Дүрт эткендей

Өмүрбек Текебаев: "Былжырбайлар!"
- Өмүрбек Чиркешович, "Фабула" гезити Базар-Коргон районунун Сампа айылында июнь коогалаңынын жылдыгына арналган иш-чара тууралуу маалымат берип, ошол жыйында жергиликтүү эл сизди талоонго алганын, анан дагы, базаркоргондуктар "Ата Мекен" партиясынын катарынан оптом чыгып жатканын жазышкан экен. Сиз бул маалыматка кандай комментарий бере аласыз?
- Андай болгон эмес. Мени Базар-Коргондо эч ким талоонго ала албайт. Ал жак - менин кичи мекеним. Болор-болбос, бирин-экин провокаторлор айткан сөздү көбүртүп, талоонго алды деп... Ушак! Уят да ушинтип айтыш. Андай болгон эмес. "Базаркоргондуктар "Ата Мекен" партиясынан оптом чыгып атыптыр" дегени да калп! Жалган, жалган! Ал деген былжырбай сөз! Бул Былжырбайдын ушагы.

Сабыр МУКАНБЕТОВ