Карышкыр сай

Өз улагынан теке салмай...
Апрель элдик революциясынын, июнь коогалаңынын жылдыктары тынч өтүп, жайдын аптабы адамдарды ыксыратып, элдин баары эс алууну көксөп турганына карабай, алдыда келе жаткан президенттик шайлоолорго болгон даярдыктар саясый турмуштагы жашоону кайнатып, эрегишкен саясый күчтөрдүн эңиши эриктирээр түрү жок. Июндун акыркы эки жумасында натыйжалуу иштеп, президенттик шайлоо маселесин бир жаңсыл кылып, каникулга тарачудай болуп турган парламент да, Роза Отунбаева кол койбой, кайра жөнөткөн шайлоого байланыштуу закондордун айынан пайда болгон интриганын айланасында боркулдачудай болуп калды.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш (ЖК) өз ишин баштагандан бери эле, реформатордук багыттагы закондор революциячыл фракциялар тарабынан (КСДПсы бийликте, "Ата Мекени" оппозицияда экенине карабай) сунушталып, кабыл алынууда. "Ата Журт" фракциясына "реформага бөгөт коюуда" деген сыяктуу жарлыктар тагылганына карабай, "атажуртчулар" деле, "бөөдө жаманаттыга калып не кылабыз?" дешкенсип, революциячыл-реформаторлордун киргизген мыйзамдарын колдоого алып, закондорун кабыл алып берип келе жатканы белгилүү. Шайлоого байланыштуу закондордун пакетин да "атажуртчулар" колдоп кабыл алып берсе, эми минтип, реформаторлордун ич-ара ыйкы-тыйкысынан улам, президент кол койбой кайра келгени кандай? Же бир жөндүү себептер менен "возражения" болсочу, болбогон бир редакциялык өзгөрүштөр тууралуу "кыңк-мыңк" деген нерсе. Айтор, реформаторлордун ич-ара келишпестиктеринин айынан президенттик шайлоолор жаңы жылдан кийинкиге калтырылып, запкысын Алмазбек Атамбаев тарта тургандай жагдай түзүлүп бараткандай.
Президенттик шайлоо, мыйзам боюнча, шайлоо болоордон төрт ай мурун дайындалышы керек. Азыр, ЖК президенттин "ветосунан" өтө албай, же атайылап эле фракциялар тарабынан кечеңдетүү саясаты жүргүзүлүп, шайлоону жарыялабастан, депутаттар каникулга кетип калса кантет? Жаңы баш мыйзам боюнча, президенттик шайлоо конституциялык мыйзам негизинде өтүүсү керек. Демек, эски мыйзамдар менен өткөрөбүз дегендер жаңылышат. Отунбаева кол койбой койгон закондорду сөзсүз кабылдап, андан кийин гана шайлоонун мөөнөтү дайындалууга тийиш. Ансыз болбойт. Айрымдар, депутаттар каникулга чейин жетише албай калса, кезексиз сессия чакыруу аркылуу маселени жөнгө салууну да сунуштап жатышат. Эгер фракциялар шайлоону кечеңдетүү пайдалуу экендигин сезип, сүйлөшүп алышса, анда жай бою Акүйгө камасаң да, Көлгө алып барып, теплоходго салып иштетсең да, баары бир чечишпейт.
Алдыдагы "аламанга" бар күчүн салып, "кан таажыны канжыгама бөктөрсөм" деп турган ЖКдагы саясый күчтөр шайлоонун жаңы жылдан ары жылышы, бийлик башында административдик ресурсту мыкчып турган Алмаз Атамбаевге өтө ыңгайсыз экенин, башка талапкерлердин шансы жогорулаарын сезип калышты. Себеби, каникулдан кайтып келген депутаттар сентябрдын аягында шайлоо дайындаса, шайлоо январдын 30уна коюлса, же такыр эле февралга жылса, анан жылдын жыйынтыгы билинсе, алты айда 22 млрд. бюджеттин тартыштыгынын 200 миллионго (жадагалса бир миллиард да эмес) чукулун араң жапкан Атамбаевдин өкмөтү бюджет жыртыгын жамаачылай албай калса, "бюджетти аткара албасам кетем дедиңиз эле, эми кайсы бетиңиз менен президенттикке шайлап койгула деп жатасыз" дегенге өтө ылайыктуу болуп жатпайбы. Аны билген Атамбаевдин "күркүрөгөн күздө шайланып алайын, андан кийин эмне болсоң ошо бол" дегендей кадамга баратканын сезген депутаттар да, Алмаздан кийин өкмөт башына келчү адамдар да сезип турушат. Жинди эмес. Алар да ойлонуп, "эмнеге биз Атамбаевден калган жыртык-тешик бюджетти жамаачылай албай, элге жек көрүнүшүбүз керек?" деп жатышат.
Ошентип, орто жерден Ахматбек Келдибековдун да багы жанып, бир-эки ай президенттик тактыга отуруу буюрчудай болуп турат. Анткени, жаңы баш мыйзамды ишке киргизүү тууралуу бөлүмүндөгү "өткөөл мезгилдин президенти тууралуу декретте, президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрында бүтөт" деп жазылып турат. Ал эми 31-декабрь деген - 30-декабрь, саат 24-00дө башталат да. Демек, президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу спикерге өтүп, кыргыз элин жаңы жыл менен Ахматбек Келдибеков куттуктап калышы толук мүмкүн (Ахмат президент болсо, эски үйбүлөнүн ордун баспайт деп ким кепил боло алат?). "Жаңы президент шайланып келип, ыйгарым укуктарын аткарганга киришкенге чейин эжеке отура берет" деген заң жок. Милдетин аткаруу спикерге, андан соң өкмөт башчыга өтөт.
"Колго түшкөн коёнду, коё берген оңобу" демекчи, Ахмат мырза да оңой саясатчы эмес. Тегерегинде да, Алмаз менен эжекеникиндей "ит-куш" эмес, алчы-таасын жеген Мыктыбек Абдылдаев, Курмантай Абдиев, Ишенбай Кадырбеков сыяктуу юрист-кеңешчилер турганда, жөөттөрдүн чала сабат
шакиртине таянган Атамбаев мыйзам айдыңында тартыша албасы даана эле билинип калды. Азыр эми, Атамбаев менен Отунбаева жандалбаска түшүп Келдибековго күнү түшүп, мыйзамды кабылдап, шайлоону дайындатып берүүнү өтүнүшүүдө. Эми, баягы, "Келдибеков деген Атамбаевдин колунда, спикерди Кабылан эчак эле, компромат-крючокко илип алган" деген сөздүн чын-бышыгы ушу жерден ачыкталат шекилди. Өлкөдөгү саясый күчтөрдүн баары делдектеп калып, спикер да жардам бере албай калышы толук ыктымал болгон кырдаал да түзүлүп бара жаткандай. Мындай жагдайда "сыйкырчы таяк" да жардам бере албай калышы толук мүмкүн.
Серепчилер да маселенин минтип чиеленип, бийлик башындагылардын түз жерден өз бокторуна тайгаланып калышына ким себепкер экенин ачык айта албай баштары маң болууда. Президенттин юридикалык бөлүмү бул "ветого" "биздин бөлүмдүн эч кандай катыштыгы жок" деген соң (И.Кадырбековго), айрым серепчилер,"аялдын чачы узун, акылы кыска" деген ушу дешсе, башкалары, "Текенин айтканын эле кыла беребизби? Ал, бул жол менен Кабыланды жайлаганы жатат" деп, кызганчаактык кылып, жеке амбициясына алдырган Каптагаевди, "кызмат ордунда калуудан башканы ойлоно албай, болбогон нерсени божурап атып ушуга жеткизди" деп, БШКнын төрагасы А.Сариевди айыпташууда.
Эми законду кайра кайырганга себеп болгон "возражениелер" деле болбогон бир майда-чүйдө, редакциялык көз караштагы - "бармакка маркировка коюлуучу шайлоочунун бармагы жок болсо кантебиз, пропискасы жоктор жашап жаткан жеринен шайлабай эле, Ат-Башы, Баткенине барып шайлашсынчы, бюллетендерди БШКга чогултуп санамай болсунчу, шайлоо участкаларынын чегарасы аныкталбаптыр (мыйзамда аны "шайлоо комиссиясы аныктайт" деген жазууну окушпай эле жаза беришкенби?), анан негизгиси, облустук шайлоо комиссияларын жойбой эле коёлучу" деген дөөдүрөөлөр. Айтор, ушу сыяктуу кеңешчилердин аракети Атамбаевди уят эле кылбастан, көкүрөгүнө көйгөйдү шыкагандай.
Бир чети, "бул көйгөйдүн жаралышына Алмаз Атамбаевдин өзү күнөөлүү" дегендер да жок эмес. "Облустук шайлоо комиссиясын жойбостон калтырып, райондун жыйынтыктарын ал жерге топтоп, губернаторлорду кысып, административдик ресурсту колдонуу, бюллетендерди да Бишкекке ташытып алып "тууралоо" ниети" менен "көк мээ" кеңешчилерге тапшырма берилип, алар анан, "аңгекке сайды" дегендей, жолдон чатак чыккан жердин бюллетенин ташып келе жаткан машина аварияга учурап, документтер өрттөнсөчү, атайылап өрттөсөчү? Б.а. ачкөздөнгөн Алмазбек Атамбаев өзү "мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылганы жатат" деген кеп.
Ошентип, башкаруучу коалициядагы ынтымактын жоктугу, өлкө бюджетинин үчтөн бирин түзгөн 22 миллиард сомдук тартыштык, экономиканын реалдуу өсүшүн камсыздоочу долбоорлордун жоктугу, эптеп-септеп коррупциялык схемада отургандарды кысып, бюджетке бир аз тыйын өндүрүп, калганын кайыр (грант), карыз суроо менен бюджеттин оркойгон тешигин жабууга жандалбастоо, стабилдүүлүктү камсыздоо шылтоосу менен министрликтерди жайнатып, мамлекеттик кызматкерлерди каржылоону асмандатуу менен бюджетке ого бетер оорлук түшүрүү, кызматын сактап калуу үчүн саясый сойкулукту стимулировать этүүдөн да кайра тартпоо сыяктуу көрүнүштөр Атамбаевдин өкмөтүнүн туруктуу мүнөздөмөсүнө айланып, элибиздин элдик революциядан кийинки бийликке болгон ишенимин жууп бара жаткандай. Эки ортодо шайлоо марафонунун башталышы да курама өкмөттүн ахыбалын кыйындатып, ар кайсы министр өз фракциясынын талапкерлерине жан тартып, Крыловдун "Рак, лебедь, щука" тамсилиндегидей кейипке келээри айдан ачык болуп калды. Бул багыттагы иштер коалициянын ыдырашын туудураарынан шектенбей сүйлөгөн андан көп.
"Коалицияга кирсе-кирейин" деп турган Феликс Кулов да Атамбаевдин жомокторунан тажап, баардык тараптар менен кызматташаарын жар салды. А.Атамбаевдин "Ар-намысты" кошуп алуу аракетине "атажуртчулар" менен "республикачылардын" бөгөт коюшу, коалициянын ишпалдасы чыкканын дагы бир ирээт далилдеп койгонсуду. Ал тургай, КСДПдан башка төртөө жаңы коалицияга биригүү пландары курула баштаганы белгилүү болду. Абал коалицияда эле курчубастан, анын курамындагы фракциялар ичине чейин жетип, "Республика" партиясында Өмүрбек Бабановдон башка дагы теңтөрагалар (К.Исаев, Б.Төрөбаев, А.Сулайманов бийлик талашып, моралдык жактан жыдып бара жаткан Бабановду сүрө турган өңдүү) шайланаары айтылууда. Ансыз да, буга чейин, А.Келдибеков, К.Ташиев, М.Султановдорду ээрчип үчкө бөлүнүп турган "атажуртчулар" деле алдыда келе жаткан президенттик шайлоодо А.Атамбаевдин ашыкча көзүрлөргө ээ болушун каалабашы турган иш.
Ошентип, "Оппозицияда бирге жүрүп, кийин "кидать" этип кетти" деп кекенип калган "атамекенчилер", анан, "ар кайсысы өз улагынан теке салабыз" деп жаткан фракциялардын дээрлик көпчүлүгү А.Атамбаевге каршы иштээрин эске алганда, "Кабылан байкушка" кыйын эле болчудай болуп калды. Анын, түштүктүктөрдү чачыратып (Ж.Сатыбалдиев, И.Масалиев ж.б. жасалма талапкерлерди коюп), түндүктүктөрдүн сакалдууларына киши салып, жанталашып жатканынын жыйынтыгы жок болууда.
Шайлоого шарактап көтөрүлө баштаган кыкеңдердин эл аралык шайлоо системасындагы ак, кара, "балит технологияларынан" башка, өзүбүзгө гана мүнөздүү, Түндүк-Түштүк деген эски кеселибиз да бу сапар катуу козголуп, симптомдору байкала баштагандай. Бу дартка "вакцина" таап, толук кандуу улутка айланабызбы, же ушинтип жүрүп чачылып жок болуп кетебизби(?) деген суроо өтө актуалдуу бойдон турат. Азыркы парламенттик системада президенттик ыйгарым укуктары чектелүү болгондуктан, активдүүгө караганда, пассивдүү президент ыңгайлуу. Андыктан, азыркы талапкерлердин дээрлик көпчүлүгү бул кызматты аркалай алат десек болот. Ошон үчүн, Түндүк-Түштүк деп кырылышпай эле, "таш түш, таалайыңдан көр" деп, таза шайлоо өткөзсөк кантет? Колубуздан келеби? Же өз улагыбыздан теке салмай (!) адатты өркүндөтө беребизби?..

Сабыр МУКАНБЕТОВ