"Мегаком" - төмөндөн жогору карай

"Мегакомдун" кожоюну "Serpeus" компаниясы жакынкы үч жылда жергиликтүү инвестициянын өлчөмү боюнча рекордду жараткан атамекендик телекоммуникацияны өнүктүрүүгө инвестиция тартмакчы. Инвестициянын суммасы 250 миллион доллар, же болбосо Кыргызстандын ИДПсынын 10%ын түзөт.

Илгертен эле акылмандар: "Адамзаттын эң биринчи жана маанилүү вазийпасы - татыктуу досторду таба билүү" деп бекеринен айтпаса керек. Өлкөнүн ири салык төлөөчү компаниясынын буга чейинки досторунун акыркы үч жылда таптакыр жолу болбоду. Компанияны кезек-кезеги менен бирде Бакиев, андан кийин "питердик инвесторлордун" (Леонид Рейман) үлүшүнө кирген Бакиев, кайра эле Бакиев өзү, кезектеги "жоогазын революциясынан" кийин кайра "питердик инвесторлор" жөн эле саап келишти. Финансы полициясынын жөнөкөй эсеби менен эле мына ушул мезгилдерде жалган фирмалар аркылуу 143 миллион сом чыгарып кетишкен. Буга "эски" "Бимокомду" кулатууга маанилүү роль ойногон "Ысык-Көл инвестбанкынан" алган 80 миллион доллар кредитти, бакиев-реймандык топ-менеджерлердин башында турган Андрей Силичтин командасынын активдүү каршылыгынан мамлекет албай калган 1 миллион сом дивидендди кошуу керек. Бюджеттик тартыштыктын шартында өлкө үчүн бул финансы каражаты ашыкча болбос эле да.
Уюлдук оператордун кубаныч тартуулабаган көрүнүшү менчик укугуна ээ болуу үчүн катуу талаш-тартышты жаратты. Ага компанияга болгон талапкерлер эле эмес, айрым бир жогорку даражалуу чиновниктер да аралашты. Алардын бири - Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов "Pemwell Businnes Limited" (оффшор, питердик инвесторлорго тийиштүү) компаниясы менен өтө жакын болуп кеткендиктен кызматын тапшырууга мажбур болду.
Мына ушул ич ара ыплас чырлашуу жана кылмыштуу иштер жаш кыргыз демократиясынын ишкер жана инвестициялык аброюна көө сүйкөп койду. Керек болсо Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Россия өзүнүн инвестициясынын тагдырына тынчсызданып, финансылык жардамды убактылуу токтотуп, мурда берилген финансылык каражаттардын кеңири отчетун Кыргыз Өкмөтүнө талап кылганга чейин барды.
Чечим күтүүсүз болду. Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен "Альфа телекомдун" активи "БиМоКомго" кайра өткөрүлүп берилди. Сот, "Serpeus Inc." көзөмөлдөгөн ОАО "Ermen TOO Resourses" 2009-жылдын апрелинде сатып алуу жөнүндөгү тийиштүү келишим боюнча кабыл алган бардык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарып, "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын 100% акциясын кынтыксыз, таза сатып алган деген тыянак чыгарды.
Ал эми май айынын башында уюлдук оператордун жаңы кожоюну "Serpeus Inc." Кыргызстандын телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө астрономиялык суммада - уюлдук оператор түзүлгөндөн бери салган каражаттан эки эсе көп, миллиарддын төрттөн бир өлчөмүндө инвестиция жумшаарын билдирди.
"Serpeus Inc." компаниясынын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, инвестиция байланыштын сапатын жакшыртып жана Кыргызстандын калктуу аймактарынын бардыгын камтууну камсыз кылууга шарт түзөт экен. Ошондой эле абоненттер үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү кеңейип, 1000ден ашык жумушчу орундары түзүлөт. Адистердин болжолдуу
баалоосу боюнча, 50 миллион долларга жакын каражат бюджетке түз салык катары түшөт.
Ошентип, биздин көз алдыбызда бир топ жылдардан бери кыргыз абоненттеринин акчалары кайдадыр белгисиз жакка жоготкон - бермуд үч бурчтугунан, "Мегаком" социалдык жактан жооптуу, Кыргызстандын рыногунда олуттуу жана көпкө чейин иштеген компанияга айланат. Инвестициянын масштабы эле олутту иштин башталышынан кабар берип турат.
Дагы бир маанилүү учур, "Serpeus Inc". "Мегакомдун" мурунку кожоюндарынын кесепетинен Кыргызстан инвестиция үчүн ыңгайсыз өлкө деген көз караштарды таптакыр өзгөртөт. Тажрыйба көрсөткөндөй, бул, жемиштүү болору талашсыз. Анткени, бир инвестор эч нерседен коркпой каражатын жумшап ийгиликке жетишсе, башка инвестициялык булактардын ачылышына дем берет. Кыргызстан мына ушундай "баалуу белектен" баш тартпашы керек, деги эле баш тарта турган болсо, чоң олжодон кур жалак калары турган иш.

Бекбол АЙДАРОВ




  Кушка-мушка!

Н.Төрөбеков чек-арада эле жүргөн...
"Учур" газетасынын өткөн санында, "башкаруучу коалицияга кируу чечимин кабыл алган он депутаттын ичиндеги афганчылар Нурлан Төрөбеков менен Кожобек Рысбаевди "наличкага сатылыпсыңар" деп, афганчылар жамааты талоонго алып жатыптыр, Нурлан Төрөбеков афганчыларга байкоосуз кошулган адам, Жалал-Абадда А.Атамбаевге добушуңарды берип койгула (!) деп акча таратыптыр" деген маалымат жарыяланды.
Нурлан Төрөбеков менен Кожобек Рысбаев башкаруучу коалицияга кошулуу үчүн материалдык же башка кызыкчылыктарга сатылган деп айтууга негиз жок. "Алганыңардан бөлүшкүлө деп чыр болууда" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ооган согушунун респуб-ликалык кеңешинде бул маселе боюнча эч кандай талкуу болгон эмес жана депутаттарга дооматтар коюлган эмес. Интернет булактарындагы маалыматтар жамааттагы айрым мүчөлөрдүн гана пикири болушу мүмкүн. Ал эми Нурлан Төрөбеков афган чек-арасында кызмат кылганы чындык. Афган аймагындагы чек-арачылар согушка катышып, алардын арасынан нечендеген баатырлар чыккан. Андыктан, "чек-арачыларды афган согушунун катышуучуларына кошууга болбойт" деген пикирдин өзү туура эмес. Нурлан Төрөбеков Жалал-Абадда Жеңиш майрамына карата иш- чараларга катышып, ветерандарга, курман болгондордун үйбүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүү болгону да ырас. Бирок, бул иш-чара А.Атамбаевге добуш топтоо үчүн жасалган эмес. Бул, ооган согушунун республикалык кеңешинин традицияга айланган ар жылдык иш-чарасы экенин билдиребиз.

Тыныбек Кадыров, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин иш башкармалыгынын жетекчиси





  Ээрден көчүгү жылмышканда

"Таппасаң сыйпалап кал" принцибин кара, эй!
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде "ээрден көчүгү жылмышкан" экс-башпрокурор Кубатбек Байболов парламент трибунасында президент Роза Отунбаевадан тартып, 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановго чейин армансыз шыбап алган. Анын негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия (ДК) Кубатбек мырзанын оозунан опурулуп чыккан "кош канаттуу" фактыларды ийне-жибине чейин изилдеп, коомчулукка жарыялады. Аталган комиссиянын төрагасы Токтогул Тумановдун "24.kg" агенттигине берген комментарийине караганда, ДК Байболов тарабынан айтылган дооматтардын үстүнөн терең изилдеп, бир да далилдүү фактыны таба алышкан жок.
Туманов мырзанын айтымында, комиссия башында эле эки топко бөлүнүп, биринчи топту "атажуртчу" Курмантай Абдиев, экинчисин "арнамысчы" Айнуру Алтыбаева жетектеген. Алар тиешелүү тармактардан келип түшкөн документтердин негизинде иш жүргүзүшүптүр. Ошол эле учурда башкы дооматчы К.Байболов өзү келтирген дооматтарын тастыктаган бир да документти көрсөтө албаганы кызык. "Кубатбек Байболов өзү айткан аргументтерди далилдеген документтерди Өмүрбек Абдрахмановдун жумушчу тобуна тааныштыруу үчүн берген экен. Мен Абдрахмановго кайрылсам, ал кайсы фракциядан экениме кызыкты. Менин КСДП өкүлү экенимди билгенде, документти берер-бербесин ойлонорун айтты. Ал эми Кубатбек мырза ал документтердин көчүрмөсүн дагы бергенге жарабады" дейт ал.
Сөздү андан ары улаган ДК төрагасы 1-вице-премьерге тиешелүү делген "Манас Интернэшнл Сервис" ЖЧКсы мамлекет казынасына 730 млн. сом өлчөмүндө салыкты төлөгөн эмес" деп кыйкырып чыккан Кубатбек мырза бул иш боюнча эски бийликтин тушунда сот актаган чечимин чыгарганына карабастан, кызматтык абалынан пайдаланып, ишти кайра башынан козгоого үлгүргөнүн баса белгилейт. "Мунун өзүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп бааласак болот жана саясый маселелерин чечүүгө багытталган. Мындай кадамдар прокуратуранын функцияларына карама-каршы келет" деп кошумчалайт төрага.
Журналисттин: "ДК курамындагы он адамдын экөөсү гана комиссия жыйынтыгына макулдугун билдирип, кол койгон турбайбы?" деген суроосуна Туманов мындай маалымат чындыкка дал келбестигин айтып, жооп узаткан. Ал кишинин кабарлашынча, Ширин Айтматова комиссия чечимине "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен кеңешкен соң гана кол кое тургандыгын ачык билдирген. Комиссиянын дагы бир мүчөсү, "атамекенчи" Эркинбек Алымбеков комиссиянын жыйынтыгына кошуларын айтып, бирок, Байболовду күнөөлөөгө каршы турган. Ошентип, ДКнын он мүчөсү бирдей кол коюп, жыйынтыгын коомчулукка жар салып отурушат. Эмнеси болсо да, бир ай бою депутаттык комиссия тарабынан тынымсыз терең изилденген Кубатбек мырзанын дооматтары фактыга айланбай, "беш өрдөк" болуп кубулуп, жылуу жактарга учуп кетти...