Чөнтөк соттор

Шаардык сот "Мегакомдун" иши боюнча Максимдин пайдасына чечти

2011- жылдын 9-июнунда А.Д.Рыбалкина жетектеп, курамы С.А.Жузенова, Д.А.Мулюкбаевадан турган Бишкек шаардык соту граждандык-процессуалдык нормаларды орой бузуу менен Максим Бакиевге караштуу болгон "Forntek" компаниясынын пайдасына чечип берди.

Мурунку бийликтин тушунда дал ушул компаниянын жардамы менен Максим Бакиев "Мегаком" уюлдук операторун басып алып, орусиялык инвесторлордун үлүшүн күч менен тартып алган болчу. Шаардык соттордун чыгарган чечими чечүүчү чечим эмес, "Penwell" компаниясы сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылмакчы.
"Мегаком" уюлдук операторунун менчик ээси ким экенин териштирген бул соттук отурум 2011-жылдын 8-июнь күнү кечинде өтүп, андан кийин 20-июнга калтырылган болчу. Бирок, Бишкек шаардык соту орусиялык инвесторлор тарапка эч кандай кабар билдирбей туруп, 9-июнь күнү эртең менен жашыруун түрдө соттук отурум өткөргөн. Бул отурумга ошентип "Penwell" келбей калган, бирок "Serpeus" компаниясынын өкүлүнүн катышуусу менен (бул компания дагы Максимге караштуу) буга чейин "Penwell" компаниясынын пайдасына чечилген чечимди жокко чыгарган соттук акт түзүп салган. Ушул эле учурда сот "Serpeus" (ОАО "Эрмен-Тоо") "Мегакомдун" үлүшүн талашууга укугу барбы (?) деген маселени караган эмес дагы, теңирден тескери чечим чыгарып, "Forntekтин" пайдасына чечип отурат.
Ушул жерден кызык жагдай жаралууда. Эки жыл мурун Бакиевдин доорунда да Бишкек шаардык сотунун ушул эле Рыбалкина баштаган судьялары "Penwellге" каршы чечим чыгарып, Максимчи компаниянын пайдасына чечип берген болчу. 2011-жылдын 22-апрелинде дагы ошол эле Рыбалкина башында турган сот эч кандай негизи жок Бакиевдин "Serpeus" компаниясы (ОАО "Эрмен-Тоо") тарапка чечкен.
Бул жоруктар бакиевдик режим кайрадан реставрацияланууга аракет кылып атканынын далили болуп турат. Бул гана эмес, Бакиевдин жакындары азыр дагы мамлекеттин сот системасына өз таасирин тийгизип, айрым жогорку посттогу чиновниктерди бурап, Кыргызстандын, кыргыз элинин келечегине каршы иш жүргүзүп келет.
"Penwell" компаниясы адилетсиз чечим чыгаргандарды, "Мегакомду" басып алгандарды жоопко тартууну суранып, укук коргоо органдарына кайрылмакчы.
Урматтуу кыргыз эли! Максимдин компаниясынын соттук процессте жеңип чыкканы эмнени каңкуулап атат? Соттор дагы деле Максимдин айтканын жазбай аткарганы не шумдук? Бүгүн Максимдин компаниясы келип "Мегакомду" ээлеп алса, эртең Максим өзү келип мамлекетти ээлебейт деп ким кепилдик берет? Ойлонгулачы?!

Акыл БАКТЫБЕКОВ




  Астапрала!

Каныбек Осмоналиев, ЖК депутаты:
"Коррупциялык жол менен 5 млн. доллардын изи сууган"
- Каныбек агай, эмне үчүн бүгүнкү күндө 2010-жылдагы ажылыкты уюштуруу ишинин жыйынтыгына бир жаңсыл баа берилбей келе жатат?
- Себеби, жалпы ажылыкты уюштуруу толугу менен коррупцияга батып, ага мамлекеттик жана диний иерархиялык чоң кызматтын адамдары катышкан. 2010-жылдагы ажылыкты уюштуруу ишин Убактылуу өкмөт өзүнүн карамагына толугу менен басып алган. Биринчиден, Кыргызстанга берилген 5140 ажылык квотасын өкмөтчүлөр каалагандай өздөрү бөлүштүрүшкөн. Экинчиден, визаны ачуу ишин дагы колго алышып, 3860 гана визаны Кыргызстандын жарандарына беришип, калган 1280 виза чет элдик жарандарга (Иран, Түркия, КЭР ж.б.) 3 миң-5 миң доллардан сатылып, коррупциялык жол менен 5 млн. доллардан ашык акча жасашкан. Үчүнчүдөн, ажыга баруучудан алынуучу сапар чыгымдарынын калькуляциясы дагы коррупциялык жол менен эсептелген, б.а.1260 АКШ долларынын ордуна 1500 АКШ доллары жыйналган. Төртүнчүдөн, авиа каттамдын тендерлик жол менен тандалып алынышы кээ бир жөндөмсүз авиа компанияларга берилген, мисалы, "Рахис".
Тилекке каршы, парламенттин алдында түзүлгөн убактылуу комиссия 4 айдан ашуун бул коррупциялык иштин аягына чыга албай келе жатат. Эгерде ушул 2011-жылдагы бөлүнгөн 4500 ажылык квотасы дагы жогорудагыдай коррупциялык жол менен башталса, жалпы Кыргызстан мусулмандар жамаатынын жана жалпы эле жөнөкөй кыргызстандыктардын нааразычылыктарын туудуруп, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө доо кете турган жагдай түзүлүшү мүмкүн.

Суроо салган
Эльмира Мадиева




  Жыл айланганда!

Июнь коогасы: "куйруктар" кечирим сурабады...

Жогорку Кеңеш да Түштүктөгү окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыктары менен таанышып, өзүнүн бүтүмүн чыгарып, атайын токтом кабыл алды. Бул токтомго ылайык, Кильюнен баштаган эл аралык комиссиянын "преступление против человечности" деген бүтүмү негизсиз деп табылып, жокко чыгарылып, кагылышууларды өзбек туугандар биринчилерден болуп баштаганы негизделип, окуянын чыгышына күнөөлүүлөр айтылды.

ЖКнын бул токтомунун биринчи беренесинде: "Июнь окуясы менен жетинчи апрелдеги элдик көтөрүлүштүн байланышы бар, бул эки окуяны бөлүп караганга болбойт, андыктан, улут аралык жаңжалдын чыгышына, апрелдеги элдик көтөрүлүштүн чыгуусуна себепкер болгон Курманбек Бакиев, анын баласы, инилери, ошондой эле ал кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов, анын өкмөт мүчөлөрү, Башкы прокуратура, Конституциялык сот, Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күнөөлүү" деген маанидеги чечим кабыл алынды. Токтомдун үчүнчү беренеси боюнча, ошол кездеги Убактылуу Өкмөт (УӨ) мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги каралып, аларга "маалыматтарга көңүлкоштук кылып, коогалаңды болтурбай коюу боюнча жеткиликтүү чараларды көрө алган эмес, шалаакылык кылышкан" деген айып тагылды. Ошентип, июнь окуяларына мурунку бийлик менен УӨ күнөөлүү деп табылды.
УӨ мүчөлөрү башынан эле күнөөлөрүн моюнуна алып, бир нече ирет элден кечирим сураганы белгилүү. Ал эми, бул токтомго ылайык, Бакиев менен Данияр Үсөновдун өкмөтүндө иштеген, азыр депутат болуп ЖКда, министр болуп өкмөттө отургандарга кандай чара көрүлөт? Булар да кечирим сурап кутулабы же токтом прокуратурага жөнөтүлүп жаткан соң, башка чаралар көрүлөбү (?), азырынча белгисиз. Бирок, азыртадан эле, айрым "атажуртчу" депутаттар, токтомдун биринчи пунктун кайра өзгөртүүнү талап кылып жатышканы маалым болду. Бакиев менен кошо иштешкендер күнөөлүү деп табылып, алар менен кошо жоопкер болуу баштарына туш келгенин сезген атка минерлерге кантип жаксын? Ошентип, айрым "атажуртчуларга", Бакиев менен бажакташып, май-талканды кошо бурдаса жакшы экен да, жооп бере келгенде бакиевдер жоопко тартылып, буларыңыз четке чыга бергиси бар. Бу түрлөрү менен, КурСалиевичтин "куйруктарынын" жоопко тартылмак турсун, кечирим сурагысы келбегени көрүнүүдө. Аларга караганда, үч жолу кечирим сураган УӨдөгүлөрдүн бети бар экен да, эй!
Ошентип, былтыркы, Түштүктөгү улут аралык коогалаңдын жылдыгы болуп өттү. Эки эл тынчтык керек экенин сезип, чатактан оолак болууну эп көрүп калган экен. Биргелешип куран түшүрүп, эл ичи тынч болуусун тилеп турушат. Токон Мамытов жетектеген депутаттык комиссиянын бүтүмү негизинен туура, объективдүү деген баага татыды десек болот. Бирок, коогалаңдан пайдаланып, упай топтоп, жеке өч алуу максатын көздөгөндөр да жок эмес. Андай "кудай албагырлар" карапайым элдин маалымат булагынан оолак болуп, маселенин чоо-жайынан кабардар эместигинен пайдаланып, ызы-чууну дагы деле улантууда.

Сакен БӨРҮБАЕВ