Бири кем дүйнө!

Кыргызстандыктар патриот уулу менен коштошуу үчүн бүгүн, 5- майда, эртең мененки саат 8-00дө Ч. Айтматов атындагы орус-драм театрына чакырылды. Ал эми 6- майда Мухтар Өмүракуновдун сөөгү өзү туулуп өскөн Ат-Башы районуна жеткирилет. Бул жоготуу баарыбыз үчүн оор болду, биздин редакция да, ата-эненин татыктуу уулу, балдарынын мээримдүү атасы, бирөөгө дос, бирөөгө ага, бирөөгө ини болуп, аз жашаса да саз жашаган, мекенибиздин мыкты уулу Мухтар Өмүракуновдун ата-энесине, үй-бүлөсүнө жана бардык жакындарына кайрат айтабыз!

Алп жигитти океан алып кетти...

"Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов Куба мамлекетинде туристтик сапарда жүргөн жеринен табигаттын күтүүсүз кырсыгына кабылып каза тапканы бүтүндөй коомчулукту "селт" эттирди. Бул суук кабар Кыргызстанды 3-майда аралады. Эртеси, тагыраак айтканда, 4-майда партиянын саясый кеңеши "Замандаш" партиясынын офисинде пресс-конференция беришип, өздөрү да буга ишенип-ишенбей турушту... Болуп кеткен кырсык боюнча толук маалыматты бере турган адамдар самолетто, жолдо болгондуктан, партиялаштары "укканыбыз боюнча айтып жатабыз" дешти. Айтымында, толкунга бир топ адам урунган. Тилекке каршы, 10 адамды куткаруучулар убагында алып чыга албай калышкан. Алардын арасында биздин Мухтар... экөө канадалык, калганы белгисиз. Мухтар мырза менен Кыргызстандан чогуу учкан Рустам, Кадыр, Руслан аттуу теңтуштары аман-эсен.


Айнура Аскарова, "Замандаш" журналынын башкы редактору:
- Мухтар Сүйүналиевич өз күчү, маңдай тери менен бутуна турган. Ал өзү да муну көп айтчу, "Мен ишимди чаар баштыктан баштагам. Көп убактым поездерде өттү..." деп. Кыргызда айтып коет го, "ток адам" деп, Мухтар байке ошондой болчу. "Кудай байлыкты сынап берет. Аны басып жатып албаш керек. Мага Кудай байлыкты "элге чачсын" деп берип атат" деп көп айтып, берешендигин көрсөтчү дайыма. Ага көчөдөн кетип аткан киши деле кирип, жардам сураса "жок" дебей, 5 миң, 10 миң сомдук кагаздарга кол кое берчү. Биз мурдубузду чүйрүп, "тааныбасаңыз же биз тааныбасак, жөн эле бере бересизби?" десек, "бериш керек" деп койчу. Болду, ушуну менен сөз бүтчү. Мен минтип ойлочумун "Кудай Мухтар байкеге байлыкты үстүнөн берет, Мухтар байке аны астыдагы бей-бечераларга бере берет" деп. Экөөбүздүн акыркы жолку сүйлөшкөнүбүздү эстеп атам... Кубага кетерине эки күн калганда, "Мен 10 күнгө жок болом" десе, "Эмне үчүн 10 күнгө?" дептирмин, "Эмне чочуйсуң, мен 10 күнгө кетпей жүрдүм беле, сагынасыңарбы?" деп жылмайып койду. "Сагынабыз да" десем, "Анда мен келгиче ынтымактуу тургула" деп негедир ушул сөздү айтты. Мен азыр бул сөздү Мухтар байке бир гана партиялаштарана эмес, жалпы кыргызга айтты деп түшүнүп отурам.
Мухтар байкенин максаттары бийик эле. Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүүгө салымын бир топ эле кошту. "Келечекте завод-фабрикалары көп өлкө болуп, кыргыз сыртта тентибей, өз өлкөсүндө кызмат кылса экен" деп ак эткенден так этчү. Ага өзү реалдуу кадамдарды жасап аткан. "Индустриялык шаарча" ачам деп, жер караштырып жүргөн...
Эми анын максаттарын, ой-тилектерин ишке ашыруу партиялаштарынын колунда. Биз анын идеяларын чачыранды кылбай, эки эселеп аткарганга аракет кылабыз. Эч ким күтпөгөн, эч ким ойлобогон кабар болду. "Жоготуудан адам чыйралат" деп коет го, биз чыйралабыз... Бирок, канча чыйралбайлы, канча аракет кылбайлы, анын орду толгус болуп кала берет...

Топчугүл Шайдуллаева, коомдук ишмер, партиялашы:
- Мухтардын адамдык сапаты мыкты эле. Баарына кайрымдуу, соопчулук иштерди көп жасачу. "Жыл мыктылары" деген ал уюштурган конкурс канча деген адамга стимул болуп берген. Байлыгына көппөгөн, жөнөкөй, кыраакы жетекчи эле. Туура жол менен кетип аткан. "Элге акча эмес, идеологияны жеткирип бериш керек" дечү. Бийлик үчүн ыплас жолдорго барган жок. Өткөн шайлоолордо жеңилип калганыбызда, "катачылыкты өзүбүздөн издейли" деген. Башкаларга догун артчу эмес. Мухтар экөөбүз бир туугандай болуп калдык эле. Жакшынакай балдары өсүп келаткан. Келинчеги да өзүнө куп жарашып, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири болчу. Бир туугандары да Мухтар менен сыймыктанып турушчу. Апасы жөнүндө бир китеп жаздырып аткан, "Апамдын кайраты мага дем берет..." деп баш сөзүн өзү жазып...

Кубан Табалдиев, "Кабар" агенттигинин директору, партиялашы:
-Бул суук кабарды угуп алып кабыргабыз кайышып турат. Баарынан да үй-бүлөсүнө, энесине угузуу абдан оор болду. Энеси түнү менен Бишкекке келди. Кайра эртең анын сөөгүн Ат-Башыга алып барабыз. Мухтар мырзаны канчалык акыркы сапарга узаткыбыз келбеген менен бул деген тагдыр экен... Анын өлүмүн "саясаттан келип чыккан карасанатайлык эмеспи..." деп шектенгендер болуп атат. Мен айтат элем, Мухтар мырза саясый жактан өзүнө коркунуч келтире тургандай калпыс иш жасаган эмес. Ал дайым бардык саясый жана коомдук иш-чараларга ачык-айкын катышчу. Анын ачык-айкын жасап жүргөн иштери эл көзүндө. Дагы да далай иштерди жасамак, анын көбү кагаз жүзүндө жазылуу эле. Буюрса, коомчулук алдында туура кабыл алынса, анын аткарылбай кеткен максат-тилектерин партиялаштары, тилектештери ишке ашырабыз деп ишенимдүү айта алам.

Жылдыз Муслимова, журналист:
- Мухтар жөнүндө эми сөз түгөнбөй калды го... Мен Мухтар менен апрель окуяларынан кийин жакындан сүйлөшүп калдым. Экөөбүз мамлекеттин акыбалы жөнүндө көп кеп козгоор элек. Бирок, мен ага чейин эле бул жигиттин жеңил өнөр жай, миграция тармагына жасап жаткан эмгектерин байкап, ырааттуу иш алып барып жатканын баалачумун. Кыргызстан кичинекей мамлекет, ким эмне жасап атканы билинип турат. Мухтар саясый аренада да башка саясатчылардай болуп бир өйдө, бир ылдый кетпей, туруктуу позицияда келаткан. Учурунда бийликтин курмандыгы болуп, темир тор артына да камалып чыкты. Ошондой кырдаалдарда ызы-чуу кылып, упай топтоп, ар жак, бер жакка айкырык салбаган бир сырдуу мүнөзү бар болчу. Кыргыз деп күйгөн, кыргыздардын дүйнөсүн түшүнө билген. Айрыкча өнөр адамдарын абдан колдоп турчу. Дагы бир жакшы сапаты, чоңдорго да, жөнөкөй адамдарга да бирдей мамиле кылчу. Бой көтөрбөгөн, табигатынан жупуну эле. Анын жүзүнөн эле тоолук экени, тоодой жүрөгү, тоодой пейили бар экендиги билинип турчу. Аркы жээк, берки жээк деп чарпылбай, эки жактын тең пикирин уга билген, андан бир жакшы жыйынтык чыгарган инсан болчу. Дайыма изденүүнүн, жаңылануунун үстүндө жүрчү. Жасаган ишин майын чыгара жасачу. Аттиң десең, өмүрүнүн кыскалыгын кара... Мен "Замандаш" партиясына, мүчөлөрүнө, максатташтарына айта турган сунушум, тилегим бул: партиядагы бардык иштин башатын Мухтар жалгыз баштаган. Андан кийин канча деген адам ушул лидердин алдында бириктиңер. Эми маселе, анын иш-аракетин, долбоорлорун улап кетүүдө.

Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны:
- Мухтар ушул даражага өзүнүн мээнети, көрөгөчтүгү, акылы менен жеткен. Биз, "Манас эл" кыймылы былтыр Соң-Көлгө 41 күн Манас айттырдык эле. Ошол 41 күн ичи толук ошол жердегилерди тамак-аш менен камсыз кылып берген. Атайы манасчыларга арнап жасалгалуу аппак боз үйдү сатып берген. 41 күн манас айтылган, Манастын кутун кармаган ал боз үйдү биз Мамлекеттик тарых музейине Соң-Көлдөн келгенден соң өткөрүп бердик. Ал боз үй Мухтардын кыргыздарга калтырган белеги болуп, тарыхта калат.
Ажал сүрү арга жок да,
жыттанды,
Ажал келди, демек өмүр
кыскарды.
Аргасыздан узатабыз
замандаш,
Элибизге кызмат
кылган Мухтарды!