Учурмаек Марат СУЛТАНОВ, депутат: "Мен "Ата Журтка" эң көп добуш алып бергем" Күзүндө президенттик шайлоо башталат. Демек, саясый оюндар да күчөйт. Так бирөө, талашкан "түмөн" болуп, жаат-жаатка бөлүнүп алып караламай, кызыл чеке болуу күтүлөт. Анын башталганы - өзү "талапкер болом" деп расмий жарыялай элек болсо да, үйүнө граната ыргытылган Марат Султановго байланышкан окуя далил. Биз ошол жардыруу болгон жерге барып, Марат мырза менен маектештик. - Марат Абдразакович, үйүңүзгө граната ыргытылгандыгы боюнча иликтөө жүрүп жатабы? - Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Иликтөө эми башталды. - "Бул жардырууну Марат Султанов өзүн пиар кылуу үчүн эле уюштуруп койду" деген пикирлер айтылып жатат... - 2005-жылы Роза Отунбаеванын, 2007-жылы Иса Өмүркуловдун жана башкалардын үйүнө граната ыргытылган. Анда алар да өзүндөрүнө пиар жасаштыбы? Кээ бир адамдардын көз карашына таң калам. Пиар жасагысы келгендер өздөрүнүн үйлөрүнө ыргытып көрүшпөйбү? Кайсы жинди өзүнүн үй-бүлөсү болгон жерге атайын жардыруу жасайт? Мен дайым жалгыз жүрөм, машинаны дагы өзүм айдайм. Жан сакчынын кызматынан пайдаланбайм. Эгер пиар кыла турган болсо, аны башка жерде деле жасаса болот. Мына өзүңөр деле көрүп атасыңар, эшикти тешип, биринчи кабаттын терезесин сындырып кетти, экинчи кабатка чейин осколкалар жетти. Бул жерде тобокелчилик бар да. Кокустан осколкалар балдар жаткан жерге тийип калышы мүмкүн эле. Билбейм, ким өзүнүн балдарын, ата-энесин тобокелчиликке салат? Башы жок эле киши мындай кадамга барышы мүмкүн. Мен силерге ачык айтып коёюн, муну түшүнгөн, билген, профессионалдар ыргыткан. Алар мага кол салган эмес, себеби, мен көчөдө жан сакчысы жок жалгыз жүрөм. Бул психологиялык басым кылыш үчүн жасалган. - Жардыруу канчада болду? Ал учурда сиз кайда элеңиз? - Мен өзү кеч уктайм. Ошол күнү түнкү экилерде жаткам. Кичинекей 2 жаштагы балам кызамык болуп ооруп калып, кичине кежирленип уктабай аткан. Ошондуктан, балам ыйлап калбасын деп, көзүмдү чала жумуп уктай элек болчумун. Анан бир маалда "дүң" деген үн уктум. Туруп эле терезени карасам, шаар тынч. Анан кызымдын, энемдин бөлмөлөрүнө баш багып, баарын карап чыктым, алар уктап атышкан экен. "Подвалдагы газ жарылып кеткен окшойт" деп ал жакты да карадым. Баары жайында. Жаныбызда курулуш объектилери көп, "ошол жакта балон же башка нерсе жарылып кеткен го" деп кайра барып жатып алдым. Эртең менен турсам, келинчегим "биздин короодо бомба бар экен" деди. "Кайсы бомба?" десем, "кечээ жарылган нерсе, бомба экен" дейт. Анан туруп эле жардамчыма чалып, баарын айттым. 70тен ашык осколкалар табылды. Дарбаза тешилген, терезелер сынган. Бирок, экинчи кабатка чейин жетпептир. Биз баарыбыз экинчи кабатта уктайбыз. Биринчи менен экинчи кабаттын ортосунда жаракалар пайда болуптур. Кийин Дүйшөбаев өзү келди, сүйлөштүк. Азыр алар иликтешүүдө. - Сиз акыркы кездерде түндүктүк саясый элита менен мамилеңизди чыңдап, президенттик шайлоого даярданып жатканыңыз байкалат. Бул позицияңызда аягына чейин турасызбы? - Баары менен мамилем жакшы. Түндүк-түштүк деп бөлгөндү туура эмес деп эсептейм. Биз бир өлкөбүз. Мына эки өлкөгө бөлүнгөн дүйнө жүзүндө канча мамлекеттер бар. Ошол жерде трагедия болуп атат. Тууган-туушкандар бири-бири менен катташа албайт. Экономикасы жакшы өнүкпөйт. Андай саясат эч убакта жакшылыкка алып келген эмес. Атам Алайдан, энем Чүйдөн, аялым Таластан, өзүм Бишкекте төрөлүп, Ошто өскөм. Бүт аймактарда досторум бар. Ар бир нерсеге даярдыкты тыкандык менен жасаш керек. Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо, эмне үчүн президенттикке барганга болбосун? Ага сөзсүз материалдык, техникалык база, бир команда болуш керек. Азыр анын үстүндө иштеп атабыз. Кудай буюрса, ушунун бардыгы биз пландаштыргандай оңунан чыгып калса, анда шайлоого барам. - Азыркы учурда эл менен иштөө жагынан Мадумаровдун таскагы катуу угулууда. Буга көз карашыңыз кандай? - Адаханды ар түрдүү шылтоо менен 5 пайыздык деңгээлден өткөзбөй, парламентке киргизбей коюшту. Ошондуктан, ал айласыздан парламенттик трибунасы жок болгондон кийин, жаңы механизмди тапты. Депутат болбосо да, аткаруу бийлигинде иштебесе да, өзүнүн ой-пикирин, көз карашын элге жеткире ала тургандыгын көрсөтүп атат. Адахандын азыркы жасаган иши жакшы эле иш. Себеби, бирдей көз караш болбош керек, ошол эле парламенттин, өтпөй калган партиялардын, элдин пикирлери эске алынышы шарт. Менин оюмча, буларды Адахан чагылдырууда. - Коалицияга эмне үчүн кошулбай койдуңуз? Бийликке илешпей калып, кирбей койду деп айткандар бар... - Мен "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болдум. Бирок, бул партиянын мүчөсү да эмесмин. Ушуну баары так билип коюшсун. Экинчиден, ачык эле айтайын, Өкмөт түзүлүп атканда спикердин ордун жана башка чоң-чоң кызматтарды сунушташкан. Бирок, мен ага болбой койгом. "Ата Журттун" экиге-үчкө бөлүнүшүн каалаган эмесмин. Ага мен "жол бербейм" деп айткам. Мен ошончолук бийликке эле умтулсам, 5 мүнөттө эле каалаган бийлигимди сурап алсам болмок. Менде эч кандай умтулуу болгон эмес. Биз бир принциптерди кармашыбыз керек. Шайлоо учурунда биз "Ар-намыс" менен союз түзгөнбүз. Эгерде, Кудай колдоп, парламентке өтүп калсак, "Бүтүн Кыргызстан", "Ар-намыс", "Ата Журт" болуп бири-бирибизди колдоп, дайыма бирдиктүү таризде жүрөбүз (!) деп сүйлөшкөнбүз. Мен ошол принципти так кармап баратам. Биз кирген коалицияда "Ар-намыс" болуш керек дегем. Баягы койду жиликтегендей жиликтебестен, принциптин негизинде кирели дегем. Биринчиден, коалиция төрт парламенттик фракцияга таянса, андан сырткары, парламентке өтпөй калган анча-мынча партиялардын өкүлдөрүнөн өз катарына киргизсе, туруктуу Өкмөттү түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, Өкмөттүн башчысы, курамы дайындалгандан кийин саясат менен алаксыбай, экономикалык маселелер менен гана иштемек. Эгер ким президенттикке же башка жакка баргысы келсе, Өкмөттүн башчылыгына барбашы керек. Өкмөттүн башчысына "экономиканы оңдойм" деген, "үлгүлүү премьер-министр болом" деген гана киши барышы керек. Үчүнчүдөн, кайсы фракцияларга Өкмөт башчылык, спикерлик тийсе, анда алар президенттик шайлоодо калган фракциянын талапкерлерин колдоп бергенге өбөлгө түзүш керек. Башкача айтканда, мындай нормалдуу принциптерди түзүп бергенбиз. Эгерде, төртүнчү фракция бир да жакка илешпей калса, аларга аткаруу бийлигинен көбүрөөк орун берүү абзел. Ушул принциптерди кармасак, талаш-тартыштар болмок эмес, башынан эле бардыгы бир сүйлөшүү менен кетмек. Тилекке каршы, андай болбоду. Кээ бирлер президенттик шайлоодо коалицияны, Өкмөттү, администрадивдик ресурсту колдонгонго үмүттөнүшүүдө. Ошондуктан, коалицияда ушул максатта конфедерация түзүлүп калды. - Жардырууну "президенттикке койбо" деген эскертүү катары уюштурушкан деген божомолдор айтылып жатат... - Мени бирөө коркутам десе, жаңылат. Коркоктордун урпагынан эмесмин. Андыктан, бул эскертүүлөр мен үчүн эч кандай таасир этпейт. Эгерде, бизде шанс болсо, биз барабыз. Ошону так эле айтып коёюн. - Иниңиз Омар Султанов аркылуу Орусиянын таасирдүү саясатчыларынан алдыдагы президенттик шайлоого карата жардам сураганыңыз чынбы? - Инимдин Россияда жана башка өлкөлөрдө жакшы байланыштары бар. Аны эч танбайм. Анан эми анын таасирдүү тааныштары болсо, эмне үчүн мен инимдин достору менен дос болбошум керек? Алар менен мен дагы жакшы мамиледемин. Агасы бир жакка аттанса, жардам сурабаса деле иниси жардам берет. Силер дагы унутпагыла, өзүм дагы саясый чөйрөдө көп жүргөм, спикер, Финансы министри, Улуттук Банктын төрагасы болгом. Ошол чөйрөдөгүлөр менен болгон байланышым инимдикинен кем эмес. - Депутаттардын курал алып жүрүүсү боюнча маселе каралууда. Эми сиз башыңыздан өткөн окуядан кийин тапанча көтөрүп, жан сакчылардын кызматынан пайдаланасызбы? - Мен мамлекеттик жансакчылардын кызматынан баш тарттым. Эмне үчүн? Себеби, дагы бир версия бар, бул жардырууну кээ бир мамлекеттик органдар жасашы мүмкүн. Анткени, менин тегерегимде кандайдыр бир өздөрүнүн кишилерин киргизгенге аракет кылгандар болушу мүмкүн. Ошон үчүн "мага жансакчыңардын кереги жок" деп ыраазычылыгымды билдирдим. Өзүмдүн жоро-жолдошторум мен каалабасам деле, өздөрү болбой даярданган балдарын алып келип коюшту. Алар менен эки-үч жолу "мага жан сакчынын кереги жок" деп уруштум. Бирок, алар: "Жок, биз сизден бир нерсе сурап атабызбы? Бул биздин сизге болгон камкордугубуз. Дос катары кошкон салымыбыз" дешти. - Азыркы Өкмөттүн бажы союзуна кирүү, Түркия мамлекети менен түзүлгөн келишимдер сыяктуу аракеттерди туура деп ойлойсузбу? - Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан, экономикада масштабдын эффектиси деген кубулуш бар. Кичинекей мамлекет бүт өндүрүштү өзүнө камтый албайт. Элге телевизор, машина, муздаткыч жана башка көп нерселер керек. Мунун бардыгын Кыргызстан чыгара албайт. Кыргызстан сөзсүз башка мамлекеттер менен сооданы өнүктүрүшү зарыл. Демек, Кыргызстан ачык-айкын өзүнүн саясатын жүргүзгөн мамлекет болуш керек. Эгер бажы системасына кошулсак, эбегейсиз зор, жаңы рынокко ээ болобуз. Ошол эле мезгилде бажы системасына эсептебей эле, жөн эле кошулуп кетсек, Кытай менен болгон соодага анча-мынча зыян келиши мүмкүн. Россиянын премьер-министри Путин жакында эле чыгып сүйлөгөндө: "Дүйнөлүк соода уюмуна кошулганга 18 жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Бирок, биз киргенде ошол Россияга зыян келтирбегендей жактарын кароодобуз" деп айтпадыбы. Ошондуктан, мен ойлоп атам, бажы союзуна кирүү, бул абдан көп мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бирок, ошол эле мезгилде кээ бир позициялар боюнча, мисалы, бизде Россия менен Казакстанга караганда, тышкы соодага мүмкүнчүлүктөр жакшыраак түзүлгөн. Ошондуктан, биз Кыргызстандын ошол кызыкчылыгын эске алып кирсек туура болот. - "Ата Журттун" кыйындары олуттуу маселелерде сиздин көз карашыңызды эске алышпаганы чынбы? - Менин оюмду эске алышабы, алышпайбы, иш анда эмес. "Ата Журттун" Кыргызстан боюнча тогуз штабы болгон. Аны тогуз координатор жетектегенбиз. Эң жакшы жыйынтыкка мен жетектеген Ош шаарынын штабы ээ болгон. "Ата Журт" үчүн Ош шаары эң кыйын болгон. Себеби, Ош коогалаңынын айынан кыргыз-өзбек жаңжалынан кийин, өзбек улутунун арасында "Ата Журтка" көз караш кичине тескерирээк болгон. Ошондуктан, мени ар башка улуттар менен сүйлөшүп, тил табыша аларымды билишип, Ош шаарынын штабын жетектеп берүүнү сунушташкан. Мен жетектеген штаб Кыргызстан боюнча "Ата Журттун" ичинен эң жакшы жыйынтыкка ээ болду. Андан кийинки орундарды Ош, Жалал-Абад облустары алды. Бул жагынан жакшы упай топтогонго мен өз салымымды коштум. Башында эле "мен "Ата Журттун" мүчөсү эмесмин" деп айтпадымбы. Андыктан, "Ата Журт" кызматтарды бөлүштүргөндө атайын катышкан жокмун. Коалицияга кирбейм, себеби, "биз башында сүйлөшкөн принциптер бузулду" деп айттым. Коалициялык келишимде кээ бир нормалар биздин Конститутцияга дал келбегени белгилүү, мисалы, депутаттарды такыр эле басмырлап койгон нормалар. Мен калп айта албайм. Кээ бирлер айтып жатпайбы, "биз кол коюп коё беребиз, кийин оюбузга келгенди жасай беребиз да" деп. Биз ошентип Кыргызстандын саясатын өлтүрүп атабыз. Кол коюп коёбуз да, анан ойго келгенди жасай беребиз. Башында макул болбосок, кол койбосок, бара-бара сүйлөшүүнүн негизинде бир жакшы келишимдерге келебиз да. "Ата Журт" фракциясында ушул позицияны караштырдым. Бирок, көп учурларда кадр саясатында бөлүштүрүүлөр болду. Мен ыктыярдуу түрдө катышпастыгымды айттым. Кадр бөлүштүрүү эмес, биз принциптерди бекитишибиз керек. Принциптерди бекиткенден кийин, аткаруу бийлигинде отурган адамдар кадрларды өздөрү тандап коюшу керек. - Саясатчы болуш үчүн сөзсүз "аферист" болуш керекпи? - Саясатта көбү бир сөздү айтат дагы, экинчи ишти жасайт. Бүт депутаттардан сурасаңар болот, мен добуш берген учурда көз карашым кандай болсо ачык айтам. Мына, биринчи коалиция болбой калганда, Өмүрбек Чиркешовичке, башкаларга келип ачык эле, "силер туура эмес кылып койдуңар, биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө чейин эле коалицияны түзүп алдыңар, эми силерге ачык айкын эле каршы иштейбиз, таарынбагыла" дедим. Анан ачык-айкын каршы иштедик. Коалициялык келишимде азыр көбү кол койбодубу, коалициялык келишимдин негизинде Коалициялык Өкмөт кандай сунуш берсе, коалициянын мүчөлөрү аны "кыңк" этпестен колдоп бериш керек. Мен "анда депутаттардын эмне кереги бар" деп айттым. "Анда Өкмөттөгү чечимдин бардыгын эле жөн эле парламент бекитти деп койбойсуңарбы" деп кол койбой койгом. Баары эле аферист эмес. Кыргызстанда деле принципиалдуу саясатчылар бар. Мисалы, мен Феликс Куловду, Нариман Түлеевди, Темир Сариевди кошо алам. "Бардыгы сасык" дегенге кошулбайм. - Бир саясатчы менен дос болуп, анан касташып кеткен учурларды эстесеңиз? - Кээ бир кездерде мамилебиз кичине сууп, анан кайра жакшы болуп кеткен учурлар болгон. Ачык айтканда, мен эч ким менен деле кас болгон эмесмин. Менин эң негизги принцибим, биз эмне, бири-бири менен согушуп аткан эки башка мамлекеттен келдик беле? Биз бир мамлекеттин жарандарыбыз. Көз караштын ар түрдүү болушу кастыкка алып келбеш керек. Аны биз жакшы эле маанайда кабыл алалык. Мага кас болуп жүргөндөр, балким бардыр, бирок аларды мен билбейт экенмин. - Президенттик күрөшкө барсаңыз, "Марат Султанов бийликке тойбой койду" деп айткандар четтен чыкса керек? - Мен президенттик шайлоого бир дагы жолу катышкан эмесмин. Ошондуктан, "тойбой атат" деп эч ким айта албайт. Башка жогорку кызматтарда иштедим, бирок, премьер-министрликке, президенттик креслого бара элекмин. Ошондуктан, бул доомат туура эмес. - "Ата Журт" партиясынын мүчөсү эмесмин" деп атасыз. "Атажуртчулар" президенттик башкарууну колдошот. Сизчи? - Мен аралаш системаны көбүрөөк колдойт элем. Бир кишилик, президенттик башкаруу бул тобокелчилик да. Эгер анын көзүнө айта турган кишилер, күчтүү парламент болбосо, анда тез арада башка жолго түшүп кетиши мүмкүн. Мына, тарыхтан өзүбүз көрбөдүкпү. Жалаң гана парламенттик башкарууну киргизсек, коалицияны түзүп, сүйлөшүү жүргүзгөндө көп кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан, аралаш система - бул жакшы. Конститутциянын иштегенине бир жылдай болуп калды. Мунун дагы көптөгөн жакшы жактары бар. Азыр коррупцияга эч ким малына албайт. Себеби, кичине эле бир нерсе болсо, аны парламенттин, элдин астында алып чыгышып, жоопкерчилик суралууда. Ошондуктан, бул системанын дагы күчтүү жактары бар. Бирок, ошол эле учурда кандайдыр бир маселени чечкенде бир чечимге келиш кыйын болууда. Андыктан, аралаш система жакшыраак жыйынтыкка алып келет деп ойлойм. Күчтүү Президент, күчтүү парламент болсо, алар бири-бирин көзөмөлдөп турса, натыйжасы жакшы болот. Ал эми Өкмөттү, албетте, парламент түзүш керек. Ал эми президент болсо көбүнчө арбитр болушу абзел. Маектешкен Адинай МАРИПОВА |