Итиркейиң келет ий!

КСДПнын жүзү Ыргалбы?

Акыркы кездеги КСДП башбаканы Алмаз Атамбаевдин айланасындагы адамдарга көз чаптырсаң, аргасыздан жылмаюуга мажбур болосуң. Маселен, Шамил Атаханов, Фарид Ниязов, Чыныбай Турсунбеков жана Ыргал Кадыралиева... Дал ушундай "кызыктуу" фигуралардын тизмесин улай берсек болот, бирок, сөздү кыскарта чаап эле токтолбойлубу? Бу саам Ыргал айымдын саясый портретине штрихтерди ыргытып коелук.

Былтыркы парламенттик шайлоо астында акчасы көптөр депутат болууга жанталашып, таасирдүү париялардын этегине эрмешип жыгылуу менен жан сабашкан. Мандат кумарына жетүү амалына азгырылышып. Мына ошолордун катарында Ыргал Кадыралиеваны көрсө болобу? Бул айымдын чоң суммадагы пул сарптоо менен КСДПнын алдыңкы тизмесине киргени каңкууланып келет. А болбосо кайдагы мандатка ээ болмок эле? Маселен, Ыргал 7-апрелден кийин эле КСДПнын терисин жамынып, А.Атамбаевге өз киши болуп чыга келди. Ушундай да кубулма жүздүү болобу? Баса, бакиевдик кыйноо режиминде Ы.Кадыралиева кайда эле? Агезде Алмаз Шаршеновичтин айланасынан күндүзү чырак менен издесең да, бу Ыргал сымалдарды тапмак эмессиң. Андыктан, мындай депутаттар убактылуу гана кызыкчылыкта табыла калып, партияга күйгөндөй ишарат кылышканда өлөсүң да!
Алыс барбайлык, "Ата Мекен" партиясынан депутат болгон Жоомарт Сапарбаевди билесиздер. Жоомарт мырзанын "Ата Мекенден" мандатка ээ болгонго толук түрдө моралдык укугу бар экенин эч ким талаша албайт. Бу жигит өз партиясы үчүн кыйын кезеңдерде туруп берип, тишинин кирин сорсо да Өмүрбек Текебаевге идеялаш болгону белгилүү. Кандуу бакиевдик режимде Ж.Сапарбаев эч нерседен жалтанбастан, "Ата Мекен" үчүн кара жанын карч уруп, саясый ышкыбоз жаштарга үлгү көрсөткөнү эсибизде. А буга салыштырмалуу Ыргал ким деги? КСДПга эмнеси өтүп кетти эле? Алмаз мырзанын чоң жаңылыштыгы ушул, оор күндөрдө жанында жүргөн жаштарды карабай кетип, каяктагы "чоочун" адамдарды айланасына үйүп алганында. Албетте, депутат болуш үчүн акча керек экен, бирок, туруктуу пикирлеш, идеялаш, сатпаган жигиттерди А.Атамбаев "борттон" ары ыргытпай койсо деле болмок да. Ошол эле Ж.Сапарбаев партия тизмесинен депутат болуу үчүн Өмүрбек Текебаевге акча берген жок да, Жоомарт кайсы акчасын бермек эле? Бу мисал менен Ө.Текебаевдин лидер катары ишенимдүүлүгү көрүнүүдө, ал кыйын кезеңдеги тилектештерин сатпай тургандыгын шардана кылды, ток этер жери, биринчи орунда пулдан да жогору турган баалуулуктарды көрсөтүп койду. Албетте, бул саясый кубулуш үчүн өтө маанилүү жагдай. А Атамбаевчи? Кызык, таянгандарынын бири Ы.Кадыралиева тура...
Баса, Ыргал бир сапар ММКга "Агам Санжар Кадыралиевдин ишмердигин улайм..." деп интервью берген. Биз жакабызды кармаганбыз! "Ушундай да болобу?" деп. Ал эми раматылык Санжардын "ишмердиктери" коомчулукка белгилүү да. Ошондой эле бу айым "биз бакиевдер менен кармашып келгенбиз!" деп ооз көбүртөт. Ой тобоо! Кызык, башкасын айтпасак да, Жаныш Бакиевдин тоюнда Ыргалдын агасы өз бала болуп жүргөнүн интернеттеги видеотасмалардан көрүп атпайбызбы, каяктагы кармашканды айтат ыя? Эл өкүлү башы менен минтип калп айтып отурса, анда Атамбаевди таптакыр уят кылып бүтүрөт го. Мына, азыркы күндө КСДПда ушундай депутаттар отурат. Жүзү болуп. Таңгөрү, баш чайкаганда, баш чайкабаганда не?..

Сакен БӨРҮБАЕВ,
alamankg.org
интернет-сайты