Генерал Турганбаев маркумдарды эскерди

Түштүк жергесин титиреткен өткөн жылдагы июнь окуясынын бир жылдыгын белгилөө иш-чаралары жүрүп жаткан кез. Жүздөгөн үйбүлөлөрдүн көз жашын агызган бул каргашалуу окуянын жараты дале болсо айыга элек. Элдин эсин эки кылган ал күндөр азыр да караламан калкты кыжаалат кылып, анын жылдыгы жакындаган сайын эл арасын дүрбөтүп, ар кандай кептин очогуна айланды. Элдин мындай маанайынан пайдалангысы келген, өлкөдө стабилдүүлүктүн болушун каалабаган айрым терс күчтөрдүн күнү тууп жаткан кырдаалда - элдин коопсуздугун камсыз кылууга жана алардын ишенимдүү таянычы болууга максат кылган укук коргоо органдары 1-июндан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.

Өткөндүн тагы жүздөгөн энелердин, жубайлардын өзөктөрүн өрттөп, көңүлдөрүн сыздатып турганын айтпай кое албайбыз. Өкмөт тарабынан берилген материалдык жардамдар, колдоолор да ал кайгынын ордун толтуруп, энелердин көз жашын токтото албастыгы турган иш. Мындай каргашалуу окуялардын эми жүз бербеси үчүн бүгүн укук коргоо органдары колдогу мүмкүнчүлүктөрүн жумшашууда. Коомдук тартипти камсыз кылуу менен бирге, өткөн жылы элдин бейпилдигин коргоп жатып курман болгон кесиптештерин эстеп, алардын арбагына куран окутуп, жакындарына, үйбүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү иштерин да унуткарышкан жок.
Өткөн жылдын июнь окуяларынын учурунда курман болгон 12 милиция кызматкеринин ичинен үчөө Жалал-Абад облусунун кулундары эле. Эсиңиздерге салсак, өткөн жылдын 12-июнунда Базар-Коргон РИИБнин участкалык инспектору, милициянын капитаны Сулайманов Мыктыбек Базар-Коргон айылында өзбек улутундагы адамдар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бишкек ШИИБнын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери, милициянын старшинасы Шадыбеков Канжарбек 13-июнь күнү Ош шаарында Нариман айылында топтолгон элди тынчтандыруу учурунда окко учкан. Ал эми ИИОнун ардагери, милициянын подполковниги Мурзаканов Амангелди 14-июнь күнү Жалал-Абадда коомдук тартипти сактап жүргөн учурда, аны Сузак районунун кире беришинен өзбек улутундагы адамдар кармап алып, мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберишкен.
Курман болгон бул кызматкерлерге бир жылдан бери Өкмөт тарабынан да материалдык жардамдар көрсөтүлүп, М.Сулайманов менен К.Шадыбековдун үйбүлөлөрүнө Жалал-Абад шаарынан эки бөлмөлүү квартиралар берилген. Ал эми ардагер А.Мурзакановдун үйбүлөсүнө квартира берүү маселесин жакын арада чечүүнү жергиликтүү бийлик убада кылууда. Ички иштер органдарында иштеп жүрүп, 2008-жылы пенсияга чыккан Амангелди Мурзаканов өткөн жылы июнь окуясы башталганда өзүндөй болгон ардагерлер менен бирге шаарда коомдук тартипти сактоого тартылып, кызмат өтөп жаткан эле. Уулу Амангелдинин сөөгүн бир айдан кийин таап жерге берген маркумдун атасы, 81 жаштагы Мурзаканов Абдыбасыл аксакалдын күйүтү көкүрөгүн тиреп турса да, анын кайратына, элди ынтымакка чакырган акыл кебине аргасыздан ыраазы болдук. Азыр уулунан калган 7 небересине эрмек болуп, аларды да элин сүйгөн, кайраттуу балдардан кылып тарбиялап жаткан аксакал өзүнүн уулу менен сыймыктанаарын жашырбады.
Ал эми он гүлүнүн бири жаңы ачылып, 25 жашка толоруна 15 күн калганда окко учкан Шадыбеков Канжарбектин энеси Уултай апанын кайгысын айтуу оор.
-Алты баланын кенжеси эле, атасынын жолун жолдоп, уулдарынын ичинен ушунум милиция кызматын тандап алган. Өткөн жылы жайында отпускага келип, туугандарынын баарын кыдырып, бизди Ошко алып барып Сулайман тоосуна алып чыгып, сүрөткө чогуу түшүп, 6-июнь күнү кайра Бишкекке кеткен. Көрсө, ошондо биз менен коштошуп жаткан тура. Эгер үйлөнүп, артында бир урпак калганда, мынчалык күйүткө түшпөйт элем,- деп боздойт эне. Ошондон 7 күн өтпөй, 13-июнь күнү уулунун өлгөнүн уккан эне азыр Канжарбектин сүрөтүн, кенжесине берилген "Эрдик" медалын эң ыйык нерсесиндей аздектеп, кайгыга батып отурат...
Милициянын капитаны Сулайманов Мыктыбек өткөн жылы 13-июнда, Базар-Коргон районунун борборундагы базарда топтолушкан, массалык башаламандыкты уюштурган өзбек улутундагы атуулдарды тынчтандыруу максатында оперативдүү топтун катарында жүрүп, киши уккус мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Жогорудагы курман болгон кызматкерлердин үйбүлөлөрү, жакындары менен жолугушкан министрдин орун басары Мелис Турганбаев маркумдарга куран окутуп, жакындарынын ал-абалын сурап, көйгөйлөрүн угуп, айрымдарын жеринде чечип, айрымдарын жакын арада чечип берүүгө убада кылды. Аны менен бирге М.Турганбаев курман болгон кызматкерлердин жакындарына Ички иштер министрлигинин атынан жана өзүнүн жанынан акчалай жардамдарды тапшырды. Ошондой эле, жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери да материалдык жардам көрсөтүштү.
Аксы районунун Үч-Коргон айыл округунун башчысы Мадамин Шайымкулов райондук кеңештин чечими менен Кербен айылында өздөрүнүн кулуну Шадыбеков Канжарбектин эстелигин орнотуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи. Анын ысымы 2002-жылы акаевдик режимдин курмандыктары болгон Аксы баатырларынын ысымдары жазылган ардак тактага түшүрүлүп, өзү туулуп-өскөн айылдын көчөлөрүнүн бирине аты-жөнү коюлган.





Н.Сулайманов 100 миңден ашык доллар сарптап, уулуна той өткөрдү
Өткөн жуманын акырында, алтынчы күнү кечинде "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов уулун үйлөп, "Сары-Челек" ресторанында 100 миңден ашык доллар сарптап, чоң той берди.

Тойго Маскөөдөн "Премьер-министр" группасы чакырылып, Нукең, "эскортто 30 машине болот, 100 миң доллардан арзаныраак машинелер кошулбасын" деп күпүлдөп, байлык менен мартабалуулукту көрсөтүүгө катуу далбастаптыр дейт. Айтканындай эле, Ахматбек Келдибеков баш болгон 40 депутат, өкмөт мүчөлөрү, аттуу-баштуулар жыйылып, "Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык" болуп, катуу дуулдашыптыр. Ошентип, кечээ эле 7-апрелдеги элдик революциядан кийин Тажикстандын тоолоруна кире качып жашынып жүргөн экс-министр Н.Сулайманов (тажик тоолорунун "Тавил Дөрө" өрөөнүндөгү наркотрафиктин бригадный генералдары ал жакка барган кишини какшыта саап алаары турган иш, Нукең өзүнүн тууганы, азыр издөөдөгү кримавторитеттердин бири Алманбет Анапияев табыштаганынан аман да, акчалуу да калганы айтылууда) "Ата Журт" деген "паромго" түшүп, депутат болуп, багы ачылып, үстүнөн козголгон кылмыш иши жабыла элегине карабай тайралаңдап, министр кезинде "сологон" миллиондорду сапырып, минтип той берип турган кези. Эми, "акчаң болсо танкасың, акчаң жок болсо маңкасың" деген заман орноп, бийлик криминал менен коррупцияга каршы күрөшүн "ылгап" жүргүзгөн заман орноп жатса ошентет да. Жок дегенде, "аш- тойго болгон ысырапкерчиликти кыскартабыз" деп күпүлдөп жүрүшкөн депутаттар напсисин тыйышпайбы? Же, курулай пиар жасап, башыбызды айлантып жүрүшкөнбү? Апрель, июнь коогалаңында жарым миңден ашуун киши өлүп, жылдыгы боло электе, өлкөнүн бюджети тешик болуп, дефицит 22 милиардды чапчып, экономика аксап, эл кыйналып турганда, минтип "кутургандай" иш кылуу Кудайга деле жакпаса керек?

AlamanKg.org