Атамбаевдин "соода кылмайы"...
Үч күн мурда КСДПнын анабашчылары А.Атамбаев менен Д.Нарынбаев өкмөт үйүнөн "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов, Эмил Алиев менен коалицияга баш кошуу маселесин козгошуп, бирок, бир жыйынтыкка келе алышпады. Анын себеби, мыйзам боюнча "Ата Журт" лидери Камчыбек Ташиев менен "Республика" лидери Канат Исаев "Ар-намыстын" коалицияга киришине макулдук беришпей, караманча каршы болушуп, кол койбой коюшкандары маалым. Эки лидер мыйзамдын принциптерине бек турушуптур. Баса, ушул эле жолугушуу бүтө жаздап калганда, Атамбаев ака Кулов менен коштошуп атып, "Канат Исаевди коалиция лидеринен чаап түшөлү" деп жыландын башын кылтыйтыптыр. Кыязы, Атамбаевдин "соодалашуусу" бүтпөй калган өңдүү.


М.Султановго ак бата...
23-июнда Искендер Гаипкулов карачечекей кызын Мелис Мырзакматовдун бир тууган жээнине турмушка узатып, "Монте Карло" ресторанында той бермекчи. Той алдында "Жаннат" мейманканасынын чоң залында "Мекен биримдиги" кыймылындагы М.Зулпуев, Ү.Сыдыков сыяктуу бир топ аксакалдар чогулуп, Марат Султановдун президенттик шайлоого аттанышына ак тилек айтышып, бата беришкени турушат. Бул тойдо аксакалдар менен бирге М.Мырзакматов, И.Гаипкулов, А.Сулайманов, Б.Төрөбаев ж.б. мыкты чыкмалар расмий түрдө бата берүү аземине катышмакчы.


Таскагы катуу чыккан "Каттани"
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, "Каттани" ысымын алып жүргөн генерал Өмүрбек Суваналиевди Орусиянын ФСБ кызматынын жетекчиси Патрюшев президенттик шайлоодо колдой турганын билдириптир. Ошого катар коңшу Казакстандын ажосу Назарбаевдин күйөө баласы Кулебаев да финансы жагынан каржылай турганы маалым болду. А өзүбүздөн болсо, "Ар-намыс" партиясынын лидери Кулов, үрп-адатчы Сарыгулов сыяктуу аксакалдар, ошондой эле башка талапкерлердин ичинен Байболов, Сариев, Жекшенкулов сыяктуу лидерлердин да "Каттаниге" көздөрү түз экендиги нени каңкуулайт? Сыягы, Өмүкени таскагы катуу чыкчудай...


БӨТтүн айласын кетирген К.Исаев
Жогорку Кеңештеги нааразы болгон он бештен ашык депутат жакынкы күндөрү "Республика" партиясындагы жалгыз лидерди ээрден шыпырып түшүп, анын ордуна беш тең төраганы шайлоо максатын көздөп атышат, ага жинденген БӨТ төңкөрүштүн автору деп эсептелген, Чүйдүн тың чыкма уулу Канат Исаевди фракция лидерлигинен кулатып, "Республикадагы" депутаттарды өзүнө тартуу жандалбасына түштү. Бирок, Канат мырзаны "Республика" фракциясынын ичинен 18 депутат туруктуу принциптери менен колдошот экен. "Согуштун" жыйынтыгы не болорун көрө жатмакчыбыз.


Аликени Улуу жолдогулар колдойт!
"Улуттун улуу курултайы" коомдук комитетинин быйыл күзүндө жалпы элдик курултай өткөрүү демилгеси өлкөдөгү көптөгөн коомдук уюмдар, коомдук ишмерлер, улутчулдар, уруучулдар тарабынан колдоого алынууда. Региондордогу аксакалдар менен жергиликтүү жамааттардан да өкүлдөр келип, Улуу курултай идеясын колдоорун айтышып, уюштуруу иштери кызый баштаганына караганда, бу сапар "курултай дегендин баарынын башы кошулат" деген ишеним бар.
Дасыккан саясатчы, белгилүү коомдук-саясый ишмер Аликбек Жекшенкуловду төрага кылып шайлаган "Улуттун улуу курултайы" коомдук комитетинин кеңсесин адамдар селдей каптап, катуу колдоо көрсөтө баштаганы байкалууда. Бул процесс, "бийлик уюштурган ассамблеянын курултайы Бакиевдин "ынтымак" курултайынын эле өзү болду" деген баа берилгенден кийин күчөп кеткен өңдүү.


БШКга Туйгунаалы Абдыраимов тапталуудабы?
Бийлик коалициясынын ичинде интрига жаралып, Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Бабановго каршы "Ата Журт" менен "Республикадагы" депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын өздөрүнүн эрки менен бекитүүгө кызыкдар. Алар жең ичинен "Ар-намыс", "Ата Мекен" партиялары менен макулдашып, БШК төрагалыгына Атамбаевдин эски досу, азыркы элдешкис душманы Туйгунаалы Абдыраимовду шайлаганга аракеттерди көрүшүүдө. Дал ушундай демилгеден соң, Алмаз мырзанын канчалык нерви кетээр экен?


Садык Шер-Нияз ККУга төрага
18-июнда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргызстан кинематографисттер уюмунун 18-съездинде ККУ төрагасын шайлашты. Төрага болуп кинорежиссер, продюсер Садык Шер-Нияз шайланды. Съездде ККУнун 140 мүчөсү катышып, Садык Шер-Нияз анын 79 добушун алды. Ал эми анын каршылашы, кинооператор Тынай Ибрагимов 61 добуш алган экен.