал мени жакшы билет, менин ишке болгон мамилемди жакшы билет, ошондуктан, менин Ички иштер министри болушумду каалайт. Бул тууралуу экөөбүздүн ортобузда сөз болгон.
- Сиздин президенттик шайлоого катышууңузга кайрылсак, финансы маселеңиз кандай?
- Көпчүлүк жана кээ бир талапкерлер акча каражатын биринчи орунга койгондору күлкү келерлик. Анан, көпчүлүгү "менин акчам бар, депутатыкка барам", "менин акчам бар, президенттикке барам" деп турушат. Канча жылдан бери Кыргызстанда көптөгөн мамкызматкерлер, саясатчылар менен ийинме-ийин иштешип келдим. Анан эле ошолордун капчык-капчык акчалары пайда болуп калганына таңгалам, анан аны шайлоого сарптагылары келет. Ал акчалар кайдан? Аны кайтарыш, ордун толукташ керек да. Мына ошондо домино вариантына кептелебиз, анан кантип коррупцияны, паракордукту, трайбализмди, кошоматчылыкты жеңебиз? Мен эч качан паракордукка малынган эмесмин, малынбайм дагы, ошондуктан финансы каражаты мен үчүн башкы маселе эмес. Ооба, акча керек, көбүнө шайлоочуларды сатып алыш үчүн керек. Менин добуш сатып алайын деген оюм жок.
Келгиле, өткөн парламенттик шайлоого объективдүү карап көрөлү. Ал шайлоодо 20 миллион доллар коротуп, 6% добуш алган партиялар бар. Мына азыркы парламентке беш партия өттү. Эми шайлоого канча каражат сарптаганын карагыла. Анан 6% добуш алышты, алдыңкысы 7%. Күлкү келет. Акчасы болуп, добуш сатып алышты. Биз республика боюнча иштедик, ар бир облуста. Биздин да электорат бар, бизди билген, түшүнгөн, колдогон кишилерибиз бар.
- Сиз президенттик креслону кармаган акулалар менен теңтайлаша алам деп ойлойсузбу?
- Мен аларды акула деп айтпас элем. Креслону карманып дейсиңер, президенттик креслону инаугурациядан кийин карманыш керек. Азыр болгону президент болуу тилеги. Анын үстүнө биз саясатта көптөн бери жүрөбүз. Ким канча турат, кантип иштейт, ар бирин жатка билебиз. Атүгүл стратегиялык пландары да бештен белгилүү, кимиси административдик ресурсту колдонот ж.б.у.с. Саясый күрөш деген саясый күрөш. Күрөшүш керек.
- Сиздин президенттик программаңыз азыркы өкмөттү сындоонун негизинде турабы?
- Азыр Кыргызстанды кантип кризистен алып чыгыш керектиги боюнча ар кимдин эле программасы бар. Бүгүн Кыргызстан саясый жактан да, социалдык жактан да кризис абалында турат. Азыркы жетекчилерге эмне деп айтпайлы, кризистен качып кеталбайбыз. Элге кыйын болууда. Мамлекет коргоп калат деген ишеним жок. Бүгүнкү Конституциябызды карайлычы, президенттин кандай укуктары бар? Жаңы башмыйзам боюнча минималдаштырып салдык. Экономиканы жүз процент премьер-министр башында турган өкмөт башкарат. Президентке адамдын укугун коргоону гана калтырып коюшту. Ал - Конституциянын гаранты, коррупция менен күрөшүшү керек, мыйзамдуулукту көзөмөлдөйт. Ушул критерийлер боюнча, ким президент болсо да, иш алып барышы керек. Бүгүнкү президент сөзсүз эле экономист болушу керек эмес. Мурда президент экономист болсун, экономиканы көтөрсүн, ж.б. дечүбүз. Бүгүнкү күндө президент экономист болбой эле, тартипти орнотуп, адам укугун коргошу керек.
- Кыргыз президентинин укуктары Конституция менен кыркылды, анда эмнеге көпчүлүгү президент болгулары келип жатат?
- Экономикалык жактан кыркылды да. Калганы Конституциянын гаранты катары калды. Чындыгында, президент Конституциянын гаранты болушу керек, эл ошол кишиге ишеним артып, добуш беришсин. Президент ошол ишенимди актасын. Ыйгарым укуктары көп эле. Болгону, экономикалык мамилелерде укугу жок.
- " Wikileaks " менен кол коюлган меморандумга ылайык, КирТАГ жашыруун дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жарыялап келет. Өткөн аптада эле АКШнын элчиси менен МУККнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов менен болгон маегин бердик. Суталинов сизди үч кримавторитеттин бири катары айтыптыр. Буга эмне дейсиз?
- Мен, кандайынан карабайлы, мыйзамдагы ууру болалбайм, анткени, мен генералмын, укук коргоо органынын кызматкеримин. Улуттук коопсуздук кызматында, милицияда иштедим, депутат болдум, финполицей, министр, губернатор болдум. Ушундан улам, "түшүнүк" менен жашаган кишилердин категориясына кааласам да киралбайм. Криминалдык дүйнө өз көзүрлөрү боюнча бөлүнөт, өз структуралары бар ж.б. дегендей. Суталинов мени мыйзамдагы ууруларга тиешеси бар дегенде, атүгүл, АКШнын элчиси да ишенбептир. Мен айдан ачык, белгилүү кишимин. Өмүр бою кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүп келдим, ошонуман жазбайм. Суталинов фактыларды оодарып, башка нерсени айтайын десе керек, бирок, айтылган сөз айтылды дейли. Мурат Суталинов экөөбүз чогуу иштешкенбиз. Ал министр эле, мен орун басары болчумун. Биз Карагандада милиция мектебинде бирге окуганбыз. Ал менден 3 жаш кичүү. Мен Мурат жөнүндө жаман сөз айткым келбейт, анын ордунда болгум да келбейт.
Менин жашоодогу принцибим - ар дайым чынчыл бойдон калуу. Ар дайым мыйзамды сактап келдим, үч тамганын СИЗОсунда эки жолу олтурдум. Биринчи жолу 10 ай жаттым, экинчи жолу бириккен фронттун апрель митингдеринен кийин 5 күн камашты. Камаганга санкция бар болчу.
- Өкмөт уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш баштады, кандай баа бераласыз?
- Бул болгону кампанейщина. Криминал менен күрөшүү - Атамбаевдин пиар-жүрүшү. Бүгүнкү күндө, "толкундар жээкте өлүшөт" дегендей, бардыгы өз ордуна кайтып келди. Уюшкан кылмыштуу топтордун анабашчылары Кыргызстандан эчак эле чыгып кетишкен. А структурасы калды. Укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөндө, аларды өзүнчө бөлүп карабаш керек, мамлекет тартипти сактап, жалпы кылмыштуулук менен күрөшкөнү туура. Ошондо гана жыйынтык болот. Кээ бир милиция кызматкерлери айтып жатпайбы, "кайда болбойлу, уюшкан кылмышкерлерди издеп жатабыз" деп. Алар тартип орнотушкан жок, издеп жатышат, бул эки башка нерсе да. Тартип орнотуу менен кылмыш менен күрөшүү чогуу жүрүшү шарт. Дегеле, кылмыштуулук менен күрөшүү милиция деңгээлинде эмес, өкмөт деңгээлинде жүрүшү керек. Кылмыштуулук ж.б. болбошу үчүн социалдык базаны тандай билиш керек.
- Кыргызстанда мыйзамдагы канча ууру бар?
- Мен ИИМдин коллегия мүчөлөрүнүн деңгээлине түшкүм келбейт. Мурда министрликке олтуруп алышып, ууруларды санашчу эле. Бул уурубу же ууру эмеспи деп. Ууруларга таажы кийгизгенде биз катышпайбыз да. Бул болгону детектив. Анан ал авторитеттерди өзүбүз көтөрмөлөп киребиз. Анан өсүп келаткан муун ошолорго түздөнүшөт. Менин өзгөрбөгөн пикирим боюнча, аларды персоналдаштырбаш керек, алар менен күрөшүү башкы маселе. Анын үстүнө, аларга таажы кийгизгендерин көргөн эмесмин. Криминалдык чөйрөнүн өз авторитеттери бар. Түрмө, зоналарда авторитеттери бар. Ал такыр башка.

Кайыргүл УРУМКАНОВА