Карышкыр сай

"Кабыландын"
айланасында татар-патар,
күрд-сүрттөр...
Жайдын башы менен шайлоо марафонуна старт берилери маалым болгондон бери саясат айдыңындагы абал күндөн-күнгө чыңалуу үстүндө. Шайлоону жаңы башмыйзамга ылайыктуу өткөрүү үчүн кабыл алынуучу мыйзамдар кечиктирилип, өнөктүк үзгүлтүккө учурашы мүмкүн (!) деген санаркоолор тастыкталбай, май майрамдарынын өргүүсүнөн күүлүү кайткан депутаттар үч отурумда үчүнчү окуусун бүтүрүү менен кабыл алганга үлгүрдү. Мыйзам кабыл алуу буксовать этип кечиктирилсе, кедергиси андан жаман болоорун сезген Өмүрбек Текебаев да көшөргөнүн коюп, компромиске барып, натыйжада, премьер-министр отставкага кетпей эле, президенттикке талапкер катары катталгандан кийин гана, убактылуу милдетин аткаруусун токтотуп (б.а. өргүү алып, ордуна орун басарын и.о. кылып) коюп, шайлоого катыша бере турган мыйзам кабыл алынды. Алмазбек Атамбаевге өтө ыңгайлуу жагдай түзүп берип жатышканын сезген депутаттар, "биз кур калабызбы?" дешкенсип, сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамдан, "депутаттардын жакын туугандары сотторду тандоо кеңешине мүчө боло албайт" деген беренени алып салышты. Мунусу, баягы "май кармаган бармагын жалайт" кылалы дегендин өзү болгон сыяктуу.

(Уландысы 3-бетте)