Ташкул акенин өргөсүнө саякат

Мындан бир жума мурун "Учур" гезитинин жамааты Ташкул Керексизовдун Бишкектин чет-жакасындагы Чоң-Арык айылында жайгашкан үйүнө мейманга барып, баарлашып, руханий азык алып келген элек. Кыргыздын улуу эл экенин даңазалаган Ташкул акенин үйүнүн интерьеринин бир аз гана бөлүгү менен окурмандарыбызды өткөн саныбызда тааныштырсак, бул жолкусунда короо жайынын көрүнүшү жана меймандар тынбай келип-кетип даам сызып турган боз үйүнүн жасалгасы менен тааныштырабыз. Эмесе, көргөндүн көз жоосун алып, көңүлдү тойгузган керемет кыргыз дүйнөсүнө күбө болуңуздар.