Кызарганды кытып...

УБ пенсионерлердин акчасын кайда жоготту?

Улуттук Банк (УБ) Соцфонддун 1,5 миллиард сому АУБдан апрель окуясына чейин эле чыгарылып кеткендигин айтууда. Бирок, банкта бардыгынын акчасын төлөй турган каражат бар болчу. Бийлик пенсионерлердин акчасын кайда жоготту?

Соцфонд өз акчаларын дайыма коммерциялык банктарда сактачу. Анткени, мындай болгондо тиги акчалардан белгилүү бир өлчөмдө пайыздар түшүп турат. Болбосо, инфляциянын айынан акчалардын куну кете берет. Бийлик алмашканга чейин, тагыраак айтканда, апрелге чейин АУБда соцфонддук 2 миллиард сому бар болчу. Анын жарымы депозит, жарымы расчеттук эсепте сакталган. Кийинчерээк соцфонд АУБда соцфонддун акчаларын төлөгөнгө толук кудуреттүү экенине карабай, болжолу 500 миллиондой сомду "РСК-Банкка" которду. Анын Улуттук Банктын корреспонденттик эсебинде да акчалары бар болчу.
Бирок УБ мындай кылууга жол берген жок. Анткени, ал жакта коммерциялык сектордо иштебеген, бизнести башкарууну билбеген адамдар иштей башташкан. Соцфонддун 1,5 миллиарды менен Өнүктүрүү фондунун 880 миллионун кассаларда накталай турган акчалар, УБнын корреспонденттик эсебиндеги акчалар, мамлекеттик баалуу кагаздар жана башка активдерден түшкөн каражаттар менен төлөп койсо болот эле. Бул тууралуу УБдагылар билишет, колдорунда документтери да бар. Бирок, эми ал каталарын мойнуна алгылары келишпейт. Жогорудагылардан кутулгандан кийин банк катардагы кардарлары жана юридикалык тараптардын акчаларын төлөп бермек.
Биздин өлкөдө мамлекеттин акчасысыз иштей албаган банктар көп. Аларда баары жайында. Мамлекеттин акчаларын чыгарып кеткенден кийин АУБду өз кардарлары менен калтырып коюш керек болчу. Андан соң акырын иштеп, өз кызматын аткара бермек. Жада калса жаңы жетекчини да отургузуп, УБнын түз көзөмөлү астында иштей турган кылып койсо болмок. Бирок, УБ жетекчилиги жана анын убактылуу башкаруучулары бизнестин тилин түшүнүшпөгөндүктөн, булардын айынан АУБда чоң көйгөйлөр башталды.
Мунун ордуна алар баарын тескери жасашты. Анын айынан баары: Соцфонд, катардагы кардарлар жана банктын өзү жабыркашты. Башында УБга акылы азыраак адамдар келип калгандай болуп аткан. А бирок, кийин бийлик алгач АУБду талап-тоноону каалашкандыгы, андан кийин кетирген каталары үчүн ким төлөй тургандыгын (анткени алар убагында пенсионерлердин акчасын чыгарып кетишкен эмес) чечмей болушкандыгы ачыкталып жатат. Мына, биздин бийликтегилер кары-картаңдарга эң акыркы болуп көңүл бөлгөндүгү. Эми жоопкерчиликти кимге иле салуу керек? Бийликтегилер бири-бири менен чырмалышып алышкан, демек, бири экинчисин сөөмөй менен көрсөтө албайт. Натыйжада, акчалар апрелге чейин, АУБдун мурунку жетекчилиги тарабынан чыгарылып кеткен деп жар сала калышты. Бул шылтоо чыныгы финансисттердин күлкүсүн гана келтирет. Анткени, УБ атайылап чындыкты жаап-жашырууда. А эгер башкача дей турган болушса, акчаларын убагында чыгарып кетүүгө соцфондго жол бербегендиги жана башкара албай банкты банкротко учураткандыктарына айыптуу болуп жатып калышат. Ким эле мындай күнөөнү тагынгысы келсин? Эч ким. Андыктан башка бирөөнү айыпкер дей салуу оңой да. Анткени алар өлкөдө жок эмеспи. Бир гана пенсионерлерди эч ким ойлонбогону чатак болууда. 2010-жылдын апрелинен кийин кимдир бирөө сол чөнтөгүнө солоп ийген, же болбосо, акчаларды башкара албай ысырап кылгандыгы үчүн ушул кары-картаңдар абыгер чегиши керекпи?!
Билесизби, эмне үчүн Соцфонддун акчалары апрелге чейин чыгарылып кетиши мүмкүн эмес? Анткени, биринчиден, ал акчалардан бийлик алмашкандан кийин да депозиттик пайыздарды алып турушкан. А эгер акча жок болсо, пайыздар кайдан келди? Абаданбы, асманданбы? Экинчиден, эгер акчалар уурдалып кеткен болсо, жаңы банк "Залкарда" бул милдеттемелер болмок эмес. Банк милдеттемеси деген - бул кардар банкка салган акча. Аларды сактап жана пайыздарды төлөп берип туруу милдетин банк мойнуна алат. А эгер акчалар уурдалган болсо, анын милдетин банк эмес, ууру алышы керек. Демек, акчалар өлкөдө эле болгон, же "Залкардын" чынында эле башка кайсы бир кардарларынын алдында 1,5 миллиард сомдук милдеттемеси бар. Бийлик туура эмес кетип атканын моюнга албаш үчүн эле кулакка кесме иле беришет.
"Залкар" 1,5 миллиард долларды төлөй албайт. Демек, банк кардарын тейлей албаса, анда техникалык жактан банкрот деп табылат. Бирок, муну УБ танып келет. Анын жалгыз гана көздөгөнү АУБду бөлүп-жарып, "Залкарды" түзүү. Эгер "Залкар" акчаларды төлөй албаса, анда кары-картаңдарыбыз пенсиясы жок калышат. Же бийликтин алысты көрө албагандыгынын айынан алардын акчасы казынадан кайтарылып берилет. А казына деле каңгырап бош турат.
АУБдун бардык акчаларын апрель-майда эле чыгарып кетиш керек болчу. Ошондо эле алып чыгып кетпеген соң, демек, бул кимдир бирөөгө пайдалуу болгон. Аларды кийин алып туруп, АУБдун мурдагы жетекчилигине төңкөрүп коюуну көздөшкөн. Бул аларга пайда гана. Анткени, эл качып кеткен банкирлерди каргап-шилеп жатып калмак. Ал эми 1,5 миллиард сомду "Залкарга" тыгып салган "азаматтар" активдерди бөлүп-жаруу боюнча өз ишин андан ары уланта беришет. АУБ банкрот болгондон кийин анын активдери бир гана максат менен бөлүнгөн: акчага туйтунуу менен бирге эле, кийин анын уурдалышы үчүн жооп бербөө максатында. Бирок, УБ дайыма эле ушинтип алдай бербешин түшүнбөгөндөй. А чындык болсо жакында жарыкка чыгат...

Идирис БЕКОВ,
alamankg.org
интернет-сайты