Күч берен

Тарыхта калууну самаган Майрам

Майрам Маткеримова быйыл 5-классты бүттү. Каратэ спортуна 10 жашында келген. Жакында Казакстанда өткөн эл аралык мелдешти багындырып, келери менен өлкөнүн биринчилигине аттанган. Кумите тартиби боюнча финалдык мелдешке кеткен жолдо 5 атаандаштын мизин майтарып, натыйжасында экинчи орунду жана күмүш медалды алганы жөнүндө айта отурду.

- Финалдык таймашта сага чыккан кыз бир аз чоңурактай көрүндү?..
- Менден бир жаш улуу кыз. Каратэге бир жыл эрте катыша баштаган.
- Тааныйсыңбы?
- Ооба. Аты Асел. Былтыр да Кыргызстандын биринчилигинде кумите тартиби боюнча финалдык таймашта кезиккенбиз. Анда да күчүм жетпей утулуп калгам.
- Бу жолу финалдык мелдешке чейин канчооң чыктың?
- Мелдеште утканы иргелип отуруп, алдыга жыла берет. Аселге чейин төртөөсүн уттум. Менин курагым боюнча эле элүүдөй атлет болду.
- Арасында күчтүүлөр бар бекен?
- Баары эле бери дегенде бир жарым жылдан кем эмес машыккандар. Үчүнчү атаандашым Нарындан келген кызга аз жерден утулуп кала жаздадым.
- Сенин машыкканыңа канча болду, каратэге ким алып келген?
- 3-класста окуп жүргөм. Ата-энеме айтпай эле каратэ ийримине катышып алдым. Алгач классташ кызым менен ээрчип келип, машыккандарын жөн эле көрүп кетчүмүн. Бир ай өтпөй мен да катышып алдым.
- Ата-энең каршы болгон жокпу?
- Башында түшүнбөй жүрүштү. "Бул эмне деген спорт?" дешип. Азыр болсо тескерисинче, мелдеш болор алдында мага жан тартып, кем-карчыма санааркашып, толкундана беришет.
- Мектеп окуусуна жолтоо болбойт бекен?
- Жумасына 3 жолу машыгуу бар. Дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү. Сабактан чыккандан кийин үйдөн жакшы тамактанып алам. Эки сааттай машыгуу болот. Үйгө келип бир аз эс алгандан кийин сабактарымды
карап, үйгө берилген тапшырмаларды аткарам. Жолтоо деле болбойт.
- Кайсы сабактар көңүлүңө жагат?
- Орус тили жана адабиятына көп кызыгам. Дүйнөгө таанымал жазуучулардын чыгармаларын окугандан тажабайм. Математика сабагын көп түшүнө бербейм. Мен үчүн кыйынга турат. Кошумча сабагына барууга туура келет. "Математиканын ордуна физкультура сабагын кылып койсо жакшы болмок" деп кыялдана берем.
- Чоң-чоң мелдештердин кайсынысын багынткансың?
- Кыргызстандын биринчилигине эки жолу катышып, экөөндө тең күмүш байгеге жетишкем. Казак өлкөсүнө бир нече жолу барып, эл аралык мелдештерден кур кол кайткан эмесмин. Жада калса бир жолу Тараз шаарында өткөн чоң турнирде чемпион болгом. Чымкентте коло медалды багынткам.
- Каратэ спорту канчага бөлүнөт? Кандай тартиптери бар дегеним?
- Ката жана кумите.
- Кайсынысын жактырасың?
- Ката тартибинде тактык өлчөм талап кылынып, жасалган ыкмалар жаңсоо менен гана көрсөтүлөт. Атаандаштын денесине чабуул жасалганда колу-бутуң тийип кетпөөсү талап кылынат. Упайлар ошого карата берилет. Ал эми кумитеде кадимки эле мушташ. Тээп, чаап, муштумуң менен чабуул жасайсың. Мага кумитеси жагат. Өзгөчө, атаандашты "жалпыйта" бир тээп же чаап алганга эч нерсе жетпейт. Кумарланам. Ушундай ыкманы тактыкта жасаганда, калыстар жакшы баа берүүдөн жазганышпайт.
- Курбу досторуң каратэ менен машыгып жүргөнүңдү билишеби?
- Классташтарымдын баары билет. Кээде кызыгышып, "качан мелдешиң болот, эмне деген мелдеш, кимдер катышат?" деп сурашат. Мен айтып берем. Бош убактыларында мелдешке келип, мага жан тартып сүрөөнчүлөшөт. Уюлдук телефонуна тартып алып, "мобу жерден Майрам атаандашын башка таамай тээп, мобу жерден шайын оодарды, мында атаандашы коргонгонуна карабай таяк жеди" дешип, жандуу талкуулашат. Аларга кээ бир эпизоддорун түшүндүрүп берем.
- Спортко болгон кызыгууң качып кете элекпи?
- Андайды байкаганым деле жок. Спортту таштабайм. Дале болсо уланта берем.
- Каратэде спорт даража кандайча аныкталат? Бокста, күрөштө өзүң билгендей "спорт чебери" же "эл аралык спорт чебери" наамдар ыйгарылат. Ал эми каратэдечи?
- Бизде курдун өңүнө жараша даражалар көтөрүлүп кете берет. Ак, сары, кызылсары, кызыл, жашыл, көк, күрөң, кара кур делип. Кара курга жеткенде биринчи "дан", экинчи, үчүнчү деп жүрүп отуруп 9-данга чейин барса болот.
- Максатыңда кайсы курга жетип, канчанчы "дан" деген даражага барайын деген оюң бар?
- Биздин жергеде кара курга жетүү оңой эмес. Мени машыктырган Павел сенсейимдин (устат) спорт даражасы - кара кур, экинчи дан. Мен да агайымдан кем калышпаган мыкты спортчу болгум келет. Кыргызды алыска таанытып, тарыхта калууну самайм.




Грек-рим
Раатбек Санатбаевге - баатырлык
Дүйнө биринчилигинде коло медалды багындырган, эки жолку Азия чемпиону, грек-рим күрөшүнүн балбаны, ыйманы шерик болгур Раатбек Санатбаевге "КРнын баатыры" жана "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу жөнүндө Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Бул демилгени "Ата Журт" партиясынын депутаты Камчыбек Ташиев көтөрүп чыккан. 16-июнь күнү парламент токтомду кабыл алып, өлкө президенти Роза Отунбаевага жөнөттү. Бул маселе көтөрүлгөндөн кийин коомчулукта дагы бир жакшы ой жаралды. 1980-жылы Москва шаарында өткөн олимпиаданын тунгуч чемпиону, оор атлетика балбаны Каныбек Осмоналиевге да ушундай даража ылайыктуу экени айтылууда.

Бокс
Казактарды майыштырган мушкерлер
Улуу ата мекендик согуштун 66 жылдыгына жана Афганистанда курман болгон жезказгандык баатырлардын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Биздин өлкөдөн эки мушкер аттанган. Экөөнүн тең багы ачылып, бирөөсү алтын, бирөөсү күмүш медалдуу болгон. Алсак, 75 килограмм салмак ченинде Жоомарт уулу Чыңгызбекке казактар тең келе алган эмес. Алдынан чыккан экөөсүн тең тартылган кыл аркандан ары ыргыта чапкан. 52 килограмм салмак ченинде Бектур Өтөгөнов деген мушкерибиз финалдык таймашка чейин үчөөсүн былчыйткан. Финалда бир аз упай алдырып, күмүшкө арзыган. Июль айынын аяк ченинде Астана шаарында жаштар арасында дүйнөлүк биринчилик болгону турат. Чыңгыздын ошо мелдешке катышары дайын болуп, мээлейлерин "майлап-сүттөп" турган чагы.

Футбол
Көлдүктөрдүн биринчи жеңиши
Кыргызстандын биринчилигинде үч оюн ойнолду. Каракол шаарында жергиликтүү "Ысык-Көл" командасы Оштун "Алайын" кабыл алды. Мурунку турда катуу ыза болуп калган көлдүктөр "Алай" командасынан өчүн алды. 2:0 эсебинде утуп алганы маалым болду. Бул, көлдүктөрдүн чемпионатта биринчи жеңиши. Экинчи оюн "Дордой" менен "Абдыш-Ата" футболдук клубдар ортосунда болду. Канттын топ тепкичтери бу жолу "эс алды". Мыкты оюн көрсөтө алганы жок. Жыйынтыгында, 4:0 эсебинде коноктор утулуп калды. Үчүнчү оюн "Алга" менен Кочкор-Атанын "Нефтчи" курамынын ортосунда катталган. Былтыркы жылдын чемпиону "Алганы" 3:0 эсебинде жеңип, 17 упай менен турнирдик таблицада экинчи тепкичке конду. Көч башында дале болсо 20 упай менен "Дордой" топ тепкичтери. "Абдыш-Атаныкы" азырынча 16 упайы бар.

Будо-каратэ
Адашкан кыз чемпион болду
Будо-каратэ боюнча шаардын биринчилиги өттү. Турнирге ордо калаада жайгашкан 4 клубдун мыкты делген спортчу кыз-балдары "ката" тартибинен күч сынашты. Бозуландар арасында Бактыбек уулу Айдар, Тимур Дүйшекеев, чоңдордон Темирберген уулу Ызат чемпиондукту багындырды. Ушундай эле наамга кыздар арасынан Адашкан Айталиева аттуу кыз жетти.

Мылтык атуу
Русландын жолу болгон жок
Германиянын Мюнхен шаарында мылтык атуу боюнча дүйнө кубогу өттү. Кыргызстандан көзгө атаар мерген Руслан Исмаилов жөнөгөн эле. 10 метр аралыкка пневматикалык түзүлүштөгү мылтык атууда 600 ок менен 584 упай топтоп, 97-орунда калганы маалым болду. Мелдешке дүйнө жүзүндөгү мыктылардын ичинен 128 "мергенчи" катышкан. Русландын жолу болгон жок. Айтор, начар көрсөткүчкө өзү да таңгалып отурат.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ