Бекназаров кантип нарындык Бактыгүлгө айланган?
Былтыркы революциянын "бульдозери" атка конгон Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарына берген маектеринде кыйынсынып жүрбөйбү, "мага окшоп эл арасында жүрсөңөр силерди камамак эмес" деп, 6-апрелде темир торго түшкөн оппозициялык лидерлерге тийишип. А өзүчү? Өткөн жылы Нарынга барганда артынан Бакиевдин үч тамгалары аңдып, камай турган болгондо, Азикең эч уялбай-этпей эле түн катып, БЭКтин теңиртоолук өкүлү Бактыгүл аттуу лөкүйгөн аялдын кийимин кийип, жанындагы А.Шыкмаматов менен жансакчысын дагы кыз-келиндердин жоолук, көйнөгүнө ороп, үчөө тоо тараптагы койчунун сарайына жашынгандары эми ачыкка чыгып олтурат. Булар баягы орустардын атактуу "Джентльмен удачи" киносундагы Леонов - Крамаров - Вицин үчөө аткарган кейипкерлердей эле болуп, революциянын айынан бир түнгө аялга айланышкандарын жанында жүргөндөр күлүп айтып жүрүшөт. Айрыкча, мурутчан Азимбек-Бактыгүлдүн кебетесин эстеп алышып…


Президенттик күрөшкө аттанчулар арбып барат…
Буга чейин мамлекет башчысы болуу бактысын сынап көрчүлөрдүн арасында Мадумаров, Байболов, Атамбаев, Ташиев, Келдибеков, Султанов, Сариев, Суваналиев сыяктуулар айтылып келсе, соңку күндөрү дагы үч ысым кошулду. Булар: "Ата Журттун" аксакалы Мыктыбек Абдылдаев, Сары-өзөн Чүйдүн ак чач дөөлөрүнүн бири Амангелди Муралиев жана "Мекен ынтымагынын" жаш лидери Темирбек Асанбеков. Бу кебетеси менен кете берсе, былтыркы парламенттик шайлоого 29 партия катышкан сымал, президенттикке талапкерлердин саны дагы отузду чапчычудай кырдаал түзүлүп баратат. Зерикпейт экенбиз да!


"Он негритяттын" артында Жапаров турабы?
Саясаттын түлкү оюндарына айла жок турбайбы, өткөндө коомчулукту дүрбөтүп, "Ар-намыс" фракциясынын арасынан он депутат өз лидери генерал Ф.Куловдун далысына бычак сайгандай жорукка барышып, тирукмуш сальто жасашты эле. Азыр тактап көрсөк, булардын артында Феликс Шаршенбаевичтин лидерлик ордун аңдыган Акылбек Жапаров туруп, бирок, тиги "он негритят" билдирүү жасагандан кийин, Атамбаевдин көзү баары бир түз эмес экендигин илгиртпей байкаган Үсөнбектин уулу дароо ойт берип, этегин күбүп баса бергенин байкагандар жерге түкүрүп атышат. Жапаровдун тилине кирип, саткынчы аталган "арнамысчылар" болсо же үйдөн, же Чүйдөн жок, түпкү максаттары ишке ашпай, атүгүл Ф.Куловду 20 жылдан бери ээрчип жүргөн карапайым партиялаштарынын катуу талабы менен тиги эргулдар депутаттык мандаттан дагы айрылып калуу коркунучунда турушат.


Түштүк аксакалдарынан бата алган Келдибеков
Бир жума мурда Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков сый тамак уюштуруп, дасторконго түштүк саясый элитасынын аксакалдары Ү.Сыдыков, М.Зулпуев, Н.Токтомамбетов, М.Абылов, Э.Узакбаев сыяктууларды катуу коноктоп, аягында Мейражидин аксакал алаканын жайып, Акматбек баласына "кудай буюруп, президент бол!" деп батасын бериптир. Мындай жакшылык тилекте эч кандай криминал жок дечи, бирок, биз билгенден спикер мырза "президенттик шайлоодо сизди гана колдойм" деп колуна Куран кармап, Атамбаевге ант бергени, мындан сырткары ушул саясый күрөшкө түшчүлөрдүн арасында кан досу К.Ташиевдин, бир тууган бөлөсү М.Султановдун жүргөнү - шайлоочулардын мээсин айланткан өзүнчө эле сканвордду эске салат. Кимиси ойноп атат, кимиси чындап ат чабышка аттанат, эр болсоң таап ал!


Омбудсмен - Акыйкатчы ким болот?
Жогорку Кеңеш тарабынан чырбаш Турсунбек Акунга укурук ыргытылып, депутаттар аны кызматтан алууга дилгирленип калгандыгына байланыштуу азыр коомчулукта өлкөбүздүн башкы укук коргоочусу-акыйкатчысы ким болот (?) деген талкуу жүрүп жатканы. Айталы "Вести.kg" интернет-сайтында бул орунга ким татыктуу деген сурамжылоо-добуш берүү жүрүп, азыркы жыйынтыгы мындай экен: Ч.Жакупова - 184 добуш, Д.Кабак - 50, Т.Исмаилова - 45, Т.Бакир - 30, Т.Акун -28, А.Бекназаров -25, И.Камарда - 19. Эгер бул сурамжылоого ылайык ат чабым алдыга озгон Чолпон айымга токтолсок, биринчиден, бу кишинин өзүнүн макулдук берери арсар, экинчиден, Роза апчебиз Отунбаева "Адилет" укуктук клиникасынын директору Жакупованын ысымын укканда кызарып-титиреп кетерин жакшы билебиз. Демек, Акүйдөгү узун кулактардын маалыматына ылайык, бул кызматка бала саясатчы Эдил Байсалов тапталып жаткандыгы чындыкка жакыныраактай...



"Республика" партиясындагы сырдашуу
Жакында бийлик коалициясындагы бул партиянын көзүрлөрү саясый кеңеш өткөзүшүп, ачык сүйлөшүп алышыптыр. Түшүнүксүз кыска мөөнөттөгү отпускеси 14-майда аяктай турган Ө.Бабанов: "Силер кандай чечим кабыл алсаңар, мен ошого баш ием" деп кайрылыптыр санаалаштарына. Анан калса Өмүрбек Токтогулович өлкөбүздү каптап келаткан экономикалык жүрөк түшүрчүдөй көчкүнүн алдында калгысы келбей, азыр биротоло отставкага кетип, октябрдагы президенттик шайлоого тымызын даярдана баштаганын кыйытыптыр. Өкмөттүн биринчи вицелигине болсо, "Республикадагы" жан-жөкөрлөрү И.Гайыпкуловду же Б.Төрөбаевди сунуштоо ниетин билдирип. Эгер булардын ыргыткан чүкөсү айкүр түшсө, Атамбаев шайлоого кетери менен премьер-министрлик орунду баса калмайды дагы эстен чыгарышпаптыр. Азырынча Бабанов тактикалык жүрүш жасап, убактылуу Улуттук банктын төрагалыгына барууну көздөп жатыптыр. Булардын пландары канчалык турмушка ашарын бир жумада эле билип каларбыз.


Самей мырза майлуу жерге секирди!
Самсаалы Четимбаев Мамкаттоо кызматынын төрага орун басарлыгынан өз эрки менен кетип, учурда "Кыргызнефтегаз" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган кези. Самей мырза жашыраак кезинен ак эмгекке бышып, иштин майын чыгарган кезге өсүп жеткенине баракелде! Ушул кезде "Кыргызнефтегаздын" коллективи С.Четимбаевди жылуу кабылдаганы белгилүү. Эсиңерде болсо, буга чейин "Кыргызнефтегазда" эки тарап болгон салгылашуулар, компроматтар согушу токтобой келген. Чыр-чатак курчуп. Албетте, акча көп жерде жаңжал да болору калетсиз. Айтор, бир жылдан бери бу тармактын иши өрлөбөй, жалаң гана чатак менен коомчулуктун мазесин алганын кантип жашырабыз? Эми үмүт жанчудай болуп туру, себеби, алдым-жуттумдуктан алыс, жүрөгү таза жигит Самсаалы "Кыргызнефтегазды" көзөмөлдөйт. Азырынча ушундай аруу ишеним бар, андан кийинкисин айта албайбыз, таза тилекти актаса деген гана ой... Бир жылдан бери Самей сымал жигиттердин бийлик бутагына келбегени да чындык...


Сечин менен сырдашкан Марат Султанов
Жакында эле белгисиз бирөөлөр тарабынан үйүнө граната ыргытылган "Ата Журттун" депутаты М.Султановдун күздөгү ажолук күрөшкө даярдыгы жаман эместей көрүнөт. Биринчиден, убагында компартиянын ЦКсында абройлуу кызматта иштеген, Кремлдеги политбюро мүчөлөрүнө айбат көрсөткөндөн кайра тартпаган, кыргыздарды Рябоконь сыяктуу кемсинткен москвалык "десантчылар" менен ачык кармашкан атасы Абдразактын аброю бир гана туулуп-өскөн Алай өрөөнүндө эмес, мүлдө кыргыздын учу-кыйырына жеткени маалым. Экинчиден, Марат мырза өзү акыл көрөңгөсү, финансист катары күчтүү профессионал экендиги, Түндүк-Түштүккө бөлгөн трайбалисттик кыргызчылыктан алыстыгы, борбордо өскөндүктөнбү, адамдык ички маданияты бийик болгондугу, жаштыгына карабай, Улуттук банктын төрагасы, Финансы министри, Жогорку Кеңештин спикери сыяктуу бийлик тепкичтерин татыктуу өткөндүгү менен эл оозуна алынган азамат. Анан калса партиялаштары Ташиев менен Келдибековго салыштырмалуу билим жана ыймандуулук жагынан алда-канча айырмаланып турганы дагы көпчүлүккө дайын. Үчүнчүдөн, көп жылдан бери Европа менен Орусияда үлкөндөрдүн арасында жүргөн бир тууган иниси Омар дагы тим жатпай, акесинин эртеңки саясый тагдыры үчүн көзгө көрүнөрлүк жүрүштөрдү жасап жүргөнү тегин эмес. Төртүнчүдөн, Макебиз бир ай мурда Москвадан Путиндин орун басары Сечин мырза менен сырдашып, Кремль тараптын көңүлүн алгандыгы дагы жашыруун болбой калды. Бешинчиден, Марат мырза Таластын күйөө баласы экенин жана Түндүктүн саясый элитасында колдоо таап жаткандыгын эске алсак, атаандаштары президенттик шайлоо алдында Султановдон бекеринен чочуп жатпаганын түшүнсөк болчудай.