![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Раатбек Санатбаевге - жогорку наам Раатбек Санатбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку наамды жана "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин ыйгаруу жөнүндө депутат Камчыбек Ташиев тарабынан демилге көтөрүлүп, анын сунушун коллегалары толук колдошту. "Р.Санатбаевге өз убагында татыктуу наам берилбегендиктен, бул маселе көтөрүлүп жатат. Себеби, ал грек-рим күрөшүнө өз салымын кошуп, эмгеги зор болгон", - деп айткан К.Ташиевдин сөзүнө улай, депутат Каныбек Осмоналиев да: "Айылдарда жаш балдар аны кумир тутуп келишет" деп кошумчалады. Түштүктө төрөлүү өсүп, өлүм саны азайды Ош облусунда 2011-жылдын январь-апрелинде балдардын төрөлүүсү өсүп, адамдардын өлүмүнүн саны бир нечеге азайган. Ош обладминистрациянын басма сөз кызматынын билдиргенине ишенсек, көрсөтүлгөн мезгилде 11186 бала төрөлгөн, же калктын миңине алганда 30% (2010-жылдын январь-апрелинде - 28,8). Ал эми өлүм санына келсек, 2196 адам өлгөн, же калктын миңине алганда 5,9 (2010-жылдын январь-апрелинде -6,1). Калктын өлүмүнүн негизги себептери болуп, кан айлануу системасынын оорулары (бардык өлгөндөрдүн 50,8%ы), дем алуу органдарынын оорулары (11,8%ы), жаракат алуу, уулануу жана башка сырттан таасир эткен айрым себептер (7,6%), ошондой эле шишик оорулары (7,2%) эсептелет. 2011-жылдын январь-апрелинде 1 жашка чейинки 163 бала көз жумду, же төрөлгөндөрдүн миңине 14,5 пайыз түздү (2010-жылы январь-апрелинде - 22,3). Алардын өлүмүнүн негизги себептери болуп, төрөлгөндөн кийинки пайда болгон абалы (өлгөн балдардын 39,8%), дем алуу органдарынын оорулары (31,3%), өнүгүүнүн тукум куучу оорулары (15,9%) эсептелет. Ош облусунун калкынын табигый өсүүсү 8990 адамды, же калктын миңине 24,1% (2010-жылдын январь-апрелинде - 22,7) түзгөн. Анын эң жогорку деңгээли Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунда байкалган. ОшМУ ректорлуу болду Кечээ, 15-июнда Ош мамлекеттик университетинин көптөн бери бош турган ректорлук кызмат ордуна филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек дайындалды. К.Исаков буга чейин Ош гуманитардык педагогикалык иниститутунун ректору кызматын аркалап келген. Жаңы ректорду жамаат менен тааныштыруу үчүн Билим берүү жана илим министри К.Садыков өзү барган. Өз кезегинде К.Исаков ОшМУда студент, окутуучу, декандын орун басары, проректорлук кызматтарда иштеген экен. К.Исаков 1969-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. К.Осмонов кылычын ташка чапты! "Ата Мекен" фракциясынын кечээги, 15-июндагы жыйынында, депутат Равшан Жээнбеков "Ата Журт" фракциясынан депутат Курманбек Осмоновдон "чыныңызды айтсаңыз, 2007-жылдагы шайлоодо "Ата Мекен" утту беле?" деген суроону кабыргасынан койду. Буга К.Осмонов "эч болгончо, кеч болсун" дедиби, "ооба, чынында "Ата Мекен" уткан, мен ошондо да принципиалдуу кадамдарга баргам. КСДПнын өкүлдөрүнөн жана бүгүнкү президенттен да "рахмат, адилеттүү чечкениңиз үчүн" деген алкыш сөзүн уккам. Бакиевдердин мага тиш кайрап калгандары мына ушундан да болчу. Көбү эң акыркы орундарда калгандарды алып келип депутат кылышкан. Мен "кыла албайм, элдин бетин кантип карайбыз?" дегем, ушунун баары топтолуп отуруп, анан мени иштен бошотушту" деп агынан жарылды. "Бул нерселерди ошол убакта ачык айтып, же болбосо өмүр бою айтпай койсо өз адамдык абийири ак болмок эле" деп баш чайкаган эле адам. "Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" деген ушул да. Жашасын милиция реформасы! Ички иштер министрлиги 15-июнда ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен Кыргызстан 2011-2015-жылдарга карата милицияны реформалоо концепциясы жөнүндөгү долбоор боюнча жарандык коомдук уюмдар менен ачык талкуу жүргүздү. Талкууга милициянын өкүлдөрү, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпыга маалымдоочу жана жарандык көзөмөлдөө институттары, ошондой эле өкмөттүн өкүлдөрү, саясый партиялар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда Кыргызстандагы жаңы бийлик милицияны жана кылмыш иликтөө системасын реформалоого милдеттеме алганы айтылып, талкуунун жыйынтыгы өкмөттүн жана жарандык коомдун катышуусу менен өтүүчү Улуттук Форумда сунушталмай болду. 5-каналдын тагдыры тайкы болбойбу? Жогорку Кеңеш 5-каналды кандай кылуу боюнча баш катырууда. Депутат Исмаил Исаков "5-канал" жабык акционердик коомун улутташтырууну мыйзам чегинде аягына чейин чыгарып коюу сунушу менен "Ата Журт" фракциясынын жыйынында айткан. Айтымында, 5-канал Убактылуу өкмөттүн улутташтыруу объектилеринин тизмесине 2010-жылдын 20-майында киргизилген. И.Исаковдун сунушуна, депутат Нарынбек Молдобаев башка жол менен улутташтыруу керектигин айтты. "Убактылуу өкмөттүн катасын улантсак жакшы болбой калат го. 5-каналдын бир топ дебитордук карызы бар экен. Эгерде мамлекетке алыш керек болсо, бөлөк жол менен алсак жакшы болот эле. Банкрот кылып алса деле болот" деп кыйытса, депутат Жылдыз Жолдошева "андан көрө парламенттик канал кылбайлыбы" деп оюн ортого салды. Натыйжада, фракция мүчөлөрү 5-каналды улутташтыруу маселесин колдоду. Отунбаеванын билдирүүсүнөн депутаттардын оозу Ошту карады Өткөн жумада "президенттин резиденциясы Ошко көчсүн" деген депутаттардын чечимине президент Р. Отунбаеванын ичи чыкпай калгандай. Ал депутаттарга "Президенттин резиденциясын президент өзү чечет, анүстүнө мен кетип жаткан кишимин. Президенттин резиденциясы Ошто бар. Ошол жерге иштегенге дагы, жашаганга дагы толук мүмкүнчүлүк бар, андыктан ЖК ага убара болбой эле койсун. Эгер "жок, борбордон качырабыз" дешсе, мен мындай саясатты, Кыргызстандын пайдубалын жоготуу, бөлүү, жаруу деген саясат деп эсептейт элем" деген жообун "балп" эттирди. Элди эриктирбеген парламентчилер К.Самаков менен Ө.Абдрахмановдун ортосун кара мышык аралап, партиялаштар жакындан бери ыйкы-тыйкы болуп келишет. Эми жөн турбай, Өмүрбек Абдрахманов партиялашына дагы бир компромат ойлоп тапты көрүнөт. Ал Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында "Республиканын" балдары депутат Карганбек Самаковго байланыштуу документтерди алып келип бергенин айтты. Алар "биздин Бабановду текшересиңер, өзүңөрдүн депутатыңарды көрүп алгыла" дептир. Документте Бакиевдин мезгилинде К.Самаков И.Чудиновго кол койдуруп, Чүй облусунан 62 га жерди трансформациялап, менчиктеп алгандыгы жазылгандыгын айтып, залда отургандардын баарына кагаз таратып берди. Бирок, депутаттар бул маселени кийинки жыйында кароону чечишти. Мырзакматов мырза чамынууда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов "Ош окуясы боюнча кино тартып, китеп жаздырып, азыр баатыр болуп аткандардын бетин ачам" деп чамынып аткан кези. Атамбаев, Отунбаева, Дүйшөбаев ж.б. УБ мүчөлөрүн шылып түшчүдөй... Насыр Давлесов дүйнө салды... Көрүнүктүү композитор, Кыргыз республикасынын гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов 13-июнда, саат ондор чамасында, 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ 15-июнда, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги музыкалык окуу жайын, Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн. 1956-жылдан баштап эл аспаптар оркестринде башкы дирижер болуп беш жыл иштеп, 1961-жылдан тарта кыргыз опера жана балет театрында жети жыл башкы дирижерлук кылган. 1962-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. Ал кездеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда 1968-1971-жылдары музыка жана ырдоо кафедрасын жетектеген. Ошол жылдары жаңы ачылган Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 1971-1983-жылдары ректор болуп иштеген. Насыр Давлесов "Аста секин, колукту" опереттасын, "Курманбек" операсын, бир нече симфониялык чыгармаларды жазган. Анын чыгарган ондогон обондорунун ичинен "Жылкычы бозой", "Айнаш", "Саанчы жеңе" деген чыгармалары элдик ырга айланган. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнүн гимнин көрүнүктүү композитор Калый Молдобасанов менен биргеликте жазган. Насыр Давлесов "Ардак белгиси", "Эмгек кызыл туу", I-II даражадагы "Манас" ордени, бир нече медалдар менен сыйланган.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||