"АЮ" компаниясы согуш ардагерлерин куттуктады

9- май - Улуу Жеңиш күнү. Эң жарык, эң кымбат, эң улуу майрам! Бул майрамдын мааниси зор, баалуулугу чексиз. Миллиондогон адамдар фашисттик Германия менен салгылашууда кан-жанын аяган эмес. 20-кылымдын эң коркунучтуу, эң кандуу окуясы болгон Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына мына бүгүн 66 жыл толуп олтурат. Ажалга тике карап, жанын аябай салгылашуунун негизинде Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге чоң таазим этебиз. Жылдан жылга алардын катары азайып келатканын көрүп, жүрөгүбүз кысылат. Согуш жылдарынын кыйынчылыктары, согуштан кийинки оор күндөр мезгилге өз изин калтырбай койбойт экен… Ошондуктан ардагерлерге мүмкүн болушунча көңүлүбүздү бөлүп, кам көрүүгө тийишпиз.

"АЮ" компаниясы тарабынан ардагерлерге арналган иш-чаралар жылда уюшулуп, жакшы салтка айланып калды. Бул иш-чаралар республикабыздын ар кайсы региондорунда, аймактарында бийик деңгээлде өткөрүлүүдө. Бул жылы Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар Сокулук, Ысык-Көл, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарында болуп өттү.

Ардактуулар жылына азаюуда...
6-май күнү Сокулук айылында райондун ардагерлерин урматтоо аземи болуп өттү. Айылдык Маданият үйүнө балдарынын, неберелеринин коштоосунда, орден-медалдарын жаркыратып ардагерлер чогулуп жатышты. Советтик жоокердин эстелигинин жанында солдаттык чатыр тигилип, ардагерлерге арналып концерт уюштурулуп, куттуктоо сөздөрү айтылып жатты. Согуштун катышуучуларын райондун акими Э.Т.Аширбаев, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш.Осмонкулов, Ардагерлер Кеңешинин башкармасы Н.П.Лысенко жана "АЮ" соода маркасынын генералдык директору Б.М.Өскөнбаев куттукташты. Андан кийин ардагерлерди даамдуу солдат тамагы жана "фронттук" 200 грамм күтүп алды. Анан, албетте, "АЮ" компаниясынын белеги - азык-түлүктөрдүн топтому салынган баштыктар берилди. Муну менен ардагерлердин муктаждыктарын жакшы түшүнгөн "АЮ" компаниясынын жетекчилери алардын жашоосун бир аз болсо да жеңилдетүүнү көздөштү. Бейшен Өскөнбаев мырзанын белгилөөсүндө, 8 жыл мурда "АЮ" ушул иш-чараларды жаңыдан баштап жатканда, Сокулук районунда 525 ардагер бар болсо, а бүгүн 84ү гана калыптыр….

"АЮ" компаниясынын өкүлдөрү карылардын ак батасына арзыды
7-май күнү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү органдар райондун ардагерлерин куттукташты. Бул жерде да "АЮ" компаниясы толук колдоо көрсөтүп, 58 ардагерге өзүнүн белектерин тапшырды.
Ат-Башы жана Нарын жергесинде "АЮ" компаниясы кеңири демөөрчүлүк көрсөткөн майрамдык иш-чаралар 9-май күнү өттү.
Ат-Башыда "Дордой Плаза" ресторанында ардагерлерди салтанаттуу куттукташты. Райондун акими Ж.Дүйшеев, Жогорку Кеңештин депутаты, Ат-Башынын жигити А.Баатырбеков ардагерлерге жылуу сөздөрүн арнашты. Андан соң "АЮ" компаниясынан белек - ар биринин жалпы эсеби 3500 сом болгон эң негизги азык-түлүктөрдөн турган топтом: бир мүшөк ун, май, чай, макарон, шекер, конфет жана башкалары 41 ардагерге тапшырылды. Куттуктоо аземи абдан жакшы маанайда өтүп, "АЮ" компаниясынын өкүлдөрү карылардын ак батасына арзышты.

Миллион сом байге койгон "Аю" компаниясы
Нарында салтанаттуу азем шаардык аянтта өттү. Нарын району боюнча бүгүнкү күндө болгону 28 ардагер калыптыр. Аларды облустун губернатору К.Муратбеков, "АЮ" соода маркасынын генералдык директору Б.М.Өскөнбаев куттукташты жана "АЮ" компаниясынан белектер жана гүлдөр тапшырылды. "АЮнун" белегинде керектүү азыктар менен камсыз кылууга аракет көрүлдү. Андан соң Нарын районунун Эмгекчил айылында Жеңиш күнүнө карата "АЮ" компаниясы тарабынан уюштурулган чоң улуттук ат оюндары өткөрүлдү. Ат чабыш, улак тартыш, эр-эңиш оюндарынын жеңүүчүлөрү чоң-чоң байгелерге ээ болушту. Мисалы: чоң аламанда баш байге - 250 000 сом, жорго салдырышта - 200 000 сом, кунан чабышта - 150 000 сом, тай күлүк - 50 000 сом. Улак тартышта берилген байгелер: 1-орунга 100 000 сом, 2-орун - 60 000 сом, 3-орун - 30 000 сом, 4-орун - 10 000 сом, ал эми эр эңиштин жеңүүчүлөрүнө 20 000 сомдон берилди. Акыркы убакта "АЮ" компаниясынын улуттук оюндардын өнүгүшүнө абдан чоң көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканы сүйүндүрбөй койбойт. Майрам эң сонун өтүп, көрүүчүлөр жана катышуучулар зор ырахат алышты.

"АЮ" компаниясы бардык мекендештерди Жеңиш күнү менен куттуктайт жана ардагерлерге чоң ыраазычылык менен таазим этип, ден-соолук жана узун бакубат жашоо каалайт. Майрамыңар менен, урматтуу ардагерлер!

Сурат Жылкычиев