Шоумаек

Мирлан Баеков, ырчы:
"Беш жыл мурунку сүйүүмдү таптым"

Көпчүлүк сүйүп уккан "Кызыл өрүктүн" аткаруучусу, Мирлан Баеков сегиз жыл мурда чыгармачыл чөйрөгө аралашкан. Тайенесинин тарбиясын алган ырчы аккордеон тартканды үйрөнүп, ошол учурда эле Токтогул өрөөнүндөгү Торкен айылында "жылдыз" болгон экен. Учурда жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенип аткан Мирлан бизге кызыктуу маек куруп берди.

- Мирлан, чыгармачыл чөйрөгө аралашканыңа сегиз жыл болсо, буга чейин көрүнбөй кайда жүргөнсүң?
- Чыгармачыл чөйрөгө аралашканда алгач Сыймык Бейшекеев, Жакут Сыдыков менен иштешип, гастролдорго чыгып жүрдүк. "Кызыл өрүктөн" кийин көпчүлүк мени жеке ырчы катары таанып калды. Бирок, мен жеке ырчы эмесмин. Төрт жигиттен турган "Жоролор" тамаша тобунун ырчысымын. Быйыл топтун түзүлгөнүнө үч жыл болот. Учурда жаңы ырлар менен бирге жаңы тамашаларды иштеп атабыз.
- Топ түзүү идеясы кимге таандык?
- Топтогу Алтынбек Ажалиев, Эсенбек Кыдыршаев үчөөбүз Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайын чогуу бүткөнбүз. Окуп жүргөндө эле "топ ачабыз" деп кыялданчубуз. Бир күнү топтун азыркы жетекчиси Жылдызбек Абдраимов менен таанышып калдык. Анан "төртөөбүз тең ит жылында төрөлгөн экенбиз, топтун аты "Жоролор" болсун" деп кеңешип койгонбуз. "Башчыңар ким?" деп сурагандарга кичине сүр көрсөтүп турсун деген ниетте бою узун, көлөмү да чоң Жылдызбекти шайлап алганбыз.
- Сенин багыңды ачкан "Кызыл өрүк" ыры экенин билебиз. Ал эми "Жоролордун" багын ачкан кайсы сатира болду?
- Чындыгында "Кызыл өрүк" менин багымды гана ачпастан, колумдан түшүрбөгөн "визиткам" да болуп калды. Бул ырды "эл оозуна бат алынып кетет" деп ойлогон эмесмин. Жаңы чыкканда кайда барбайын "Кызыл өрүк" жаңырып, тойлордун да көркүн ачып атты. Ошондо "бул ыр мага жол ачты, демек, аркасында чоң жоопкерчилик турат, мындан да катуу эмгектенейин" деп сүйүнүчтөн ыйлап жибергем. Анын артынан "Ата тилеги", "Каниет" аттуу ырларды аткарып жүрөм. Ал эми "Жоролор" тобуна ийгилик алып келген "Жатакана, Айжамал" деген сатира болгон. Андан кийин төрт жолу үйлөнүп, төрт жолу күйөөгө тийген эки жаштын үйлөнүү тою тууралуу сатира жаралды.
- Өзүң айткандай "визиткаң" менен бир топ эле көтөрүлүп алсаң керек?
- "Жылдыз" болуппу (күлүп)?.. Тескерисинче, ал ыр элге жагып калганына сүйүндүм. Жогоруда айткандай, "Кызыл өрүккө" бийлеп аткандарды көргөндө толкунданып, ыйлап да жиберчүмүн. Чыгармачылыктын өйдө-төмөнүн көрүп калгангабы, менде бой көтөрүү болгон жок. Балким, "жылдыз оорусуна" айылда жүргөндө кабылгандырмын. 9-классымда Карыпбай деген агайдын аккордеонун эки күн тынбай каңкылдатканым эсимде. Ошондон кийин апам мага жаңы аккордеон сатып берген. Бирок, беш бир туугандын улуусу болгондуктан, үй жумуштарын жасап, ата-энем конокко кеткенде бөбөктөрүмө тамак даярдап, айтор, аккордеон кармаганга убакыт болчу эмес. Кийин Токтогулдагы тайенемдин колуна келгенде ырчы болуп жыргадым. Тайенем экөөбүз жалгыз жашайбыз... Баягы, тентек, эч кимди укпаган Мирлан жок. Короодогу мал-жанды карап, чоң киши болуп калган. Кечкисин бөлмөмө кирип алып, аккордеон менен бир топко чейин ырдачумун. Аны билген айылдаштарым той болгон жерге чакырып, өзүнчө эле айылдын "эмгек сиңирген ырчысы" болуп кеткем (күлүп). Мен тойго кеткенде мал-жандык, короо-жай каралбай, тайенем аркамдан издеп, ачууланып келчү.
- Ушунча жыл ичинде "концертте мен дагы ырдайынчы?" деп суранган учуруң болду беле?
- Жаңы чыгып баштаганда сахнадан "Айжамал" деген ырды ырдагым келе берчү. Бир-эки жолу ырчыларга телефон чалып, "мени да концертке кошуп койгулачы?" деп сурангам. Азыр кайсы ырчы чакырса, барып ырдап коем. "Бүгүн ырдамайынча кетпейм" деп догурунган учурум болгон эмес.
- Жеке ишкерлер арасында "демөөрчү болуп берем" дегендер барбы?
- Тойлорго барганда колунда бар байкелер "жакшы ырдайт экенсиң, менден жардам керекпи, чал" деп телефон номерлерин берет. Жардам керек болуп атса дагы чалгандан намыстанам. Өзүм чалып, жалдыраганды жаман көрөм.
- Сенин ырларыңа, клиптериңе айтылган сын-пикирди көп угам. Сын-пикирге терикпейсиңби?
- Менден улуу, тажрыйбасы бар адамдар сын айтса туура кабыл алам. Сын-пикир аркылуу кемчиликтерди оңдойм. Өткөндө Москвага кетип баратып, "Ата тилегине" шашылыш клип тартып калдык. Сценарийин клипмейкер Мырза Айдаралиев түзгөн. Бир айлык гастролго кеткендиктен, клипти интернеттен көрдүк. Бирок, биз ойлогондой болбоптур. Шаарга келгенде башкача кылып кайра тарталы десек, пираттык жол менен дисктерге тарап кетиптир. Бул клипке байланышкан суроо берилген сайын өзүмдү ыңгайсыз сезем. Кеч болсо дагы "клипти кайрадан иштеп чыгалы" деген оюм бар. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, "Ата тилегинин" клиби үчүн күйөрмандардан кечирим сурайт элем.
- "Бир туугандарымдын аксакалымын" деп калдың. Буюрса, быйыл той жейбиз го?
- Ооба, Кудай буюрса, быйыл күздө үйлөнөм. Менден кийинки иниме жол бошотуп бергем. Жакында балалуу болот. Карындашым да турмушка чыгып, эне болгон. Топтогу бопбоз бойдок жигит мен эле калдым. Баары эле менин үйлөнүү тоюмду күтүп атышат. Анүстүнө беш жыл мурда жоготуп алган сүйүүмдү таптым (күлүп). 2-курста окуп жүргөндө кафеде музыкант болуп иштеп, Нарындын сулуу кызы менен таанышкам. Бир жыл мамиле кургандан кийин эки тарап каршы болуп, сүйлөшпөй калганбыз. Менин алгачкы сүйүүм ошол кыз болду окшойт, бөлөктү сүйө албадым. Экөөбүз сүйлөшпөй калсак дагы ал иштеген кафени акмалап, бош болгон сайын барып, карап кетчүмүн. Кудай буюрса, быйыл кайрадан табышып, "күзүндө кол кармашалы" деп турабыз.

Айнура Касымова




  Жаңы жүз

Автандил:
"Кыздарга "тоюп" калгам"

Учурда эстрада ырчыларынын популярдуу ырларынын катарын "Ишенчи" аттуу чыгарма да толуктап келатат. Биз бүгүн анын аткаруучусу Автандил менен маек курдук.

- Автандил, чыгармачылыкка кандайча келдиң?
- Токтогулдуктардын баары эле ырга жакын келет эмеспи. Апам дагы абдан жакшы ырдайт. Ошондон улам чыгармачылыкка жакын болуп калсам керек. Апамдын жакын достору белгилүү ырчылар. Ал дагы сахнага баш багайын десе, атам кызганып, ырдатпай койгон экен. Ошондуктан, "мен ырдабасам да, сен ырдашың керек" деп апам ар дайым мага колдоо көрсөтүп келет.
- Азыркы учурда көрүүчүдөн ырчы көп. Алардын арасынан "көрүнбөй калам" деп коркпойсуңбу?
- Жок, андай болот деп такыр ойлобойм. Менин талантымды баалаган күйөрмандарым жок эмес. "Көрүнбөй калам" деп, жалкоолонуп иштебей калгандар корксо болот. Ал эми мен болгон убактымды чыгармачылыкка жумшап, болушунча жагымдуу ырларды чыгарганга аракет кылуудамын.
- Башкалардан эмнең менен өзгөчөлөнөсүң?
- Мен ыр тандоо жагынан жакшымын. Улуусуна да, жашына да жага турган ырларды аткарганга далалат жасайм. "Каркырам" аттуу эски ырга жаңы көйнөк кийгизип ырдап чыктым эле, көпчүлүккө жагыптыр. Жакшы пикирлерин айтып атышат. Ал эми "Ишенчини" көбүнчө жаш кыздар жакшы көрүшөт экен. Жакында эле "Үзүлбөс үмүт" деген жаңы ыр жаздырдым. Буйруса, 15-майдан кийин радиолордон угуп каласыздар.
- Кимдир бирөөгө арнаган сүйүүңө ишенич болбой, "Ишенчи" ошондон улам жаралды беле?
- Азыркы убакта "сүйөм" деп сүйбөсө деле айтышып, сүйүүнүн баркын кетирип алышкандар көп. Ошол себептен чын эле сүйүүңдү арнасаң деле ишенишпейт. Андыктан, ушул темадагы ыр чыгарганга туура келди.
- Демек, сүйлөшкөн кызың жок экен да?
- Туура, жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин. Кафеде беш жыл иштегем. Ошол убакта кыздарга "тоюп" калган окшойм. Ошол кыздарга короткон убактымды чыгармачылыкка жумшасам, анда баары башкача болмок. Жүрөгүмдү жөнөкөй эле айылдын кызы багынта алат. Ашыкча боёнгон кыздардан качам.
- Продюсериң барбы?
- Мен жаңы чыгып келатканда жаш ырчылар продюсерлери менен урушуп жүрүшкөн эле. Ошондон улам, "продюсерлер жаман турбайбы" деп ойлоп койгом. Бирок, бардык адам бирдей эмес да. Ди-джей Марат Мырзабеков менен "эркекче" кол алышып иштеп атабыз. Продюсери жок ырчы бир колу жоктой эле болуп калат. Себеби, ырчы жөн гана ырдап коёт, калган жумуштун баарын продюсер бүтүрөт.
Марат байке экөөбүз алдыга көп пландарды түзүп, аны четинен аткара баштадык.

Адинай
МАРИПОВА