Бокс Дүйнөнү багынткан Ажар Кыз-келиндер арасында бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик өттү. Түркиянын Анталия шаарына биздин өлкөдөн 66 килограмм салмак чениндеги мушкер кызыбыз Ажар Жамгырчиева аттанган эле. Жарым финалга чейинки таймашка Сириянын каратору кызы менен дал келип, экинчи раундда ал кызды нокдаунга чаап салган. Ал эми жарым финалдык беттеште Түркиянын "дулдул"кызына туш келип, калыстар упай жагынан биздин кызды басып койгон имиш. Алтынга тете коло медалды жеңип, кечээ өлкөбүзгө кайтып келди. Галиб Жафаровду эскерип Кыргызстандын жаш мушкерлери Казакстанда өткөн Галиб Жафаровдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдешине катышып келишти. Байге куржундарына 5 медалды багындырышты. Күмүш медалга Эрлан Ысыраилбеков (63 кг.) жана Алмамбет Кылычбек уулу (80 кг.) арзыган. Ал эми колону болсо Нурсултан Мойдунов (48 кг.), Темирлан Раимбеков (57 кг.), Тилектеш Муканбетов (80 кг.) багындырды. Галиб Жафаров бир кезде Азияны жана дүйнөнү багындырган казак мушкери экенин билебиз. Кикбоксинг Кыргызстандыктын кыйындыгы Профессионалдар арасында кикбоксинг боюнча Евразия турнири Орусиянын Орлов шаарында өттү. "Барс" баскычында Евразия мелдешин багындырган биздин жердеш Алексей Федосеев бу жолу өзүнүн чемпиондук кемер курун коргоп, дагы бир ирет кыйындын кыйыны экенин тастыктады. "Рингдин падышалары" аттуу таймашта алгач Армениядан келген мушкерди рингде жанчып алган. Ал эми финалда болсо Орусия мушкерин упай менен утуп, Алексей алдырбады. Универсиада Универсиаданы жеңген КГТУ Жума аягында студенттер арасында өтүүчү спорттук мелдеш аталган Универсиада аяктап, жыйынтыгы чыкты. 1-лига жана 2-лига боюнча жалпы студенттер 21 спорттун түрүнөн күч сынашкан. 250 упай топтоп, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ)1-лигадагы командалардан ат чабым озуп чыгып, жеңүүчү аталган. Экинчи орунду 215 упай чогулткан Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университети (КНУ) жана үчүнчү тепкичке Дене-тарбия жана спорт академиясы (КГАФКиС) көтөрүлдү. Универсиада жүрүшүндө футбол, баскетбол, бокс, жеңил атлетика, тогуз коргоол, ордо ж.б. оюндардан мелдеш өткөн. Экинчи лига боюнча биринчи - КРнын президенти алдындагы башкаруу академиясы, экинчини - МАУПФиБ, үчүнчүнү - БМТУ окуу жайларынын студенттери ээледи. Универсиаданын эрежеси боюнча кийинки жылы (күчтүүлөр арасында) КРнын президенти алдындагы башкаруу академиясы 1-лигада ойной турган болду. Футбол Кезектеги үч оюн КРнын биринчилиги үчүн кезектеги үч оюн ойнолду. "Ысык-Көл" командасы Бишкектин "Дордоюн" Каракол шаарында кабыл алып, мелдешти бишкектиктер 4:0 эсебинде жеңил эле утуп коюшту. Экинчи оюн ордо калаада "Алга" командасы менен "Алай" курамынын ортосунда өтүп, 2:1 эсебинде "Алга" алдыга озуп чыкты. Үчүнчү оюнда Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу менен 2010-жылдын чемпиону Кочкор-Атанын "Нефтчиси" жашыл талаага чыгып, таймаш "ит жыгылыш" (0:0) менен бүттү. "Дордойго" кимдер келди? Футболдун мекени Бразилия экени баарыбызга маалым. Алты жаштан алтымыш жашка чейинкилери топ менен күн өткөрүшөт десем да өтө катуу кетпестирмин. Муну жакшы түшүнгөн спорт меценаты Аскар Салымбеков жакында эле өзүнүн "Дордой" командасына (үйүргө) үч бразилиялык топ тепкичти кошту. Алар: Жиан Превиату, Бруно Морейро, Дан Руно. Бул үчөө тең атагы асман сапырган "Оле Бразил клуб" футболдук академиянын короосунан тарбия алып чыккандар. Кадимки эле Пеленин жердештери. Былтыр "Дордой" Кыргызстандын биринчилигин мурдунун учунан алдырып ийгенге клубдун президенти Аскар агабыз катуу ызаланып калган окшойт. "Көрсөтөм"дегенсип. Андыктан "Дордойдон" кыргыз топ тепкичин таппай калсаңар таң калбагыла. "Салбурун" Тайган агытылып, жаа атылды Ысык-Көл облусунун Түп районунда кезектеги (5-ирет) "Салбурун" улуттук оюну өттү. Куш, бүркүт салынды, тайган агытылып, жаа атылды. Ата-бабадан келе жаткан аңчылык өнөрдүн көркү ачылып, катышуучулардын жана ага ышкыбоздордун кумары жазылды окшойт. Оюндун уюштуруучусу Алмазбек Акуновдун айтымында, "Салбурунга" кызыккандардын саны жыл сайын көбөйүп, жердин алыстыгына карабастан тиягы Ош, Баткен жергесинен, биягы Талас, Нарындын мүнүшкөр, саяпкерлери жандуу катышып атат. "Кийинки "Салбурунга" Казакстандын кыйындарын чакырып, бу жолкудан да кызыктуу өткөргөнгө аракет кылабыз" деп кошумчалады. Бильярд 32 шар аткычты жанчкан Каныбек Казакстандын Атырау шаарында Фархат Бекеновдун жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Салттуу турнирде "Москва пирамида" жаатында 32 шар аткыч мелдешке аттанган. Тандалып отуруп Каныбек Сагынбаев менен Санат Гинаятов финалдык беттешүүгө жолдомо алышкан. 14 миң долларлык байге куржуну коюлган турнирдин соңунда биздин жердешибиз Санатты сандырактатты. Мөрөй Бешинчи ирет чемпион! Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо 30-апрель күнү студенттик Универсиаданын жыйынтыгы чыкты. Искак Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жеңүүчү деп табылып, бул окуу жайдын ректору Туратбек Дүйшөналиевге мелдештин уюштуруучусу болгон "Жаштык" борбору чемпиондук кубокту тапшырды. - Ийгиликти күткөнсүзбү? - Күткөнбүз. Буга чейин 4 жыл катары менен эле жеңип келе жатабыз. Бешинчи ирет чемпион болдук. Бирок, бу жылкы жеңишибиз аябай маанилүү болду. Анткени 21 спорттун түрүнөн 11нен биринчи орунду алдык. Калгандарынан 2-3-орундарды камсыз кылып, дзюдо менен футболдон гана жогорку көрсөткүчтөргө жетпедик. - Сиздин окуу жайда кыргыз элине таанымал студенттерден кимиси бар? - Андайлар толтура. Азиянын шахмат боюнча чемпиону Асыл Сыдыков, Нуриса Оторбаева. Күрөштөн Яна Панова ж.б. - Ушул спортчу балдарга окуу жай тарабынан кандай жеңилдиктер каралган? - Бул спортчуларыбызды бардык жагынан кам көргөнгө аракетибиз күч. Контракттын негизинде окуп аткандардын төлөмдөрү жеңилдетилген. Мелдешке аттангандардын жол киресине кол кабыш кылабыз. Сессия учурунда ар бир предметке кошумча 20 балл каралган. - Өзүңүз кайсы спорт менен машыгасыз? - Бала кезде эл катары топ тепкилеп, футболду жакшы көрүп ойноп жүрдүм. Бокска да катыша койгон күндөр болгон. Кийинчерек убакыттын тардыгынан таштап койдук. Анткени менен таң эрте бир аз чуркап, дене жибитүүнүн ар кыл көнүгүүлөрүн жасап турам. Спорттон алыс эмесмин. - Кээ бир окуу жайларда спорттук жайлар каралбай калган. Сиздерде бу жагы кандай абалда? - Биз бу жагынан бир топ спорттук жайларыбызды сактап калдык. Ошону менен катар алардын жабдуу жактарын жаңыртып, оңоп түзөө иштери жүрүп турат... Сурат Жылкычиев |