Шумдугуң кур!

"Кыргызстанды жок кылуу саясаты каралууда"
Россия Федерациясынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, белгилүү саясат таануучу Гейдар ДЖЕМАЛ менен кыргызстандык орус тилдүү "Общественный рейтинг" гезитинин журналисти Эрик Исраиловдун төбө чачты тик тургузган маегин окуп алып, оозубуз Ошту эле карап калды. Айтылган аргументтерге караганда, Борбордук Азия чөлкөмүн чындап эле кара булут каптачудай. Ишенбейин десең, Косово, Жакынкы Чыгыштагы кызыл кыргындар эстен кетпейт. Гейдар ДЖЕМАЛдын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы жарандык согуш планынын экинчи бөлүгү боюнча согуш оту Борбор Азияда тутанат экен. Мындай өтө кооптуу кырдаал келе жатканынан биздин мамлекет башындагы жетекчилер кабардарбы? Же, бийлик-байлык талашуу кумарына берилип алган эмелер кара баштарынын пайдасынан башканы ойлобой жатып, "алдыраарда жаздыраар" болор бекенбиз?
Өткөндө, кыргыздын белдүү жигиттеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун Нурсултан Назарбаевге "Борбор Азиядагы аттуу-баштууларды чогултуп, региондогу кырдаалды талкуулап, колго алууну өтүнөм" деп жазган катын окуп, анча маани бербеген элек. Көрсө, маселени тереңинен билген дасыккан дипломат катуу каргашаны сезгендиктен жазган тура. Жакынкы Чыгыштагы өрттүн Борбордук Азияны каптай тургандыгы тууралуу маекти кыйгап өтө албай, "эл билсин, өзү таразаласын" деп, кайсы тилде жазылса, ошол бойдон жарыялап коюуну чечтик. Албетте, жети барак маекти толук бере албадык. Маанилүү деген жерлеринен үзүндүлөрдү келтирдик. Өзүң окуп калыс бол, кадырлуу окурман!

(Уландысы 7-бетте)