Дүйнөлүк ойноштор

Сүйүүдө көңүлү ак Бонапарт

Бул рубрикабыздын каармандары - дүйнөгө атагы чыккан императорлор жана императрицалар, хандар жана ханышалар, акындар жана актер- актрисалар... Булардын ар бири ар башка адамдар, бирок баарынын башы бир улуу күчкө, сүйүү деген сезимге байланган. Сүйүүнүн деми биз жаза турган каармандардын кай бирин күчтөндүрсө, кай бирин алдан тайдырган. Алар акылдан адашканча сүйүшүп, ойго келбеген кадамдарга, каардуу согуштарды баштаганга, дүйнө-мүлкүн ченемсиз чачканга барышкан. Биз мындан ары дүйнөгө белгилүү адамдардын сүйүү деңизиндеги мамилелерин "Дүйнөлүк ойноштор" рубрикасынан бере баштайбыз. Алгачкы каарманыбыз - француз императору (1769-1821) Наполеон Бонапарт.

Кыз дегенде кырынан кеткен Бонапарт аялзаты үчүн өзүнүн албан-албан иштерин, пландарын да артка жылдырып, маршал жана солдаттарын да эсинен чыгарып салчу. Ал аялдарды азгырыш үчүн миллиарддарды чачып, aйымдардын алкоосуна татуу үчүн, сөздөрдүн гүлүн терип, ширин каттарды жазчу.
Наполеондун мойнуна эң биринчи чап кенедей жабышкан аялзаты - жазуучу Тюрронун жаш аялы болгон. Буга чейин жапалдаш бойлуу, сары чийкил, жупуну кийинген жөнөкөй солдатка аял аттуулар таптакыр көңүл бурган эмес эле...
Кийинчерээк, Наполеон инисиникинде, Марселде жүрүп калат. Ал жерден иниси Жозефтин үйүндө жүргөн 16 жашар Дезиреге тамаша сөз ыргытып, ага үйлөнүп аларын айта берет. Бирок, Дезире чындап эле аны сүйүп, жүрөгүнө олуттуу сезим орнойт. Муну билген Наполеон ага баш байлаганга сөз берип, колун сурайт. Мына-мына баш кошобуз деп турганда, бири-биринен өтүп суйкайган париждик 30-35 жаштардагы айымдардан Наполеондун башы айлана баштайт. "Сүйүүнүн искусствосун ушулардан үйрөнүш керек турбайбы" деп, өзүнөн улуу аялдарга азгырылып кетет. "Үйлөнөм" деген убадасына турбаган Наполеонду Дезире катуу жектейт. Өзүн күнөөлүү сезген Наполеон, ашык болгон айымдын алдында өмүр бою күнөөсүн жууганга чоң аракеттерди жасайт. Өзүнүн ачык душманы, Бернадотт аттуу генералга Дезире турмушка чыкканда, экөөнө бакыт тилеп, уулу төрөлгөндө киндик ата болгон. Кийин, империя убагында, Бернадотту империянын маршалы кылып шайлап, ага наам, чин дегендерди аянбай ыйгарып, жер, байлык дегендерди да кошо тартуулаган. Мунун баары - убагында сөзүнө турбагандыгы үчүн, Дезиренин алдында аткарган жигиттиги эле.
1779-жылы Жозефина аттуу бой аялды бир көрүп эле жактырып, каректери кадала тиктеп калат... 30 жаштагы Жозефинанын эки баласы болсо да, сынынан кетпей ажарлуу болчу. Наполеон Жозефинанын келбет-мүчөсүнө, маралдай басканына суктанып, кыймылындагы кандайдыр бир түшүнүксүз керемет ыкшоолугуна таң берчү. Анын эркектерди азгырып турган кумарлуу денесин, назик жылмаюсун, сулуулугун басса-турса эсинен чыгара албайт. Эри жок аялга ар кандай эркектер келип-кетип турганын укса укмаксан, көрсө көрмөксөн болот. Жозенин төшөктөгү ашыкча ысыктыгы, ээ-жаа бербеген эркелиги арбап, акыры ага турмушка чыгуусун суранат. Өзүнөн жаш, келечеги бар Наполеондун сунушуна Жозе макулдугун берет. Ошентип, Наполеон 26 жашында 32 жаштагы Жозеге үйлөнөт. Үйлөнгөндөн эки күн өтпөй, Бонапарт Италияга согушка жөнөйт. Аскердик иштери оош-кыйыш абалда турганына карабай, Наполеон ар бир станциядан аялына сүйүү каттарын жазып жөнөтчү. Ар бир каттарында Жозени сагынуу, кызгануу, кучактоо, өбүү бар эле. Ал аялына Италияга бир түнгө, бир саатка келип кетүүсүн суранып жазчу, буйрук берчү, жалынчу... Бирок, акча чачканды, таттуу жашоону жакшы көргөн Жозе ар кандай шылтоолорду айтып жүрүп, "келип кет" деген жалынуусун бир гана ирет аткарат. Убакыт учуп, Наполеон согуштан аялы 40 жашка чыкканда кайтып келген. Ошондо да Жозе ал үчүн сымбатынан жазган эмес. Дале болсо ал Наполеондун жүрөгү менен сезимине бийлик кылган жалгыз аял болуп кала берген.
Эми Египетке согушка аттанган Наполеон, бул мамлекетти багындыраары менен Жозе анын жанына келишин тактап сүйлөшүп алат. Бирок, узак сапарда баратканда ой басып, аялына карата шектенүүлөр пайда боло баштайт. Ал ишенимдүү дос-жоролорунан Жозе жөнүндө сурамжылап, көзүн чоң ачат да, ажырашууну, ошону менен катар башка аялдарга болгон ысык кумарлардан баш тартпоону чечет.
Египетке Фуре аттуу лейтенант күйөөсүнө келген жапжаш айымга Наполеондун көзү түшөт. Бирок, тиги дароо кайырмакка илинбегендиктен, көңүлүн алыш үчүн таттуу каттарды жиберип, азгырыш үчүн баалуу белектерди улам жөнөтүп турат. 22 жаштагы Маргарита-Полина Белиль бара-бара анын эркине баш ийип калат. Ортодогу жашыруун мамилени өз көзү менен көрүп калган Фуре аялы менен ажырашып тынат. Маргарита генералдын фавориткасы болуп, бардык жерде ачык эле ээрчип жүрө баштайт. Аскерлер аны "биздин генералша" атап алышат. Ал кезде генералдардын согушта ойношторун ала жүргөнү кадыресе көрүнүш болгон. Аскер адамдарын аялдары үйүндө күтүшсө, ойноштору жанында жандап жүрүшкөн. Наполеон Маргаритага "уул төрөп берсең, Жозе менен ажырашууга даярмын" дейт. Бирок, канча аракет кылышпасын, алардын ою ордунан чыкпайт. Египеттен кийинки согуш Сирияда улангандыктан, ал жакка Наполеон Маргаритасыз кетет. Сириядагы согуш бүткөн соң, Парижге кайтат. Белиль Парижге аны издеп келип, бирок, ойношунун аялы менен жакшынакай жашап жатканын көрөт. Ошондо Наполеон анын да алдында өзүн күнөөлүү сезип, эбегейсиз көп акча менен камсыздап, дача белек кылып, керек болсо өз колу менен башка күйөөгө узатат. Маргарита өзү каалагандай чалчаңдап жашап, акчасын каалагандай коротуп, ойноштор менен ойнойт. Ал император каякка барса, ошол жакка барып, анын көзүнө урунганды адат кылып алган. Ушинтип жүрүп, акыры күйөөсү менен ажырашат да, роман жазып, живопись менен алектенип кетет. Кийин отставкадагы офицерге турмушка чыгып, соода жүргүзүп, 92 жашка чейин өмүр сүрөт.
Чындыгында Наполеон Францияга келгенде, Жозе менен ажырашам деп чечим кылган. Бирок, күйөөсү менен ажырашса, коомдо эч ким болбой каларын таразалаган Жозе анын эшигинин алдында күнү-түн ыйлап, ага балдары кошулуп, акыры кең пейил Наполеон аялын кечирет. "Эч бир эркек жаныңа жологонун көрбөйүн" деген талапты коюп, эки миллиондон ашык карызын төлөйт. Күйөөсүнүн мындай зор жакшылыгынан кийин Жозефина сөз бергениндей эле өзүн тыкыр, адептүү кармайт да, эми аны жоготуп алуудан коркот. Бирок, жаш сулуулардын даамын татып алган Наполеон аялы ага акылман кеңешчи, дос, арыз-муңун уккан жакын адамы, саясатта аксөөктөр менен ар кандай байланыш түзгөн жардамчы болуусун гана каалаган.
Милан шаарынан ырчы Грассининин ырдаганын көрүп, Наполеон вокалдык музыканы жактырып калган. Жүзүндө сулуулуктун үрөнү жок Грассини мыкты талант эле. Наполеон ошонусу үчүн гана аны ойнош кылган. Ага да колу ачыктык кылып, "ырдабай калганыңда жашоо керек" деп, ченебеген пенсия жаздыртып берген.
1803-жылы "Доринанын түндөрү" деген спектаклин көрүү үчүн Наполеон италиялык актерлорду чакыртат. Ал кезде Жозе "Наполеонго төрөп беришим керек" деп дарыланып курортто эле. Жапжаш актриса Луиза Роландого кумар отун чачкан Наполеонго тиги айым да ошондой эле жалын менен жооп берет. Сүйүүнүн кызыгына эми батып келатышканда, Жозе курорттон кайтып келип, ызы-чуу салып, экөөнүн мамилесин эң кыска убакытта үзүп салган.
Ошондон беш ай өткөндөн кийин кезектеги ойношу - мадемуазель Жорж болгон. Ал ойношу тууралуу минтип айткан: "Наполеон мени чечиндирип атканда жаш баладай ойноок, шаттуу, сүйкүмдүү эле. Сүйүүгө башы айланган ал ушунчалык назик кучактап, аяр сылап, абайлап сүйлөчү. Анын мындай азгырык мамилеси мага да билинбей өтүп кетчү". Эки жылга созулган булардын сүйүүсү да Жозефинага тынчтык берген эмес.
Наполеонду дагы бир Водей аттуу айым ашык кылган. Статс-катчы болуп иштеген Водей биринчи жолуккан түнү эле кагаз толо карыздарынын тизмесин көрсөткөн. Наполеон анысын толук төлөп берет. Экинчи, үчүнчү жолу да ушундай кайталанганда, "мага мындай кымбат ырахаттын кереги жок" деп аны менен жолугушуудан баш тарткан.
Лектриса (көркөм сөз окугуч), кымча бел Анна Рош Наполеондун короосунда үй кызматкерлери менен бирге жашаганы менен, анын башкы өргөөсүнө киргенге уруксаты бар эле. Каалаган учурда кирип-чыгып жүргөн Аннаны байкаган Жозе аны да кууп чыгат. Бирок, Наполеон аялы үчүн кечирим сурап, ага чоң турак-үй тартуу кылган жана аны бай финансист адамга турмушка узаткан.
1805-жылы император таажысын кийип жаткан Наполеон келген меймандардын арасынан дагы бир лектриса Карлотта Гадзанини жактырып калат. Бою узун, тыртайган Карлоттанын ал болгону бакырайган көздөрүнө, өзгөчө жүзүнө арбалган. Айына арзыбаган акчага иштеп жүргөн Карлотта императордун ойношу болгонуна сүйүнгөн. Бирок, башкалардан айырмаланып, ал өзүнүн ордун билип, ар кайсы талаптарды койчу эмес. Ага болгон ысыгы тараганда, Наполеон жогорку коомдон ага өз ордун таап берип, сулуулук салонуна ээ кылган.
Императордун резиденциясында дагы бир сулуучумак аял жашаган. Жозе күйөөсүн аны менен төшөктө жаткан жеринен кармап алгандан так 9 ай өткөндө уулдуу болгон.
Түрмөдө жаткан капитандын аялы Элеонора Денюэль узун бойлуу, кара көздүү, шар жүргөн сулуу эле. Императордун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети текке кетпей, аны менен сүйүү сааттарын өткөрүп жүрүп, боюна бүтүрөт. Леон аттуу уулдуу болгондо, атасы наристеден эч нерсе аябайт. Бирок, аны өзүнө уул катары жаздырып алуу машакаты ишке ашпайт.
Эң кумарлуу, назик сүйүүлөрүнүн бири - поляк кызы Мария Валевская менен болгон. Польшада жүргөндө бай абышканын аялы, жаш сулуу Марияны койнуна тартып алуу Наполеон үчүн оңойго турган эмес. Мамлекетке таасири бар поляктар мекендин боштондугу үчүн кайра-кайра Мариядан суранышканда гана багынып берген. Ал Наполеондун ак сарайында расмий ойнош катары жайгашканда, поляктар жердеши Польшанын эгемендигин алып береринен шек санабай калышат. Бонапарт бул айымга элдин көзүнчө эле суктануу, мактоо сөздөрүн ыргытып турган. Мүнөзү жумшак, назик, жоош Мария Наполеонго бүтүндөй берилип, экөө чогуу болгон 1807-жылдагы жаздын үч ай убактысын ага чын ниетинен арнады. Бирок, генерал саясый убадасын аткарбай, Польшанын чакан бөлүгүнө гана эгемендик берди.
Наполеон өзүнүн артында кала турган мураскери тууралуу олуттуу ойго батчу. Аялын канчалык аяса да, аны менен ажырашып, австриялык падышанын таза кандуу кызы Мария-Луизага үйлөнөт. Үлпөткө керектүү ар бир кийимин, ар бир буюмун Наполеон өзү даярдайт. Императорго уул төрөп берген аялы тууралуу ал минтип айткан: "Эгерде бүтүндөй Франция бул айымдын мыктылыгын билсе - тизесине жыгылмак..." Жаш аялына болгон назик сүйүүсүн байкаган кардиналдар "Жозефинага болгон ашыктык бул жакта эле калды" дешкен.
Император өмүрүндө санак жеткис аялдар менен жүргөн. Бирок, алардын ар бирин алкымынан жыттап, жылуу сөз айтып, көңүлүн алганды билген...

Мира Табылганова