![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Даңкан
Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы:"Азыркы Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алпарат" Алдыда президенттик шайлоо жакындап калды. Адахан Мадумаров өзүнүн талапкерлигин кое турганын ачык айтып, андан сырткары, өлкөнү президенттик-парламенттик башкаруу жолуна үндөй кетти. Артында ээрчий жүргөн ушак-айыңдарын тизмектеп, кайсы бир авторитеттен кымбат баалуу машине алганы тууралуу да агынан жарылды. - Адахан мырза, 2010-жылы Түштүктөгү коогалаңга кимдер күнөөлүү деп ойлойсуз? Бул жөнүнүдө адилет баа берилдиби? - Сөзсүз түрдө ар кандай окуяларга так жана адилеттүү баа берилиши керек. Кандай гана окуя болбосун, ошо мезгилде жетекчи болуп иштеп турган азаматтардын да, өкүлдөрүнүн да түздөн-түз күнөөсү бар. Бирок, юридикалык маанисинде алып карабаганыбыз менен, адамгерчилик маанисинде сөзсүз түрдө жоопкерчилиги бар. Алар моюнуна алышы керек. - Чырды ким чыгарды, мурунку бийликтеги Бакиевби же өзбек элинин улутчул сепаратисттериби, же үчүнчү күчтөрбү, кимдер?.. - Эки тараптан тең. Биринчиси, карапайым өзбек элин туура эмес жолго үндөп, багыттап, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн аракеттерди жасаган, аты аталып жүргөн, өздөрүн "өзбек лидерибиз" деген "азаматтар". Алар азыркы кезде издөөдө жүрүшөт. А экинчиси, ошо мезгилдеги Убактылуу бийлик. Жеке саясый кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында туура эмес кадамдарга барып алышты. Алардын аттары да белгилүү. Анан, үчүнчү күч дейби, же бакиевчилер дейби, мен буга кошула албайм. Буларды актоодон жаа бою алысмын. Анын кичүү уулу менен көз-карашым теңирден тескери болуп келген. А эгер үчүнчү күчтү "бакиевчилер" дей турган болушса, алардын аттарын так айтышсын. Бул жерде улут аралык жаңжалга алардын тиешелери жоктой көрүнөт. Алар Убактылуу бийликке гана каршы чыгышкан. - Түштүктөгү окуяны иликтеген бир канча комиссия түзүлдү. Ошолордун кимиси чындыкка коошо турган чечимин чыгарды? - Жогорку Кеңештин комиссиясы, Абдыганы Эркебаевич башында турган бейтарап комиссия жана Эл аралык комиссия түзүлдү. Бейтарап комиссиянын чечиминде "сеники да туура, мунуку да туура" дегендей болушту. Тилекке каршы. Эл аралык комиссия болсо, мамлекеттин кадырына өтө чоң доо кетирди. - Кантип? - Бөтөн бир элди чакырып алып, өзүбүздүн ички ишибизди "териштирип бер" дегендин өзү кыргыз элинин атуулу катарында, кыргыз мамлекетинин жараны катарында өтө туура эмес деп эсептейм. Бул комиссиянын демилгечиси Роза Отунбаева экенин билебиз. Үй ичинде болгон кандайдыр бир чырларды - ошо үйдүн ичинен чечкен жакшы. Ким эле өз үйүнөн чыр чыгып атса, чет жакадан бирөөнү чакырып, "казы же калыс болуп бер" дейт. Эч ким. Отунбаева өтө туура эмес иш кылды. - Депутаттардыкычы? - Депутаттык комиссия бир топ айкындуулукка жетише алды. Бирок, чекит койгонго саясый эрктери жетпеди. Ириңди ачканы менен, түбүнө чейин сыгып сала алышпады. Бул маселе ошентип ачык бойдон кала берди. "Кимдер күнөөлүү, канчалык деңгээлде?" дегенге ушу депутаттык комиссия бүтүм чыгарат деп ойлогом. Мүмкүн өлкөбүздүн азыркы кырдаалына жараша болдубу, же кайсы бир күчтөр таасир эттиби, айта албайм. Ал - убагы келгенде тастыкталат. Бирок, дагы бир жолу айтам, жарадагы ириңдин өзөгүн калтырбай сыгып салуу керек. Антпесе, ал жер кайрадан ириңге толуп кетүү коркунучу кала берет. - Азыркы парламенттин жасап аткан иштерине ичиңиз чыгып атабы? Кандай баа бере аласыз? - Биз ар кандай баа бергенде кызуу кандуулуктан сыртта болуп, адилеттик позиция менен баа беришибиз керек. Баа берүүдө объективдүү жана субъективдүү себептер болот. Парламент камыр-жумур болуп иштеп кеткенге негиз жок. Себеби, ар кошкон, ар кандай көз-караштагы, ар кандай саясый позицияны тутунган жана ар кайсы багыттагы азаматтар келип алгандан кийин, бир ата, бир эненин балдарындай иштеп кетиши болбогон жомок. Бизде саясый партиялар классикалык маанисинде калыптанган эмес. Жеке досчулук мамиледе, анан жеке чөнтөк мамиле менен, "канча каражатың бар, мына ушу тыйындын шыбагасына ылайык күрөшкө чыгалы" деп гана баштары бириккен. Эгер аң-сезим менен, ишеним менен, идеология менен бириккенде жана ар кандай кызыкчылыктардын баарын бириктирип келип, мамлекет деген кызыкчылыкка байлаганда, анда багыт бир болмок. Азыркы биздин парламентте болуп аткан көрүнүш - табигый көрүнүш. Анткени, кээ бир жүз жылдык тарыхы бар Америка, Европа өлкөлөрүндөгү партиялардын бийликке келе калганда мамлекетти жыргатып ийди дегендери болгон эмес. Ага салыштырмалуу биздин парламент там-туң баскан, нанды "на-на" деген өрмөлөгөн бала да. Андыктан, адилеттүүлүк үчүн туура баа беришибиз керек. Азыркы парламенттин иши канааттандырарлык деп айта албайм. - Кыргызстанга парламенттик башкарууга караганда, президенттик башкаруу бийлиги ылайыктуу дегени турасызбы? - Сөзсүз. Бир жетекчи деген - бир жетекчи. Бир багытты тандап алган - бир багыт. Кыргыздын жакшы макалы бар, "Таз тарангыча, той таркайт" деген. "Биз ушуга келели, биз мындай кылалы" дегиче, убакыт өтүп атат. Заман аны күтүп отурбайт. Макул, мамлекет демократия нугу менен кете берсин. Бирок, мамлекет андан жабыр тартпаш керек да. Жеке жоопкерчиликти мойнуна алган президенттик башкарууга бармайынча, биз алга жыла албайбыз. Менин туруктуу позициям ушу. Ошондуктан, биз президенттик-парламенттик башкарууга барышыбыз керек. Күчтүү аткаруу бийлигинин башында турган президент болушу керек. Ошону көзөмөлгө алып, кыймыл-аракетине баа бере турган күчтүү парламент керек. Мына ошондо гана алга жыла алабыз. Бүгүнкү күнгө көз чаптыралы, парламент өкмөткө сын айта албайт. Анткени, парламент өкмөттү өзү курап берген. Ошол эле учурда өкмөт парламентке сын айта албайт. Себеби, өкмөт парламенттин "баласы". Бул жерде эч ким, эч нерсеге жооп бербейт. - Такыр эле сурай турган жана ага жооп бере турган адам жокпу? А президентчи? - Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Бүгүн айтыңызчы, карапайым калк кимден сурай алат, Отунбаеваданбы? Сурай албайт. Анткени президенттин анчалык ыйгарым укуктары жок. Парламенттенби? Алар айтып атышат, "биз деген мыйзам чыгаруучу органбыз" дейт. Өкмөттөн сурайлы дешсе, "биз парламент тапшырма берген гана чөйрөдө иш алып барып атабыз" дешет. Демек, ээси жок, жетекчиси жок мамлекетпиз. Дагы бир жолу айтып коеюн, эч ким, эч нерсеге жооп бербейт. Бир жыл бою айтып келдим, "бул Конституция Кыргызстанды туңгуюкка алып барат" деп. Конституция күнүнө арналган 5-майдагы салтанаттуу кечеде "бул Конституция ботко болуп калыптыр" дешти. Ошонун ботко болуп калганын түшүнүш үчүн бир жыл керек беле? - Эмнеге ботко? - Конституциянын кепили ким? Жок. Сот системасы кандай? Түшүнүк жок. Конституциялык палата дейби же башкача аталабы, ал кандай куралат? Түшүнүк жок. Ошондуктан, туңгуюкта турган өлкөбүз. Ошого жараша, коңшу мамлекеттер кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө кызыкдар эмес. Себеби, Кыргызстанда жооп бере турган киши жок. - Алдыдагы президенттик шайлоого аттанганы турасыз. Кайсы бир серепчилер маалымдагандай, сиздин капчыгыңыз жука имиш. Ушу жөнүндө эмне айтаар элеңиз? - Бардык эле маселени капчык чече бербейт. Эл менен жолугушканда айтып атам, "бийлик таза болуш керек" деп. Ал эми бийлик таза болуш үчүн, пейил таза болуу кажет. Элибиз капчыгы калыңды көтөргөндү токтотуп, чөнтөгүнө карабай, а кишинин адамдык касиетине караш керек - бул бир. Экинчиден, бардык нерсе өзүбүздүн пейлибизге жараша болот. Алып койгон 200, 500 сомдун аркасынан кете турган болсо, Кудайга да, бийликке да таарынганга укугубуз жок. Себеби, биздин пейилибиз ошондой. "Ниетиңдин жолдошу болсун" дейт кыргызда. Эл бүгүнкү күндө кара курсак аркылуу эмес, акылы менен тандаганга бышып калган. Жердешчилик, тууганчылык маселе жакшылыкка алпарбаганын сезип турушат. Бардык жерде элдин пикири бирдей. Ат-Башыда, Нарында болобу, Жети-Өгүздө, Тоңдо болобу, Жалал-Абад, Ошто болобу, Лейлек менен Баткенде болобу - бардык жердин эли "биз чайпалып турабыз, төгүлүп кетишибизге аз калды, төгүлүп кетпегидей чечим кабыл алуубуз керек" деген демилге көтөрүп чыгып атканы мени кубандырбай койгон жок. Бул жагынан карапайым элибизди күнөөлөгөнгө болбойт. Баарыбыз "Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртөбүз" дегенди тил учунан айтпай, көкүрөгүбүздүн түпкүрүнөн чыгарып айткан болсок, анда жасаган ишибизге тобо келтирип, Кудайдан тазалыкты, ыйманды сурап, бир жакшылыкка барышыбыз керек. Кыргызстанга биз жакшылык кылбасак, эч ким жакшылык кылбайт. Ушуну түшүнө турган заман келди. - Президенттик шайлоого аттана турган талапкерлердин саны бир-экөө менен чектелбесе керек. Анын ичинде татыктуусу да жок эместир. Сиз кимден сестенесиз? - Президенттик шайлоого аттана тургандардын арасынан татыктуу эр-азаматтарыбыз жок эмес. Аларды кубаттаганга не жетсин? "Элдин жүгүн көтөрүп кетем" деген эр азаматтарыбыз канчалык көп болсо, биздин бактыбыз ошончолук. Бир эле кишини карап отуруп калган туура эмес. "Мен кыйынмын, кыйратам" деп айтуудан Кудай сактасын, алысмын. Менден кыйындары бар. Шайлоодо көп факторлор ойнойт. Жогоруда каражат гана маселесин кеп кылдык. Андан сырткары, тажрыйбасы мол, мамлекеттик түзүлүш боюнча көз-карашы бар, эл аралык мамилени жөндөп кете алчу жөндөмдүүлүккө ээ болгондор жок эмес. - Кээде кыргызың аны карабай атпайбы? - Акчанын күчүнө таяныш же соттошуп жеңип чыгыш - бул юридикалык жеңиш болушу мүмкүн. Социалдык жеңишке жетиш кыйын. Жеңип чыгыш - Кудайдын буйругунан. Бирок, ошол жеңишти кармап, элдин арткан үмүтүн актап, жеткенине кубанбай, кеткенде кандай кетем (?) деген маселени терең ойлонуп койгон адам кубануусу зарыл. - Деги эле жаңы шайлана турган жаңы президенттин кубанууга акысы барбы? - Бийликке келгенине сүйүнгөн адам, акылы толук эмес адам. Айрыкча, биздин Кыргызстанда. Себеби, мамлекеттик тартип жок, мамлекеттик казына жарды. Жүз миңдеген жаштарыбыз талаалап жумуш издеп жүргөн маалы. Баардык мекеме-ишканаларыбыз иштебей токтоп турат. Четтен инвестиция келүү жөнүндө жомокчу гана айтпаса, реалдуу киши айта албайт. Анткени, биздин өлкөдө башчы жок, салган акчасын кайтарып берет деген кепилдик жок. Бул тууралуу Белорус өлкөсүн алалы. Жакында бу мамлекетте кичине каатчылык пайда болору менен, үч күндүн ичинде ЕВРАЗЕС өзүнүн корунан 3 млрд. доллар бөлүп берди. Эмне үчүн? Анткени ал жерде күчтүү жетекчи бар. Алган акчаны кайрып бере турган. Ал эми бизде ким бар? Жада калса анча-мынча тыйыны бар кыргыз аттуулдары акчаларын чет-жакадагы банктарга салып атышат. Ишеним жок. Өзүбүзгө өзүбүз ишенбегенден кийин, ким бизге ишенет? "Бирөө келип Кыргызстанга акчасын берет" деген жомокту токтотушубуз керек. - Буга чейин эки президентти айдап отко салдык. Эгер сиз айткан президенттик-парламенттик башкарууга өтсөк, кийинки президентибиз булардай болбойт (!) деп ким кепилдик бере алат? - Ооба, эч ким кепилдик бербейт. Кеп креслодо эмес, кеп ошо адамдын ички дүйнөсүнүн сапатында. Мына, Ельцин башкарды го. Ал Путинге бийликти өткөрүп берди. Путин өз учурунда 8 жыл башкарып, Конституциясын эч өзгөртпөстөн, өлкөсүн улуу державанын катарына кошуп койду. Көрдүңүзбү? Ал эми бизде эмне болду? Мурдагы ажолорубуз бизге башкача "сонун" сабак берди. Биринчиси, "мамлекет башчысына аялдын таасири андай болбош керек" деген, экинчиси, "балаңды канчалык жакшы көрсөң да, баары бир элдин назарынан калба" деген сабак. Ушу эки президенттин тагдырынан алынган сабактан кийин, ошолордун жолуна кайрадан түшө турган президент болсо, анда анын өз шору өзүнүн колунда. Ошол жолго барбай турган адамды тандаганга акылыбыз жетпесе, анда биздин өзүбүздүн шорубуз өзүбүздүн колубузда. - Парламенттик республика бизге жарашпайбы? - Жарашпайт. Бизге эле эмес, дагы башкаларга да жарашпашы мүмкүн. Алсак, Молдова өлкөсү эки жарым жыл парламенттик республика болобуз деп жанталашты. Же өкмөтүн же президентин дайындай албай коюшту. Натыйжада, 54% менен коммунисттер кайрадан алышты. Демек, эл тартипти эңсеп калды. Тартип болсун, тартип керек, дагы бир жолу тартип! - Акыркы кезде аркаңыздан ар кыл кептерди угуп калабыз. http://www.alaman.kg/ сайты кабарлагандай, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Сары-Челек коругунда биригүү аземин жакында өткөрүүгө пландап атышат" деген. Буга сиздин көз карашыңыз? - "Сары-Челек" коругуна 1996-жылдан бери менин бутум басып бара элек. Тилекке каршы. Жылда баргым келет. Балдарымды алпарып көрсөтөйүн дейм. Өткөн жумада Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда элдер менен жолугушуп жүрсөм, "ушу күндөрү Адахан Дубайга барып келди" деп жазып жиберишти. Жаз алды менен чоң жоготууга учурап, атамдан ажырадым. 10 жыл бою "Кимсанбай ажынын, муфтийдин баласы" деп жүрүштү. Бир көрпенде кечирим сурап койгон жок. Жалал-Абадда "Мадумар-Ата" соода комплекси "Адахандыкы" деп жабыштырып жүрүштү. Ошолордун бирөөсү басып келип кечирим сураганы жок. Мен аларды кечирдим. Ал эми Жараткан аларды кечиреби, аны өзү билет. Аркы дүйнөдө азабын табат. Ушак-айыңдын аркасынан жүргөн киши эки дүйнөдө жакшылыкка жетпейт. Дагы бир жолугушууда жүрсөм, сайтка чыгып атат, "эң кымбат ресторанда элдерге тамак берип, акча таратып жүрөт" деп. Биз жыйналсак, андай кымбат баалуу ресторанда эмес эле, стадиондо, талаада жолугуп атабыз. Калемдештеримди суранып кетер элем. "Чындыкты жазсын" деп. Кандай машине менен жүргөнүмдү элдин баары эле билет. Былтыркы партиялык шайлоодо жүргөн машине менен эле кылдырап жүрөбүз. Эми ошону "кайсы бир авторитеттер эң кымбат баалуу мыкты машине белекке беришиптир, ошол машинени тээп жүрөт" дешти. "Кудайдан коркчу, айланайын, коркчу! Садага!" дегим келет. Дагы бир жерде "Рысбек Акматбаевдин тоюна тамада болуптур" дешти. "Айланып кетейин садагам, наркы дүйнөнүн азабына баргандан коркчу, коркчу!" деп айткым келет ошо кабарчыга. - Дагы бир көйгөй, Түндүк-Түштүк маселеси азыр бычактын мизинде тургансыйт. Президенттик шайлоодо ырбап кетпейт болду бекен? - Биз, кыргыз саясатчылары, шахмат тактасынын үстүндөгү фигураларга айланып калдык. Бул жерде кайсы бир сырткы күчтөрдүн аракети бар. Ишти алоолонтуп жандырып, Кыргызстанга бүлүк салсак дешет. Сирияны алалы, Ливияны, Тунисти, Йеменди караңыздар. Ушул өлкөлөр камыр-жумур жашап аткан өлкөлөр эле. Аларды бүлүккө салып аткан кандай күчтөр? Дал ошол долбоор биздин Кыргызстанда иштеп атат. Ошого балтасынын сабы болуп бергендер - кээ бир "азаматтар", анын арасында калемгерлер күчөтүп, күчүнө келтирип аткан саясатчы сөрөйлөр. Бизде эки гана жол калды. Же бөлүнүп-жарылып отуруп жок болуу, же кандайдыр бир ич күптүлөрүбүздү, таарынычты чөнтөккө салып, бүтүн кыргыз, бүтүн мамлекет болуп тарыхта калуу! Башка жол жок. Маектешкен Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||