Эл бузар!

Бугу уруусун негизсиз кордогон Каптагаев...
АКТ
Биз, төмөндө акт түзүүчүлөр Бөрүбашев Бекбосун, Абдылдаев Таалайбек, Кыдыров Дүйшөнбек, Намазбеков Садырбек үстүбүздөгү жылда "Кайран эл" деген ат менен жарык көргөн китептин автору Осмонов Ишенбек менен китептин жазылуу тарыхы боюнча маектештик. Китепте ысыккөлдүн бугу уруусунун намысына доо кетирген, далилденбеген жалаалар орун алган. Китептин авторунан бугу уруусуна тийиштик кылган фактыларды далилдеп берүүсүн суранганыбызда, ал "Бул фактыларды мен Эмил Каптагаевдин өтүнүчү менен, анын жазмаларын иретке келтирип ишке ашыргам. Ал эми бугу уруусуна карата айтылган фактылар Эмил Каптагаевдин жазмасы. Керек болсо, мындан да жаман ойлор айтылган, мен аларды кыскартып алып койдум" деп билдирди. Демек, "Кайран эл" китеби толугу менен Эмил Каптагаевге тийиштүү экендигин танууга болбойт.
Биз, төмөндө кол коючулар бул фактыларды, Ишенбек Осмоновдун жообун өз оозунан укканыбызды жоопкерчилик менен моюндап, факт төгүн эмес экендигине кепилдик берүү менен актыга кол коебуз.

Бөрүбашев Бекбосун
Абдылдаев Таалайбек
Кыдыров Дүйшөнбек
Намазбеков Садырбек




"Кайран эл" китебинен үзүндүлөр
1.Көлдө деле элге баш-көз болор киши жок экен бүгүн. "Көлдүкпүз" деп зымпыйып жүрүшкөн С.Иманбаев, Ж.Сааданбеков, М.Мамакеев, Т.Чынгышев дегендер аш-тойдо эле төргө отуруп, устукан алганга жарабаса, андан башка бокко да жарабайт экен. Болбосо, Үзөңгү-Куушту айтпай эле коелу, кечеги эле Каркыра жайлоосу казактарга кетип жатканда бирөө-жарымы үн чыгарат эле го, чиркин. Көл элинин деле касиети качкан окшойт.

2. -Көлдүктөрдүн колунан эч нерсе келбей калгандай сүйлөйсүң да Тилек, ошол эле көлдүктөр Түптө оппозицияны бир эмес эки жолу сабабадыбы, Бакиевдердин алдында алардын эмгеги өтө эле чоң, четинен орден тапшырса да болот, жумуртка иш амалын аткаргандары үчүн, - деп, Үмүт тамашага чалып, күлүп калды.
- Үмүт, бул чынында тамаша маселе эмес. Кеп, бир өрөөн элде аттуу-баштуу киши жок болуп жатканында болуп жатат. Убагында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Болот Мамбетов, Түгөлбай Сыдыкбеков өңдүү залкарлар чыккан жердин аксакал жашындагы кишилери жанагы Тилек айткандай, "осурак чал" кейпинде болуп, жер-суусу сатылып, көл жээги бүтүндөй чет жактан келгендерге басылып, эми минтип бакандай болгон уул-кыздары камалып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган бир эмес эки жигити сабалып, кордолуп жатса дагы тултуюп, үйлөрүндө жатканында болуп жатпайбы. Ичээрин ичип, жээрин жеп, төрүнөн көрү жакын болуп турганда коркпой эле, жалтактабай эле айтышпайбы: "Эй, токтоткула мындай зордугуңарды, биз да элбиз, биз да журтпуз" деп. Ушуларды ойлогондо ичиң ачышып, итатайың тутулат тура. Ошолорго корогон кайран сөз - "Аксакалдар" деп. Аларды "Ысык-Көлдүн осурак чалдары" деп эле аташ керек,-деп, Адилет байке кадимкидей ачууланып алды.
- Туура айтасыз Адилет байке, жанагы Мамакеев деген көлдүктөрдүн академиги деле сайпана болуп жатпайбы, мурда "Акаевдин ордуна келе турган киши туула элек" деп жүрчү эле, эми "Максим Бакиевдин көзү укмуш экен, абдан жакшы көз, тим эле бүтүндөй кыргызга баш болуучу кишинин көзү" деп, жанын жеп жибербедиби.

3.-И-и, баса, жазуучу Асанбек Стамов көлдүк Бугулар башынан саткын, чыккынчы, ошол үчүн аларды "катын бугу" деп айтып калышкан деп жазып жатпайбы, балким көлдүктөрдүн аң-сезими ошондойдур, коркок, чыккынчы, кошаматчы, саткын дегендей.
- Ох-хо, Тилек, жөн жерден эле бүтүндөй бир дубан элди жаманатты кыла берген болбойт, биз тереңирээк карашыбыз керек, үстүртөдөн баа берүү жарабайт. Стамов каякка жазып жатыптыр, алигидей пикирди?
- Асанбек Стамов агабыз "Хан Тейиш" деген китебин чыгартып, миң сомдон сатып жүрөт. Мындан үч кылым илгерки калмактар басып келген мезгилге кайрылыптыр. Мына ушул китепте көлдүк Бугулар Кеминге калмактарды жашыруун кыя жолдор менен баштап алып келишип, Тейиш хан башында турган кыргыз колу кырылган, Бугунун бийи Белек чыккынчылык, саткынчылык, көшөкөрлүк кылып, калмак жайсаңына кызмат кылган, аларга жол көрсөтүп берип, Теңир-Тоо ичиндеги кыргыздарды кырдырганы, калмактар болсо Белекти качпай калган кыргыздарга хан кылып дайындап, өз кызыкчылыгына иштетишкени, бир топ мезгил өткөндөн кийин Эр Кошой башында турган кыргыздар келип, Белекти колго түшүрүп, башына жоолук салып, аял кийимин кийгизип, элдин алдында келинче жүгүнтүп, сарбагыштардын бийи Маматкулдун бутун өптүрүшкөнү жөнүндө жазып жатпайбы. Мына ошондон кийин "Катын бугу" деген ат калган дейт жазуучу.




Телтейип таяк жеп...

Мен Эмилбек Каптагаевди минтип "эл бузарлыкка" барып, эзелтеден "сен-мен" дешпей бирге жашап келе жаткан эки уруунун бирин басмырлатып, кайраштыраарына ишенбей жүргөн элем. Осмонов Ишенбек Тыналиевичтин "Кайран Эл" деген китебин көтөрүп алышып, "Бугу", "Саяк" болуп жакалашып жүрүшкөн көлдүк жердештеримдин колунан автордун көргөзмөсү боюнча жазылган актыны окуп, шалдайып эле туруп калыптырмын. Ормон хан өлгөндөн бери мындай чагымчылдыкка эч ким батына элек эле, мынчалыкка баргыдай, бу Эмилдин бугу уруусуна эмне деген жек көрүү сезими бар экенин түшүнө албай турабыз.


Эмил шелпейип мени ээрчип жүрчү
Анан дагы ал китепти окусаң, башынан аягына чейин эле Каптагаевди мактап, баатыр кылып салышыптыр. Акаевдин убагында иштеген иши үчүн козголгон кылмыш иши да "Каркыра" ("жумуртка") окуясынан кийинкидей кылып көрсөтүп, карандай калпты шыпыртышыптыр. Анан, Көлдүн бугу уруусунун өкүлдөрүн өлөөрчө боктотуп, айрыкча Түптүн элин Каркыра маселеси боюнча кордоп, өзүн гана жалгыз тайманбас оппозиционер кылып алыптыр. Эмилбек Каптагаевдин колуна бүгүн байлык тийип, "булут минип, муз бүркүп" калды. Болбосо, шалдыраган "Мерседесине" май издеп эле, өлө-сөлө болгон бир бечара эле. Жаныш Бакиев курсакка бир муштатып койсо, жүрөгү түшүп калып, бир ай үйүнөн чыга албай, кийин оппозиция лидерлери араңдап жатып көндүрүп, эптеп арыз жаздырганы эсимде. Түптөгү "Каркыра" жөө жүрүшүндө деле телтейип таяк жеп, шелпейип мени ээрчип жүргөн. Анан эми, түштөн кийин түптүктөрдү шылдыңдап...
Мен да баргамын Түпкө, мен да "жегем" жумуртканы. Бирок, мен түптүктөр турмак, алардын тоокторун да күнөөлөбөйм. Себеби, штампы бар жумурткалар Токмоктун тоок фермасыныкы болуп чыккан. Ал эми жумуртка менен ургулаганга ар кошкон жалданма маңкурттар (камактагыларды жалдап келишкен) , анан кызматынан ажырайм деп корккон жергиликтүү кызматкерлер гана катышкан. Түптүктөр угушкан да, көчөгө чыгышкан да эмес, алар кийин гана угуп, күнөөсүз күнөөлүү болушкан. Акаев менен
Бакиевдин бийлиги мындай чагымды Ат-Башыда, Таш-Көмүрдө, дагы толгон жерлерде уюштурган. "Дүжүр" чалдар Кыргызстандын баардык регионунда бар экени жалганбы? Ошону билип туруп, регион аралык араздашууну туудуруу менен ал абиийир таппайт.

Сабыр МУКАНБЕТОВ,
атайын "Учур" гезити үчүн