Акбилек

Гүлайым Садыбакасова, балерина:
"Жагымдуу жыттанган айымдарды сыйлайм"

Гүлайым Садыбакасова опера жана балет театрынын белгилүү балериналарынын бири. Учурда өзү да бийлеп, жаңы муунга да хореографиядан сабак берип, тынбай иштеп жатат. Бош убактысында жаңы тасма, мультфильмдерди көргөндөн ырахат алат.

- Гүлайым, үйбүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Мен абдан ынтымактуу үйбүлөдо чоңойгом, бир эжекем, бир сиңдим жана 11 жаштагы иним бар. Учурда эжем, сиңдим үйбүлө куруп, өз алдынча турушат. Тилекке каршы, атам каза болуп калган, апам болсо бала бакчада тарбиячы болуп иштейт. Мен өзүм карапайым үйбүлөдөн болгонум менен, чоң атам Шатман Садыбакасов белгилүү жазуучу болчу.
- Балерина болуп калганыңызга эмне түрткү болду?
- "Балериналардын балалыгы болбойт" деген сөз бар эмеспи, мында чындык бар. 11 жашымда хореографиялык мектепке баргам, ошол күндөн баштап менин таттуу балалыгым бүттү. Ар кандай сынактарга катышып, бийлеп жүрдүм, анан окуу бүткөн соң, чоң сахнада бийлей баштадым. Өзүм деле "берилип кетем" деп ойлочу эмесмин, бирок, бара-бара балетти жакшы көрүп, өз ишимди сүйө баштадым.
- Кандай режимде тамактанасыз? Диета кармайсызбы?
- Мен диета кармабайм, табитим жакшы, каалаганымды жейм, тескерисинче, витаминдүү тамактарга басым жасайм, кальцийди көп жейм.
- Сулуулугуңузду кармаш үчүн өзгөчө сырыңыз барбы?
- Чоң апам айтып жүргөн табияттык рецептерди колдонгонго аракет кылам. Косметиканы анча жактырбайм, анткени, анын баары эле химия. Бадыраңдан, кулпунайдан бетиме маска коём. Мен үчүн, айымдар сулуу көрүнүш үчүн кымбат баалуу кийим кийип, же боёнуп алуусу зарыл эмес. Болгону, чачы таза, өзү тыкан болсо болду, дагы, жагымдуу жыттанып турган айымдарды сыйлайм. Ошондуктан парфюмга чоң маани берем. Менин оюмча, биздин Чыгышта тарбия алган кыргыздын кыздары эң сулуу, тартиптүү жана намыстуу келишет. Биздин кыздардын урушчаак эмес, токтоо сапаты абдан жагат.
- Азыркы бийлеп жүргөн балериналардан кимдин талантын баалайсыз?
- Албетте, Асел Айдарова абдан таланттуу балерина, андан үлгү алып турам, анын техникасын да, образга кире алган артистизмин да баалайм.
- Сиздин оюңузча, биздин эл балетке кызыгабы?
- Жок, тилекке каршы, балетке кызыкпайт. Көбүнчө улуу муундагы адамдар, туристтер жана маданият таануу сабагынан мугалимдери кыйнап алып келген студенттер келишет (күлүп). Жаштар балет менен таанышып, спектаклибизге кичине келип турушса, биз да сүйүнөт элек.
- Бош убакытыңызда кантип эс аласыз?
- Мен дем алышсыз иштегенимен, кичине убакыт боло калса эле уктаганга аракет кылам, анан жолдошум менен киного барабыз. Мага "Кариб Деңизинин каракчылары" деген тасма абдан жагат, бүт бөлүмдөрүн көргөм. Пенелопа Крузду да актриса катары абдан сыйлайм. Дагы, мультфильмдердин баарын калтырбай көрөм.
- Канча өлкөгө чыгып келдиңиз? Алардын ичинен кайсынысы сизге өзгөчө жакты?
- Былтыр Шанхайга "Экспо-2010" деген фестивалга катышып келдик, андан тышкары Швейцарияга, Кореяга, Турцияга баргам. Мага Швейцариянын борбору Женева абдан жакты, климаты жакшы, таза шаар экен. Бирок, чет өлкөгө чыкканда баары бир Кыргызстанга шашып турам, башка шаарда бир айдан көп жүрө албайм.
- Жакында эле Оскарды алган "Кара ак куу" деген тасма көргөзүлдү. Сиз профессионал катары, ал кинодогу сюжет балериналардын реалдуу жашоосунан алынды деп ойлойсузбу?
- Чынымды айтсам, мага ал кино такыр жаккан жок, жана ал тасманы реалдуу жашоодон алынды деп ойлобойм. Ооба, чын эле балериналардын өз ички дүйнөсү бар, конкуренция деле болот. Бирок, мисалы, биздин сахнада андай атаандаштык деле жок, анткени маянабыз аз, жаңы спектаклдер коюлбай жатат. Ошон үчүн хореографиялык мектепти бүтүп алып, көп таланттуу окуучуларыбыз Орусияга же Астанага кетип атышат.
- Сиз балерина үчүн техника биринчи орунда болуш керек деген ойдосузбу же образга кире алган артистизмди баалайсызбы?
- Мага артистизм көбүрөөк жагат, бирок бул менин субъективдүү ой-пикирим. Албетте, техниканы да унутпаш керек, сахнада бийлеп атканда, көрүүчүлөрдөн эмес, чогуу иштеген кесиптештериңен коркуп турасың. Анткени, алар ар бир катаңды байкап турушат.
- Сиз өзүңүз кайсы спектаклди жакшы көрөсүз?
- Мен үчүн "Жизель" абдан кымбат, себеби, ал спектаклде баары эле ойной алышпайт. Кыйын коюлган драма спектакли. Дагы, жакында эле премьера

болгон "Саманчынын жолу" спектаклинде мен Алимандын образын жараткам. Даярданып жатканда, мен дагы бир жолу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун
бул чыгармасын окуп, каарманымдын мүнөзүн түшүнгөнгө аракеттендим. Кудайга шүгүр, премьерабыз аншлаг менен өттү.
- Ашканада кандайсыз?
- Улуттук тамактарды жакшы жасайм, манты жана күлчөтайды жолдошум жакшы көрөт.
- Жеке жашооңузга кайрылсак, жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- Жолдошум Талант Осмонов менен хореографиялык мектепте чогуу окучубуз. Менден бир жаш улуу, ал дагы балеттин артисти, 8-класстан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, мен 23 жашка чыкканда үйлөндүк.
- Эмне жонундо кыялданасыз?
- Бала төрөйүн деген тилегим бар, жолдошум экөөбүз кичинекей балдарды абдан жакшы көрөбүз. Негизи, мен үчүн карьерама караганда, үйбүлө маанилүү. Дагы бир тилегим, коомубузда, өлкөбүздө стабилдүүлүк орноп, тынччылык болсо деп Кудайдан суранам.
- Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!

Айсалкын
Самсалиева