Келерки жумада Отунбаева күтүүсүз отставкага кетеби?
Акүйдөгү жеке булактарыбыз билдиргендей, кечээ өткөөл мезгилдин президенти Роза апчебиз бир жумадан кийин отставкага кетерин эки адамга айтыптыр. Биринчиси АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Памела Спратлен айымга жана премьер-министр Алмаз Атамбаевге. Р.Отунбаеванын бул сенсациялык максатынын түпкү себеби түшүнүксүз. Бирок, биз билгенден өлкөдөгү абалдын өтө курчуп баратканы, былтыркы июнь окуяларын ачыктаган эл аралык комиссиянын жыйынтыгы, ошондой эле эң башкы жагдай, эгерде азыркы Башмыйзам боюнча спикер Ахматбек Келдибеков президент болуудан баш тартса (ал ошого макулдук бериптир), анда президенттин милдетин аткаруучу болуп азыркы өкмөт башчысы автоматтык түрдө дайындалары, күзүндөгү президенттик ат чабышта Алмаз Шаршенович үчүн эбегейсиз жашыл жарык күйөрү келесоого да түшүнүктүү эмеспи. Анан калса Орусиянын чалгын кызматтары Роза Исаковнанын батыш банктарындагы оффшордук зоналардан түшкөн шектүү акчаларын табышып, ал белектердин ээси апченин сүйүктүү иниси Бабановго тиешелүү экендигин ачык түрдө тастыктаганы жатышыптыр. Бул божомолубуз канчалык чындыкка дал келерин күтө туралык. Анткени "УЧУР" гезити мындан туптуура бир ай мурда кыргыздардын үлкөн аткаминери Лондондогу Максим Бакиев менен интернет-сайт аркылуу сүйлөшүп, анын чоо-жайы коомчулукка жарыяланарын кабар кылганбыз. Көпчүлүк бизге ишенбей, гезитибиздин "беш өрдөгү" катары кайдыгер кол шилтеп коюшкан. Анткен менен "УЧУРдун" чындыгы далилденип отурат, кечээ "YouTube" сайтына чыккан Өмүрбек Бабанов менен Максим Бакиевдин сүйлөшкөн сөзүнө күбө болдуңуздар.


А.Атамбаев биринчи орун басарынан көңүлү калгандай...
Үч күндөн бери парламенттен саясый кызык интригаларды байкадык. Өкмөт башчысынын парламенттеги расмий өкүлү Данияр Нарынбаев менен КСДП фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбаев ачыктан-ачык эле депутаттар менен сырдашып, Өмүрбек Абдрахманов жетектеген комиссия боюнча Бабановду жайлап бергиле (!) деп ачык соодалашып жүрүштү. Демек, Алмаз байкебиз Кремль тараптан көрсөтүлгөн кысымга туруштук бере албай, экинчи четинен Өмүрбек Токтогуловичтин шефине карата тымызын оюндарына жини келип, биринчи орун басарын сары улак садагага чапкысы келгени ачыкка чыга баштады.


"Каттани" кимге болушат: кан досунабы же таластык инисинеби?
Соңку кездери өз ара тирешүүлөрү күчөп бараткан Бабанов менен Эшимкановдун чатагынан улам "Каттани" атка конгон Ө.Суваналиев кимге болушарын билбей турат. Жердешчилик сезими менен Өмүрбек инисине жантартабы же далай кыйчалыш күндөрдө бирге сыналышкан досу Мелиске ыктайбы (?), бул кырдаалга саясый элита да кызыкдар.


Казак бийлиги Р.Рыкуновага издөө салды
Акаев доорунда кыргыздын "Моника Левинскиси" аталган Роза Качиеваны ким билбесин? Бу айым жаш кезинде сулуулугу менен далай чиновниктерди кайырмакка илгени, алдамчылык менен шугулдангандыгы аңыз кеп болуп айтылып келет. Кийин ызы-чуусу ырбаган Роза аты-жөнүн Раушан Рыкунова деп өзгөртүп, сырткы келбетине пластикалык операция жасатып, жапжаш болуп кубулуп чыга келгени ММКларга жарыяланган. Эми Р.Рыкуновага Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланганы кабарланды. Эсиңерге сала кетсек, бул айым Акаев режиминде чуулгандуу иштери менен Казакстанга баш калкалай качкан болчу, анан ал жакта да жөн жүрбөй, кимдир бирөөлөрдү сыздаткан го...


  Күтүүсүз шыңгырак

Эшимканов менен Бабанов мушташа кетиштиби?

Соңку күндөрү дайны чыкпай кеткен Мелис Эшимканов жөнүндө ар кандай ушактарды угуп, өзүнө жолуга албай, бирок, кечке маал телефон аркылуу кыска суроолорду бергенге үлгүрдүк.

-Мелис Асаналиевич, "Замандаштын" лидери Мухтар Өмүракуновдун көзү өткөндөн кийин, сизди катуу кайгырып, "Манас" аэропортунан сөөгүн тосуп алганда бир саат ыйлаганыңызды, анан 20 күндөн бери бутуңузга жем түшүп, жинди суу менен гана жалгыз сүйлөшүп калганыңызды айтып атышат. Ушул чынбы?
-Чын. Мухтарды биртууган инимен да жакшы көрчүмүн. Кубага кетеринде үйүмөн үч саат мени менен кенен сырдашып отурду эле. Натыйжада, аны өлүмгө өзүм узаткандай айламды таппай жүрөм. Жүрөгүмдүн бир капшытын эңшерип кеткендей эле болду. Бирок, жинди суунун кучагынан чыга албай жүрө берсем, өзүм да соо калбасымды түшүнүп, эки-үч күндөн бери ички психологиялык кризистен чыгарыма аз калды. Душмандарым сүйүнбөй кое турушсун...
-А өткөн жума этегинде эски досуңуз Ибрагим Жунусовдун 50 жылдык тоюнда премьер-министрдин биринчи орун басары Бабанов тост сүйлөп атканда, сиз ордуңуздан кыйкырып, сөгүнүп, Өмүрбекти шылдыңдап, анын жансакчылары менен мушташып кеткениңизди уу-дуу сөз кылып атышат. Неге мындай кылдыңыз эле?
-Мен канчалык кызуу болбоюн, өмүрүмдө эч качан бирөөнү сөгүп көргөн жан эмесмин. Болгону Өмүрбек Бабанов иним "абийир, адамгерчилик" жөнүндө сүйлөп атканда чыдабай кетип, ордуман "Бобик, ыйман жөнүндө сен экөөбүз сүйлөбөй эле коелучу, сенин элге акыл үйрөткөнгө моралдык укугуң жок!" деп кыйкырып койдум. Бабанов жигит болсо мени менен өзү эркекче сүйлөшсө болмок. Анткендин ордуна өзү кетип калды дагы, мени улам ызырынган жансакчылары курчашып, мушташ провокациясына түртүп жатышты. Эми анча-мынча эркекче алар менен "сүзүшүп" койдум (Эшимканов деген желмогуз өспүрүм курагында классикалык күрөш боюнча СССРдин спорттугуна кандидат экенин көптөрү билбесе керек). Буга күбө катары жанымда отурган экс-классташтарым Азиз Турсунбаев, Улугбек Ормонов, ошондой эле мыкты киночу Садык Шернияздар баардыгына күбө болуп отурушту.
-Эки күн мурда Бабановдун менчигиндеги НТСте теле алпаруучу болуп иштеген жубайыңыз Асел Эшимканованы дагы жумуштан кетирип жатканын уктук. Бул канчалык акыйкатка жакын?
-Ооба, НТСтин азыркы гендиректору Аман Бакытов деген жигит жубайымды чакырып, "өз ыктыярыңыз менен жумуштан кетиңиз" деп сунуштаптыр. Себебине кызыкса, "сизге профессионалдык, юридикалык жактан эч кандай дооматыбыз жок, минтип кыйнаганым үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам, бирок, шеф тараптан ушундай команда болгондон кийин кетпесеңиз болбойт" дептир. Жубайым арыз жазгандан баш тарткандан соң, аны эч кандай негизсиз эфирден алганга укуктары жок. Аргасы кеткен жетекчилик "анда сизди кетирүүнүн башка жолдорун табабыз" дептир. Албетте, өмүр бою теле эфирде жүргөн жарым Асел жөн кетпейт, мыйзамдуу түрдө сот аркылуу укугун коргомокчу.
-Бул окуяны сиз Жунусовдун тоюндагы чатакка байланыштырасызбы?
-Бабанов чабышса мени менен ачыкка чыкса жарашмак, анан аялымдын деңгээлине түшүп, "кетирем" деп жатканы анын пас жүзүнөн кабар берет. Асел 15 миң сомдук айлык алган бул кызматтан кетсе талаада калбайт дечи, чакырган теле каналдар толтура, бирок, адилеттүүлүк үчүн Бабановдун өз билемдиги менен мыйзам аркылуу күрөшкөнгө даярбыз.
-Соңку учурда бир кездеги шакиртиңиз, КТРКнын гендиректору Кубат Оторбаевге тымызын бут тосуп, мурдагы ордуңузду эңсеп жатканыңызды көп жазышты. Бул жагына кандайча кеп айтасыз?
-Жүздөгөн шакирттеримдин бири катары Кубат Оторбаевди колдойм. Ага жок дегенде мыйзам чегинде өзүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек.
-Эми Мелис байке, бүгүнкү саясый кырдаал жөнүндө бизге кенен-кесир маек куруп бербейсизби? Бугуңуз деле толуп жүргөндүр...
-Маекти кийинки жумага бергенге убада кылайын.

Маектешкен
Асланбек САРТБАЕВ