Өнөрпоздорду өкчөйт экен да!

Мелис Мырзакматовдун "Мен билемдиги"...

Ар дайым көкүрөгүн кагып, "Мен деген Мелисмин" деп эдиреңдеген Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов үч айдан бери "патриоттук ырлардын конкурсун өткөрөм" деп даярданып, бирок, анысын өз деңгээлинде аткара албады.

Биринчиден, кароо-сынактын жобосу чала иштелген, анысы аз келгенсип, конкурска аз калганда жобону бузуп, "эч жерде ырдалбаган жаңы ыр аткарылсын" деген кошумча талап киргизген. Кыргызстандын чар тарабынан 110 конкурсант катышып, 2-турга 61 адам өткөн. 2-турда жаңы ырларды аткаруу деген жобону бузуп, Сыймык Бейшекеев элдерди достукка чакырган ырын эмес, тескерисинче, Юлдуз Усмановага каршы 5-6 ай мурда ырдаган ырын аткарса, ырчы Гүлзада Рыскулова бир жарым жылдан бери радио-теледен берилип жаткан "Курманбек" аттуу ырын, ал эми дагы 15 талапкер эски ырларды ырдап катышкандарын эске алсак, фестивалдын уюштуруу комитети менен калыстардын жобонун талаптарын өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайык каалагандай бузушкандыгынан кабар берет.
Сынактын экинчи туру 25-апрелде Бабур театрында уланып, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарындан келген ырчылар ат салышты. Көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп А. Эшпаева, Х. Мадрахимова, "Мырзалар", "Жетиген" топтору, Э. Нурдинов, К. Жакыпов, Ш. Ырысалиева, А. Кожомжаров, С. Садыбакасовалар жандуу үндөрү менен ырдашып, аткаруучулуктун мыкты үлгүсүн көрсөтө алышты. Жеңип чыккандар аныкталып, жыйынтык токтому Мелис Мырзакматовго берилгенде, ал жеңүүчүлөрдүн тизмесин карап, так секирип, өзүнөн кетип, "байге фондун бербеймин!" деп чыкканы неси? Өзү күткөн, убадалашкан ырчылар орундарга илешпей калганбы, же 1 миллион сомун берүүдөн кызгандыбы, айтор, калыстардын чечимин жокко чыгарып, "жакшы ырчылар жок экен, конкурсту дагы элүү күнгө жылдырабыз" деп, "өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемчилик кылып", өсүп келаткан келечектүү балдар-кыздардын үмүтүнө балта чапты. Ырын, музыкасын, аранжировкасын жаздырууга бир топ каражат сарптаган, кээ бирлери алыстан келип жол кире, тамак-ашын, мейманканасын араң карыздап каржылаган байкуш конкурсанттардын эмгектерин, укуктарын тебелеп-тепсеп, жогорудагыдай туура эмес чечим чыгарган мэрди күйүп-бышкан өнөрпоздор "мамлекеттик байге фондун өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөп жатат" дешүүдө. Ошентип, Мелис Мырзакматов маданиятты, искусствону жакшы түшүнө бербестигин дагы бир жолу ырастап, элдин пикири менен эсептешпеген, көрөңгөсү жарды жетекчи экендигин айгинеледи.

Алмаз АКМАТАЛИЕВ, alamankg.org интернет сайты




  Жаш эренби?

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору:
"Жаратканга гана таянам"

200дөн ашуун ишкерлерди, 18 тармактык жана 16 регионалдык-аймактык тармактык ассоциацияларды камтыган Кыргызстан ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Нуржигит Кадырбековго Кыргызстандагы бизнес көйгөйлөрү тууралуу кайрылдык.

-Нуржигит мырза, Япониядан окууну бүтүп келгениңизден кийин сизди саясат айдыңында көрөм го (?) деп ойлочумун. Бирок, саясаттан сырт эле жүрөсүз. Эмне себептен?
-Саясаттан сыртта эмесмин. Өтө берилип кирип кеткен да жокмун. Болгону, көзүмдөн романтиканын түстүү көз айнегин алып коюп, ар бир нерсеге реалдуу карай баштадым. Жөн эле ач айкырык, кур сүрөөн салгандардын катарын толуктаганда не? Бирөөлөрү саясатта пикир айтканга уста, экинчилери көз карашын таңуулашат, а үчүнчүлөрү позицияга ээ. Позициясы барлар сүйлөп гана тим болбостон, айтканын аткара да, аткарта да алат. Мамлекеттик маанилүү чечимдердин кабыл алынышына олуттуу таасир этүүгө мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары жетишет. Чоң жараяндарга бекем позиция менен аралашуу үчүн кээде "сүкүт" кылып, ыңгайлуу учурду күтө билүү да маанилүү…
-Демек, мурдагы дипломаттын жана чиновниктин Кыргызстан ишкерлер союзуна аткаруучу директор болуп келгенин өз позициясын бекемдөөгө карата аракети деп бааласак болот тура?
-Мага ишеним менен берилген кызматты максатка жетүүчү тепкич же трамплин катары карабайм. Кандай жумуш болсо да, дитимди коюп аткарууга аракет жасайм. Мухаммед пайгамбардын: "Адам өз ырыскысын тапкан жеринде иштин майын чыгара аткарсын" деген осуяты бар го. Бирок, ишкерлер дүйнөсүнө аралашып кызыктуу тажрыйба алып жатам. Байланыштарым көбөйүп да, бекемделип да барат. Булар, балким, сиз айткандай, позициямдын бекемделишине өбөлгө болот. Негизгиси, бул жерде иштегенимден элге-журтка пайда келсе болгону.
-Кандайча пайда келтирсе болот деп ойлойсуз?
-Тагылган милдетти так аткаруу аркылуу... Бийлик менен бизнестин ортосунда көпүрө болуп, ишкерлердин мыкты иштешине шарт түзүү аракетиндебиз. Ошол аркылуу өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошобуз. Анткени, рынок шартында экономиканы өнүктүрүүчү негизги күч - бул жеке ишкерлер. Өнүккөн өлкөлөрдө улуттук кирешенин 60-80 пайызын чакан жана орто бизнес берет. Негизги жумуш орундарын камсыздоочулар да ошолор. А бизде чакан жана орто бизнестин улуттук экономикадагы үлүшү 40 пайызга да жетпейт.
-Бирок, ишкерлер колдоп-коргоого өтө деле муктаж болбосо керек. Пулдуулардын заманы болуп жатпайбы азыр?
-"Жок болсо да балээ, бар болсо да балээ" деген сөз бар го. 10 сом тапсаң, ага көз арткан коррупционери, криминалы, контролдоочу органдары турса, кантип колдоп-коргоого муктаж болбойсуң? Бизнес үч нерсеге аябай муктаж. Биринчиси - бейпилдик. Кыргызстанда акыркы он жылда толук бейпил болгон бир жыл барбы? Башкасын айтпаганда да, эки төңкөрүш менен Ош окуясында ишкерлердин жылдап тапкандары заматта таланып-тонолуп кетти го. Экинчиси - акча. Ишкерлердин "тыйынды тыйын табат" деген сөзү бар. Үчүнчүсү, бизнести текшерип-тескей бербей жайына коюш керек. Жаңы түзүлгөн ишканаларга салык жеңилдиктерин киргизүү зарыл. Баланы деле тай-тай басып жатканда колтуктан сүйөйбүз го. АКШда бир жыл окуп, иштеп келгем. Кирешемден бир да цент салык төлөбөдүм, анткени, алардын мыйзамы жаңыдан келген чет элдикке бутуна туруп алышы үчүн шарт түзүп берет. А бизде, чет элдиктерди айтпайын, өз ишкерлерибизге ушундай шарт каралганбы? Көрдүңүзбү, "байлар да ыйлашат" дегендей, ишкерлердин да көйгөйлөрү көп.
-Сиз Кыргызстан ишкерлер союзунда эмне иштерди кылганы турасыз?
-Байкаганым, ишкерлердин башын кошкон бир гана нерсе - алардын бизнес кызыкчылыктары. Мындай биригүү туруксуз болот. Ошон үчүн ишкерлер дүйнөсүн туруктуу чоң күчкө айлантчу идеологиялык концепция түзүү зарыл. Сиз айткан дипломаттык жана мамлекеттик кызматтардагы тажрыйбам ушул жагдайда пайдалуу болчудай.
-Ал кандай идеология?
-"Бир добуштуу бизнес" идеологиясы… Бизнес ар башка кызыкчылыгы бар "чаян, аккуу жана балыкты" элестетип турганда аны менен башка күчтөр олуттуу эсептешпейт. Бирдиктүү күч катары өзүн көрсөтүшү зарыл. Коомдук-саясый жараяндардын пассивдүү байкоочусу эле эмес, активдүү катышуучусу болуш керек. Өлкөнүн экономикалык өнүгүү программасын экономиканы китептен окуп үйрөнгөндөр эмес, маңдай тери менен киреше тапкан бизнес коомчулугу даярдашы абзел. Анан да, ишкерлер алардын байлыгында жардылардын да үлүшү бар экенин унутушпаса. Кайрымдуулук иштерин көбүрөөк кылып, элдин сүймөнчүлүгүнө жана колдоосуна ээ болсо, ошондо чыныгы күчкө айланат. Коррупционер менен криминалга бергенче, элге берген дурус да, туурабы?
-Туура. Бизнести саясый күчкө айлантса болот дегени турасызбы?
- Ар кандай өнүккөн өлкөлөрдү карасаңыз, бизнестин саясатка таасири чоң. Билл Гейтс, Джордж Сорос, Принц Агахан, Роман Абрамович, Тет Тернер сыяктуу ири бизнесмендер эл аралык саясаттын ырайына да таасир этип жатышпайбы. Алардын амбициясы эмес, зарылчылыгы ушуга алып келди. Бизде да ошондой эле көрүнүш. Азыркы бийликти карасаңыз, ишкерлер толтура. Бирок, бийликтеги бизнесмен - байлык анын жүрөгүндө эмес, чөнтөгүндө гана экенин көрсөтүшү керек.
- Баса, ТИМде Роза Отунбаева менен иштештиңиз эле. Президент болгондон кийин эмнеге жанына барбадыңыз?
- Күн чыккан жерге күкүк болбой, принцип менен жашагым келет. "Адамга сүйөнбө - бир күнү болбой калышы мүмкүн. Даракка сүйөнбө - бир күнү сынып калышы ыктымал, дубалга сүйөнбө - бир күнү кулап калышы мүмкүн" деген кеп бар го. Мурдагы эки президентти жандаганына сыймыктангандар болгон. Эмичи?.. Ошон үчүн Роза Исаковна менен убагында жакшы иштешсек да, ага жакын болууга умтулбадым. Мамлекет башчысын сыйлайм, бирок, Жаратканга гана таянам.

Маектешкен
Мирлан ӨМҮРАЛИЕВ