"Бирөөгө ор казба, өзүң түшөсүң"

Там башынан куладым, эми жар башынан кулайын...

Кубатбек Байболовдун бийликтин бийик тепкичинде отурган инсандардын ысымына карата айтылган жүйөөсүз каралоолорунун натыйжасында түзүлгөн депутаттык комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгаргандан кийин, 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов жума башында ордуна кайтып келди. Ошол эле күнү өкмөт үйүндө өткөн отурумда премьер-министр Алмазбек Атамбаев: "Ким Бабановдун дарегине жаадырган дооматтарды аныктабаса, ал жоопкерчиликке тартылышы керек" деген оюн билдирди.

Кыргыздар илгертен "бирөөгө ор казба, өзүң түшүп каласың" деп айтып келишет. Байкашыбызча, Кубатбек мырза кыргыздын таамай айтылган сөздөрүнө олуттуу деле мамиле жасабайт көрүнөт. Болбосо, "бир эле күнү бир нече адамга түбү терең ор казып койдум" дегенсип, парламент трибунасынан өтө эле катуу күпүлдөп алды эле. Эми ошол орлорго өзү түшкөнү калды. Биринен секирсе, экинчиси оозун оңурайта ачып, тосуп алар. Ошондон улам, "аңгектен качсаң дөңгөккө" деген лакап жаралган эмеспи. Бул да аздык кылып атса, "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" деген илгертен келаткан накыл кепти да Байболовдун эсине салып коелу.
Коомчулукка шардана кылган сөздөрүнүн бири да чындыкка коошпогондугу ачыкталган экс-башпрокурор эми "жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл" принцибин тутунуп, "Bulak.kg" аталыштагы интернет-сайтка: "Мен эми президенттик шайлоого барам" деп маек курууга жетишиптир. Анын оозунан агылган дайын-дареги жок дооматтарды териштирген депутаттык комиссияны - "Эптеп эле мени каралаш үчүн түзүлгөн" деп да балп эттирди. "Жоо кеткен соң кылычыңды ташка жана дагы башка нерсеге чап" дейт го кыргызда. Анын сыңарындай: "Андай оюңуз болсо, неге комиссия өз жыйынтыгын чыгарганга чейин бугуп жаттыңыз?" деген жан жок. "1937-жылдагыдай коркунучтуу текшерүүгө, репрессияга туш болдум" деп каңырык түтөтөт. "Президенттикке койсом мени колдой турган бир нече партиялар бар" деп ичинен ишенбесе да, сыртынан сыр алдырбайт. Чамасы, жарыктык киши азыркы бийликти ушинтип коркутам деп ойлойт окшойт. Күлкү күнүндө президент айымдан тартып, Бабанов мырзага чейин курулай "компромат" "бомбаларды" ыргытып, "курама өкмөттүн энесин Үч-Коргондон таанытам" дегендей Ормон опузага салды эле, анысы покко жарабады. Эми "президенттик шайлоого катышам" десе эле эл аны жапырт колдоп жиберет дегенге ким ишенет? Башпрокуратураны базарга айлантканы аз келгенсип, бийлик башындагыларды каралаган айыптары өз ээсин таппай, өлө уят болгон кишини ким колдоор экен?

Сакен БӨРҮБАЕВ




  Сокбилек

Турат Мадылбеков, ЖК депутаты:
"Атамбаевге кыргыз эли нааразы"
- Турат мырза, ИИМдин башчысы Зарылбек Рысалиевдин ишмердигине кандай баа берип атасыз?
- Зарыл Рысалиевдин жүргүзгөн кадр саясаты жана кызматкерлеринин элге болгон мамилеси коомчулукта терс көрүнүштү жаратууда. Бул тууралуу бир топ депутаттар да парламентте чоң маселе кылып көтөрүп чыгышты. Бекеринен эместир, анткени "көп кызматкерлерди иштеп аткан ордунан мыйзамсыз алып, анын ордуна жердештерин коюп атат" деп депутаттар ынанымдуу билдирип чыгышты.
- Далилдер бар бекен?
- Далилдер болгон үчүн айтып атышат да. Мисалы, жанагы жумуштан мыйзамсыз алынгандар сотко кайрылышып, ал жерде ишти утуп алышты.
- Эми эмне болот?
- Эмне болмок эле. 5-6 айдан бери жумуштан бошогондордун айлыгы деген болот. Аны төлөп бериш керек. Мамлекет канча коромжуга учурап атат? Ушуну Рысалиев ойлоду бекен? Баардыгыбыз соттун чыгарган чечимин сыйлап, аткарууга мажбурбуз.
- Министр жумуштан жөн эле албагандыр?
- Эгер кол алдындагы кызматкер туура эмес иштеген болсо, текшерип туруп коллегия карап, анан оперативдик отурумда талкуудан кийин жумуштан алса болмок да. Канчалаган полковник чиндери бар профессионал кызматкерлер ишсиз калды.
- Парламент бул маселеге эмне деп атат?
- Парламент талкуулады. Токтом чыгарып, биздин комитетке тапшырма берди. "Тез аранын ичинде ИИМдин кадр саясаты жана кызмат тартибинин иш алып баруусун аныктап бергиле" деп. Бул боюнча биз Генералдык прокуратурадан, Каржы полициясынан, Кадр кызматынан, Жогорку Кеңештин бөлүмүнөн жана орун басарым Тынчтык Шайназаров болуп, ИИМди дүйшөмбү күндөн текшерүүнү баштаганбыз. Министр мырза "эч кандай тоскоолдуктарды кылбагыла, баардык документтерди бергиле" деп айтып коюп, эртеси кадр башкармалыгынын башчысы Нурбай Касымбаевге "эч кимге, эч кандай документтер берилбесин" деп айттырып коюптур.
- Муну сиз кандай кабылдадыңыз?
- Министрдин бул кылыгын түшүнбөй турам. Зарыл Рысалиев кайсы мамлекетте жашап жатканын аңдабай атабы? Акаевдин жана Бакиевдин заманы бүткөнүн билбейби? Анан, эң кызыгы, ММКларга сүттөн ак, кызматын мыкты аткарып аткан министр катары маалыматты байма-бай берип атат да, "менин ишмердүүлүгүмө парламент кийлигишпесин, алар мыйзам чыгарсын" дейт имиш. Азыр болсо парламентте чоң жаңжал чыкканы турат. "Комитетке тапшырма берсек, эмнеге министр Рысалиев өзүмбилемдикте туура эмес мамиле кылып, текшерттирбей атат!" дешип.
- Мүмкүн министрдин таянган кишиси бардыр, ошон үчүн силерди тоготпой атабы?
- Таянып атса, таянып аткан чыгар. Өздүк курам менен жыйналышта "Роза Исаковна менен Алмазбек Шаршенович мага ишенет" деп мактанганы таптакыр түшүнүксүз ой жаратууда.
- Бирок, министрди парламент бекиткен да?
- Ооба. Бекитээр алдында "уюшулган кылмыштуулук топторду 1 айдын ичинде кармайбыз" деген убадасын берген. Андан бери канча убакыт өттү. Эч кимисин кармаганын көрө элекпиз. 4 уюшулган топтун бирин да кармабай, жок кылбай отурат.
- "Кылмыштуу топтун мүчөсүн кармадык" дегенин биз деле угуп атабыз го?
- Менин алдымда кимдерди кармаганы тууралуу тизмек турат. Колума жаңы тийди. Талдап чыгып, кошумча түрдө парламенттин жыйынында жакынкы күндөрү билдирүү жасайм.
- Азыркы кезде саясат чордонунда алдыдагы президенттик шайлоо турат эмеспи. "Ата Мекен" партиясынан талапкер чыкпай койбосо керек?
- Алдыдагы президенттик аламанга баарыбыз эле аттанабыз. Биздин партия май айынын аягында же июндун башында бул маселени чечип, талапкерибизди дайындайбыз.
- Сиз партияңыздын Чүй дубаны боюнча координатору катары элди аралап, шайлоого болгон шайлоочулардын маанайын биле алдыңызбы?
- Албетте кыдырдым. Ар бир райондо, айылда партиялык уюмдун курамын толуктап, тактап койдук. Ошону менен катар элдин да маанайына сереп салдык. Былтыркыга караганда шайлоочулардын көз карашы көп жакшы эмес экени билинип турат. Жалпы алганда өкмөткө да, парламентке да, президентке да болгон ишеним азайганы байкалды. Себеби, аларды туура түшүнсө болот. Дегдеп жүргөн ой-санаасы, көптөн күткөн үмүттөрү иш ордунан чыкпады. Биз аткара албадык. Аны моюнга алыш керек. Өзгөчө Алмазбек Атамбаевге нааразычылыктарын жаадырышты. "Эмнеге эки жолу өлкөнүн премьер-министри болуп туруп, жөнөкөй гана айылдагы суу түтүктөрүн алмаштырып бере алган жок. Калганын айтпасак да, эми кантип уялбай президенттикке аттанып атат? Өзү ушу эле Чүйдүн кулуну болуп туруп" дешип. Айтор, кыргыз эли, анын ичинде чүйлүктөр Атамбаевге катуу нааразы экенин өз көзүм менен көрүп атам.
- Премьер-министр шайлоо алдында жөн гана каникулга чыгып, президенттик шайлоого аттана турган мүмкүнчүлүк алды. Административдик күч колдонбойбу?
- Эгер Атамбаев эски режимдин "оорусун" кайталап, административдик ресурсту колдоно турган болсо, коомчулукта катуу чатак чыгат. Арты жакшы эмес экенин ал менден жакшы билет. Акаевдин да, Бакиевдин да заманында чырдын башаты ушундан башталган. Акыры эмне болду? Эки президентибиз тең мекенинен ажырап тынды. Парламентте "Премьер-министр болуп туруп, президенттикке талапкерлигин койсо, анда ал сөзсүз түрдө жумушунан кетиш керек" деген мыйзам кабыл алынышы керек эле. Ал эми жакында кабыл алынган мыйзамда премьер-министр жумуштан бошобойт. Биз ошондуктан мыйзам кабыл алынган учурда жалпы 44 депутат болуп, жамандыктын жышаанына каршы чыктык. Калган 50дөн ашык депутат колдоду. Бирок, алар чатактын, чоң чырдын башы ушу жерде экенин түшүнө беришкен жок. Кыскасы, мындай аракеттери менен Атамбаев башында турган бийлик тескери жолго бурулганы ачык көрүндү. Булар Бакиевден сабак алышпаптыр...

Маектешкен
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ