Күч берен

Салимбек Туратов, балбан:
"Татыктуу балбандардын күрөшүнөн чериң жазылат"

Ордо калаабызда жыл сайын 9-май күнү Лейлек кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Салтка айланган таймаш Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры, Лейлектин Кулунду айылынын кулуну Самат Садыковдун жаркын элесине арналып жүрөт. Быйылкы жылы Салимбек балбан оор салмактар арасындагы жана абсолюттук мелдешти багынтып алды.

- Салимбек, оор салмак чениндеги балбандар арасында финалга жетиш үчүн канча балбандын далысын жерге тийгиздиң?
- Жылдагыга караганда оор салмак чениндеги балбандар бу жолу көп болду. Мелдеш алдында калыстардын эсеби боюнча 130 балбан аламанга аттанган. Жеке өзүм 5 балбанды жеңип, анан финалга чыктым.
- Кай жердин балбаны менен күрөш килемине чыкканыңда сага кыйынчылык болду?
- Үчүнчү ирет чыкканда Кадамжайлык балбан туш келди. Кыйын балбан экен. Бу балбандын келечеги чоң жана андан мыкты балбан чыгарына баа бердим.
-Абсолюткага да чыгып, ал жердеги балбан менен катуу кыл чайнашкандай болдуң. Салмагы сеникинен жеңилирээк болгону менен күчтүү эле балбан окшойт?
- Албетте. Ал менден жеңил салмак чениндеги балбандар арасында чемпиондукту жеңип алган. Алардын мелдеши биздикинен мурунурак бүткөнгө байланыштуу, жакшылап эс алып алганы билинип эле турду. А мен болсом жаңы эле күрөшүп, бир топ күчүм кетип калган кез болчу. Чымыркандым. Бир жолу жакшы ыңтайы келип, көтөрүп барып чабаарда, атаандашым оңолуп кетти. Экинчисинде болсо өзү капканга түшүп берди. Мен атаандаштын ошо ыкмасын күтүп аткам.
-Кайсы?
- Ал мени бир аз көтөрүп жамбашка салып жыгам деген болчу. Өз ыкмасын өзүнө колдонуп, мен чаап кеттим. Ал мындайды күтпөптүр.
- Абсолюттук күрөштө атаандашыңды багындырганың үчүн демөөрчүлөр 100 миң сом байге коюп, аны сага тапшырышты. Ушу акчаны кайда жумшайын деген оюң бар?
- Биздин Кулунду айылында бир тууган агамдын күрөшө турган залы бар. Ал жерде жаш балдар машыгышат. Залдын жабдуусундагы кем-карчына жумшайм. Машыккан балбандардын жууна турган жеринде суу жылыткыч иштен чыгып калган болчу. Биринчи кезекте ошонусун оңдоп беришим керек.
- Лейлек күрөшүнө кандайча келгенсиң?
- Балбандык биздин каныбызда бар. Өз атам, чоң атам балбан болушкан. Убагында чоң атам тигил жагы тажик, бул жагы өзбек балбандарынын моюндарын бурап жүргөн кишилерден экен. Чоң атамды "келатат" дешкенде ошо туугандардын балбандары качып кетишчү дейт, бир шылтоону айтып. Бул аңыз кепти 5-класста окуп жүргөнүмдө уккам. Мен да чоң атамдай балбан болом деп, биринчи жолу чоң тойдо күрөшкө чыккам.
- Силер жакта күрөшкө чоң байге коюшат. Алгачкы жеңген чоң байгең эсиңдеби?
- Биринчи жолу Исфана шаарында чемпионат болуп, классташым экөөбүз райондун борборуна келгенбиз. Экөөбүз тең биринчиликти жеңип, байгеге түстүү телевизор алганбыз. Ошондо мени гезитке мактап жазышкан. Анда 9-класста элек.
- Лейлек күрөшүнө чыгып жүргөн балбандарга билегинин күчү керекпи, же ыкчамдык керекпи...
- "Эрдиги бар, эси жок" деген сөздү балбанга жабыштыра койгондорун угуп калып жүрөм. Балбандын эси жок болсо, каякка, кантип, кимди жыгарын билбесе, эмнеси балбан? Ошондуктан билегинин күчү менен мээсин бирдей иштетип, бирдиктүү иш алып баруунун натыйжасы жеңишти алып келет деп ойлойм.
- Күрөштө дене-башты ооруксунтуп алган учурлар болобу?
- Машыгуу учурунда болбосо да, мелдеште андайлар көп эле болот. Мисалы, Тажикстандагы чоң мелдеште бутумдун кызыл ашыгы чыгып кеткен. Жарым жылча күрөшкө барбай жүрдүм.
- Бүгүнкү күнгө чөйин канча автомашина уттуң?
- Азырынча эки эле машина, эки мотоцикл, бир короо кара мал (күлүп)...
- Лейлек күрөшүндө эки балбан белдериндеги курга колдорун илип алып, кээде тура беришет экен. Сүйлөшүп аткандай түр көрсөтүшөт. Эки балбан соодалашып, сүйлөшүп алса болобу?
- Сүйлөшкөнгө катуу тыюу салынган. Андайды байкаган калыс эки балбанды күрөш килеминен айдап чыгат. Ал жер базар эмес да, соодалашкыдай. Балбандын кадыр-баркы болот. Чыктыңбы? Күрөш! Жыгылсаң - жер көтөрөт. Ата-бабадан келаткан салтты урпактан урпакка таза бойдон өткөрүп берүүбүз абзел.
- Сен бүгүн чемпион болдуң. Эртең башка мелдеште жаңы чыгып аткан балбан коркуп чыкпай койгон учур кездешпейби?
- Чүчүкулак ишинде ушул жактары дыкат каралышы керек. Татыктуу балбандар килемде жолугуп, татыктуу күрөш көрсөтсө, көрүүчүлөрдүн кумары, чери жазылат да.




Грек-рим
Баатыр Панфиловду эскерүү
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо 9-май жеңиш күнүнө карата Советтер Союзунун Баатыры Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү. Биздин жергеге Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн балбандар да келип, жалпы мелдешке чыккандардын саны 220дан ашты. Эки күнкү кыл чайнашкан мелдеште 8 салмак чени боюнча балбандар күч сынашып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Алар: Өскөнбай Абдупатаев (50 кг.), Лука Орлов (55 кг.), Кенжебек уулу Айбек (60 кг.), Атабек Азизбеков (66 кг.), Куат Хамитов (74 кг.), Абдымажит уулу Абдырашит (84 кг.), Ильхам Токтаев (96 кг.), Дастан Мурзабеков (120 кг.).

Теннис
Бухарадан экинчини багындырган Ксения
Өзбекстандын Бухара шаарында чоң теннис боюнча эл аралык турнир өттү. Кыз-келиндер арасында биздин жердеш Ксения Палкина мелдештин эки түрүнөн ат салышкан. Жекече жагынан биринчи турда эле ыргып кеткен. Ал эми жуп түрүнөн орусиялык Нина Братчикова менен финалдык таймашка чейин мүдүрүлбөй барган. Финалда Корей кыздары менен тең тайлашып, жада калса оюндун биринчи бөлүгүн 6:4 эсебинде утуп алышканы менен, кийинки эки бөлүктү 6:7, 5:10 эсептеринде уттуруп, күмүш медалдарды моюндарына илишти.

Тайбокс
Эже-сиңди кайда аттанды?
Аргентина өлкөсүнүн борбору Буэнос-Айресте 14-май күнү тайбокс боюнча кыз-келиндер арасында Түштүк Америка биринчилиги башталганы турат. Мындай салмактуу турнирге Кыргызстандан Антонина, Валентина (эже-сиңди) Шевченколор жөнөп кетишти. Турнирге Бразилия, Аргентина, Парагвай, Уругвай, Венесуэла, Колумбия жана Перу мамлекетинин чемпион кыздары катышмакчы. Антонина Шевченконун атаандашы аргентиналык Андреа Саласар болмокчу. Ал эми Валентинага Рут Акино чыкканы даярданып атат. Эки аргентиналык кыз тең дүйнө биринчилигинде байгелүү орундарды жеңип жүргөнүн билип жүрөбүз. Бу жолку биздин кыздар менен боло турган таймашта кантишер экен, күтө туралы.

Футбол
"Дордой" топ тепкичтери алдыда
Кыргызстандын биринчилигинде кезектеги 3 оюн ойнолду. Бишкектин "Алга" командасы Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубун кабыл алды. Коноктор биринчи болуп топ киргизди. Айып жерден Эсенкул уулу Чолпон жаза тайыган жок. Ушу топтон кийин талаа ээлери катуу чабуул жасап, коноктордун шаштысын кетирип, удаасы менен 3 топту киргизгенге үлгүргөн. Оюн мөөнөтү бүткүчө Кант шаарынан келгендер экинчи топту гана жооп кыла алышкан. 3:2 эсебинде "Алга" оюнчулары жеңишке жетишти. Экинчи оюн Бишкектин "Дордой" футболдук клубу менен Ош шаарынын "Алай" командасы ортосунда болду. Бу жерде өлкөнүн 6 жолку чемпиону 4:0 эсебинде утуп алды. 4 турдан кийин турнирдик таблицанын көч башына 10 упай топтоп "Дордой" футболдук клубу келатат. Үчүнчү оюн Кочкор-Атада "Нефтчи" курамы менен Караколдун "Ысык-Көл" командасы ортосунда болду. Кочкораталыктар коноктордун шайын оодарып, 4:0 эсебинде "сыйлап" алды.

Сууда сүзүү
Беш алтын жеңген Азиз
"Дельфинде" 9-май күнүнө карата сууда сүзүү боюнча чоң мелдеш болуп өттү. Үч курак боюнча ар кыл жааттан жаш спортчулар таймашка чыгышты. Турнирдин учурунда Кыргызстандын белгилүү атлеттери Юрий Захаров, Василий Даниловдор жаштарды шыктандырып, мелдештин көркүн ачты десем жаңылышпайм. Бу күнү Азиз Сансызбаев катары менен 5 алтын медалды жеңип алды. Ал 50 метр брасс, далыдан, баттерфляй, эркин жана 100 метрди кошмо көнүгүүдөн.

Бильярд
Снукерди багындырган Эрмек
Бильярддын снукер тартиби боюнча шаардын ачык биринчилиги өттү. Мурунку жылдары бул оюнга кызыккандар саналуу эле болчу. Ашып кетсе шаар боюнча 10го жетчү эмес. Быйылкы турнирге 30 шар аткыч катышты. Мелдеш курч мүнөздө өтүп, финалдык мелдешке Изат Радбеков менен Эрмек Моңолбаев чыккан. Шаардын чемпиондугун Эрмек жеңип алды.

Гольф
Кыргыз оюнчулары Бразилияга
Гольф оюну Кыргыз жергесине жакында эле келди. Кеңири түрдө жайыла элек. Аксөөктөр гана ойношо турган оюн 2016-жылы Бразилия өлкөсүндө өтүүчү жайкы олимпиада оюндарынын тизмегине кирди. Жакында Казакстанда эл аралык мелдеш болуп, биздин өлкөнүн намысын коргогону Алтынбек Иманалиев менен Айдар Асановдор барышкан. Гольф оюнунун алгачкы карлыгачтары ал жерден кур кол кайтпай, коло медалды жеңип алышкан. Мүмкүн аты аталган кыргыз оюнчуларын Бразилия олимпиадасынан көрүп каларбыз. Үмүт үзбөй туралы.