Карышкыр сай

Саясый казан...

2010- жылдын июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуяларды изилдеген эл аралык комиссиянын корутундусунун жарыяланышы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратып, кызуу кандуу жаштар Киммо Кильюненди өлкөдөн кууп чыгууну сунуштаганга чейин жетишип, бир жумадай чуулдак менен барып, Эмгек, Конституция, Жеңиш майрамдарына арналган өргүүгө кетип, тынчтанып калгандайбыз. Эми жакында жарыялана турган Жогорку Кеңештин (ЖК) комиссиясынын корутундусу кандай таасир берери (?), же тынчытаары, же кошул-ташыл болоору белгисиз. 10 күндүк өргүү менен нөшөрлөгөн жамгыр демибиз менен кошо "чоктой кызыл маселени" канчалык суутту болду экен десең?

Кыргызды өгөйлөгөн эл аралык комиссияга Аликбек Жекшенкулов каршы
Эл аралык комиссиянын корутундусу "мына жарыяланат, ана жарыяланат" деп кулак түрүп турган кезибиздеги кептин чордону "ГЕНОЦИД деп жазышабы, же жазышпайбы?" деген сөздүн тегерегинде болгону эсимде. Азыр эми, "геноцид (тукум курутуучулук) болду" дешпептир, бирок, окуяга "преступление против человечности" деген баа берилиши жана ошондой эле окуялар бир беткей чагылдырылып, кыргыз куралдуу күчтөрү, укук коргоо органдары айыпталып, өзбек сепаратисттеринин лидерлери акталгандай жазылганы кыжырды кайнатып жаткандай. Бул боюнча Улуттук конгресстин төрагасы Аликбек Жекшенкулов да үн катып, эл аралык комиссиянын бүтүмүн айыптап, расмий бийлик кабыл албасын (!) баса айтууда. Кыргызга күйүп, элдин талабын жогору коюп атканына баракелде!
Ош шаарынын төрт мечитинде түнкү саат 12де азан чакыруу болгону, беймаал чакырылган бул азан, өзбек сепаратисттеринин аракеттерди баштоого карата берген сигналы экендиги, буга катыштыгы бар молдолор кызматынан алынып, жоопко тартылып жаткандыгына карабастан КОРУТУНДУга кирбей калышы ар кандай жоромолдорду жаратып, "эл аралык комиссия, улут аралык кагылыштын жылдыгына карата маселени кайрадан курчутууну көздөгөн ички-сырткы күчтөрдүн таасиринде болуп, алардын кызыкчылыгын аткарууга аракеттенген" деген айыптоолор айтылууда.
Ошондой эле, өзбек макалаларындагы коогалаңга карата алдын ала даярдыктар (казылган тунелдер, брондолгон автоунаалар, ташылып келген куралдар) айтылбай, бир беткей кыргыз куралдуу күчтөрүн айыптоо чындыкка такыр коошпой калгандай. Өзбек айылдарына кирген кыргыз аскерлеринин аларды кагылышуудан калкалаганын, ал тургай, өзбек тараптагылардын өзүлөрү айтып чыгышканы деле алардын даярданганын далилдегендей болуп калды.
Карапайым кыргыз, өзбек калкы акыркы жыйырма жыл ичинде эки ирет ушундай коогалаңга кабылып, жүздөгөн адамдар мерт болуп, канчалаган адамдар жакындарынан айрылып сыздады. Ар кандай саясатчылар сепараттык идеяга берилип, өзүнчө хан болууну көздөп, андан улам ушинтип эки элди чабыштырып, далай бейкүнөө адамдар кырылууда. Азыр, эзелтеден бирге аралашып жашап келген эки эл, кыргызың да, өзбегиң да коогалаңдан заарканып турат. Деги ушу кезде бейкүнөө өлүм, жарандык согуш кимге керек? "Андайды эч ким каалабайт" десек да болот. Ал эми, андай кызыл кыргынды болтурбоо үчүн ар кандай эл аралык уюмдарсыз эле, кыргыз-өзбек өздөрү эле ич-ара ынтымак достугун чыңдоосу кажет эмеспи. Такыр ажырашып, бет карашпай көчүп кетип калуу мүмкүн эмес, акыры аралашып бирге жашоону улантууга туура келип турган соң, тынчтанып бир тууганча жошоо керек да. Же башка жолу барбы?

Аламанга эрте ашыккан талапкерлер
Жогоруда айтылган эл аралык комиссиянын кыргыз-өзбек улут аралык кагылышы тууралуу корутундусу коомчулукту козгоп, козутуп, таалуу маселеге айланганы менен, өлкөдөгү башкаруучу коалициянын туруктуулугу, өкмөттүн шайы оойбу-ообойбу жана дагы алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу маселелер деле көңүл чордонунда бойдон калууда.
Президент болом дегендер Жеңиш майрамынын шаңы менен эл аралап, Ала-Тоонун кокту-колоту бапырап, жайыл дасторкон боло баштады. Чаткал, Ала-Бука, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокенди аралап, эл менен жолугушууларды өткөргөн Камчыбек Ташиев президенттикке аттанаарын расмий жарыя кылды. Камчыкең семиз-семиз жылкылардын бир далайын чалып, даана колачыктыкты көрсөтүп, май көл, сүт көл кылган экен, эл ичинде, "нан болсо, майрам да болот" деген сөз заматта "шайлоо болсо, майрам да болот" дегенге өзгөрүп кетиптир дешет. Жалалабаддыктардан президенттикке аттанаар-аттанбасын буга чейин унчукпай келген Өмүрбек Текебаев да бул чөлкөмдөгү райондорду кыдырып, жолугушууларды уюштуруп келгенине караганда, Өмүкөң да аламанга аттана турган сыяктуу. Бирок, кичине зыкымданып, мал сойбой атыптыр...
Ордолуу Ошто "Республика" фракциясынын көзүрлөрүнүн бири Алтынбек Сулайманов президенттик компаниясын баштаганы маалым болду. Кримчөйрөдө "Челюст" деген каймана ат менен белгилүү Ноокаттын жаш түлөгү Жеңиш майрамына карата уюшулган салтанаттын көркүн ачып, балбандардын мелдешине үч жеңил автоунаа, дагы толгон-токой белек-бечкектерди бергендиги "дүң" этти. Бул, Ош, Баткен аймагынан аламанга аттанам деп, туягы тыбырап тургандар арбын. Шайлоого катышаарын ачык билдирген Адахан Мадумаров, Марат Султановго кошулуп, Жантөрө Сатыбалдиев менен Курманбек Осмонов да талапкерлигин кое турган болду. Булардан тышкары, "Ош мэри Мелис Мырзакматов да аттанат экен" деген сөз бар. Ал эми, Марат Султанов үйүнө бомба жарылгандан кийинки берген маегинде, "мени эч ким коркута албайт" деп ачык айтып шайлоого жаңыдан аттанды. Адахан Мадумаров болсо, Кыргызстанды түрө кыдырып (16 миң чакырым жол басканы айтылууда) бүтүп, интернет булактарындагы сурамжылоолор боюнча атаандаштарынан бута атым алдыга озуп баратат.
Фелик Кулов "шайлоого барбайм" (генералды партиялаштары "барасың" деп кыйноодо) дегенден бери, "Сары-Өзөн Чүйдөн президенттикке жарайт" деп Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин аты аталып келген болсо, азыр ЖКнын вице-спикери Мыктыбек Абдылдаевдин президенттикке ат салышаары маалым болду. "Акшумкар" партиясынын саясый кеңеши жыйын куруп, президенттик шайлоо маселесин карап, шайлоону чыр-чатаксыз өткөзүү үчүн, партиянын аксакал-көксакалдарынан турган демилгелүү топту кураганы белгилүү болду. Эсенгул Өмүралиев башында турган демилгелүү топ өлкөдөгү баардык саясый күчтөр, талапкерлер менен байланышка чыгып, стабилдүүлүктү сактоо, мыйзам чегинде аракеттерди көрүү аркылуу, адилеттүү, калыс шайлоо өткөрүүгө үндөө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колго алмакчы. Президенттин администрация жетекчилиги кызматынан, "Курманбек Бакиевдин иштөө принцибин кабыл алып, иштеше албайм" деп, өз эрки менен отставкага кеткен (ага чейин төрт ирет отставкага бергени белгилүү), артында чуулганы жок, таза, принципиалдуу Мыктыбек Абдылдаевдин президенттик шайлоого аттанышы А.Атамбаев менен Т.Сариевдердин ортосундагы талашты татаалдаштырары, оорлотоору турган иш. М.Абдылдаевди Чүй, Ысык-Көл, Нарын тараптагылар катуу колдоого алаары, ошондой эле Жалал-Абаддан К.Ташиев колдоп чыгаары айтылууда. Ал эми, А.Атамбаевдин Нарын, Чүйдөгү колдоочулары азайып, Көл тараптагылардын көбү ачыктан-ачык эле тишин кайрап калгандай.
Ал эми, Нарын, Ысык-Көл, Талас жактан Акылбек Жапаров, Аскар Салымбеков, Темирбек Асанбеков, Равшан Жээнбековдордун ысымдары айтылып жатат. А.Жапаров Токтогулга барып туу калган бээни жара тартып, Кетмен-Төбө элинен бата алып келсе, экс-депутат Рахат Ырсалиев Кочкордо Улуу ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик ачып, Т.Асанбековду ээрчите келип, элден бата алып берди дейт. Экс-мэр Нариман Тулеев да нарындык ветерандарга беш миң сомдон акча таратканына караганда, Теңир-Тоолуктарды М.Султановго карай бурайын деген ниети бар.

"Букарда булу бардын көңүлү ток"
Түрктөрдөн грант алып (Түрк башбаканы Эрдоган мырзадан шайлоо фондуна да каражат алган имиш), "бюджеттин жыртык-тешигин бүтөп, мугалимдер менен бюджетниктердин эмгек акысын көтөрүп берип, шайлоого аттанып кетсем, башкаларга караганда шансым жогору болот" деп ишеним артып турган А.Атамбаевдин тегерегиндегилерди карасаң, баягы, "букарда булу бардын көңүлү ток" дегендегидей болушуп, санаалары тынч сыяктуу.
"Жандооч кийик аттырат" дейт эмеспи, административдик ресурс да колунда турат, "эптеп өтүп алаар" дейин десең, айлана-тегерегинен ишеничтүү бир жандооч көрүнбөгөнсүйт. Алмаз мырза ошону эске алаар, анткени, "азыркынын жандоочтору кийикти үркүтөт" деген кеп чыкпадыбы. Ошентип, бир жагынан, башкаруучу коалицияны, өкмөттү, экономиканы турукташтыруу менен алек болуп, экинчи жагынан, "эптеп президент болуп алсам" деп, ак эткенден так этип жаткан премьер-министр Алмазбек Атамбаев да оор, кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Парламенттик шайлоодо Орусиянын төбөлдөрүнүн катуу колдоосу менен административдик ресурсту колдонуу аркылуу марага илинген КСДПнын лидери, бу сапар Маскөөгө анча сүйөнбөй, түрк туугандарга басым жасаганы да байкалууда.
Кыязы, океңдер А.Атамбаевге анча ишеним артпай, аны Бакиевдердей эле (алдамчы, сөзгө турбас катары) көрө баштады деген кеп бекеринен чыкпагандай. Өткөндө, жыл аягында, президент Роза Отунбаева Маскөөдөн Владимир Путинге жолугуп, жаңы жылга карай күйүүчү майга экспорттук пошлинаны киргизбей эски макулдашуу деңгээлинде калтырууну суранганда, В.Путин: "Пошлина маселесин чечебиз, бирок, айрым саясатчылар менен болгон жеке досчулуктун кадыры үчүн эмес, кыргыз эли үчүн чечип жатканыбызды түшүнүшүңүздөр керек, сиздер да, өзүңүздөр тарап кабыл алган милдеттенмелерди аткарууну унутпашыңыздар керек. Карагылачы, мурунку торопоюңар ("свинья" дептир, К.Бакиевди) эле жарым миллиарды мойсоп кетти" кыязында ачууланып. Ошондон кийин А.Атамбаев В.Путинди "он мой лучший друг" дегенин коюп, кичине ылдыйыраак деңгээлдеги орус чиновниги Винокуров Сергей Юрьевичти "досум" деп калыптыр. "Маскөөдөн оолактап, Анкарага ыктаганынын себеби да ушул жерде жатабы?" дейсиң. Ошентип, президенттик шайлоо мөөнөтү жакындап келе жатат. Эми бул эргулдардын кимисинин багы жанып, кимиси тактыга отураарын ким билсин? Айтор, алардын көбү кыйын, эл башкаруучу жумушту аткара ала турган мыктылар десек деле болот. Андыктан, Алмазбек Атамбаевди марага "жеңил-желпи озуп келет" деп айтыш да кыйын болуп бараткандай.
Кыязы, Кыргызстандагы саясый казан жыл соңуна чейин боркулдап кайнай бериши байкалды. А элге не пайда?..

Сабыр МУКАНБЕТОВ