Жанар Акаев "реформа" жасайбы?
"Азаттык+" телепрограммасынын алпаруучусу Жанар Акаев ушул күндөрү Тбилисиде Грузиянын бүтүндөй саясый элитасы менен жолугуп, адатынча "кычык" суроолорду жаадырып жүргөн чагы. Тактап айтсак, Грузин парламентинин экс жетекчиси, кадимки Нино Бурджанадзе, экс премьер-министр Ладо Гургенидзе сыяктуу атактуу саясатчылар менен жасаган интервьюсу анын фейсбук баракчасында жарыяланды. Жанар менен интернет аркылуу байланышсак, ал Грузиядагы полиция жана экономикалык реформалар тууралуу документалдуу тасма тартып жүргөнүн, ал тасманы Бишкекке келери менен депутаттарга, министр, президентке чейин көрсөтүп, кыргыз милициясын реформалоо демилгесин көтөрөөрүн айтты. Жаш "реформатордун" кийинки кадамдарын күтө туралы.

Кош бойлуу Айпери "Эркесине" клип тарттырды
"Апакай аккуу" аттуу ырынан кийин, жаштардын сүйүктүү ырчысына айланган Айпери Сыдыкова "Эркем менин" аттуу ырына өзгөчө клип тарттырып бүттү. Клипте сүйүшкөн эки жаштын өткөргөн бактылуу мүнөттөрү, бири-бирине эркелешкендери чагылдырылган. "Ар дайым сүйүктүү адамдарыңыздар менен эркелешип гана жүрүңүздөр" деген максатта ушундай сценарийди түздүк. Беш жарым айлык кош бойлуу болсом дагы, аны билгизбегендей кылып, кенен фасондогу көйнөк тиктирдим, көп байкалбай калды" дейт ырчы кыз.

Деля ырчылыкка аттанды
"Манас жаңырыгы" телеканалынын ажарлуу алпаруучусу Деля Беркиналиеваны теледен көрүнбөй калганынын себеби, ырчылыкка ыктаганында экен. "Мага эки кесип тең өтө жагат, бирок, баарына бир убакта жетишүү кыйынга турат экен. "Муз каналдан" да ырчы болом деп кетип калгам. Кайра алпаруучулукту сагынып, "Таңкы тамашага" баргам. Кудай буюрса, эми чындап ырчы болом, ошондуктан, ал жактан кеттим. Белгилүү продюсер мырзага бирге иштешүүнү сунуштадым. Азырынча жообун бере элек" дейт Деля.

Журналист + рэпер = той
"Журналист кызга үйлөнгөн жигит бейишке барат, себеби, жубайынын тили узун болуп, уу сөздөрүнө өмүр бою чыдап жашайт" деп куудулдардын биринин айтканы бар. Ошол тамашаны чын көрүп, бейишке баргысы келдиби, айтор, репер жигит Добр 27-апрелде "5-каналдын" Жылдызай аттуу журналист кызы менен бирге турмуш кемесине түштү. Жубайлар бири-бирине окшош болсо бактылуу болушат деп коюшат эмеспи. Добр менен Жылдызайдын окшоштугуна суктангандар көп экен. Эки чыгармачыл адамдын куш боосу бек болсун! Көтөргөн түндүгүңөр бийик болуп, көпчүлүктү суктандырган үй-бүлөлөрдөн болуп, жашооңорду ар дайым бактылуу көз ирмемдер коштоп жүрсүн демекчибиз!


Үч ди-джейден ыр десте
Жашоонун кереметин даңазалап, 24 саат бою кыргыз ырлары менен жан дүйнөбүздү сугарып келген "Кыргызстан Обондору", радио күнүнө карата 7-майда улуу муун менен жаш муундун ырчыларынын башын бириктирип, буга чейин Кыргызстанда боло элек чоң той өткөргөнү турат. Концерттин өзгөчөлүгү, ди-джейлер Назира Кадыева, Чыңгыз Мырзаев, Нурзада Жолдошева сөзү Чыңгыз Мырзаевге, обону Өктөм Сапар уулуна таандык болгон "Кыргызстан Обондору" аттуу ырды бирге аткаргандыгында болот экен. Анан дагы, түштүктү түрө кыдырып, гастролдоп жүргөн Бек Борбиев радиотой үчүн атайын бир саатка Бишкекке келип кетет. Мындан дагы кызыктуу нерселерге күбө болом десеңиз, 7-майда, 19:00дө Спорт ордосуна барып, музыкага болгон суусунуңузду кандырып кетиңиз.

Талант Анарбаев 700 жылдык календарын чыгарды
Атына заты жарашкан куудул Талант Анарбаев көрүнбөй кайда жүрөт десек, көрсө буга чейин эч жерде боло элек жаңы ачылыштарды жасап жүрүптүр. Тактап айтканда, 1900-жылдан 2599-жылга чейинки өзүнүн 700 жылдык календарын чыгарып, уккандын баарынын оозун ачырды. Аны менен кошо, Ош шаарында "Талант шоу" продюсердик, тамада борборун ачыптыр. Эгерде, той-маареке, концерттерди жогорку деңгээлде уюштурам десеңиз, "Талант шоу" продюсердик борборунун кызматынан пайдалансаңыз болот. Бирок, акыркы он күндүн ичинде куудул жигитти Кыргызстандан таппайсыз, себеби, ал азыр Россияда KG Эльмурат менен бирге гастролдоп жүрөт.

Асель Касымованын колун ким сурады?
КРнын вице премьер-министри Ибрагим Жунусов түзгөн "Элегия" тобунан чыккан, жигиттердин түн уйкусун бузган жаш ырчы Асель Касымова 27-апрелде 26 жашка толду. Туулган күнүндө эртең менен үйдөн чыгып баратса, Аселдин сулуулугуна арбалып, талантын сыйлап жүргөн бейтааныш жигит сүйүүнүн символу болгон кыпкызыл роза гүлү жана алтын шакек менен алдынан тосуп чыгып, сүйүүсүн билдиргенге, турмушка чыгуусун өтүнгөнгө жетишкен. "Сыртынан караганда абдан жылдыздуу жигит экен. Турмуш деген оюнчук эмес. Жети өлчөп, бир кесиш керек. Балким бул жигит менен чындап эле турмуш жолуна бирге аттанып каларбыз, аны убакыт көрсөтөт" дейт ырчы.

Адинай МАРИПОВА