Анаш КАДЫРОВА, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Пейли таза адам сулуу көрүнөт"
- Сулуулугуңуздун, жаш көрүнгөнүңүздүн сыры эмнеде?
- Ушундай сөздөрдү укканда өзүмдү ыңгайсыз сезип, жаш кыздай уялып кетем. Чынында жүзүмө кам көрүүгө убактым өтө аз. Болгону, адамдын пейли кең болсо, бирөөгө суук көзүн артпаса, жандүйнөсү таза болсо, ичиндегиси сыртына чыгып, жаш, сулуу көрүнсө керек. Сырткы сулуулук менен эле иш бүтпөйт. Гүл да өз мезгилинде ажарына чыгып, өз мезгилинде бүрүн төгөт. Адамдын баалуулугу анын жандүйнөсүнүн, акылынын, адамдарга болгон мамилесинин, абийиринин, жүрөгүнүн сулуулугунда. Табиятымдын ушундаймын, сулуулугумдун эч кандай деле сыры жок.

Расул МЫРЗАТЕГИН, ди-джей:
"Терс сапатты оңдоого кудуретим жетет"
- Бир көрүп сүйүп калууга ишенесизби?
- Бул нерсе менин башымдан өткөн, ошондуктан бир көрүп сүйүп калууга ишенем. Адамды бир көргөндө анын сырткы келбетине көзүң урунат. Эгерде сырткы келбети сулуу болсо, анда ички дүйнөсү дал ошондой деп ишенимдүү түрдө айта алам. Эгерде анча-мынча терс сапаттары бар болсо, аны оңдоп алганга кудуретим жетет. "Жандүйнөнүн сулуулугу маанилүү, ал эми сырткы сулуулуктун кереги жок" деген мырзалар деле баары бир жанында ажары айдай, дене-келбети келишкен кыздын жандап жүрүүсүн каалайт. Ошондуктан, эң биринчи орунда кыздын сулуулугу турат, андан аркы мүнөзү же ичиндеги ойлорду сулуу кылып алууга болот.

Турсунбай БАКИР уулу, ЖКнын депутаты:
"Калп айтуу - биртууганынын этин жегенге барабар"
- Калпка жакынсызбы, акыркы жолу эмне деп калп айткансыз?
- Саясатта түз жүргөнгө аракет кылам. Ошондуктан, Кыргызстандын туңгуч Акыйкатчысы, бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп ишти баштаганда Ыйык Куранга колумду коюп, ант бергем. Бирок, эстесем, 1999-жылы Аскар Акаев менен Болот Жанузаковду алдап койгон экем. Баткен окуясында алар мага "биринчи кезекте япондор менен генералды бошотуп келиңиз" дегенде, мен макулдугумду берип, эшикке чыкканда жардамчыма "бекерди айтышыптыр, япон менен генералдын ээлери бар экен, биз болсо биринчи кезекте солдаттар менен лейтенанттарды куткарабыз" деп ачууланып айттым. Ошол эле күндөрү Болот Шамкеевди туткундан аман-эсен алып чыгыш үчүн Жумабай Наманганиге генералдын калпын колдоп, "Анарбек досум болот" деп айткам. Бир гана жакшылыкты кооздоп калп айтышым мүмкүн. Анткени, мындай калптар күнөөгө кирбейт. Бардык адамдарды калптан, ушактан алыс болууга чакырам. Ыйык Куранда жазылгандай, калпты, ушакты айткан адам биртууганынын этин жегенге барабар.


Аселя КАДЫРБЕКОВА, ырчы:
"Бабановго турмушка чыкмакмын"
- Мүмкүнчүлүк болсо, кайсы саясатчыга турмушка чыгат элеңиз?
- КРнын биринчи вице премьер-министри Өмүрбек Бабановго турмушка чыкмакмын. Өмүрбек Токтогуловичтин келбети, көздөрү, өзүн алып жүрүшү, кийингени, сүйлөгөнү, деги койчу, бардык жагы аябай жагат. Саясатчылардын ичинен эң красавчиги, интеллигенттүүсү, көрүнүктүүсү десем жаңылышпайм. Ага карата коюлган айыптоолордун бирине да ишенбейм, ишенгим да келбейт. Ал менин идеалым. Эх, эгер ал бойдок болгондо... Чаап алганга аракет кылмакмын. Аябай эле кыялга батып кеттим окшойт, ээ? Бабанов менен бир боло албасам дагы, ага окшош адамга турмушка чыксам, мен абдан бактылуу болмокмун.


Назгүл НАСИЕВА, продюсер:
"Ырчыны атак-даңк сынайт"
- Продюсер менен ырчынын урушу модага айланганынын себеби эмнеде?
- Ырчы ырчылыкка аттанып, эл алдына чыгаарда продюсердин артынан мышыктай мый-мыйлап аябай чуркайт. Адамга акча, мансап, атактуулук берип сынаса болот. Эгер ал чындап эле адамдык касиетке ээ болсо, анда көөп кетпейт. Ырчы канчалык атактуу болсо, ошонун баары продсердин эмгеги. Кийген кийиминен тартып, интервью бергенге чейин бүт үйрөтөт. Продюсеринин авторитети аркылуу популярдуулукка жетишип алып, күйөрман топтой баштагандан тартып, "өзүм деле журналисттер менен сүйлөшүп, интервью берип, концерттерге катыша берсем болот турбайбы, акчаны бөлүшүп эмне кылам?" деп ойлой баштайт. Продюсердин буга чейин кетирген акчасын, убактысын унутат. Тапкан акчаны бөлүшкүсү келбей, ач көздүктүн айынан уруш башталат. Урушканда каяша айтып, бакырышпайт. Жөн эле жок болуп кетет. Бул жагын чыгып келаткан ырчылар мода кылып алды.


Насикат КАБЫЛДАЕВА, жаш актриса:
"Төгөрөгү төп келген жигитти кыялданам..."
- Өзүңүздөн бою кичине жигитти сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз?
- Эгерде мен катуу сүйүп калсам, эч нерсесине карамак эмесмин. Себеби, сүйүүнүн көзү сокур, сүйгөн адамыңдын кемчилиги көрүнбөйт эмеспи. Ал менен чогуу жүргөндө жакшы көргөн шиш такаларымдан баш тартмакмын.
Башкаларга "иним болот" деп тааныштырып коймокмун. Тамаша. Бою кичине болсо эмне экен? Жандүйнөсү таза болсо болду да. Жүрөк сүйүп калса, менин тандаганга эч кандай укугум жок болот. "Баары Жараткандын буйругунан болду" деп гана кабыл алмакмын. Ошентсе деле бою узун, кашы-көзү капкара, ак жуумал келген кыргызымдын кең далылуу мырзасына жолуксам деп кыялданам. Кыскасы, төгөрөгү төп келген адамга... Бирок, жашоодо баары биз ойлогондой боло бербейт да...


Зияш ТУРДУБЕКОВ, тамашоучу:
"Эжейиме суроону карматып койгом"
- Мектепте мугалимдер бир жакшы, бир жаман окуган окуучуну эстеп калышат. Сен кайсынысына кирчүсүң?
- 9-класска чейин менден жоош адам жок болчу. Сабакты окуп келип, жооп бергенден тартынып "2" алчумун. Баардыгы 9-класста башталды. "Жооштон жоон чыгат" деген чын окшойт. Сабактан качмай, кыздар менен сүйлөшмөй адатка айланган. Окууну коридордон бүткөм. Ар нерсени айтып тамашалай берип эжелердин айласын алты кетирчүмүн. Бир жолу эжейим сабакты жыйынтыктап жатып: "Суроо болсо бергиле" деди. Мен кагазга суроо белгисинин сүрөтүн тартып, "менде суроо бар" деп эжеге карматып койгом.