sMs

Феликс байкебиз "Учурду" канчага сатып алды болду экен? Аслан, сен Мелистин "кабыргаң-ды сындырам" дегенин унутуп калдыңбы?..


6059. Атамбаев, 7-апрелде ыйлактайсың. Колуңда бийлигиң турат же дагы мас белең? Сен деген мамлекеттин биринчи адамысың. Көчөдө "кетсин" деп жүргөнүңдү унут эми. Колуңдан келсе иште, болбосо кет.
2507 абоненти

6060. Мелис Эшимканов "Министрдин махабатын" коюп, өзүнүн кыздарынын махабатын жазса болмок! Улут, эл-журт, кыргыз, уят деген түшүнүк таптакыр жок экен!
Улутман

6061. Келиндер менен таанышам. Жашы 40ка чейинкилер болсун.
Тел: 0779-44-19-04

6062. Учур өтөт, өмүр өтөт уйку менен. Түндөр өтөт, максаты жок күндөр өтөт, мааниси жок жашоо өтөт.
Пенде

6063. Төрөлүү эмне үчүн жаралат?
Жер бетине кумурскадай жайпалайт,
Өмүр бою бир жашоону кайталайт.
Курсак үчүн чуркап жүрүп жан талайт,
Чөө-бөрүдөй бирин-бири кан талайт.
Базаркул

6064. Аарылардын уюгун карап отуруп эсиң оойт. Алардын башчысы, сакчысы, жумушчусу бар экенин байкайсың. Баары мыйзам боюнча жолго коюлган. Тынбай мээнет кылып атканы бар. Тартип бузгандарын өлтүрүп атышат. Уурулук, куулук дегенди билишпейт. Ар кимиси өз милдетин так аткаруу менен гана чектелип жашоо үчүн тырмышат. Башчылары мыйзамды өтө так жана адилеттүү сакташат. Эң кызыгы, алар мыйзамды кагазга жазышпай, иш жүзүндө далилдейт. Эгер ошо жердеги башчыларынан адилеттүүлүктү сактабай мыйзамды бузгандары болсо, сакчылары тарабынан жазаланып, өлтүрүлүп, анын ордуна башкасын коюшат. Биздин жашоодо кимде-ким Бакиевдерди алып келип өлүм жазасын берсе, ошол адам эл мүдөөсүндөгү чыныгы президент болмок. Менимче, адамды адам эмес аарылар бир жылча башкарып берсе, аарыларча адилеттүүлүктү сактай албаган айбан экенибизди түшүнмөкпүз.
Пенде

6065. Байкем Кубандын, жеңем Рахаттын мектепти аяктагандарына 10 жыл болду. 10 жылдык маарекелери менен куттуктайм. Бактылуу болушсун!
Эдиназ

6066. Мен бир байкуш пендемин, эл сыяктуу сендеймин. Тоодой кен жанда турса да, ыймандуулукту бер деймин.
Базаркул

6067. Бакиевдин мезгилинде Рысбек Акматбаев каза болду эле. Баткендин губернатору Марат Жумабеков Бакиевке акча жыйнап иштен кетти эле. Акырында Бакиев өзү кетти. Роза Отунбаеванын мезгилинде Черный Айбек өлдү. Кара-суу районунун акими Б.Юсупов Отунбаевага акча жыйнады деген айып менен иши каралып атат. Эмне, апчебиз да качабы? Бул окшоштукпу же маңдайыбызга жазылган тагдырбы!?
Айдин

6068. Жакшы ой, жакшы тилек менен парламенттеги депутаттардын мал союшуп, кан чыгарып койгону туура. Жакшы жөрөлгө. Бирок, "Дело №" басылмасынын ана башчылары Виктор Запольский менен Светлана Красильникованын кан басымдары көтөрүлүп, жөөт Вадим Ночевкиндин кыжыры кайнаптыр.
5777 абоненти

6069. Мен улутчул эмесмин. Бирок, теледен калп эле ала допучан катындардын көз жашылап жаткандарына кыжырым келет. Июнь айындагы окуяда кыргыздар азап чегип, кан жутуп турганда ММКдагылар эмне үчүн калыс болушпай, бир тараптуу көрсөтүп жатышты?
Ала допучандардын күйгөн үйлөрүн көрсөтүп, зар какшап аткандарын теледен кайта-кайта беришип... Анысы аз келгенсип, гумжардамдын баарын ала допучандарга таратып атышты. Кыргыздардан жабыркагандар жок бекен? Бул окуяларды өз көзү менен көргөн адам катары мамлекет тарабынан тыкыр изилденип, күнөөлүүлөр жазаланса деп тилейм.
8831 абоненти
6070. Улуу кыргыз элине тиешелүү өзүбүздүн көк байрагыбызды, "Кумтөрдү" жана башка кен-байлыктарды кайрып алыш үчүн чоң Казатка чыгабыз!
4525 абоненти

6071. Ош базарды оңдоо жакшы иш. Мен колдоймун. Бирок, биздин алуучу менен сатуучунун аң-сезимин биринчи кезекте оңдош керек. Милийса, тазалык, санэпидемстанциялар өз жумушун так аткармайын, жердеш, тууган, таанышчылык деп отуруп, миң жолу тазаланса да жыйынтык болбойт. "Беш Сарынын" тегереги бардак. Кечкисин талап-тоноочулук, чөнтөкчү деген немелер толтура.
Алар менен милийсасы биргелешип иштешет. Бир сөз менен айтканда, Ош базары тартипке келсин!
8712 абоненти

6072. Корголомой
Атамбаев Манасты колдободу,
Муромецтин тилинде жорголоду.
Атаңгөрү тактыга олтурам деп,
Орустардын колтугуна корголоду.
5452 абоненти

6073. Атым Максат. Жашым 30да. Ыймандуу, жашоого көз-карашы терең, тамеки чекпеген, намаз окуган кыз менен турмуш куруу максатында таанышам. Мен да намаз окуйм.
Тел: 0779-94-02-73

6074. Жакшынакай, чырайлуу, 32 жашка чейинки кыз-келиндер менен таанышам. Атым Алмаз.
Тел: 0551-23-92-50

6075. Салам, "Учур"! Оштук кыздар, мага чалгыла, 22 жаштамын, атым Жони.
Тел: 0779-88-35-11

6076. Кыргыз өкмөтүнө сураныч: Бишкек-Торугарт жолун оңдоп жатышат. Кубакы бели жабык болгонго байланыштуу биз Нарынга Балыкчы аркылуу каттап атабыз. Балыкчыга кире берер жерде Нарын элинен акча алып атышат. Ал акча кайда кетип атат, балким сол чөнтөккө солонуп аткандыр. Нарынга кетип аткандардан акча албай эле койбойбу? Ушу маселени жакшы чечип бергилечи. Карапайым эл ансыз деле кыйналып жатканда.
Нарынбай

6077. Сокулук районунун Асылбаш айылынын Бейшенаалы атындагы орто мектептин 1991-жылкы бүтүрүүчүлөрүн 20 жылдык жолугушуу кечесине чакырабыз. Келгиле классташтар, жолугалы, жобурашып отуралы. Уюштуруу тобу.
Тел: 0556-21-12-73, 0778-25-68-47

6078. Салам, "Учур"! Мен корей тилин билген балдар-кыздар менен тил үйрөнүү максатында таанышам.
Жамал

6079. Турмуш куруу максатында 30 жашка чейин жигиттер менен таанышам.
Тел: 0770-36-29-69, 0779-8178-71

6080. Салам "Учур" гезитинин жамааты жана СМС жазган абоненттер. Бир ай ичинде "бул абонент ушул айдын жеңүүчүсү болду" деген таризде жыйынтык чыгарып турса жакшы болмок.
Сөз чеберлери таймашып турмак. Кандай дейсиңер?
3011 абоненти

6081. 7-апрель, Талас эле дейсиңер, адамдын кыжырын, күлкүсүн келтирип. Апрелдеги окуяны Ош, Жалал-Абад окуяларына салыштырбагыла! Бутуңар менен бир басып келип, өз көзүңөр менен көрбөгөндөн кийин. Керек болсо Афган согушунан да катуу болду. Муну бир гана Кудай билет жана катышкандар билет.
9076 абоненти

6082. Атамбаев Ошко барып, ал жерде "Ошту Ташкенге айландырабыз" десе, Нарынга барып алып, "7-апрелде каза болгондордун саны бирде 21, бирде 25" деп дөөдүрөп жатты.
Максым

6083. Бу депутаттар балээ эле болдуңар го? Кыргыз тилин өркүндөтөлү дейсиңер. Бирок, эч кандай жыйынтык жок.
Депутаттык талкууда жалаң орусча сүйлөйсүңөр. Силерде бет деген, уят деген барбы?
5580 абоненти
6084. Токтогулда 500-600 сом карыз үчүн светти өчүрүп, кайра күйгүзгөнгө 300 сом алып, РЭСтин башчылары байып жатышат. Күнүнө эле 15 үйдөн өчүрсө, кайра 15 үйдү жандырса, акчасын эсептей бергиле...
1720 абоненти

6085. Бир гезиттен Базаргүл деген психологдун кыргыз кыз-келиндерин европа маданияты менен жашоого үгүттөгөн макаласын окуп калдым. "Эгер күйөөң андай десе, сен мындай деп каяша кайтар. Мүнөзүңдү жасалма кубултуп көрсөт, болбосо андай эрди таштап кете бер" деген таризде жазылып, үйбүлөнү кенедей нерседен ажырашып кетүүгө үндөптүр. Айтаарым ошо келинге: европанын психологиясын европалыктарга үйрөт. Кыргыздар психологдорго барышпайт. Себеби, өздөрү тубаса психолог. Эч бир кыргыз аял сенин сөзүң менен үйбүлөсүн таштап, балдарын жетим калтырбайт. Сага жолугуп, чыныгы психолог эмне экенин айтсам, европанын маданиятына да, өзүнө да кол шилтеп коймоксуң. Уят болот. Кыргыз айымдарынын аң-сезимин жаман жакка бурба. Жолуксак ажырагыс дос болуп калабыз деген үмүттөмүн.
Базаркул (психолог), Жалал-Абад

6086. Кара-Суулук сулуу кыздарга жана жылдыздуу жигиттерге супер салам! Бу саламды Маданияттан Айжамалдан деп билгиле.
1704 абоненти

6087. Роза Отунбаева, сиз Ош окуясында каза болгондорго көңүл бурган жоксуз. Уятыңыз жок экен. Миллион сомдон деле бербедиңиз. Дагы жасакерленгендер четтен чыгат.
4316 абоненти

6088. 7-апрелде курман болгондор Баатыр эмес да? Себеби, алар ичимдик ичип алып, Акүйдүн алдына барышпадыбы! Же андай эмеспи?
0809 Ош

6089. Бийликтегилер Бакиевди жамандап отуруп, бир да көзгө көрүнөрлүк иш аткарбапсыңар. Муну кандай түшүнсө болот? Этият болгула, силер да 3-болуп, дырылдап качпагыла!
4316 абоненти

6090. Салам, кыргыз калкым жана СМСчилер! Мен да силерге жаңы кошулдум. Мурун "Учур" гезитин окубаганыма бир аз өкүнүп калдым. Эмнеге билбей жүргөм. Кызыктын баары ушу жерде экен. Анткени, СМС бетинен карапайым, эч күнөөсү жок адамдардын ич дүйнөсүндө сапырылып аткан ойлору камтылып, айтчу нерсесин тайманбай айтып алат тура. Бул жагынан силерге кошулганыма сыймыктанып турам.
4316 абоненти

6091. Саясатчылар шайлоого кеткен чыгымдарын толуктай албай, "портфель сага кетип калды, мага чемодан керек болчу, кошелек эле тийип калды"
деген талаш-тартыш сөздөр менен алек болуп калышты. Шашпай тургула, "көзүңөрдөн" чыгат!
5525 абоненти

6092. Жытыңды искеп...
Карадым бакты, издедим,
Калбаптыр бир да издериң.
Баягы жийде гүлдөптүр,
Бардым да жытын искедим.
0950 абоненти

6093. Кырылбаган кыргызым, келгиле башты бийик көтөрөлү! Кыргыз мындан да жаман күндөрдү өткөргөн. Хан жаман болсо, жалпы элдин шору деген ушу!
Кымыз

6094. Кыздар СМС жазгыла, телефон чалгыла, таанышам. Атым Жаныбек. Силерди чыдамсыздык менен күтөм.
Тел: 0773-11-93-00

6095. Бакыт байке, чет өлкөгө жакшы барып келиңиз. Мен сизди жакшы көрөм. Төмөнкү ыр саптары сиз үчүн.
Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
7877 абоненти

6096. Салам, "Учур"! Кыздар менен таанышам. Атым Байжан. Маякка жооп жок.
Тел: 0700-46-49-49

6097. Барам...
Жандуунун баары жайнаган,
Жаз келди мына кайрадан.
Өзүң жок бакта өкүнүп,
Өткөндү эстеп жай барам.
0950 абоненти

6098. Эй туугандар,
Мени карап тургандар!
Лут пайгамбардын убагында эркектер менен эркектер, аялдар менен аялдар кумарданышкан. Алла Таала аларды жер жексен кылып жок кылган. Ошон үчүн Алладан корккула! Мындай нерсе азыр да бар. Алланын каары келсе, эч ким токтото албайт. Мисалы, Жапон эли эч бир Алланы эстебейт. Алар башка нерсени Кудай тутат. Ошон үчүн Индонезияда сойку иш күчөп кеткен. Көлдүн жээгинде Алла сууну жиберди. Бир эле мечит калды. Алла үлгү болсун деп ошондой кылган.
4990 абоненти
6099. Боксер да, челюс да, депутатыңар да, черныйлар да, кызылдар, каралар, Алмазың, Бобигиң болуп покко жарабадыңар. Сарттар бизди тарп жеген чөөлөргө теңеп китеп жазып жиберишти. Бизди маскаралап, бир жылдыкка арнап. Ал эми бизде намыс барбы, уят барбы? Айланайын обончулар! Юлдус Усмановга ыр жазбай, сарттарга каршы ыр жазгылачы!
2351 абоненти

6100. Камчыбек Ташиев менен Мелис Мырзакматовго гана ишенем. Калгандарына түк ишенбей калдым. Акмат Келдибеков хап эткен хапуга окшойт?
Адил

6101. Аллах бизге ыйман тараткан. Ошондуктан адамзаты ыплас жолго барбайлы. Аллах бизди сыноо үчүн жараткан.
Сүйүн

6102. Урматтуу биздин окумуштуулар, лингвисттер! Мар Байжиевдин орус тилине которулган Манас эпосун бир аз окуп чыктым. Шумдугуң кургур! Жөөттөр эпос деген ярлык чаптаганы аз келгенсип, Манасты "пацан" деген сөз менен сүрөттөшүптүр! Иврит тилиндеги "поц" деген сөздү которуп көргөн жан жок. Орустардын балдарын жөөттөр "поц" деп шылдыңдай беришип, "пацан" деген сөз менен кабылдап калышкан. Манастан айланып эле кетпейсиңерби, шылдыңдагандан көрө!
Улутман

6103. "Ата-Мекенге" добуш бергем. Текебаев менен Ташиев сүйлөшкөндөн кийин Өмүкени көрөйүн деген көзүм жок.
Баха

6104. Өмүрбек Чиркешович, сиз ЖКХ жөнүндө мыйзам жазсаңыз жакшы болот эле. Себеби, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырынан суу түшөт. Жертөлөсүндөгү коммуникациялары эскирген. Суу тамчылап, ным болуп турат. Кеткен каражаттын чыгымынын бир бөлүгүн мэрия алып, экинчи бөлүгүн ошо жердин тургундары салык түрүндө төлөшсө жакшы болот беле?..
Оштон

6105. Бүгүн түш көрдүм. Түшүмдө Текебаев шайлоодон ашкан кызыл кездемеден Роза апчебизге бантик байлап, "Америкага качыңыз, Атамбаев кайда апче?" десе Роза апчебиз, "ал түрк тилин билет эле, болду-болбоду Түркияга качты" деп бакырып атканынан чочуп ойгонуп кетиптирмин. "3-революцияны Теңиртоолуктар баштайт окшойт" деп жоруп койдум.
Аселя

6106. Эй көрпенде, "көрпенде" деп Кокон хандыгы убагында бири-бирин өлтүрүп, кыргын кылган бий, болуш, бай-манаптардын жоругуна кейип, "ак" уруп, эл кыдырып жүргөндү айткан. Азыркы көрпенделер болсо бири-бирин алдап, дүйнө жыйып, алтын топтойт. Кийин эмне кылат, арты эмне болот ойлошпойт. СССРдин убагында Сталин акебиз 2 миллиондон ашык адамды кырып жок кылган. Алардын 99%ы бай жана кызматтагы кишилер болчу. Ошол кез унутулуп калдыбы? Эми андай болбойт деп ким айта алат, заман кай жакка ооп бара жатат? Алла өз ишин кыла берет, көрпенде кырыла берет.
Жайчыбек, Талас

6107. Кээде чучук жеп турчубуз. Азыр итке эмес, өзүбүзгө сөөк жок. Парламентте мушташмай, анан бири-бирин жараштырмай. Кымбатчылыкта баары малдарын сатып ийгенби? Терейин десең тезек да жок. Деги элди ойлогон адам барбы? Быйыл кышкыга тезек ордуна баклажка терип жатам. Бул идея үчүн акча төлөгүлө. Силер "кычырап кыш келгенде, шаштыңар кетип кумурска тергиле" деп айтат элеңер.
3011 абоненти

6108. Өткүн
Көз уялткан күндүн жүзүн жашырып,
Булут келди күн нуруна ашыгып.
Аз да болсо төгүп алып көз жашын,
Чай кайнамда токтоп калды басылып.
Ырсалиев.М

6109. 2791 абоненти, ушинтип жазгандан көрө быдыры бар бадыраңды бир жериңе ... ал!
Намыскөй

6110. Кыргыздын 70% эли көрбү деп ойлоп кетем. Себеби, башка партияда деле Бакиевдин убагында иштегендер жүрбөйбү. Мисалы, Атамбаев убагында Бакиевди мактап, "кек сактабай, душмандарды дос кылган адам экен" деп жүрдү эле. Актерлук кылып ыйлаганыңа жол болсун! Эми "Ата-Журттун" лидерлери Оштон болгондуктан Бакиевдин "куйруктары" дегендер кемчонтойлор!
8388 абоненти

6111. Текебаев өмүрү өткөнчө ажолукту эңсеп, оппозицияда кала бере турган болуп калды.
Намыскөй

6112. Тагдыр жолу
Арбалды жүрөк, чырмалды сүйүү
торуна,
Айыкпас дарт арнадың сүйүү ордуна.
Азабын тартып, түбөлүк жүрөк жашайт
эми,
Чыгалбай өзү тандаган тагдыр жолунда!
Айнура

6113. "Грипп" сүйүү
Жашоодо болсоң кабардар,
Тамеки тарткан аял бар.
"Ташта" десем болбогон,
Ыплас ишке даяр ал.

Жашоону бирге болжошуп,
Өзүм бир жүргөм кол созуп.
Алкымын искеп Кузянын,
Сүйгөнүм дегем болжошуп.

Жалбыздай аңкып денеси,
Керемет болгон чын эле.
"Грипп" мага жугуп сүйгөндөн,
Кайгырдым Эмил чын эле.

Кайгырбайм өткөн өмүргө,
Кайгырбайм ириген сүтүмө,
Кайгырдым жуулуп кеткенге,
Жыйырма литр таза сүйүүгө!
Сары

6114. Мен Кыргызстандын өнүгүү жолун таптым. Польшадагыдай бардык аткаминерлерди бир самолетко салып жардырып жиберсек, жаңы муундун адамдары келет. Анан коррупция жоюлат. Ташиев, сен самолетко чыкпай кой.
Улан батор

6115. Акаевдер 5 колун оозуна салып кетишти. Бакиевдер 10 мажасын. Манжалар калбай калгандыктан Убактылуу өкмөттүн кээ бир ач көздөрү бутунун манжаларын оозуна сала башташты. Адамды жийиркентип. Эмики туруктуу бийликке келе турган аткаминерлерге манжанын баары түгөнгөнүн эскертүү менен бирге, сала турганга жалгыз ортонку манжамды даярдап койдум. Силерге кызык жана керек болсо мага келгиле!
Агент 007

6116. Бекназаров, кантип тынч уктап жатасың? Бир кезде сени билбей "сүйүшкөн" аксылыктар эми согуп жатышат!
Мырза кыз

6117. Ой, өлүгүңдү гана көрөйүн Чолпон Жакупова менен Турсунбай Бакир уулу! Экөөң тең саясый сойку окшойсуңар? Бирөөңдүн берген маегиң Түндүк-Түштүк, бирөөң болсо "Улут" деген графаны алып салуу. Мээңер барбы, ордундабы? Эми экөөңөр үйлөнүп алгыла да "Шулхан Арух" деген сайтка кирип, талкуу кылсаңар бир майнап чыгабы дейм. Себеби, экөөңөр окшошконго мушташкан болуп, бириңе бириң жарашып, жанашып, айырмаңарды таппай турам.
Саадат эжеңер, Баткен

6118. Айбек акын, сен бака да, ала карга да эмессиң! Сен торпоксуң мөөрөгөн. Аккууңду башка бүркүткө тептирип ийип эле мөөрөй бересиңби? Арман ырың же ырга окшошсочу...
Сагызган

6119. Кыргыз элибиздин шоруна тартуу болгон кызыл байрак менен кош айтышпасак, элибизде тынччылык болбойт!
2545 абоненти

6120. Гезиттен "Кулуев көчөсүнөн каракчылар кармалды" деген жомокту окуп калдым. Мен Кулуев көчөсүндө бир жыл батирде жашагам. Ал жактын жашоо-мыйзамын жакшы билем. Кулуев көчөсүндө Ош базарынын чөнтөкчүлөрү, аймактын тоногучтары, разборщиктери жашайт. Денесин саткан кыздар да толтура. Баарынын үстүнөн менттер карап, крышавать этишет. Албетте үлүш алышат. Ар күнү кылмыштуулук боло берет. Ар күнү күнөөсү жок байкуш камала берет. Түн ичинде менттер гражданский кийинип алып, кылмышкерлер менен чогуу жүрүшөт. Жоон билектер жолугуп калса, күбөлүгүн көргөзүп, ментовский тоногонго өтүшөт. Түнү тоногучтардан, күндүзү менттерден тажаган байкуштарды көрүп, менттер криминалды курал катары колдонсо, менттерди бийлик курал катары колдонуп, элдин жашоосу тозокко айланып калганын түшүнөсүң!
Ментов Легавый Копович

6121. Казак эли - бу кең талаада жашаган кыргыздар. Кыргыз эли - тоодо жашаган казактар. Көчмөн элибиздин түбү Кара кыргыздар! Кыргыз менен казакты экиге бөлгөн - бул бир туугандарды бири-бири менен бычакташтыргандай эле кеп!
Мукаш

6122. Мен сени сүйүп жүрөм, Эля!
Талант

6123. Бир күнү эл аябай мактаган келинге үйлөнүп алдым. Арадан бир ай өттү. Канча аракет кылсам да, алган келиним акыштанып онтоп, мен тартуулаган лаззатты сезип койбойт. Ойлонуп көрүп, базардан издеп жүрүп, чоң банан алып келип, жылуу сууга салып, резина кийгизип, өзүнө байкатпай, акырына чейин салып көрдүм.
Өз-зүнө тартып, бекем кучактап, "бүгүн бир аз эркектей өзгөрүп калгансызбы?" деп шыбырап койсо болобу. Мен да жөн турбай, "кайбарымды эки бүктөп, аракет кылдым" деп койдум. Эртеси ажырашып тындым. Качанкыга чейин базардан банан апкелип, кайбарымды эки бүктөй бермек элем. Жок дегенде ушул жагынан жолум болбоптур мен шордуу!
Бечара

6124. Ажал
А өмүрлөр, канча-канча күн калды,
А жашоолор нечен-нечен түн калды.
Баарын бирдей тегиз кармап турат го,
Жараткандан башка билген жан барбы?

Турмушуңда табылат го табылга,
Алла берчү чексиз-чексиз казына.
Өлбөс-өчпөс из калтыргын жашоодо,
Ажал келсе кары-жашка карабайт.
Шоколад

6125. Кыргыздар! "Ахунбайка", "Орозбечка", "Боконбайка" деп улуу инсандарыбызды мазактаганыбызды токтотпосок, эртең башка улуттун элдери бизди "кыргыз" дебей эле "манкуртики" деп калышпасын!
Алмазбек

6126. Куловго окшогон Акаев менен Бакиевдин "куйругу" болгон адамдарды газетаңарга чыгарбай эле койгулачы, сураныч!
Чагылган

6127. Чолпон-Ата шаары менен Бозтери айылынын ортосундагы Хутордо 6 сотых жер сатылат. Жол жээгинде жайгашкан. Баасы арзан. Тезинен телефон чалгыла, мага акча керек болуп атат.
Тел: 0555-77-58-87

6128. "Элмурзаны президент болот" деген абонентти мен да колдойм. Чынында эле Э.Сатыбалдиев Кыргызстанга президент болсо, өлкөбүз тез аранын ичинде оңолуп кетерине толук ишенем. Ал киши азыркы чиновниктерге салыштырмалуу чынчыл, ак ниет, таза инсан.
Бакыт

6129. Бобик деген неме чындап эле өкмөттөн кеттиби же артка бир кадам, алдыга эки кадам секирем деп турабы? Негизи опасный киши экен. Мындайлардын көзүн эртерээк тазалабасаңар, кыргыз элин жөөттөргө сатып ийип, билмексен болуп калышат.
7676 абоненти

6130. Жайчыбек жалчыбагыр! СМС жазат десе эле урдура бересиңби? Жазгандарыңдын мааниси, тузу жок. Эмнени айтаарыңды билбеген неме экенсиң. Андай эле кыйын болсоң Кировка суу сактагычынын жанынан жолугалы да, ошо жерден кыйын экениңди мага көрсөт!
Болбосо, мындан кийин тантыган СМСтериңди окусам, өзүм барып суу сактагычка салып жиберем. Ошо жердеги балыктарга жем болосуң!
Рэкет
6131. Өткөндө Айбек акындын ырларын окуп, аябай жактырдым. Оригиналдуу экен. Ыргагы, муундары салттуу эмес.
Зарина

6132. Аликбек мырза, сизди Англия өлкөсүнө элчиликке жибергени жатыптыр деп ушак уктум. Ушу чынбы? Мен сизге жолукканда бу кабарды айткан эмессиз. Же азырынча сыр кылып кармап турасызбы?
Жийдеш

6133. Биз Камчыбек Ташиевди жоготуп жибердик. Издөө салабыз. Ал азыр кайда экенин билген адам бизге байланышка чыккыла. Бир жумадан бери Бишкектин ичинен таппадык.
ФСБ

6134. Урматтуу "Учур" гезити, журналисттериңердин жарымы кетип калды деп чүнчүбөгүлө! Керек болсо, мен деле жазып жиберип турам.
Бөлтүрүк

6135. Кубаныч Кадыров деген Көл кылаасынан чыккан өрт жигит бар. Илгери А.Атамбаев менен кыжыңдаша кеткен дешет. Ушу чын болсо, чыр эмнеден чыкты болду экен. Билсек болобу?
8787 абоненти

6136. Чаек айылынын тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Калык кудабызды келе жаткан 9-май жеңиш күнү менен куттуктайм! Куда, кудагый менен аман-эсен бактылуу күндөрдө жашап жүрө бергиле!
Максат, Бермет

6137. Көңүл ачуу үчүн кыз-келиндер менен таанышам. Мага түнкү маалда чалсаңар жакшы болот эле. Табиятымда түн ичинде жортулаган карышкырдын калтары окшойм деп калдым!
1781 абоненти

6138. Өмүрбек Текебаев саясаттын алгачкы жылдарынан бери эле "акты ак, караны кара" деп, акыйкатты бийик тутуп келет. Бүгүнкү күнгө чейин ал кадамынан тайбай, бир үйбүлөнү багып келген президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу сунушун киргизип, көпчүлүк добуш менен колдоого алынган. Парламменттик башкарууга Орусия да каршы болду. Албетте ал Кыргызстан үчүн эмес, эртеңки күнү Орусия эли да парламенттик башкарууну талап кылат деген чочулоо болду. Парламенттик башкарууну башынан кыйратуу ниетинде Текебаевди болушунча каралап жатты го, чиркин! Кийин төрагалыкка өткөрбөй коюу үчүн миллиондорду аяган жок. Улуу державалуу өлкөнүн мындай сестенүүсү бизге жаңылык эмес. Себеби, качандыр бир жылдарда чачылып бара жаткан кыргыздын башын бириктирип, туусун көккө желбиреткен баатырларыбыз дүйнө жүзүн багындырып турган. Текебаев эл кызыкчылыгын коргоп, бийлик келгенге чейин акыйкатты булгатпай, эл үчүн кызмат кыла берет деп ишенебиз.
Улан

6139. Жоо чапканды, элин коргогонду, эл бакканды "Баатыр" дейт. Кыргыздар, көп майдаланбайлычы!
Дөдөң

6140. Өзүбүз менен өзүбүз атышып, зордуктап бийликти алып, анан "баатырбыз" деген жарашпайт.
Дөдөң

6141. Ушу "Эхо Манаса" деген телеканалды түшүнбөй койдум. Эртең менен түшкө чейин, анысы аз келгенсип кечинде да уят аралашкан эротика кино-тасмаларын көргөзө беришет.
Манасчы

6142. Паспортко "Кыргызстандык" деп жазып койсо эле улут аралык маселе чечилип калбасын Жапаров паспорт бергиси келген койлор деле түшүнөт. Ошого Турсунбай Бакир уулунун мээси жетпей койду окшойт?..
Токтогулдук