Жүзүңдү ач!

ГУД БАЙ, ПЕНВЕЛЛ!..

"Мегакомдун" мыйзамдуу инвестору өз укугуна ээ болду. Кыргызстандын Адилет министрлиги уюлдук операторго дайындалган жаңы башкы директору Serpeus Inc. компаниясынын өкүлү А.Ж. Маджикованын ыйгарым укугун тастыктады.

Адилет министрлиги бир тыянакка келүүдө ООО "БиМоКоМ Лтд" компаниясын 100% акциясын ак ниет сатып алуучу катары Serpeus компаниясын тааныган Бишкек шаардык сотунун чечимине таянды.
Ошондой эле уюлдук оператордун акциясын сатып алуу боюнча соода-сатык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн деген чечимге келгенин эскерте кетмекчибиз. "Мегакомду" Ermen TOO Resourses сатып алуу учурунда сатып алынып жаткан мүлктү үчүнчү тараптын билиши же билүүгө болгон аракеттери болушу мүмкүн эмес эле.
Ошондуктан, Бишкек шаардык сотунун 22-апрелдеги кассациялык инстанциясынын токтомунда "ОАО "Ermen TOO Resourses" (Serpeus Inc. көзөмөлдөгөн компания - автордун белгилөөсү), сатып алуу жөнүндөгү тийиштүү келишим боюнча кабыл алган бардык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарып, "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын 100% акциясын кынтыксыз, таза сатып алган" деп жазылган. Мында ошондой эле, 2010-жылдын 9-сентябрындагы чечими менен ак ниет сатып алуучу - ОАО "Ermen TOO Resourses" компаниясынын мыйзамдуу кызыкчылыгы жана укугу бузулуп, уюлдук оператордун 51% акциясына Penwell Business Limited холдингинин укугун тааныган фактысы Бишкек шаардык райондор аралык сотунда эске алынбаганы белгиленген.
Кыргыз Фемидасынын чечими, эки негизги атаандаш - топтор "питердик байланышчылар" Огнянников-Рейман (оффшор Penwell) жана БиМоКом Лтд компаниясын жалган банкрот кылышып, мобилдик оператордун мүлкүнө жана жыштыгына мыйзамсыз ээ болгон, тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун пикири боюнча "Альфа Телеком" ЖАКтын 100% көзөмөлдөгөн Кыргызстандын экс-президентинин уулу Максим Бакиевдин тырышкан аракетине чекит коюлду. Жарым ай мурда эле таразанын ташы алар тарапка оогондой сезилди эле. Кечээки келишкис душмандар - Рейман менен Бакиев керек болсо өз ара союздук пактыга келишим түзө коюшуп, парламенттеги "өз кишилери" аркылуу сотту буйтап, "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын уставдык капиталынын 51% үлүшү Penwell Business Limited компаниясынын менчик укугу" деген чырлуу резолюцияны бекиттиришкен.
2008-жылдын аягында БиМоКоМдун акциясынын ээлери алмашканда жана ошону менен бирге өнөктөштөрдүн ортосундагы кошумча макулдашуу бузулгандан кийин орустардын мобилдик операторго болгон өзүнүн укугунан ажыраган далилдүү фактысы турса дагы, ага карабай резолюцияга кол койгон депутаттардын бети чымырабады.
Бакиев - Рейман тандеминин байланыштыруучу звеносу катары 2007-жылдан бери "Мегакомго" тийиштүү болгон бардык компаниялардын алмашкыс директору Андрей Силич катуу кызмат өтөгөн.
Силич бакиевдик-реймандык, жөн эле "бакиевдик" БиМоКоМдо бул постту үзгүлтүксүз ээлеп келген. Бакиев качкандан кийин "Мегакомду" Реймандын өкүлү Eventisтун директору Глеб Огнянников башкарып турганда да өз кызматын сактап турду. Эми Бакиев менен Рейманга сокку урулгандан кийин өзүнө келип, контрчабуулга өтөбү, али белгисиз. Бирок, мындан ары кезектеги протест менен иштин жылышы күмөн экенин ишенимдүү белгилеп айткыбыз келет. Тандемде юридикалык "туз" башынан эле болгон эмес. Ал эми Penwell' саясый көзүрлөрүн таратып бүттү, мезгил көрөткөндөй бөөдө талаага таратышты.
Бул иштин акыркы таржымалы али айтыла элек. Бакиев-Рейман тобунун өткөн жылдардагы компанияга болгон басымынын, кызматынан кыянатчылык менен пайдалануусунун бетин ачуу үчүн укук коргоо органдары көп тер төгүшөт го. Маселен, уюлдук оператордун бакиевдик менеджменти Кыргызстандын бюджетине бир тыйын төлөбөй оффшордогу эсептерге тоскоолдуксуз ташылып чыгып кеткен миллиондогон доллардын тагдырына кызыгып көрүшсө жакшы болот эле. Качан гана "Альфа Телеком" ЖАКтын мыйзамсыз иштерин калкалаган коррупционер чиновниктерди кошуп, сот жообуна тартып, жоголгон каражаттарды бюджетке кайтарганда "Мегакомдун" ишин архивге өткөрүүгө болот.

Ильгиз Беков