Биринчи жана акыркы

"Бир күнү эле карасам, сүйүп калыптырмын"

Коомдук телерадио корпорациясынын Социалдык экономикалык жана инновациялык программалар редакциясынын башкы редактору Ильич Кулназаров менен маек.

- Биринчи жолу качан арак ичкенсиз?
- Жыйырма жашымда алгач арак ичкеним али күнчө эсимде. Башым айланып, кусуп, темир жуткандай эле болгом. Даамы 3-4 ай бою оозумдан кетпей, бушайман кылган эле.
- Жашоодогу эң биринчи утушуңуз?
- Мен жашоомдогу ар бир күнүмдү утуш деп эсептейм. Анткени, күнүгө жарык таңды көрөм, жаркылдаган жарым, балдарым, иштеген ишим, татыктуу маянам, ата-энем, чоң атам, чоң апам бар. "Ушуну Кудайым кут кылсын" деп, майда-барат нерселерге көңүл бурбайм.
- Эң биринчи жолу качан темир тулпарлуу болгонсуз?
- Көпчүлүгү ишенбейт болуш керек, бирок, мен темир тулпарлуу боло элекмин. Ойлоп көрсөм, жалаң эле кызматтык машине менен жүрүптүрмүн. "Мерседес 500" үлгүсүндөгү унаа алсамбы деген ниетим бар.
- Эң биринчи жолу сатып алган баалуу буюмуңуз эмне эле?
- 18 жашымда иштеп тапкан биртике маянама гитара сатып алгам. Ал учурдагы баалуу буюмум ошол болгон. Анан жынсы кийимдерди коллекциялап жүрөм. Андан кийинки баалуу буюмум катары, Мексикадан атайын балама арнап алган тумарды эсептейм. Ал таза күмүштөн жасалган. Сатып аларым менен эле, байыркы мая элинин ариби менен "Артур" деп жаздырган элем.
- Эң биринчи балалуу болгон күн эстеби?
- Биринчи жолу балалуу болгон кубанычтуу күн, албетте, эсимде. Жубайым толготкондо экөөбүз эле болчубуз. Аябай коркуп кеткем. Төрөт үйүнө жеткиче жубайым кыйкырып- өкүрүп, анткен сайын "машинада төрөп салса эмне болот, киндигин кантип кесем, баланы эмнеге оройм?" деп сарсанаа болуп, жаным чыккан. Төрөгөндөн кийин муштумдай болгон кыпкызыл баланы көрүп, "өх" деген элем.
- Эң биринчи сүйүү катыңыз кимге арналган?
- Эң биринчи сүйүү катын классташ кызыма жазгам, ал учурда романтика бар экен. Кат жазып, анан анын жообун 3-4 күн күтүп, толкунданып, кыздардын инилерине айылдагы аскерге барып келген байкелердин значокторун берип, почточу кылып алчубуз. Алар көргөн сайын сени "жезде эле жезде" деп... Айтор, жакшы күндөр өттү баштан. Азыр андай жок да. Интернет деген бар, каалаган кыз менен эле таанышып, анан кол телефонунун номерин алып чала коюп, ошол эле күнү жолуга коюшат. Орусча айтканда, "интрига" деген жок азыр.
- Сүйүүнүн баркы кетти дегиңиз келип атабы?
- Албетте, кетти. Бүт эле Батыштын нугуна бурулуп жатат. Сүйүүнүн баркын күткөн киши эле билбесе, оңой-олтоң жетип алгандар сезбейт го...
- Биринчи жолу жубайыңызга сүйүүңүздү кантип арнагансыз?
- Жубайымды сүйүп калаарымды башында сезген эмесмин. Бирок, чогуу жүрүп, чогуу тамак ичип, жетелешип жүрүп эле бир күнү байкасам, сүйүп калыптырмын. Азыр да сүйүүбүз күчтүү, анча-мынча эле күнүмдүк турмуш, тиричилик, бала-чака түйшүгү жаап кетет. Бирок, анын баарын түртүп салып, дагы деле бири-бирибизге сүйөрүбүздү айтып турабыз.


"Ильич бир кызды зордоп" дешип..."
- Акыркы жолу кантип мас болдуңуз?
- Акыркы жолу өзүбүздүн телевидениеде эки жолу сынак болуп, биздин редакция экөөнү тең утуп алганда, анан Ысык-Көлдөн келген досум, грек-рим күрөшүнө эмгеги сиңген спортчу Мирлан Калилов өзүнүн ителгисин тартуу кылганда, кичине кызуу болдум.
- Акыркы жолу кимге калп айттыңыз?
-Акыркы жолу кечээ жакында эле жубайыма калп айтып алдым. Бир уяттуу кишилер менен отуруп, кеч болуп баратканда келинчегим "качан келесиң?" десе, "кеч барам, мен засададамын" деп калп айттым.
- Акыркы жолу өзүңүз тууралуу уккан ушак?
- Мен тууралуу ушак-айыңдар көп эле айтылып жүрөт. Кээде угуп алып төбө чачың тик турат, Акыркы жолу, "Ильич бир кызды зордоп салып, милийсада жүрөт" деген ушакты угуп жөн гана күлүп койдум.
- Акыркы жолу окуган китебиңиз?
- Акыркы жолу Мухтар Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун "Аскада калган аңчынын ыйы" китебин окуп бүттүм. Эки улуу инсандын, сүйүү, башынан өткөргөн оор күндөрү, ата-энелери тууралуу ойлоруна өзгөчө таасирлендим...
- Акыркы жолу кантип көңүл ачтыңыз?
- Акыркы жолу "Супара" этнографиялык борборунда өзгөчө атмосферада мыкты эс алып келдим.
- Аялыңызга акыркы жолу берген белегиңиз жана анын бетинен качан өптүңүз?
- Жубайыма акыркы жолу 10-апрелде "San-Sity" фитнес борборуна сертификат алып бердим. Ал эми бетинен бүгүн эртең менен жумушка узатып жатканда өптүм.
-Сизди таң калтырган акыркы маалымат?
- Мени таң калтырган акыркы маалымат жумуштан кетүү боюнча Бабановдун Атамбаевге жазган арызы болду. Себеби, журналисттерди кеч чакырып, чукул чечим кабыл алып койду.

Мирлан Өмүралиев




  Записки от скуки

Коңултактык
"В полной душе помещаются все, а в пустой - ничего. Вот и пойми!"
(Антонио Поркья)

"Көөдөнгө эч нерсе батпай калды. Анткени ал - бош" дедим. Түшүнгөн жок. Кайра шылдыңдап күлдү. Мен да күлдүм. Ыңгайсыз абал ыдырап жок болду.

Жака
"Здесь, в одной из одиноких туманностей, я делаю свое дело, чтобы всемирное равновесие, частью которого я являюсь, не утратило равновесия".
(Антонио Поркья)

"Адам баласы жакасын тиштеп жашап калат тура" деп чоң энем көп айтчу. Кээде "жанын" дегенди ушинтип "жакасын" деп айтар эле. Мен мурдумдун маңкасын тарталбаган баламын да. Эч түшүнчү эмесмин. "Кантип жанын, жакасын тиштеп жашасын" деп дейди соболдордун алдында калчумун. Көрсө… Көрсө дүйнөнүн тең салмактуулугун ошол жакаң сактайт экен.

Жалгыз тал
"Если бы я был сам себе вожаком, я не вел бы себя по тропе, ведущей к смерти".
(Антонио Поркья)

Күзүндө Кердегейден кат келиптир. "Сижу и гляжу на старую одинокую иву. Кстати, она передает тебе привет и говорит: "Передай Эрнису, я воскресла из мертвых, пускай он возьмет пример у меня…"

Эмне дээримди билбейм. Айла жок. Колумда чылым, көөдөндө түтүн. Жеңижоктун саптары келет: "Бакайырда жалгыз тал…"

Чүмбөт
"Ты столько знаешь обо мне и не понимаешь меня. Знать - не значит понимать. Мы могли бы знать все и не понимать ничего".
(Антонио Поркья)

Тагынып чүмбөтүңдү, шашасың өлгөн кылым үлпөтүнө. Атылып шампан-шарап, куюлуп шумдук арак, шайтандар калаасында шаанилүү шапар тебүү болуп турат. Шайтандын сулуулары маанисиз сөз айтышып, тизеңде конуп турат. Качасың бул калаадан, качасың шум талаага. Унутуп үлпөтүңдү, жуласың чүмбөтүңдү. А бирок ал жулунбайт.
Териңди сыйрыйт кошо. Жонуңду тилет бычак. Шылдыңдап турат Шайтан. Сыр катат Улуу Жашоо…

Жаныңды жейсиң анан. "Билемин" дейсиң анан. "Түшүнөм" дейсиң анан…

Жалбырак
"Любовь умерла - да здравствует любовь!"
(Альфред де Мюссе)

Билген эмесмин. Ушундай болот деп эч ойлогон эмесмин. "Көкүрөк сууй түштү" дегенди түшүнөм деп ойлочумун. Бирок кадимкидей көкүрөк сууй түшкөнүн жон терим менен сезгенде делдиреп эле калыптырмын. Үн жок, сөз жок, шалдырап олтуруп бердим. Кенедей да бир сезим калбай калганына таң калам…

Саргарган, кытыраган күзгү жалбырак келип ийиниме түштү. Алаканга салдым. Ушаланды. Уйпаланды. Учту муздак шамалга…

Бабур эмес, бабыр
"Мы говорили бы мало, если бы не говорили о себе".
(Уильям Гэзлитт)

Көчөдөн кармап алды. Тааныш. "Талантым бар" деп талпынган жигит. Бишкектин эл өтпөгөн көчөлөрүндө жүргөндөн өткөн эсалуу жок. Эсим оогонсуп "эсалып" бараткам. Шуулдап бир жакка шашып бараткан экен. Алдыман чыкты. "Шашып баратам" дейт. "Сага жолукканым жакшы болбодубу" дейт. Шуулдайт. Дуулдайт. Бир топко сүйлөдү. Жайына койдум. Актанып да, мактанып да алды. "Көрүшкөнчө" деп алып, заматтын ортосунда көздөн кайым болду. Чөнтөк телефондун саатын карасам, бир сааттан ашык сүйлөптүр. Чоң апам айткандай, ичимен "Аманбайдын түбүн ичкен го?" дедим да, жолумду уладым…

Окудуң беле?
"Мы читаем, чтобы сказать, что мы это читали".
(Чарлз Лэм)

"Окудуң беле?" дейт. "Окугам" дейт беркиси. "Укмуш, ээ?" дейт. "Ананчы!" дейт экинчиси. Же экинчиси: "Жок, окуган эмесмин. Эмне жөнүндө?" дейт. "Окусаң, укмуш" дейт биринчиси. Же "Окугам, ой, жаккан жок" дейт. "Эй, түшүнбөйсүң да" дейт экинчиси. Анан урушуп кетишет… "Экое, экое фантастическое существо человек".

Эрнис АСЕК уулу