Сени илип кеткенимде...
(Аида Саляновага!)
Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

Аида айым, кечээ сен жөнүндө түш көрдүм. Тердеп-кургап. Түшүмдө түрмөдөгү эркектер чыгып кетип, 7-апрелде күйүп кеткен прокуратура имаратынын алдына пикет кылып атышыптыр. "Аида, сен гана бизди түрмөдөн куткарасың! Бизге козголгон туура эмес иш кагаздары күйүп кетти. Биздин ишти эч ким карабай атат" дешип. Алды имаратка кирип келишет. Сен болсоң мага кайрылып, "эми эмне кылам, булар бизди тынч жашатпайт, жаным а-ай!" дейсиң да, мага корголойсуң. Кучагыма бекем кысам. Аңгыча эшик катуу такылдады. Ойгонуп кеттим. Жанымда колуктум жатат. Түн бир оокум. Сенин "жаным а-ай!" дегениң кулагыма кайра жаңырды. Ашканага барып бир куюм чай ичип, экөөбүздүн студент кездеги ысык мамилебиз эске түштү. Ошондо эле ушундай сулуу элең. Абдан жактырчумун. Артыңан ээрчиткенди жакшы көрчүсүң. Жаңыдан ымалабыз ысык болуп келатканда тагдыр бизди эки жакка ажыратып кетти. Өкүнөм. Жаштык кылыптырмын. Ошондо илип кеткенимде, бүгүн башкы прокурордун эри болуп, "чыйт" түкүрүп жатмак экенмин да. Аттиң!

Сабыр





  Кыргыз модасынын даткайымы...

Дилбардын кылым жашарткан бир күнү

Дизайнер Дилбар Ашимбаевага: "Эң узакка созулган күн эсиңиздеби?" деген суроо узатканымда: "Албетте, бул, балдарымды төрөгөн күн. Төрөт үйүнө биринчилерден келип, толгоом жанып кетип, эң акыркылардан болуп чыккан күн өзгөчө эсте калды. Мен үчүн бул күн өтө узак, татаал, ошону менен бирге эң кубанычтуу күндөрдөн болду. Пардасы жок ак бөлмөнүн терезесин карап, байма-бай бирде Чыгышка, бирде Батышка каттаган троллейбустарды 240ка чейин санап, убакытты өткөргөнүм эсимде. Күндүн да миң түрдүү батып, миң түрдүү чыгышына күбө болгом", - деп жооп берген эле. Ырас, мода да миң түрдүү батып, миң түрдүү чыккан күн сыяктуу. Мына ушул күндүн "Дилбар" аттуу бир нуру бар. Ушул нурдун илебине президенттер баш болуп, дипкорпустун, маданият жана искусствонун өкүлдөрү жылынып келет. Ал эми бүгүн, мода күйөрмандары менен биргеликте "Дилбар" мода үйүнүн кезектеги коллекциясына назар салалы.


- Дилбар айым, буга чейинки маегибизде "Менин коллекцияларым түштөрүмдөн жана сапарларда жүргөнүмдө жаралат" деген элеңиз. Күз-кыш 2011-2012 "Кылым карытар бир күн" коллекцияңыздын жаралышына эмне түрткү болду?
- Менин эмгектерим турмуштук тажрыйбадан, чыгармачылык тажрыйбадан жаралат десем жаңылышпайм. Ошондой эле, балачактагы эскерүүлөр, эски кинофильмдер, айылга чоң апа, таенеңдикине барган мезгилдеги кандайдыр бир эстен кеткис көз ирмемдер… Мына ушул нерселердин жыйынтыгы коллекциянын жаралышына түрткү берди. Менин түшүнүгүмдө, кыргыз чапаны, бул оймо салынган гана кийим эмес. Бул коллекцияда саркеч кыска чыптамалар, көркөмдүк менен тигилген жакеттер бар. "Дилбар" Борбордук Азиялык бренд болгондуктан, Улуу жибек жолунун маданиятына басымдуулук жасайбыз.
Кайсыл мамлекетте болбо, бул коллекциядагы кийимдер бизде да, Нью-Йоркто да, Парижде да, Кытайда да мыкты көрүнөт. Мен башында "Курманжан датка", "Сактар ханышасы" сыяктуу тарыхый, чоң бир долбоор уюштурсамбы деген ойлор да кеткен. Бирок, 50-60-жылдардагы кыргызкинематографынын "жаңы илеби", Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармаларынын таасири басымдуулук кылып, бул темага токтодум. Өзөгүнө Чыңгыз агайдын каармандарынын образдары да салымын кошту. Анткени, биздин балалыгыбыз, жаштыгыбыз анын чыгармаларына сугарылган. Биз, 21-кылымдын өкүлдөрү, өз маданиятыбызды кантип көтөрүп, кантип өнүктүрүп келе жатабыз? Биздин апаларыбыздын кийим кийүү маданиятын заманбап көз карашта, жаңы нукта көргөзгүм келди.
- Дилбар айым, "Тюбетейка" кафесинин VIP залынан, Эркин Болжуров тарткан "Кылым карытар бир күн" коллекцияңыздан фоторепортаж көрдүк. Комментарий берип өтсөңүз…
- Боёлбогон жүндүн бардык түстөрүнө басым жасадык. Ар бир өңдү кылдаттык менен тандап, баалуу металлга асыл ташты шөкөттөп коюу ыкмасын колдондук. Саналуу гана түстөр менен иштөө татаал, ал эми жарым тондор менен иштөө абдан кызыктуу процесс. Мындан тышкары, ачык көк, кызыл көйнөктөр бар. Анткени, кыргызда кызыл өң тойдун, майрамдын туусу. Кыргыздар өң тандоодо абдан маданияттуу келишет. Мына ошол салтты карманууга аракет кылдым. Бул курак жолу менен тигилген кийимдерди көргөн адам, чоң апасынын сандыгында сакталып, муундан-муунга өтүп келген бир баалуу буюмду көргөндөй болот.
Эсимде, менин чоң апам Ак-Суу базарынан түркүн кездемелерди алып келээр эле. Анын сандыгында Оштун жибектери, жапондуктардын алтын жиптери менен саймаланган Маргалаңдан, Намангандан келген жакард кездемелер боло турган. Апам ушулардан көйнөк-кечелерди тигип, өөндөрүн куракка кетирчү. Бир күнү чоң апам сандыгын ачып, "каалаганынды танда" деп калды. Ошондо мен кызгылтым гүлдөрү бар, ачык жашыл түстөгү синтетикалык кездемени тандаган элем. Ошол учурда андан кооз, көркөмдүү эч нерсе жоктой сезилген мага. Ал материалдан апама көйнөк тигип берген элем. Мен анда 5-6 класста окучумун. Ошол көйнөктү апам "кызым тиккен" деп мактанып, жыртылганча кийди.
- " Арзан буюм жерде жатаар, асыл жибек төрдө жатаар " деген сөз бар. Бул коллекцияда кандай кездемелерди кездештирүүгө болот?
- Ар дайым кымбат жана нукура кездемелерди колдонобуз. Бул коллекциябызда Италия булгаарысы, Франция баркыты, кол менен саймаланган Индия сариси, Италия кашемири, кыргыз улуттук саймасы - баары жуурулушуп, өзүнчө бир гармонияны түзөт.
Күзүндө бул коллекцияны экинчи ирээт Г.Айтиев атындагы музейде көрсөтөлү деп турабыз. Быйыл Делиде жана Дубайда өтүүчү "Мода жумалыгына" катышууга аракет кылуудабыз.

Мээрим Мусаева