Вирусуң мына!

Бишкек Биолаборатория курмандыгында...

Ордо калаанын 12-кичирайонунун чыгыш тарабына жайгашкан ботаникалык бактын ичине канадалыктардын биолаборатория куруу иши жөнүндө коомчулукта эки тараптуу пикир жаралууда. Бирөөлөрү (аз сандагылары) "биолаборатория Кыргызстанга керек, тез аранын ичинде куруп баштабасак кечигип атабыз" деп жандалбастап атса, бирөөлөрү (көпчүлүгү) "анын элге пайдасынан зыяны көп" дешүүдө... Акыркы кезде ботаникалык багына туташ жайгашкан Көк-Жар айылы жана 12-кичирайонунун тургундары менен бирге жалпы шаардыктар да тынчсызданып, коомчулукка коңгуроо кагып, президент Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге, парламент спикери Ахматбек Келдибековго кайрылуу катын жолдошкон. Ал катка 500гө жакын адам кол коюп, канадалыктар тарабынан биолабораториянын Кыргызстанга курулушуна каршы экенин билдиришкен.

"Лаборатория керек" дегендер
"Үчүнчү класстагы биолаборатория бизде эл аралык стандартта курулса, Кыргызстандын табиятына терс таасирин тийгизбейт жана коркунуч туудурбайт" деп өз пикирин Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин башчысы Биймырза Токторалиев билдирген. Ушундай эле ойду депутат Эсенгул Исаков "Жарандык активисттер биолабораториянын курлуш иштерине каршы чыккандан көрө машиненин түтүнөн чыккан абанын бузулуп атканы тууралуу суроо көтөрүп чыгышса жакшы болмок" дейт. Канада менен Кыргызстандын биолаборатория куруу жөнүндөгү келишимди жактоочулардын бири, улуттук долбоордун координатору Рысбек Нургазиев төмөнкүлөргө токтолгон: "Бизге мындай лаборатория керек. Анткени ооруган жаныбарлардын диагнозун өз учурунда аныктап, өз учурунда чара көрүп туруу үчүн. Эгер ушундай лаборотория биздин Кыргызстанда мындан 3-4 жыл мурун пайда болгонунда, "Азия-1" вирусуна каршы туруп, 3,5 миллион доллар коромжуга учурамак эмеспиз". Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева да аталган лабораторияны курууну зарыл деп эсептейт: "Бул деген бизге өтө керектүү нерсе. Себеби, медициналык жана биологиялык дарт аныктоолорду жүргүзүүдө биз мына ушуга окшогон заманбап лабораторияга муктажбыз. Анткени, азыркы шаардын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан лабораторияларыбыздын абалы начар, имараттары эски. Коргоо калыптары тиешелүү деңгээлде эмес. Негизги коркунуч мына ошол шаардын ичинде жайгашкан лабораторияларда болуп жатат. Анда канча жылдан берки лабораториялык материалдар сакталып турат. Мына ошондуктан эл аралык деңгээлдеги биологиялык лаборатория курулса, бардыгын ошол жерге бириктирмекпиз. Коопсуздук жагы дагы жолго коюлмак. Ал жерге башка жактан же башка өлкөдөн кандайдыр бир козгогучтар же кандайдыр бир патогендик вирустар ташылып келбейт. Аталган лабораторияда эл аралык деңгээлдеги кандайдыр бир изилдөө иштери жүргүзүлбөйт. Болгону ал биздин ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана муктаждыктарыбызды чечүү үчүн гана колдонулат. Азыр коомчулукта айрым бир туура эмес ой-жоруулар болуп жатат. Биз мындан чочулабашыбыз керек".


"Биолаборатория керек эмес" дегендер
Кыргызстандын жаштар кеңеши уюмунун өкүлү Мавлян Аскарбеков биологиялык лабораториянын ботаникалык бактын аймагына курулушуна каршы экендиктерин мындайча негиздеди: "Ал жерден Аламүдүн суусу өтөт. Кокус жамгыр нөшөрлөп, суу ташкындаса, ага жакын жайгашкан биологиялык лабораторияны суу жууп кетүү коркунучу бар. Ал эми анда коркунучтуу оорулардын вирустары жана инфекциялар сакталат эмеспи. Мындан сырткары, тоодон келген шамалдын багыты ботаникалык бак тараптан өтөт. Эгерде кокустуктан коргоо калыптары бузула турган болсо, вирустар жана инфекциялар шамал аркылуу тарап кетпейт (!) деп ким кепил боло алат? Аталган биолаборатория Канада өкмөтүнүн 60 миллион долларлык грантынын негизинде курулмакчы. Бул маселе Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, курулушту каржылоо жагы үч жылдан бери чечилбей келгендиги өткөндө парламенттин комитетинде талкууланган".
Коомдук активист Алмаз Жазыбаев "мында биологиялык куралдарды сыноо иштери да жүргүзүлүшү мүмкүнбү (?) деген ойго түртүлөсүң" деп күмөн санайт: "Ал жердеги лабораторияны канадалыктар иштетишет экен. Алар буюртмачы катары өздөрүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы үчүн аталган мекемени пайдаланышы мүмкүн. Анткени, эки тараптын макулдашуу келишимине ылайык, аталган объект жашыруун болгондуктан, аны текшерүүгө жана көзөмөлдөөгө Кыргызстандын акысы жок экен. Ошондой эле аталган лабораторияга эмне алып киришип, эмне алып чыгып жаткандыгын билүү кийин кыйын болуп калат. Мына ушундай тобокелчиликтери менен курулган лаборатория бизге керекпи?"
Октябрь районунун мурунку акими Жумабек Исаев биолабораторияны шаардын таза абалуу району болгон ботаника багына жайгаштырууга каршы экенин мындайча билдирди: "Бул лабораториянын курулушуна шаар элинин бардыгы эле каршы деп ойлойм. Ал жерде аты жаман оорулар изилденип, ар кандай жандыктарга эксперимент жасалат. Илдетти алып жүргөн вирустар кармалат. Аба менен таркала турган вирустар да жок эмес болсо керек. Андай эле Канада элине биолаборатория керек болсо, өз жерине куруп алышпайбы дейсиң. Бул жерде катылуу чоң сыр бар. Канадалыктардын акчасына кызыкпаганыбыз дурус. Анча-мынча чиновниктер алдын-ала акчасын алып коюп, азыр күйпөлөктөп атканы билинип эле турбайбы. Ошон үчүн жалпы кыргыз элин кайдыгер болбошуна үндөйт элем".

Сурат Жылкычиев





Биолаборатория жөнүндө шилтемдер
АКШнын кайсы бир биолабораториясында күтүүсүз кырсык катталган. Лаборатория кызматкери ишке тиешелүү флакондогу уулуу суюктукту жоготуп жиберген. 15 саат ичинде 2 миңге жакын кызматкерлер текшерилип, лабораториядан чыгууга мүмкүндүк болгон эмес. Нервдер чыңалып, кээ биринин жүрөк оорулары кармап, ж.б. терс толкундоолор жаралган.

***
Жамбыл облусундагы Отар станциясына жакын жердеги Илим изилдөө институтунун биолабораториясынан келемиш качып кетиптир. Аны кармаш үчүн килейген дивизия аскери тартылып, 7 күн дегенде араң табышыптыр. Анткени, эгер ал келемишти кармашпаса, бир облстун же жарым миллион эли бар шаардын элин вирус менен заматта жок кылып коймок экен.

***
Степногорск шаарында биолабораторияда иштеп келген бишкектик аялдын эскерүүсү: "Жер үстүндө 3-4 имарат болгону менен калганы жер астында эле. Ал лабораторияга барып калганымдын себеби, "мал-жандыкка жем-чөп даярдала турган завод" дешкен. Чынында андай эмес болуп чыкты. Лаборатория башынан Москвага баш ийе турганын жана чекеси тосулуп, аскерлер кайтара тургандыгын байкагам. Бир жолу бизде иштеген жаш бала шаардык поликлиникага колунда так пайда болгонун айтып кайрылган. Догдурлар анын диагнозун аныктап, биздин лабораторияны эки айга карантин кылып жаап салган. Кийин ал жумушка келбей калды. Жок болуп кетти. Ал жерге жумушка келгенде энеден туума жылаңач чечинип, душка чайынасың. Халаттары пахтадан гана болуш керек. Комиссия көздүн карегиндей текшерип турат.


P.S. Баш калаанын ботаникалык багынын аймагында биолаборатория курууга болгон ой-пикирлер башталды. Бул темабызды кийинки санда да улантабыз. Кайдыгер болбогондор четтен чыгаар...




  Санжырасы

2008-жылкы макулдашуу долбоорунун башталгыч багыты боюнча, тамак-аш заттарын изилдөө жана сертификациялоодо дүйнөлүк стандарттагы заманбап лаборатория куруу жагы гана көрсөтүлгөн. Ал эми макулдашуу доблоорунун жаңысында TSL-3 үлгүсүндөгү ири кубаттуулуктагы биолабораторияны куруу зарылдыгы сунушталган. Ошондой эле, алгач бул долбоорго жалпысынан 40 миллион доллар Америка акчасы каралган болсо, азыркысында бул сумма 60 миллионду чапчып турат.