Өкчөгөн сайын айкүр турат

Көөлөгөн сайын агарган Бабанов

Эгемендикке ээ болгону: "Бизнес чөйрөсүнөн келген саясатчылар, аткаминерлер ириде өзүнүн пайдасын көздөйт. Алар баарынан дагы жеке кызыкчылыгын алдыңкы орунга коет" деген түшүнүк кан-жаныбызга сиңди. Бир караганда мындай пикирге кошулуп да кетесиң. Бирок, Кыргызстандагы "мен" деген ишкерлердин өмүр таржымалына көз чаптырсаң, алар үйбүлөсүнүн финансылык абалын чыңдоо менен катар элге жана мамлекетке оңбогондой пайда алып келип атканына күбө болосуң. Ошондой эле улуттук дөөлөттөрдүн: улуттук спорт жана маданий байлыктардын сакталышына опол тоодой салым кошкондору да арбын.

Бейнеге сап
Жигиттикке толуп
турган гүл өмүр!

"Республика" саясый
партиясынын лидери
Өмүрбек Бабановго!

Кетти аргымак шамал менен аркырап,
Туягынан жалын болуп жаркырап.
Кала берди тең келбеген күлүктөр,
Ара жолдо бут серпе албай алсырап.

Эрки бекем, айтканынан кайтпаган,
Жылдыз болдуң түбөлүккө батпаган.
Көбөйсө экен сага окшогон берендер,
Элин коргоп, эл намысын сактаган.

Жигиттикке толуп турган гүл өмүр,
Ынтымактын себе бергин үрөөнүн.
Чалыкпастан кызмат өтөй бергиниң,
Данкого окшоп, элге арнап жүрөгүң!

Жумагүл Эсенбаева,
73 жашта, Жети-Өгүз району




Мисалы, Теңир-Тоонун кулуну Аскар Салымбеков мамлекеттен ныпым жардам албай, өз күчү менен айтылуу "Дордой" базарын түптөгөнү белгилүү. Бүгүнкү күндө "Дордой" Орто Азия чөлкөмүндөгү эң ири базарлардын көч башында. Натыйжада, аталган жайда он миңдеген адамдар эмгектенип, мамлекет бюджетине миллиондогон каражат түшүүдө. Ал эми Аскар мырза учурунда ЖК депутаттыгын аркалап, Бишкек мэриясын да жетектеген. Ошондо башкалардын жолоюна түшүп, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, өлкө казынасына суук колун салса деле жарашмак. Бирок, анын мамлекеттен бир тыйын да албаганына турмуш өзү күбө. Ал киши, тетирисинче, саясатта жүргөн кезинде улуттук нарк-насилди кантип сактап калуунун үстүндө баш оорутту. Жөнөкөй мисал. А.Салымбековдун демөөрчүлүгү астында жоголуп бараткан улуттук көк бөрү оюну "тирилип", бул жаатта атайын федерация да түзүлдү. Мындан сырткары, кыргыз футболу Аскардын аракети менен гана сакталып турду. "Дордойдун" футболдук командасы жыл сайын Кыргызстандын чемпиондугун камсыздап, ага улай чет жакта кыргыздын намысын коргоп келатат. Бул Аскар Мааткабылович жасаган иштердин чекеси гана, баарын эринбей жаза берсек гезит бети түт келбес.
Ал эми курама өкмөттүн кыймылдаткыч күчү, "мотору" саналган 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов дагы бизнес дүйнөсүнүн өкүлү. Ошондон улам, анын дарегине атаандаштары жөнсүз асылгандан тажашпады. Негизги аргументи мында: Өмүрбек Токтогулович экс-ханзаадалар Айдар Акаев, Максим Бакиев менен жылуу алакада жүргөн. Алардын жардамы менен бизнес баштап, опсуз байлык чогулткан. Болгон-толгон айыптары ушул.
Бирок, факты деген факты, аны эч ким тана да албайт, андан эч ким качып да кутула албайт. Себеби, Өмүрбек мырза жогорку окуу жайын аяктаган соң, Казакстанды көздөй жөнөп, Тараз шаарында алгачкы бизнесин баштаган. Бабанов алгачкылардан болуп Жамбылда заманбап үлгүдөгү май куюучу жайларды ачып, ага таандык фирма мунай компанияларынын арасынан лидерлигин көрсөткөн. Бул 1990-жылдардын баш чени эле. Ал кезде Айдар менен Максимдин бар-жогу белгисиз болчу, тактап айтканда, мектеп окуучулары эле. Бешиктен бели чыга элек балакайлар анан кантип Өмүрбек Токтогуловичке жардам бермекчи?
Туура, Кыргызстандагы "гигант" нефти компания делген "Альянс" Акаевдин заманында курулган. Бирок, "Альянска" үйбүлөнүн тиешеси жоктугун бир мисал
далилдейт. Аталган ишкананын шериктештери орус бизнесмендери болгон. А орус ишкерлери жемин эч кимге жедирбеши аштан бышык, алар Ө.Бабановдун ханзаада Айдар менен компаньон болушуна жол беришмек эмес.
Өмүрбек мырза Россиядагы "Альянс" мунай компаниясынын кожоюну Муса Бажаев менен да да жылуу алака күткөн. Аскар Акаев Москваны көздөй сызып, такка Курманбек Салиевич Бакиев отургандан кийин, Бабанов досу Мусаны Кыргызстанга инвестор катары тартат. М.Бажаев менен президент К.Бакиевдин жолугушуусу 2006-жылы жүзөгө ашкан. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында М.Бажаевге таандык фирма өлкөдөгү кант өнөр жайы боюнча эки чоң ишкананын ("Кошой", "Кайыңды-Кант") ишин илгерилетмек болот. Арадан жыл айланбай ал кездеги ханзаада Максим Бакиевдин арааны ачылып, Бажаевге бут тосмойго киришкен. Тагыраагы, ага "кант өндүрүүчү ишканалардын карызын төлөйсүң" (!) деген талап коюп, анын негизинде кылмыш ишин козготкон. Ошондо Муса мырзанын журналист журтчулугуна: "Мен аны каржылагандан көрө, бизнесимди таштап кеткеним оң" деп каңырык түтөткөнү бар. Эгер Ө.Бабанов ханзаада Максим менен шилекей алышкан дос болсо, ал М.Бажаевдин бизнесин кыйратмак беле? Жок. Тескерисинче, ага көмөктөшмөк. Ушул факт Өмүрбек Токтогуловичтин Бакиев бийлиги менен мамилеси начар болгондугун айгинелейт.

"Өмүрбек, Өмүрбек!" деп ураан чакыргандар
Башбакандын 1-орунбасарынын тазалыгы 2006-жылдагы ноябрь митингисинде байкалды. Ошондо Бабанов оппозиция жээгине өтүп, Бакиев режимине каршы аеосуз күрөш жүргүзгөн. Ал башка саясатчылардай болуп, коңулда жатып албай, аянтта "грузовиктин" үстүндө туруп: "Бакиев кетсин!" деп позициясын ачык билдирген. Ошондо аянттагы жүз миңдеген эл: "Өмүрбек, Өмүрбек!" деп кыйкырганы алигиче эсибизде. Эгер, Өмүрбек мырзанын тырмактын учундай эле "косягы" болгондо, бакиевдер аны эки чайнап, бир жутмак. Ошондо чукуп отуруп, "салык төкпөпсүң" деген айып менен чыгышкан. Ал боюнча сотко чейин сүйрөшүп, Бабанов ал жерден акталып чыкканга жетишкен. Ошол айыптоолорду агездеги митинг баррикадасында бирге жүргөн Кубатбек Байболовдун быйыл көтөрүп чыкканы кызык болуп жатат.
2007-жылкы парламенттик шайлоодо бийлик акең Өмүрбек мырзаны биротоло "сындырууга" аракет жасады. Аны "Казакстандын жараны" деп айыптаганы менен бул факт расмий тастыкталган эмес. Ошого карабастан, ал депутаттык мандатынан баш тартып, чыныгы мырзалыгын көрсөтүп, ордун азыркы президент Роза Отунбаевага бошотуп берген. Бабанов бизнесин калкалагысы келсе, депутаттык креслодон аткез кылбайт эле…
Сөз жок, ошол окуядан 1 жылдан кийин Бабанов 1-вице-премьерлик креслого келген. Бирок, ал бул кызматка өзү жутунуп барбагандыгын, президент К.Бакиев өзү ушул орунду сунуштаган соң макул болгонун маалымат каражаттарына ачык айткан.

Хондун сабалышы, "Манастагы" жанар май жөнүндө
Жаш болсо да Өмүрбек Токтогулович Бабановдун көрөгөчтүгү, нысабын тыя билгендигинен улам учурдагы өкмөт куралды. Ал башкалардай болуп: "Мага премьер-министрлик же спикерлик керек" деп "кылыктанбастан", элдин ишенимин татыктуу аткарды. Ошондон кийин ага карата "атакалар" оң жактан да, сол жактан да башталды дей бер! "1-вице-премьер "Мегаком-гейт" чуусуна тикелей киришип, орус инвесторлорунан "шапке" сурады" деп айкырышты эле, анысы да жалган болуп чыкты. Муну парламенттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров расмий жарыялады. Ашынган оппозиционерлер шыбагандай Ө.Бабанов уюлдук компаниядан чөнтөгүн кампайтпай, тескерисинче, мамказынага жылына 850 млн. сом түшүрүүгө жетишкени бүгүн ачыкка чыгып отурат. Бул ири ийгилик эмеспи? Болбосо, "Мегакомду" калкалаган "эмгегине" төрт объектисин 1,7 млн. долларга сатып, анысы президентке чейин жеткени үчүн кызматтан өтө уят болуп куулган адамдар деле жүрбөйбү. Аны кайда катабыз? Мындай шартта Бабанов деле ошол "ыкманы" пайдаланып, бизнесин гүлдөтө бербейт беле. Ал бар оокатына топук кылып, жеке кызыкчылыгын коргогондун ордуна өлкө бюджетине 850 млн. сомдук киреше төктүрүүнү туура тапты.
Өмүрбек мырзага уйгактай жабышкан жалаалардын бири - 1-вице-премьер "Манас" транзиттик борборуна ташылган күйүүчү майларды көзөмөлдөйт имиш. Мунун чын-бышыгын жакын арада депутаттык комиссия аныктайт. Андыктан, комиссиянын жыйынтыгын күтө туралы. Бирок, айтып койчу нерсе, анын тууганына тиешелүү болгон компания бул борборго да эч кандай күйүүчү май киргизбегендиги белгилүү болду. Тескерисинче, легитимдүү өкмөттүн аракеттери менен кыргыз-россиялык биргелешкен ишкана түзүлүп, транзиттик борборго күйүүчү майдын ташылган көлөмүнүн 50 пайызын алды. Бул, өкмөттүн алгачкы ийгилиги.
Баса, мындан эки жыл мурда сабалган Валерий Хон аттуу ишкер "бизнесимди Бабанов өкүм зордукка салып, байлыгым тартып алган" деп айтып келет. Ошол эле маалда бул жалган жалаа экенин 1-вице-премьер ММК аркылуу расмий билдирген. Хондун айткандары боюнча сот чекит коет. Себеби, аны сабаган жигиттер кармалып, азыр сурак берип аткан чагы.

Арзыбаган айлыктын аркасы менен миллионерге айланган чиновниктер...
Макаланын негизги өзөгү бизнесмен-саясатчы, бизнесмен-чиновниктердин ишмердүүлүгүнө багытталгандыктан, кепти ошол нукта жыйынтыктасак. Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап, арзыбаган айлык менен күн кечиргенине карабастан, килтейген "особняктарда" жашап, "куну" 100 миңдеген "жашылбайды" чапчыган "темир тулпарларды" минген аткаминерлер жүздөп саналат. Мына ушундай көрүнүшкө байланыштуу Өмүрбек Токтогулович "Дело №" гезитине курган интервьюсунда пикирин төмөндөгүчө билдирген: "20-30 миң сом айлык алган чиновниктин аялы ири курулуш бизнес-борбору менен иш кылганы кантип болсун? Мени сындаган аткаминерлерди алып карагыла, алар 100 миң доллар турган "Жипти" кайдан табышты? Алар көп сандаган жансакчыларына кайсы акчаны төлөшөт? Таңкалыштуу, бир дагы башпрокурор ушул суроонун тегерегинде ой жүгүрткөн эмес. Себеби, бул коррупционер-чиновниктерди аныктоочу эң жөнөкөй ыкма". 1-вице-премьердин бул кебин комментарийлөөнүн да кажети жоктур...
Кыязы, Ө.Бабановду канчалык көөлөшсө да, агарганын байкадыңарбы?..

Айдын Темиров