Ээрден кулаган экс-президенттер...

"Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат" дегендей, бир кездеги президенттер мамлекеттин биринчи адамы болуп саналып, кайда барса сый-урматка татып келсе, азыр айрымдары катардагы адамдар. Арасында саясый ишин улантып жүргөндөр бар. Кай бири өлкөсүнөн качып, кай бири сотто сүйрөлүп жүрүшөт... Алардын айрымдарына токтолсок.

Чехиянын бир мезгилдеги президенти Вацлав Гавел бийликтен кеткенден кийин жөнөкөй жашоого адаптация боло албай, кыйналган күндөрүн чагылдырган "Кетүү" деген чыгармасын жазган. Анан аны экрандаштырып, эфирге алып чыгарда оор абалда ооруканага түшүп калган. 75 жаштагы мурунку чех лидеринин азыр оорубаган жери жок. Ошентсе да, саламаттыгынын начардыгына карабай, өзү режиссер болгон "Кетүү" фильминин бет-ачаарына катышып, аны ачык деп жарыялаган. Вацлав Гавелдин өзүнүн кесиби - драматург.
Президенттик мөөнөттү оголе кыска өтөп кеткен Литванын экс-президенти Роландас Паксас учурда "Либералдык-демократиялык" партиясынын төрагасы жана "Тартип жана калыстык" парламенттик партиясынын лидери. Роландастын кесиби спортсмен жана учуучу.
Татарстандын экс-президенти Минтимер Шаймиев өлкөсүнүн Булгар шаарында жана Свияжок аралында курулган архитектуралык эстеликтерди "талкалабай коргоп калалы" деп какшаганы менен аны уга турган чоңдор жок. Ал өзү буга каражат таппай карайлап, кайра эле элине кайрылып, көмөк күтүп турган кези.
Египеттин президенти Хосни Мубарак үстүбүздөгү жылдын февраль айында элдик толкундоолордон улам бийликтен четтетилген. Жакында сот залына көрсөтмө бергени келген жеринен анын жүрөк оорусу кармап, ооруканага түштү. Бирок, бул шылтоосуна карабай, "Ооруса Каирдин түрмөсүндө дарылансын" деп сот аны түрмөгө камоого далалат кылууда. Экс-президент элине каршы жасаган кылыктары жана кылмыштары үчүн сотто сүйрөлүп жүргөн чагы.
АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон азыр саясатты аялынын колуна берип, өзү коомдук иш-чаралар менен алектенип жүрөт. Акыркы жаңылыгынан айтсак: бир аз күн мурун ал азыркы президенти Барак Обаманын бир жыныстагы адамдардын никеге туруусун мыйзамдаштырганына сүйүнгөнүн айтып, пресс-конференция берген. Ага өлкөнүн саясатына терең кирүүгө дарманы деле калбай калган өңдөнөт. Анткени, ал жүрөгүнөн оор операция болгондуктан, ага ашыкча эмоциянын кереги жок.
Япониянын экс-президенти Перу Альберто Фухимори 2009-жылдан бери абакта күн кечирет. Ал адам укугун тебелеп-тепсегени үчүн 25 жылга камакка алынган. Учурда кызы Кейко атасынын жолун улап, саясатка аралашып, өлкөсүндө өткөн быйылкы президенттик шайлоодо да талапкерлигин койгон. Максаты- атасын абактан бошотуу. Перу Альберто өзү жаткан камерага 50дөй конок чакырууга уруксат алып, экинчи кызы Сатини күйөөгө түрмөдөн узатууга аргасыз болгон.
Аргентинаны Нестор Киршнер 2003-жылдан 2007-жылга чейин башкарган. Ал креслосун аялына бошотуп берген жалгыз президент болуп элдин эсинде калган. Нестордун көз жумганына бир жылга аяк басып, аялы Кристина азыр өлкөнү башкара албай, айласы кетип атканы. Андан пайдаланып, айрым саясатчылар өз көмөчүнө күл тартып, элди азгырууда…
Латвиянын мурунку президент айымы Вайра Вике-Фрейберг президенттиктен кеткенине кейибейт деле. Себеби, азыр да телегейи тегиз. Учурда бизнестин битин сыгып, "VVF Consulting SIA" аттуу чоң компаниясы бар. VVF- өзүнүн аты-жөнү менен чечмеленет. Керек болсо ал президент кезинде кийип жүргөн шкаф толо кийимдеринин акчасын кайтарып алуу максатында аларды аукционго койгондон уялган эмес. "Мен бул кийимдерди өзүмдүн эмес, Латвиянын кадыр-баркын сактоо жана уяткарбоо үчүн алгам. Эми чыгымдаган айлык маянамды кандайдыр бир жол менен кайтарып алышым керек" деген.
Украинанын президенттик тагынан түшкөн дагы бир экс-президент Леонид Кучма кийин коомдук ишмерге айланган. Ал жөнүндө жакында жаман кабар угулду. Ага "Украинанын журналисти Георгия Гонгадзенин өлүмүнө шектүү" деп кылмыш иши козголду. Журналисттин өлүмүнө 10 жылдын жүзү болсо да, аткаруучулар камалып, а уюштургандар табылбай келген. Эми ошол адам - Кучма болуп чыга келди.
Арменияны 2008-жылга чейин башкарып турган президент Роберт Кочорян мөөнөтү бүткөндө сыйы менен тактан түшкөн (буга чейин эки жолу шайланганы жетиштүү эле). Учурда "Система" аттуу компаниясынын эркин директору. Ал 2009-жылы уулун үйлөнтүп, Голландиядан 3 тонна роза гүлүн заказ менен алып келдирип, келининин алдына төшөп, элдин оозун ачырган. Эл "кайран гана биздин акча..." деп кейиген.
Россиянын экс-президенти Владимир Путин Россияга 2000-жылдан 2007-жылга чейин баш-көз болгон. 2007-жылы мөөнөтү бүткөн президент ордун азыркы президент Дмитрий Медведевге өткөрүп берип, өзү премьер-министр болуп алган. Эли "Медведевдин аты эле бар, баарын Путин башкарат" деп айтышат. Чындыгында Россияда президентине караганда, премьердин зоболосу күчтүү.
Ал эми Кыргызстанды 15 жыл башкарып, "жоогазын революциясынын" натыйжасында өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон биринчи экс-президент Аскар Акаев учурда РФнын президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министри Владимир Путин менен кошуна. Бүгүнкү күндө ал Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинде илимий кызматкер, студенттерге агай. Ал эми экинчи президент Курманбек Бакиев да 2010-жылы 7-апрелде болуп өткөн кандуу революциядан соң, Беларуссияга качып кетүүгө үлгүргөн. Ал азыр эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Акыркы берген маектеринде "Азыр бошмун, эшикке чыгам, ары-бери басам, кээде өзүм тамак жасайм. Мен тамакты даамдуу жасайм" деп мактанган.

Мира Табылганова