Жанирмем

Жанкумарды жалган кумурска жайлады

Экөөбүз ресторанда отурдук. Вино ичип (туй ата, дал ушундай винону раматылык Күлчоро Аскаров менен тоого барганда, кыздар менен тамылжый отуруп бастырчу элек да...). Күтүүсүздөн эле Күлчоро байкени эстедим, сени менен отуруп. Ал "шарап ичкенде, кыздарды эзгенде мени ойлоп кой!" деп керээз айтты эле. Эстедим. А кишиден кыйла жаш болсом да, теңтуш, жакын санаалаш болуп жүргөнбүз да. Кичине ой басып кетиптир, сен болсо, "эмне болду сага?" дедиң күлө карап, би-ир башкача кубулжуган көздөрүң менен тигилип. Билесиңби, ушул көздөрүңө дагы бир байке суктанган. "Кеп бар экен!" деп. Эми ал байкенин атын жазбайын, дагы түркүн ой кетет...

Ээн ресторан. Экөөбүз гана. Сен өзгөчө ачылып келипсиң. Жандүйнөнү козгойсуң да. Сулуу жүзүңө суктанып отурдум. Өзгөчө жамбаштарың, сооруң... караган сайын жүрөктүн кан тамыры үзүлөт да, чиркиндики! Өзүмдү Омор Хаям элестеттим. Шарап жана кыз, анан мен! Бир маалда сен айттың, "байке, эмне эле кайбарым (!) деп мактай бересиз?" дедиң жүрөктү титирете суроо берип. Селт эттим. "Мактанбайм" дедим кайсалап. "Жо-ок, ушу сиздин кайбарыңыз укмуш окшойт" деп толкундай сүйлөдүң. Анан күтүүсүздөн эле "сиздин кайбарыңыз үчүн ичпейлиби?" дедиң. "Ичели" деп жанып кеттим. Ак түстүү шараптан тартып ийдик. Кереметсиң. Кыткылыктап, бирде эрий сүйлөп, күлө багып, айтор, аялзатынын миң кырлуу айла-амалын көрсөтүп отурдуң. Бир маалда дааратканага жөнөдүң, тысырайган шымыңан сооруң титиреп, көз кумарын алып кетти. Шымдын ичиндеги апакай жамбаш-белиңди элестеттим, мындай кооздукту кең жайлоодо гана сылап жатсаң эй! Кыргыздын гана тоо кучагы татыктуу, сендей сулууларды, анан мендей жигиттерди батырып алганга...
Дааратканадан келдиң анан. Кудайдын жерин ое басып, шиш така сага жарашат экен. Экөөбүздүн боюбуз тең чамал болуп. Бу жолку сырдашуу сага да жакты. "Сизден кетким келбей атат" дедиң сөз арасында. "Оо, минтип кимдер гана айтпаган!" дедим ичимен, ич дүйнөм сызылып. Менин жүрөгүмдөгү каалоо да... Бул кеч экөөбүздү жипсиз байлады. Бир маалда сыртка чыктык, түн жарымы. Айланада жан адам жок. Машинанын жанына барганда сага асылдым, кучактап, адетимче... Каршылык көрсөтпөдүң. Белиңен сыга кармап, жүзүңөн сүйдүм. Сүйүштүк саамга. Анан сени көк шиберге жетеледим. Так секирдиң, коркуп кеттиң окшойт. "Ушул жерден эле баштайт го" деп. Бирок, мен кыздын каалоосун гана күтөм да...
Баса, секстен да бийик адамдын жандүйнө толгонуусун сага айткам (бул чоң табылга эле), ошону аңдабадың, терең түшүнбөдүң. Негедир мен ошого капа болуп калгам...
Катуу капа болгон окшойм, экөөбүз төшөк кумарына батууда кызыктай ыңгайсыздыкка кабылдым. Бири-бирибизге өнөктөш боло албадык.
Кадимкидей түртүлүшүү болду, бул - сезимдер кагылышы эле...
Айтор, чукул аранын ичинде эле сен мага ынак болуп кеттиң. Экөөбүз тоого да бардык. Баягы эски адатыма салып, тоо этектей басып, бак аралап кеттик анан. Кумарга бата турган жерге да жеттик, жашыл чөп, жаздын илеби уруп турат. Күтүүсүз дүүлүгүп, баса калдым сени, анан да эки жакты карап, элеңдеп койгонумчу... Шымыңды шыпырып, мына эми "ишти" баштайын десем, чыңырып ийдиң. "Кумурска кирип кетти" деп. Кайфтын баары өлдү да. Айла жок ыргып турдум. Басып кеттим, кол шилтеп. Маанай түштү...
Жолдо ката каткырып күлдүң, "мен сизди алдадым, кумурска кирген эмес" дедиң. "Жеп салса болмок!" дедим тамашага жараша. Күлкүң тыйылбай атты... А мен ичимден "кыйын экенсиң" дедим. Себеби, менин кайырмагыман оңой суурулган кыз-айымдар чанда гана да. Ойлонуп калдым, кийинки кезигишүү башкача болот эй!

Сарин УЛАН




  Сырмаек

Назира Ахмедова, тележурналист:
"Дептеримде саясатчылардын тизмеси жазылуу..."

Тилинен чаң чыккан, сакадай бою сары алтын тележурналист Назира Ахмедова "Ала-Тоо" маалымат программасына он тогуз жашында келген. Он жылдан ашык иш тажрыйбасында теленин оош-кыйышын, ички ашканасын толук өздөштүрүп, бир топ өлкөнү кыдырганга жетишкен. Ал эми акыркы бир жылдан бери декреттик эс алууда жүрөт.

- Назира айым, декреттик эс алууңуз кандай өтүп атат?
- Бир жылдан бери үйдө отурганга абдан көнүп калдым. Мурда алты күн иштеп, дем алыш күнү үйдө отургандан зерикчү элем. Азыр үй оокат, балдарым менен алышып, кантип күн өткөнүн билбей калам. Кудай буюрса, күзгө чейин тыңып алсак, бала багуучу алып, жумушка чыгайын деген оюм бар. Биринчи уулум бир жашка чыкканда эле апама каратып, жумушка чыгып кеткем. Азыр ойлосом, жаштык кылыптырмын. Анүстүнө "көпкө чейин үйдө отуруп калсам, кантип иштейм?" деген санаркоо болгон.
- Ошентсе да кесиптештерди, эфирди сагынып атсаңыз керек?
- Албетте, сагынасың. Учурда кесиптешим Вера Черникова дагы декреттик эс алууда. Эриккенде ага телефон чалып, ал-жай сурашып калам. Жаңылыктарды болсо өкүл кызым Элиза Нурматовадан сурап турам. "Маалыматтан артта калбайын" деп бардык телеканалдардын жаңылыктарын калтырбай көрүп, гезит-журналдарды окуйм.
- Телеге он тогуз жашта келсеңиз, кагылып-согулган убак артта калган турбайбы?
- Мектепте окуп жүргөндө "дарыгер болом" деп кыялданчумун. Бирок, шаарга келгенде Жусуп Баласагын атындагы Бишкек Гуманитардык окуу жайынынын журналистика факультетине тапшырдым. Он тогуз жашымда Улуттук каналдын босогосун аттап, алгач штаттан сырткары кабарчы болуп иштедим. Устатым Бөлөкбай Шеримбеков "Назира, эң биринчи орунга окууну кой. Мыкты билим алышың керек" деп көп айтчу. Кийин диплом алып, "эми биринчи орунда жумушум болот" десем, "жок, аял киши эч убакта жумушун биринчи орунга койбош керек, биринчи үйбүлө, анан жумуш" дегени эсимде. Кесибимдин оош-кыйышын, өйдө-төмөнүн көрүп, теледен тарбияландым. Убагында 1500 сом айлык алып, эч нерсеге жетпей, кыйналып жашаган күндөр болгон. Жумушумду түшүнүп, мага колдоо көрсөтүп келаткан жолдошума ыраазымын.
- Жолдошуңуз кайда иштейт?
- Кабылжан ИИМ академиясында сабак берет. Азыр Питерде диссертациялык ишин жактап атат. Быйыл август айында үйлөнгөнүбүзгө он жыл толот.
- Үйдөгү бийликти ким кармап келатат?
- Эркек киши "бийлик менде" деп ойлойт. Чынында үй оокат, алыш-бериш жагынан бийлик аялда экени билинип калат. Бирок, бийлик менин колумда дегенден алысмын, орчундуу маселе болуп калса, билерман болуп, өзүм каалаганды жасабастан, жолдошум менен кеңешем.
- Кээ бир мырзалар үйгө конок келгенде кабак-кашын түйүп, жактырбай калат эмеспи...
- Тескерисинче, Кабылжан үйгө конок чакырганды жакшы көрөт. Досторун "конок болуп кеткиле" деп чакырып коет. Анан салат, тамак жасаганга жетишпей, түйшүктүн баарын өзүм тартам (күлүп). Жаңы үйлөнгөндө "бул биздин үйдө жашап турсун, тигиге жардам берип коелу" дей берчү. Аял кишимин да "ай, кое тур, ойлонолу" деп тызылдап калчумун. Жолдошум апасынан эрте ажыраган үчүн турмуштун өйдө-ылдыйын көрүп калды. Өзү боорукер, ак көңүл, мүнөзү жумшак адам. Буга чейин биз менен менден кийинки сиңдим жана кайын сиңдилерим жашады. Алардын баарын турмушка узаттык.
- "Ала-Тоонун" журналисттери бай деп угабыз. Ушул чынбы?
- (Күлүп) Баарын бай деп айта албайм. Кээси гана жеке ишкердин же колунда бар адамдын жубайы болбосо, көпчүлүгү айлыкка жашаган журналисттер. Өзүм тууралуу айтсам, бир убакта эки-үч кишинин ишин жасап, аз акча алган учур болгон. Башкы директор К.Молдокасымов, ал эми продюсер Эрнис Кыязов кезинде эң көп айлык 20 миң сом алгам. Анда иштеген ишибизге жараша татыктуу эмгек акы коюп берчү.
- "Чиновниктердин көбү "Ала-Тоонун кыздарына" көз кысып, тийишет экен" деген туурабы?
- Андайлар болушу мүмкүн. Бирок, бардык мамиле адамдын өзүнөн болот. Менин тажрыйбамда бир гана иштин кызыкчылыгы үчүн жакшы тааныш болгон адамдар бар. Мисалы, телефон номер жазылган дептеримде бир нече саясатчынын тизмеси жазылуу. Күндүн темасына, иштин кызыкчылыгына жараша маек алыш керек болсо, "бул темага сүйлөп берип коесузбу?" деп кайрылам.
- Араңарда бир кийимин эфирге кайталап кийбеген журналисттер да бар экен. А сизчи?
- Ар ким алына, жашоо-шартына карап иш кылат да. Андайлар да болушу мүмкүн. Бирок, мен эфирге кийип чыккан костюмду бир нече жолу кайталап кийе берем. Жогоруда айткандай, айлык маяна аз кезде тапкан акчам костюм менен косметикадан ашпай калчу. Досторум "жок дегенде тойго көйнөк кийип келсең боло?" деп тамашалашчу. Ал кезде көйнөккө эмес, башкага акча артчу эмес да. Азыр эми үйдө отуруп калбадымбы, кийим-кече ала элекмин. Жолдошум "кийим жок дегениңе таң калам, гардеробдун ичи толо костюм" деп күлүп калат.
- Кесиптештериңиз ырдап, бийлеп калат. Сиздин биз билбеген кандай өнөрүңүз бар?
- Тойлордо анча-мынча бийлеп калбасам, ырга өспүрүм кезимден эле шыгым жок. Жумушка киргенге чейин үйдө отуруп, майда иштерди жасаганга кызыкчумун. Анан журналистикага баш-отум менен аралаштым окшойт, хоббиге кызыкпай калдым. Ал эми аялзаты катары ашканада, үйдү таза кармаган жагынан мактанып кетсем болот. Апам өмүр бою үй кожейкеси болгондуктан, бул жагынан сын-пикирди катыра айтат. "Апам айылдан келатат" деген кабарды укканда сүрүнүп-тазаланып калам (күлүп). "Текшерүүчү келди" деп, аркы-берки оокатыма көз салып, туура эмес болсо, акылын айтып турат.

Айнура Касымова